Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна) |
Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө пайда болгон мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуунун негиздерин ушул Жобонун тиркемесине ылайык белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - компенсациялык жана дем берүүчү төлөмдөрдү эсепке албастан календардык ай үчүн белгилүү бир татаалдыктагы кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн кызматкерлердин эмгек акысынын белгиленген өлчөмү;
эмгек акы - кызматкердин квалификациясына, аткарылган иштин татаалдыгына, көлөмүнө, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы;
компенсациялык төлөмдөр - кызматкерлерге эмгек же кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кошумча чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
дем берүүчү төлөмдөр - кызматкерге эмгектин сапаттуу жана өз убагында натыйжасына жетүүгө дем берүүчү төлөмдөр;
типтүү штаттар - мекемелердин штаттык санын тартипке салуунун чектүү ченеми.
3. Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн кызматтык маянага карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
4. Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маянасынын өлчөмдөрүн өз убагында жана талаптагыдай белгилөө үчүн жоопкерчилик калкты социалдык камсыздоо системасынын мекемелеринин жетекчилерине жүктөлөт.
2-глава. Компенсациялык төлөмдөр
5. Калкты социалдык камсыздоо системасында айрым уюмдарда, бөлүмдөрдө иштөө шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматкерлердин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр белгиленет.
6. Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акы кирет:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында иштөө үчүн;
- медициналык кызматкерлерге квалификациялык категориясы үчүн төмөнкү өлчөмдөрдө:
жогорку категория - 50 пайыз;
биринчи категория - 30 пайыз;
экинчи категория - 10 пайыз;
- натыйжалуулукка дем берүү коэффициенттерин эске алуу менен эмгектин сапаттуу натыйжалары үчүн;
- айыл жеринде иштөө үчүн;
- өзгөчө шарттарда иштөө үчүн;
- жумуш убактысынын кадимки узактыгынан тышкары иштөө үчүн (айкалыштырып же мөөнөттөн ашык иштөө).
7. Бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштегендиги үчүн, ошондой эле өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн үстөк акылар бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык төлөнөт.
8. Жумуш убактысынын кадимки узактыгынан тышкары иштегендиги (айкалыштырып же мөөнөттөн ашык иштөө) үчүн үстөк акы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
3-глава. Дем берүүчү төлөмдөр
9. Калкты социалдык камсыздоо системасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн, кесиптик жана сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында кызматкерлердин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр белгиленет.
10. Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акы кирет:
- илимий даража;
- "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы.
11. Окумуштуулук даражасы үчүн, "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" жана 2011-жылдын 25-майындагы № 240 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө" токтомдоруна ылайык төлөнөт.
4-глава. Калкты социалдык камсыздоо системасынын мекемелеринин кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн өзгөчө шарттары
12. Социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн реабилитациялык борборлордун, үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө үстөк акылар каралат:
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин кызматкерлерине - 25 пайыз;
- психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрүнүн, балдардын социалдык стационардык мекемелеринин (акыл-эси кем жана дене-бой жагынан майып балдар үчүн), ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборлордун кызматкерлерине - 50 пайыз.
Кызмат орундарын, кесиптерди айкалыштыруу, тейлөө зонасын кеңейтүү, аткарылуучу иштердин көлөмүн көбөйтүү үчүн ээлеген кызматы (кесиби) боюнча базалык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө кошумча акы төлөнөт.
Социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборлордун, борборлордун жетекчи-врачтарына жана алардын орун басарларына алар штатында турган мекемелерде тиешелүү адистиктеги врачтын базалык маянасынын 25 пайызына чейин төлөп берүү менен негизги кызмат орду боюнча жумуш убактысынын чегинде адистиги боюнча иш жүргүзүүгө уруксат берилет. Жетекчи-врачтардын жана алардын орун басарларынын адистиги боюнча иши анын мүнөзүн жана көлөмүнө карабастан тиешелүү медициналык документтерде чагылдырылууга тийиш.
Врачтарга бөлүмдү жетектегендиги үчүн 10 пайыз кошумча акы белгиленет.
Улук болуп дайындалган тарбиячыга 10 пайыз кошумча акы белгиленет.
Багбандын, кучердин жана трактористтин кызмат орундары социалдык стационардык мекеменин, реабилитациялык борбордун атайын каражаттарынын эсебинен киргизилет.
Социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн реабилитациялык борборлордун, борборлордун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланышат.
Социалдык стационардык мекемелердин, боpбoрлордун педагогикалык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланышат.
13. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине төмөнкүдөй үстөк акы белгиленет:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектин өзгөчө шарттары менен иштегендиги үчүн (оор жумуштарда, зыяндуу, коркунучтуу жана башка өзгөчө шарттарда иштегендер);
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен иштегендиги үчүн - 30 пайызга чейин;
3) негизги жумушчуларга (уста-адистерге) иш жүзүндө аткарылган жумуштардан төмөнкү өлчөмдөрдө:
кесиптик чеберчилиги үчүн 10 пайыздан 25 пайызга чейин:
3-разряд - 10 пайыз;
4-разряд - 15 пайыз;
5-разряд - 20 пайыз;
6-разряд - 25 пайыз;
4) өзгөчө маанилүү ишти аткаргандыгы үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө;
5) административдик-башкаруу персоналына өндүрүштүк планды аткарууда, эмгектин татаалдыгы, сапаты жана натыйжалары үчүн кызматкердин жеке салымын эске алуу менен кызматтык маяналардын өлчөмдөрүнө 1,1ден 2,3кө чейинки эмгекке катышуу коэффициенттери (ЭКК) колдонулат;
6) административдик-башкаруучу персоналына эмгек өргүүгө чыгууда эмгек акынын эки айлык фондунан төмөн эмес өлчөмдө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнөт.
5-глава. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
14. Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен эмгек акы төлөөнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
15. Калкты социалдык камсыздоо системасынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, мекемелеринин жетекчилерине жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжалары, өндүрүштүк планды аткаргандыгы, кесиптик жана чыгармачылык демилге көрсөткөндүгү үчүн кызматкерлерге дем берүүчү төлөмдөргө жумшоо укугу берилет.
|
| Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобого тиркеме |
Калкты социалдык камсыздоо системасынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, мекемелеринин ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду мекемеси.
5. Улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар жана чоңдор үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемелер, балдар жана чоңдор психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелер, майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрү.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүнүштөрү, социалдык кызматкерге эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуу бөлүгүндө.