Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" деген III бөлүмдүн 1-главасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча мүчөлүк акы төлөөчү адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин тариздөө жана берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 4-глава, 90-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону ишке ашырууга ыйгарым укуктуу, Кыргыз Республикасында жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу аткаруучу орган (мындан ары - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган) жана анын аймактык башкармалыктары (мындан ары - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ). Аймактык башкармалыктардын тизмеси тейлөө стандарты менен бирге стенддерде, медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (мындан ары - ММК полиси) сатып алууга төмөнкүлөр укуктуу: - 18 жашка толгон, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү өз алдынча төлөгөн жеке адамдар; - жарандардын белгилүү бир категориясы үчүн төгүмдөрдү которгон юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2012-жылдын 28-февралындагы № 151 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Камсыздандырылган адамдын статусун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнү алууга укук берүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси. ММК полиси чектелген мөөнөткө жана акы төлөө негизинде берилет: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - 12 календардык ай; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - 6 же 12 календардык ай |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | ММК полисин алуу үчүн арыз ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ же Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) кайрылуусу зарыл. Арыз ээлерине кызмат көрсөтүү атайын бөлүнгөн жайда жүргүзүлөт. Келүүчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлөт: кийим чечүүчү жай, күтүү үчүн орундар, телефон, жылуулук, суу түтүктөрү, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - короодогу ажаткана). Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн имаратта атайын жабдуулар каралган (пандустар, туткалар). Кызмат көрсөтүү кезек күтүү принциби боюнча жүргүзүлөт. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирипген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кезексиз тейленет. Кызматтарды көрсөтүүдө келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ жана саламаттык сактоо уюмдарында ММК полисин сатып алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү көрсөтүлгөн такта болушу керек |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга, арызды тариздөөгө, полистин наркын төлөөгө кеткен убакыттын чеги - 15-20 мүнөт. Адистердин телефон аркылуу консультация берүүсүнө жана жеке аңгемелешүүгө кеткен убакыт 10 мүнөттөн ашпоого тийиш. ММК полисин алуунун чектелген мөөнөтү арызды берген жана анын наркын төлөгөн күндөн тартып 5 күндөн ашпоого тийиш |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жаран төмөнкүлөрдөн ала алат: - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдан, медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгында төмөнкү дарек боюнча: 720040, Бишкек ш., Чүй проспекти, 122; - иш убактысы: дүйшөмбү-жума саат 9-00дөн 18-00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12-30дан 13-30га чейин; - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ; - саламаттык сактоо уюмдарынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан. Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ тизмеси (кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында, такталарында жайгаштырылат). Жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй түрдө берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланыш түзүүдө); - электрондук форматта (ММК полиси жана жол-жобосу, аны алууга акы төлөө жөнүндө маалымат, "суроолор-жооптор" медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында - www.foms.kg; - маалымат такталарында; - маалыматтык материалдарда (мамлекеттик жана расмий тилдердеги брошюралар, буклеттер). ММК полисин алуу үчүн арыздардын үлгүлөрү жана Жарандарды медициналык- санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуунун кошумча программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын аймактык башкармалыктарындагы жана саламаттык сактоо уюмдарындагы маалымат такталарында көрсөтүлгөн |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат тууралуу маалымат берүү бардык кайрылган адамдарга акысыз негизде кепилденет, маалымат өз убагында жаңыртылып турат. Көрсөтүлүүчү кызмат тууралуу маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу чагылдырылат; - жалпыга маалымдоо каражаттарында ("Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Будь здоров" газеталары, "АКИпресс" "Кабар", "24 KG", "Азаттык", "Баракелде" маалымат сайттарында, "Кыргыз радиосу" радиосунда, "КТР", "Замана TV", НБТ телеканалдарында); - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында (www.foms.kg); - мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалымат такталарында, брошюраларда, буклеттерде; - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын жана анын АБ "ишеним телефондору" боюнча; - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын жана анын АБ коомдук кабылдамаларында; - калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда; - Электрондук кызмат көргөзүүлөрдүн мамлекеттик порталында |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын бардык АБ жана саламаттык сактоо уюмдарында ММК полисин тариздөө жана берүү үчүн жооптуу адам болот. Кабинетте маалыматтык табличкалар болот. Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ калк менен иштеген бардык кызматкерлеринде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн персонификацияланган табличкалары (бейджиктери) болушу керек. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Өзгөчө категориядагы керектөөчүлөргө (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, улгайгандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери) аңгемелешүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга таанылган эл аралык жеке маалыматты коргоо стандарттарын сактоого милдеттенет. Кызмат алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга болбойт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланууга мүмкүн эмес. Жеке маалыматтарды киргизүү боюнча маалымат базалары коргоонун тиешелүү даражасы менен камсыздалышы керек. Купуялуулук принцибинин сакталышы юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын талаптарын, улуттук коопсуздукту же коомдук кызыкчылыктарды аткаруу үчүн зарыл болгон даражада чектелиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | ММК полисин сатып алуу үчүн арыз ээси паспортун (ID-карта) көрсөтүшү зарыл, белгиленген үлгүдөгү арызды жазып, ММК полисинин наркын төлөшү керек. Арыз ээсинин өкүлү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты же арыз ээси менен туугандыгын ырастоочу документти көрсөтүүсү зарыл. Жарандар белгиленген үлгүдөгү арыздардын бланктарын ММК полисин берүүгө жооптуу болгон адистерден акысыз ала алышат. Берилген арыздар ММК полистерин берүү/өткөрүп берүү журналына датасын, ММК полисин алуучулардын аты-жөнүн жазуу жана колун коюу менен толтурулат. Юридикалык уюмдар ким экендигин ырастоочу документтери жок жарандардын категориясы үчүн ММК полистерин медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган менен түзүлгөн келишимдин жана аты жазылган тизменин негизинде сатып ала алат |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүң актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын тактыгы жана өз убагында болушу; - ММК полисин алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарына ылайык келүү: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта), акысыз бланктардын болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китепченин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу "суроо-талап - жооп" режиминде жүргүзүлөт. Кызматты алуу үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталына катталуусу зарыл. Алынган көчүрмөнү чыгаруу мүмкүндүгү бар. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: 1) portal.tunduk.kg сайтына кирүү; 2) 2017-жылдагы үлгүдөгү ID-картты же булут электрондук кол тамгасын пайдалануу менен жүргүзүлө турган каттоо болбогон учурда - каттоодон өтүү керек; 3) тиешелүү кызмат көрсөтүүнү табуу; 4) суроо-талапты түзүү үчүн "жөнөтүү" баскычын басуу зарыл; 5) киргизилген суроо-талап дароо иштелип чыгат, кызмат көрсөтүүчүнүн маалымат системасына жөнөтүлөт жана кабарлама түрүндө маалыматтык документ берилет". Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 5 (кызмат көрсөтүү толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен анын маалыматын ырастоочу кандайдыр бир документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалыматтык системасынан электрондук арыз берүүдө автоматтык түрдө генерацияланат). Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөр 113 номери боюнча медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын шыр байланышына телефон чалуу аркылуу суроолор менен кайрылууда маалымат түрүндө жооп алышат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн төмөнкүлөргө баш тартылышы мүмкүн: - 18 жашка чыга электерге; - арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу, аныкталбаган үлгүдөгү документтерди берүүдө (кемтиги бар, оңдолгон, өчүрүлгөн болсо); - ал адамда башка адамдын атынан иштөөгө расмий ыйгарым укугу болбосо (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, туугандыгын ырастоочу документтер); - ММК полиси үчүн акы төлөбөгөн учурда; - арыз ээси тарабынан стандартта көрсөтүлгөн документтердин толук тизмеси берилбесе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда алуучу белгиленген тартипте медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда алуучу уюмдун жетекчисине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат алуучунун колу жана даттануу жазылган күнү камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууну жана дооматты кароо медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган жана анын АБ тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жоопту алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоосу керек. Адегенде жазуу жүзүндөгү даттануу кызмат алуучу тарабынан медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ берилип, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө каралат. Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ тарабынан кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда, алуучу жогору турган инстанцияга - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органга кайра даттанууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же сапатсыз кызмат көрсөтүлгөн учурда алуучу медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |