Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-июлу № 398
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Маалымат берүү тармагында" деген V бөлүмдүн 2-главасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Статистикалык маалыматтарды берүү, ошондой эле пайдалануучуларды Статистикалык программада каралбаган маалыматтык-маалымдамалык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-глава, 8-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улутстатком). Улутстаткомдун аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү (мындан ары - статистика органдары) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | 1) статистикалык маалыматтарды берүү: - жашыруун (ээси көрсөтүлбөгөн) маалыматтардын базасы; - Статистикалык программада каралбаган статистикалык маалымат (жыйынды түрүндө); - Статистикалык бирдиктерди бирдиктүү мамлекеттик каттоонун маалыматтар базасындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндө маалымат; 2) пайдалануучуларды маалыматтык-маалымдамалык тейлөө: - ыйгарылган классификациялык коддор (иштин түрлөрү, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коддору жана башкалар) жөнүндө маалымдамалык маалымат; - ченемдик-маалымдамалык документтерди, мамлекеттик классификаторлорду, ошондой эле аларга кирген өзгөртүүлөрдү берүү |
6 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык арыз ээлеринин имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустары, кармагычтары бар жабдуулардын (имараттардын, жайлардын) болушу; - кезек күтүү тартибинде. Имаратта күтүүчү жайлар, жылуулук, суу түтүгү, телефон бар. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет же алар өйдө чыга алышпаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү ылдый түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Суроо-талапты кабыл алууга бөлүнгөн убакыт - 10 мүнөттөн 60 мүнөткө чейин. 2. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - суроо-талаптын татаалдыгына жана көлөмүнө жараша, ошондой эле заказчынын статистикалык маалыматтарды иштеп чыгууга Улутстатком менен түзгөн келишиминин (макулдашуунун) шарттарына ылайык 1 күндөн 14 күнгө чейин. 3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө бөлүнгөн убакыт - суроо-талаптын көлөмүнө жараша 10 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин |
2. Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды төмөнкүлөрдөн алууга болот: - оозеки (телефон менен же адис менен жеке байланыш аркылуу); - Улутстаткомдун расмий сайтында (www.stat.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg); - Улутстаткомго жана анын аймактык органдарына жеке кайрылууда; - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Арыздын формасын толтуруунун үлгүсүн төмөнкүлөрдөн алса болот: - Улутстаткомдун расмий сайтында; - Улутстаткомдун жана статистика органдарынын имаратындагы такталарда. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары такталарда, Улутстаткомдун расмий сайтында (www.stat.kg) жайгаштырылган. Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматтарды бардык кайрылган жактарга акысыз негизде берүүгө кепилдик берилет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - Улутстаткомдун расмий сайты (www.stat.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg); - такталар, буклеттер, брошюралар; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - ошондой эле оозеки (телефон менен же адис менен жеке байланыш аркылуу). Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге Улутстаткомдун такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат. Улутстаткомдун иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу саат 12.00дөн 13.00гө чейин |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Улутстаткомдо жана анын аймактык органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык тактачалар илинет. Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен аңгемелешүүдө кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракет кылуу, маектешин уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. ДМЧА, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, аларга теңештирилген адамдар, кош бойлуу аялдар, улгайган жарандар үчүн аңгемелешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат суроо-талап боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулардын иш-аракеттеринин тизмеси | Статистикалык маалыматтарды алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - заказчынын Улутстатком менен статистикалык маалыматтарды иштеп чыгууга же ар түрдүү статистикалык маалыматтарды системалуу негизде берүүгө түзгөн келишими (макулдашуусу); - юридикалык жана/же жеке жактын эркин билдирүү формасындагы суроо-талабы; - паспорт; - паспорттун көчүрмөсү, катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (ыйгарылган классификациялык коддор жөнүндө маалымдамалык маалыматты алган учурда). Жыйынтыгы акы төлөө жөнүндө квитанция көрсөтүлгөндөн кийин өз колуна берилет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Улутстаткомдун буйругу менен аныкталат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы Улутстаткомдун сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында, статистика органдарынын такталарында, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында чагылдырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - пайдалануучу үчүн актуалдуулук; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызматтарды көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү: имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүүсү |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талаптарды кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Онлайн интерактивдүү баскычы - 3 (иштеп жаткан веб-баракча электрондук түрдө арызды толтуруу жана кагазга басып чыгарбастан мамлекеттик органдардын кароосуна кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ). Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтер электрондук почта аркылуу да кабыл алынат. Ал үчүн PDF форматында сканерленген арыздын формаларын (nsc_mail@stat.kg) электрондук почтасы боюнча жөнөтүү керек. Жооптуу кызматкер кызматты алууга арызды кабыл алып, керектөөчүгө документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү баштоо жөнүндө кабарлоону же кызмат көрсөтүүдөн жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт |
4. Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу | Пайдалануучунун суроо-талабы боюнча төмөнкү учурларда баш тартуу болот: - суралып аткан маалыматтын купуялуулугу; - келишимдин (макулдашуунун) сакталбагандыгы; - суроо-талапта арыз ээсинин фамилиясынын, почта дарегинин же башка байланыш маалыматтарынын жоктугу; - суроо-талаптын тексти даана окулбагандыгы; - суроо-талаптын мазмуну суралып жаткан маалыматты аныктоого мүмкүн болбогондо; - өндүрүлбөгөн маалыматтын жоктугу; - маалыматтын түзүлгөндүгүнө узак мөөнөт болгондугуна байланыштуу анын жоктугу; - акы төлөө жөнүндө квитанцияны бербегендиги |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер жаралган учурда керектөөчү белгиленген тартипте статистика органдарынын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда алуучу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен статистика органдарынын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматынын маңызы, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колу жана датасы камтылышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү арызды кароонун жана арыз ээси тарабынан жооп алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде чечимге даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек |