Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-майы № 280
Кыргыз Республикасынын ички аудит системасын өркүндөтүү жөнүндө
Мамлекеттик мекемелерде ички аудиттин иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн финансылык контролду күчөтүү жана мамлекеттик активдердин сакталышын камсыздоо максатында, "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы (мындан ары - Кызмат) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2-тиркеменин 2-пунктунун 1-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын 25-августундагы № 80-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын;".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 12-пунктунун 3-пунктчасынын он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Ички аудит стандарттарынын кызматы тарабынан этикалык стандарттардын жана ички аудит боюнча методологиянын сакталышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
- ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жана сертификаттоо үчүн курстарды уюштурат;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Ички аудит кызматы".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 1-пунктунда:
"466" жана "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "464", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
1-пунктчасындагы "470", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "468", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2-пунктчасындагы "472", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "470", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
3-пунктчасындагы "474", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "472", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
4-пунктчасындагы "476", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "474", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
5-пунктчасындагы "478", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "476", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
6-пунктчасындагы "480", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "478", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
7-пунктчасындагы "482", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "480", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
8-пунктчасындагы "484", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "482", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
9-пунктчасындагы "486", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "484", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
10-пунктчасындагы "488", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "486", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
11-пунктчасындагы "490", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "488", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
12-пунктчасындагы "492", "215" деген цифралар тиешелүү түрдө "490", "213" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "596" жана "331" деген цифралар тиешелүү түрдө "592" жана "327" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "4802", "237", "555" жана "4010" деген цифралар тиешелүү түрдө "4850", "233", "550" жана "4067" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы:
"623", "95" деген цифралар тиешелүү түрдө "622", "94" деген цифралар менен алмаштырылсын,
1-пунктчасындагы "663", "95" деген цифралар тиешелүү түрдө "662", "94" деген цифралар менен алмаштырылсын,
2-пунктчасындагы "703", "95" деген цифралар тиешелүү түрдө "702", "94" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "7531", "100", "7258" деген цифралар тиешелүү түрдө "7528", "98", "7257" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы "634", "70" деген цифралар тиешелүү түрдө "632", "68" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "366", "75" жана "291" деген цифралар тиешелүү түрдө "355", "71" жана "284" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы "1564", "119" деген цифралар тиешелүү түрдө "1559", "114" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "365", "121" деген цифралар тиешелүү түрдө "363", "119" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 11-пунктундагы "414", "94" деген цифралар тиешелүү түрдө "410", "90" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "175", "52" деген цифралар тиешелүү түрдө "174", "51" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы "1293", "127" деген цифралар тиешелүү түрдө "1291", "125" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 14-пунктунда:
"1006", "126" деген цифралар тиешелүү түрдө "1005", "125" деген цифралар менен алмаштырылсын;
1-пунктчада "1021", "141" деген цифралар тиешелүү түрдө "1020", "140" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 15-пунктундагы "179", "50" деген цифралар тиешелүү түрдө "178", "49" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 20-пунктундагы "1189", "202" деген цифралар тиешелүү түрдө "1180" "193" деген цифралар менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пунктчалар менен толукталсын:
"10) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;
11) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын башкаруу схемасы 11-тиркемеге ылайык.";
2) бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда жогоруда аталган токтомго 10 жана 11-тиркемелер менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кызматтын түзүмүн жана штаттык расписаниесин белгиленген штаттык сандын чегинде бекитсин;
2) ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин түзүмдүк бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдардын бекитилген сметасынын алкагында Кызматты түзүү менен байланышкан финансылык жана уюштуруу маселелерин чечсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
| "1-тиркеме |
Ички аудит кызматы түзүлүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
2 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
3 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
4 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
5 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
6 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
7 | Бишкек шаарынын мэриясы |
8 | Ош шаарынын мэриясы |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
| "10-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин, ушул Жобо менен жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык финансы институттары, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара мамилелерин аныктайт.
2. Кызмат мамлекеттик бюджеттин каражаттарын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын каражаттарын жана активдерин, анын ичинде эл аралык финансы институттары, донордук уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан бөлүнгөн каражаттарды сапаттуу пландоо жана натыйжалуу пайдалануу үчүн ички аудитти ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин локалдык актыларын жетекчиликке алат.
4. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот. Кызмат өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
Уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Кызмат Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ага бекитип берилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
5. Кызматтын өз алдынча баланс, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында өздүк жана башка эсептери бар.
6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы";
2) расмий тилде: "Служба внутреннего аудита при Министерстве финансов Кыргызской Республики".
7. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "ИАК";
2) расмий тилде: "СВА".
8. Юридикалык дареги: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58.
2. Кызматтын ишинин максаты
9. Кызматтын негизги максаты ички аудит объекттеринде ички контролдоо системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү болуп саналат.
3. Кызматтын милдеттери жана функциялары
10. Кызмат төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткаруу аркылуу ички контролдоо системасын өркүндөтүүдө мамлекеттик органдын жетекчисине көмөк көрсөтөт:
1) ички аудит объектинин ички контролдоо системасын кароо жана баалоо, мамлекеттик органдын жетекчисине отчетторду жана анын ишин жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү;
2) мамлекеттик органдарда ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун баалоону кыйла толук камтууну камсыздоо максатында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин пикирин эске алуу менен стратегиялык, узак мөөнөттүү жана жылдык пландарын тобокелчиликтерге жүргүзүлгөн баалоого ылайык иштеп чыгуу жана аны бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрине берүү;
3) талаптагыдай кароону жана аткарууну камсыздоо үчүн аудитордук отчетторду даярдоо жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине берүү.
11. Кызмат ички аудит объекттеринде ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун баалайт жана төмөнкү багыттар боюнча тийиштүү сунуштамаларды иштеп чыгат:
1) финансы-чарбалык иштердин натыйжалуулугу жана майнаптуулугу;
2) активдердин сакталышы;
3) отчеттордун ишенимдүүлүгү (тышкы жана ички);
4) иштердин мыйзам ченемдерине, ички уюштуруу-тескөө документтерине жана стандарттарга шайкештиги.
12. Кызмат тобокелчиликтерди башкаруу системасынын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт жана баалоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштамаларды иштеп чыгат, анын ичинде:
1) ички аудит объекттеринде маалыматтык системалардын коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;
2) жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгууда ички аудит объекттерине консультация берет, ошондой эле иш-чаралар пландарын аткарууну контролдойт;
3) компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде ички контролдоо системасын жана тобокелчиликтерди башкаруу системасын уюштуруу маселелери боюнча консультация берет;
4) мамлекеттик органдардын суроо-талабы же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча ички аудитти жана кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзөт. Мында, Кызматка мындай учурларды иликтөө үчүн жоопкерчилик жүктөлбөөгө тийиш;
5) башка тапшырмаларды аткарат жана ички аудит боюнча Кеңештин тапшырмасы боюнча долбоорлорго катышат;
6) мамлекеттик бюджетти сапаттуу пландоого жана аткарууга, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга, финансы-чарбалык иште мыйзамдуулуктун сакталышына натыйжалуу финансылык контролду уюштурууну, финансылык тартиптин бузулушун алдын алууну, тиешелүү бюджеттерге жана фонддорго белгиленген чегерүүлөрдү жана төлөмдөрдү төлөөдөн качууну аныктоону жүзөгө ашырат;
7) мамлекеттик бюджеттин, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу уюмдарга жана мекемелерге аудит жүргүзөт;
8) мамлекеттик каражаттарды натыйжасыз пайдалануу жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо фактыларын алдын алуу максатында бюджеттик каражаттарды жана ресурстарды (анын ичинде валюталык) туура пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
9) ар бир жүргүзүлгөн аудит боюнча аудитордук отчетторду Кызматтын аудити боюнча Комитетинин кароосуна даярдайт;
10) тийиштүү эл аралык актыларга ылайык интеграциялык бирикмелер (КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ ж.б.) уюштурган, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин органдарынын финансы-чарбалык ишине документтик ревизияларды жүргүзүү боюнча комиссиялардын курамына катышат;
11) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу, бюджеттик кредиттерди берүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча мамлекеттик милдеттенмелерди, анын ичинде мамлекеттик концессиялык милдеттенмелерди, өлкөнүн мамлекеттик кепилдиктерин жана кепилдиктерди аткарууну каржылоо, ошондой эле аларды пайдалануу максатында объекттерди өткөрүп берүү шарттарынын жана жол-жоболорунун сакталышын контролдойт;
12) республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге, ММКФнын бюджетине (анын ичинде саламаттык сактоо системасына мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча бөлүнгөн каражаттарды кошкондо) бөлүнгөн трансферттердин, ошондой эле бөлүнгөн кредиттердин, гранттардын, бюджеттик ссудалардын, дем берүүчү жана категориялык гранттардын жана капиталдык салымдардын натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
13) ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенет;
14) ички аудит кызматтары жок ички аудит объекттеринде ички аудит жүргүзүү боюнча ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын ишке ашырууну камсыз кылат;
15) коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүдө коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам менен өз ара аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кызматтын укуктары
13. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жүргүзүлүп жаткан ички аудиттин алкагында зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды, ошондой эле маалыматтык системаларга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн, жазуу жүзүндөгү жана оозеки түшүндүрмөлөрдү жана башка маалыматтарды, анын ичинде жашыруун режимин, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоо менен мыйзамга ылайык корголуучу башка сырларды талап кылууга жана алууга;
2) ички аудит боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудит объектисинин иш чөйрөсү үчүн ички аудиттин стандарттарын, этикалык стандарттарды жана ички аудиттин башка методологиялык ченемдерин колдонуу боюнча ведомстволук нускамаларды иштеп чыгууга;
3) текшерилүүчү уюмдардын өкүлүнүн же менчик ээсинин же алар ыйгарым укук берген адамдын катышуусу менен бардык өндүрүштүк, кампалык жана башка жайларды тоскоолдуксуз кароого, активдерди жана милдеттенмелерди инвентаризациялоону, аткарылган иштерди жана алардын стандарттарга шайкештигин контролдук ченөөнү уюштурууга, кассаларды, кампаларды, акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды сактоочу башка жайларды инвентаризациялоо мезгилинде мөөр басып бекитүүгө;
4) текшерилип жаткан объекттердин жетекчилеринен жана башка жооптуу кызматкерлеринен аудит маселелери боюнча жазуу жүзүндөгү түшүнүк каттарды жана түшүндүрмөлөрдү, аудитордук корутундуга кол коюуну талап кылууга;
5) аудит жүргүзүүдө, зарыл болгон учурда адистерди жана көз карандысыз эксперттерди тартууга;
6) сунуштамаларды аткаруу, укук бузууларды четтетүү, күнөөлүү адамдардан зыян өндүрүү жана финансылык тартип бузуулардын жана кыянаттык менен пайдалануунун суммасынын ордун толтуруу боюнча иш-чаралар планын уюмдарга жана мекемелерге жөнөтүүгө;
7) мыйзам бузууга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүүгө;
8) Кызматтын Аудит боюнча комитетинин жыйналыштарында жүргүзүлгөн ички аудиттердин жыйынтыктары боюнча текшерилген уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин угууга.
14. Жүргүзүлгөн ички аудиттин жүрүшүндө бюджеттик мыйзамдарда аныкталган бузуулардын натыйжалары боюнча аларды ишке ашырууда жана пайдаланууда финансылык бузуулар аныкталган программаларды жана иш-чараларды каржылоого (бюджеттер аралык трансферттерди берүү) чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрине сунуштар киргизилет.
15. Ички аудит объекттери тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жана зыяндын ордун толтуруу тууралуу мыйзамдуу талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбаган учурларда Кызмат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине эреже бузуулар толук четтетилгенге чейин текшерилүүчү объекттердин эсептери боюнча финансылык, төлөм жана эсептешүү операцияларын токтотуп туруу жөнүндө сунуш жөнөтөт.
5. Кызматтын милдеттери
16. Өз максаттарын аткаруу үчүн Кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ички аудиттин артыкчылыктарын уюмдун максаттары менен аныктаган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин пикирин эске алуу менен министрликтер жана ведомстволор боюнча аудиттин стратегиялык жана жылдык тобокелчиликке багытталган пландарын түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын финансы министрине бекитүүгө берүүгө;
2) Кызматтын ишинин деңгээлинде сапатты жана аудитордук тапшырманын аткарылышын ички баалоого;
3) ички жана тышкы баалоолордун корутундуларынын негизинде кепилдиктердин программаларын ишке ашырууга жана ички аудиттин сапатын жогорулатууга;
4) ички аудит стандарттарынын колдонулушун камсыздоого;
5) ички аудиттин этикалык стандарттарынын сакталышын камсыздоого;
6) баалоону камсыздоо менен тобокелчиликтерди баалоонун негизинде ички аудит жүргүзүүнү камсыздоого:
а) уюмдардын максаттарынын аткарылышын камсыздоо үчүн ички контролдун адекваттуулугун жана натыйжалуулугун;
б) финансылык жана башкаруучулук отчеттуулуктун жана башка маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана адекваттуулугун;
в) мыйзамдарга ылайыктуулугун, ченемдик укуктук актылардын, ички эрежелердин талаптарынын, тийиштүү уюмдун жол-жоболорунун сакталышын, активдердин бүтүндүгүн жана сакталышын камсыздоого;
7) ички аудиттин пландарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана зарыл учурда ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
8) ички аудиттин сапатына мониторинг жүргүзүүгө;
9) аудиттин жыйынтыгы тууралуу отчет берүүгө;
10) уюмдагы укукка жат иштердин ар кандай аныкталган фактылары тууралуу уюмдун жетекчисине маалымдоого;
11) аудиттин жыйынтыгы боюнча кабыл алынуучу сунуштамалардын аткарылышына мониторинг системасын иштеп чыгууга жана колдоого;
12) аудиттин планын аткаруу боюнча аткарылган иштер жөнүндө мезгил-мезгили менен отчет берүүгө;
13) кызматтын иши жөнүндө жылдык отчет даярдоого, анын ичинде ички контролдоо системасын баалоого;
14) аудитордук тапшырманы аткаруунун жыйынтыгы боюнча жазуулардын жана документтердин сакталышы боюнча эрежелерди иштеп чыгууга жана документтерди пайдаланууну контролдоого;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ички аудит объектинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
16) аудит процессинде алынган документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыздоого жана мамлекеттик сырды, кызматтык, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгарбоого;
17) Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү шарттар тууралуу билдирүүгө;
18) министрликтер жана ведомстволор боюнча аудиттин жылдык планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты квартал сайын ички контролдоо жана ички аудит чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берип турууга.
17. Кызматтын кызмат адамдары, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат, аудиттин жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбайт жана аларды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык пайдаланат. Өз милдеттерин сактабагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат.
18. Кызматтын мамлекеттик кызматчыларына илимий, чыгармачылык жана окутуучулук иштерди кошпогондо, ишкердик иш менен алектенүүгө тыюу салынат.
19. Кызматтын кызматкерлеринин же кызмат адамынын укукка жат аракеттерине карата даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган орган тарабынан каралат.
6. Ички аудит кызматынын кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар
20. Ички аудитордун кызматына жогорку экономикалык билими жана экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы же башка жогорку (экономикалык эмес) билими жана экономикалык адистик боюнча үч жылдык иш стажы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптарга ылайык келген ички аудитордун квалификациялык сертификаты бар Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.
7. Кызматтын ишин уюштуруу
21. Кызматты Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу төрага жетектейт.
Кызматтын төрагасынын эки орун басары болот, алар Кыргыз Республикасынын финансы министри менен макулдашылган Кызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
22. Кызматтын төрагасы:
1) аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин дайындайт жана аларды ээлеген кызматынан бошотот, ошондой эле аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоо жана тартип жаза чараларын колдонот;
2) Кызматтын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин жетектейт, кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана өз функцияларынын жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартат, төраганын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, алардын жана Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилик даражасын белгилейт;
3) кезектеги отчеттук жыл үчүн Кызматтын иши жөнүндө отчетту бекитет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет;
4) аудитти жүргүзүүнү пландоо, ишке ашыруу, жыйынтыктарын тариздөө маселелерин регламенттөөчү тартипти бекитет;
5) өз компетенциясынын чегинде Кызматтын бардык түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды жана нускамаларды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
6) Кызматтын ишин уюштуруу жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
23. Кызматтын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Финансы министри тарабынан бекитилет.
24. Кызмат өз ишин аудиттин керектөөлөрүн баалоонун негизинде түзүлгөн жылдык жана учурдагы пландардын негизинде уюштурат.
8. Аудит боюнча комитет
25. Кызматта төраганы (Комитеттин төрагасы), төраганын орун басарларын, ошондой эле Кызматтын жана Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетектөөчү кызматкерлерин кошкондо, 7 адамдан турган Аудит боюнча комитет түзүлөт.
26. Аудит боюнча комитеттин курамы Кызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан бекитилет.
27. Аудит боюнча комитет өзүнүн жыйналыштарында Кызматтын учурдагы жана келечектеги милдеттерин аныктайт, ички аудиттин методдорун жана натыйжалуулугун өркүндөтүүнүн негизги маселелерин карайт, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин угат, ички аудиттин жыйынтыктары боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди аткаруу, кадрларды тандоо, жайгаштыруу, кайра даярдоо боюнча чечимдерди кабыл алат, буйруктардын жана ченемдик-методикалык документтердин долбоорлорун талкуулайт.
9. Корутунду жоболор
28. Кызматтын ишин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
29. Кызматтын иши токтотулганда иштин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
| 11-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ