ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июлундагы № 395 «Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө» Токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

2020-жылдын 24-июлу № 395

Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Иштеп чыгууга, жүргүзүүгө, актуалдаштырууга жана колдонууга тийиш болгон техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик, статистикалык, региондук (мамлекеттер аралык) классификаторлорунун тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

К.Боронов

 

 

 

2-тиркеме

Иштеп чыгууга, жүргүзүүгө, актуалдаштырууга жана колдонууга тийиш болгон техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик, статистикалык, региондук (мамлекеттер аралык) классификаторлорунун ТИЗМЕСИ

№

Классификатордун аталышы

Классификатордун кыскача аталышы

Классификаторду иштеп чыгуу, жүргүзүү, актуалдаштыруу жана колдонуу үчүн жооптуулар

1

Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификациясы

ИУЖК

Улутстатком

2

Чарбакер субъекттердин уюштуруу-укуктук формаларынын мамлекеттик классификатору

УУФМК

Улутстатком

3

Финансылык активдердин мамлекеттик классификатору

ФАМК

Улутстатком

4

Материалдык жүгүртүү каражаттарынын мамлекеттик классификатору

МЖКМК

Улутстатком, ФМ

5

Төлөм жүгүртүү мамлекеттик классификатору

ТЖМК

УБ, ФМ

6

Калк жөнүндө маалыматтын мамлекеттик классификатору

КЖММК

ЭСӨМ

7

Кесиптердин жалпы республикалык классификатору

КЖРК

ЭСӨМ

8

Негизги фонддордун мамлекеттик классификатору

НФМК

Улутстатком, ММБФ

9

Валюталардын эл аралык классификатору

ВЭК

УБ, УСО

10

Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик классификатору

ДӨМК

ТИМ, УСО

11

Өлчөө жана эсеп бирдиктеринин мамлекеттер аралык классификатору

ӨЭБМАК

УСО

12

Стандарттардын мамлекеттер аралык классификатору

СМАК

УСО

13

Продукциянын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификатору

ПМСК

Улутстатком, УСО, тармактык министрликтер жана ведомстволор

14

Экономиканын институттук секторлорунун мамлекеттик классификатору

ЭИСМК

Улутстатком

15

Башкаруу органдарынын мамлекеттик классификатору

БОМК

Улутстатком

16

Менчик формаларынын мамлекеттик классификатору

МФМК

Улутстатком

17

Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору

ЭИТМК

Улутстатком

18

"Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объектилерин белгилөө системасы" мамлекеттик классификатору

ААББС

Улутстатком

19

Ишканалардын титттеринин классификатору

ИТК

Улутстатком

20

Жумушчулардын кесиптеринин, кызматчылардын кызмат орундарынын жана тарифтик разряддарынын мамлекеттик классификатору

ККТРМК

ЭCӨM

21

Классификаторлор жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик классификатору

KMMК

УСО

22

Башкаруу документтеринин мамлекеттик классификатору

БДМК

УСО

23

Өнөр жай менчигинин объекттери боюнча маалыматтардын мамлекеттик классификатору

ӨМММК

Кыргызпатент

24

Маданий баалуулуктардын мамлекеттик классификатору

МБМК

ММТМ

25

Пайдалуу кендин жана жер астындагы суулардын мамлекеттик классификатору

ПК ж ЖАСМК

ӨЭЖПМК

26

Гидроэнергетикалык ресурстардын мамлекеттик классификатору

ГРМК

ӨЭЖПМК

27

Билими боюнча адистиктин жана багыттын мамлекеттик классификатору

БАМК

БИМ

28

Кирешелердин классификациясы; ведомстволук классификация; чыгашалардын экономикалык классификациясы; активдер жана милдеттенмелер боюнча операциялардын классификациясы

Вед. класс. Эконом. класс. Опер. жана милдет. класс

ФМ

29

Эл аралык стандарттык соода классификациясы

ЭССК

Улутстатком

30

Туризмдеги иштин түрлөрүнүн стандарттуу эл аралык классификациясы

ТИСЭК

Улутстатком

31

Оорулардын жана ден соолукка байланыштуу проблемалардын эл аралык статистикалык классификациясы, 10 - кайра кароо

ОЭК-10

ССМ

32

Максаттар боюнча жеке керектөөнүн классификациясы

МЖКК

Улутстатком

33

Үй чарбаларын тейлөөчү коммерциялык эмес уюмдардын максаттарынын классификациясы

КУМК

Улутстатком

34

Мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларынын классификациясы

МБОФК

Улутстатком

35

Максаттар боюнча өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын классификациясы

МӨЧК

Улутстатком

 

Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:

 

ЮМ

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

ТИМ

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

ССМ

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

ММТМ

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

БИМ

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

ЭCӨM

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

ФМ

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

ӨЭЖПМК

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

МБК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;

Кыргызпатент

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы;

УСО

-

Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органы;

Улутстатком

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети;

УБ

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

ММБФ

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд.