Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-февралы № 151
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856, 2018-жылдын 20-июнундагы № 287, 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-октябрындагы № 675 «Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандырууга акыларды өз алдынча төлөөчү жарандары үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 151 токтому менен бекитилген |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө
жобо
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856, 2018-жылдын 20-июнундагы № 287, 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (мындан ары - ММК Полиси) - милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун жана камсыздануу статусун берген документ.
2. ММК Полиси - бул Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган бирдиктүү үлгүдөгү карточка, анда мамлекеттик жана расмий тилде төмөнкүлөр жазылат:
алдыңкы бетинде:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү;
- «Кыргыз Республикасы» деген сөздөр;
- «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду» деген сөздөр;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун логотиби;
арткы бетинде:
- «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси» деген сөздөр;
- цифра менен белгиленген жеке номер;
- аты-жөнү;
- туулган күнү;
- камсыздандыруу категориясы;
- жарактуу мөөнөтү.
3. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камтылбаган адамдар ММК Полисин сатып алууга укугу бар.
4. ММК Полиси чектелген иштөө мөөнөткө акы төлөнүүчү негизде берилет жана арыз берүүчү мүнөзүндө болот.
5. ММК Полисинин наркы ушул Жобого тиркелген Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөнгөн адамдар үчүн ММК Полисинин наркын эсептөөнүн методикасына ылайык эсептелет.
ММК Полисинин наркы жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК Фонду) кызматкери тарабынан калкка маалымдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
2. ММК Полисин сатып алуунун жана берүүнүн тартиби
(Глава (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Арыз ээси же анын өкүлү ММК Полисин төмөнкүдөй жолдор менен ала алат:
- паспорт (10-карта) менен ММК Фондунун аймактык башкармалыктарына же Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмуна милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча кайрылуу аркылуу;
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы же ММК Фондунун расмий сайты аркылуу.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
7. ММК Полисин сатып алуу үчүн арыз ээси же анын өкүлү ММК Полисинин наркын Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кассасына почталык байланыш ишканалары, банктар аркылуу накталай акча каражаттарын, ошондой эле интернет-банкинг, мобилдик банкинг, электрондук капчык жана маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары аркылуу накталай эмес формада төлөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары 3 жумушчу күндүн ичинде:
- ММК Полистерин алууга арыздарды ММК Фондунун аймактык башкармалыктарына берет;
- ММК Полисинин наркы үчүн каражаттарды ММК Фондунун аймактык башкармалыктарынын эсептерине которот.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
9. ММК Фондунун аймактык башкармалыктары келип түшкөн арыздарды бир иш күндүн ичинде "ММК полиси" маалымат базасына киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
10. ММК Полиси ММК Фондунун аймактык башкармалыктары тарабынан бир иш күндүн ичинде даярдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
11. ММК Фондунун аймактык башкармалыктары ММК Полистерин арыз ээлерине же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына 5 жумуш күндүн ичинде берет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
12. ММК Полистерин берүү ММК Полистерин алуучулардын аты-жөнүн жана кол тамгаларын көрсөтүү менен ММК Полистерин берүү журналына жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
13. ММК Полисинин колдонуу мөөнөтү ал таризделген күндөн тартып:
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 12 календардык айга жарактуу болот;
- Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу турган же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар үчүн 6 же 12 календардык айга жарактуу болот.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ММК Полисин сатып алган жарандардын укуктары жана милдеттери
14. Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына ММК Полисин көрсөткөндө камсыздандыруу статусун аныктоо үчүн адамдардын ММК Фондунда камсыздандырылган маалымат базасындагы жазууну текшерүү жүргүзүлөт.
15. ММК Полисин сатып алган адамдар Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ишке ашырылуучу медициналык программаларга ылайык Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында стационардык жана баштапкы медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылынат.
16. ММК Полисин сатып алган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- берилген медициналык, профилактикалык жана башка кызматтардын сапаты канааттандырбаган учурда же камсыздандырылган жарандардын укугу бузулганда ММК Фондунун аймактык башкармалыктарына кайрылууга;
- өзүнүн укугун сотто коргоого;
- камсыздандырылган жарандардын милдеттери жана укуктары жөнүндө маалыматка;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте медициналык жана башка кызматтарда жабдуучунун күнөөсү боюнча ден- соолукка келтирген зыяндын ордун толтурууга.
17. ММК Полисин сатып алган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ММК Полиси жоголгон учурда ММК Фондунун аймактык башкармалыктарына же Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына кат жүзүндө маалымдайт.
ММК Полисинин дубликаты арыз берилген учурда ММК Полисин жасоого кеткен өздүк наркка барабар төлөм төлөнгөндө берилет, бул төлөм ММК Фондунун аймактык башкармалыктарынын же Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кассасына киргизилет;
- Медициналык жардам үчүн Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына кайрылганда ММК Полисин жана өзүн күбөлөндүргөн күбөлүктү көрсөтүүгө;
- ММК Полисин сактоого жана аны милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу программалары боюнча медициналык жардам алуу максатында башка адамдардын колуна берүүгө укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
4. ММК Полисин сатуудан келип түшкөн каражаттарды эсепке алуу жана отчёттуулук
18. ММК Полисин сатуудан келип түшкөн каражат ММК Фондунун бюджетинин киреше бөлүгүндө, аларды колдонуу бюджеттин чыгаша бөлүгүндө чагылдырылат.
19. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 287 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. ММК Полисин сатуудан келип түшкөн каражаттар андан ары аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга пайдалануу үчүн бюджеттик ресурстардын администратору катары ММК Фондунун өздүк казыналык эсебине келип түшөт жана эске алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
21. ММК Полистерин сатуудан келип түшкөн каражаттарды эсепке алууну, отчет берүүнү жана контролдоону ММК Фонду ишке ашырат.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
22. Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө жооптуу:
- ММК Полисин сатып алууда арызды толтуруунун ишенимдүүлүгүнө жана тууралыгына;
- ММК Полисин сатып алуу үчүн арызды ММК Фондунун аймактык башкармалыктарына өз учурунда берүүгө;
- алынган жана берилген ММК Полистери жөнүндө маалыматтарга.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
23. ММК Фонду төмөнкүлөргө жооптуу:
- берилген ММК Полистер боюнча ММК Фондунун базасына арыз ээсинин маалыматын туура киргизүүгө:
- камсыздандырылган адамдардын маалымат базасын өз учурунда жаңыртууга;
- ММК Полисин өз учурунда тариздөөгө жана берүүгө.
|
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар үчүн ММК Полисинин наркын эсептөөнүн методикасы
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК Полисинин наркы - бул ММК Полиси сатып алынган учурдан тартып 12 календардык айга Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төлөнгөн төгүмдүн өлчөмү.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК Полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
СП = ПМ х 2% х 12 ай,
мында:
СП - ММК Полисинин паркы;
ПМ (жашоо минимуму) - минималдык керектөө корзинасынын наркынын чоңдугуна барабар жана адамдын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон материалдык жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык топтомунун, ошондой эле милдеттүү төлөмдөрдүн жана жыйымдардын (салымдардын) суммасынын нарктык бааланышы;
2% - ММК фондуна чегерилүүчү ставка;
12 - календардык айлардын саны.
Эскертүү: Өткөн календардык жылда Кыргыз Республикасында түзүлгөн жашоо минимумунун чоңдугу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.
3. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ММК Полисинин наркы - бул ММК Полиси сатып алынган учурдан тартып 6 же 12 календардык айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу турган же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жаран же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адам тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төлөнгөн салымдын өлчөмү.
4. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ММК Полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
СП = СМЗП - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн х 2% х 6 же 12 ай,
мында:
СП - ММК Полисинин наркы;
СМЗП - Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында тиешелүү жылга белгиленген орточо айлык эмгек акысы;
2% - ММК фондуна чегерилүүчү ставка;
6 же 12 - календардык айлардын саны.
Эскертүү: чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өткөн календардык жылдагы эмгек акысынын орточо айлык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.