Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 545
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 42 "Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, суткалык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларында:
- № 1 норманын аталышындагы "абагында" деген сөз "мекемелеринде" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттолгондорду жатак-абакка кабыл алуу үчүн негиз болуп түзөтүү абагынан (мындан ары - ТА) жатак-абакка которуу жөнүндө соттун чечими, ошондой эле алардын негизинде же башка документтердин (башка жатак-абактардан которуу) негизинде таризделген ыйгарым укуктуу адамдын же аны алмаштыруучу адамдын колу коюлган наряддар эсептелет.";
- 10-пунктунун экинчи абзацындагы ", ошондой эле эреже катары, иштеген жана иштебеген соттолгондор өз-өзүнчө жайгаштырылат" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктунда:
экинчи абзацы "зарыл болгон" деген сөздөрдөн мурда "жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ченемдерге ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пунктундагы "Документтер (паспорт, эмгек китеби, аскердик билети, айдоочулук күбөлүгү жана башка өздүгүн күбөлөндүргөн документтери)" деген сөздөр "Жалпы жарандык паспорт жана идентификациялык карта (ID-карта)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктундагы "жатак-абактын начальнигинин нөөмөт жардамчысынын (мындан ары - ЖННЖ)" деген сөздөр "мекеменин начальнигинин нөөмөт жардамчысынын (мындан ары - МННЖ)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16, 25, 28, 30, 31-пункттарындагы "ЖННЖ" деген аббревиатура "МННЖ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 33-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 34-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелеринде:
- 39-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 74-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"74. Узак жана кыска мөөнөттүү жолугушууга ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тизмекте тыюу салынбаган тамак-аш азыктарын жана буюмдарды алып өтүүгө уруксат берилет.";
- 78-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"78. Соттолгондорго юридикалык, анын ичинде медиация маселелери боюнча жардам алуу үчүн алардын арыздары боюнча адвокаттар, медиаторлор же юридикалык жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдар менен жолугушуу берилет. Соттолгондун каалоосу боюнча жеке жолугушуу берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде белгиленген жолугушуулардын санына мындай жолугушуулар эсепке алынбайт, алардын саны жана узактыгы чектелбейт, бирок алар түзөтүү мекемесинин администрациясынын иш убагында өткөрүлөт.";
- 90-пункту "телеграммалар" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 25-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 132-пунктундагы "Жашы жете электер" деген сөздөр "Балдар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 142-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"142. Соттолгондор режимди сактаганда жана аларда тартиптик жазалар жок болгондо күндүзгү убакта мекеменин администрациясынын чечими боюнча уктоочу жайлардан өзүнчө жайларда болушу мүмкүн.";
- 146-пунктундагы "жертөлө жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 177-пунктунун экинчи абзацындагы "уюлдук телефондор," деген сөздөр алып салынсын;
- 182-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Соттолгондор жеке эмгек иши менен алектенүүгө укуктуу.";
- 196-пунктундагы "Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 206-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Эрежелердин 2-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
"16-1. Химикаттар.";
17-пунктундагы "химикаттар," деген сөз алып салынсын;
эскертүүнүн 1-пункту "13" деген цифрадан кийин ", 17" деген цифра менен толукталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |