Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 509
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелеринде:
1) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эл аралык стипендияга талапкерлерди тандоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун 7-главасына ылайык Республикалык комиссия тарабынан аныкталган тышкы оператор тарабынан да жүзөгө ашырылат.";
2) 7-10-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "ыйгарым укуктуу орган/тышкы оператор" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эл аралык стипендияга талапкерлерди тандоо тышкы оператор тарабынан жүргүзүлгөн учурда тышкы оператордун сунушу боюнча ыйгарым укуктуу орган талапкерлердин материалдарын Республикалык комиссиянын кароосу үчүн экинчи турга киргизет.".
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-октябрындагы № 78 (3528) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |