Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-октябры № 577
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандардын кепилденген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындоо тартибин карайт.
2. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мындан ары - КМШ) мүчө мамлекеттердин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дайындалуучу жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды берүү маселелери боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык КМШга мүчө мамлекеттердин жарандарына жайылтылат.
2-глава. Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация алуу укугу
3. Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияга (мындан ары - ай сайынкы компенсация) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгы менен белгиленген өлчөмдөрдө жарандардын айрым категориялары укуктуу.
4. Ай сайынкы компенсация алуучулардын ар бир категориясы үчүн компенсация алуучунун жашаган жерине (шаар - айыл) карабастан ай сайынкы компенсациянын бирдиктүү белгиленген өлчөмү белгиленет.
5. Ай сайынкы компенсация карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу) мекемелерде жашаган ай сайынкы компенсацияга укуктуу адамдарга толук көлөмдө төлөнөт.
6. Бир нече негиз боюнча ай сайынкы компенсацияга укуктуу адамдарга ай сайынкы компенсация алуу үчүн бир гана негизди тандоо укугу берилет.
7. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, көрүүсү боюнча III топтогу жана "жалпы оорудан" көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, 18 жашка чейинки курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү (көрүүсү, угуусу боюнча) балдардын ай сайынкы компенсацияга укугу жок.
8. Эгерде ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн категориядагы жарандар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде эсепте турса, алардын төмөнкүлөр үчүн ай сайынкы компенсация алуу укугу сакталат:
1) көрүүсү боюнча III топтогу жана "жалпы оорудан" көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - майыптыктын мөөнөтү аяктаганга чейин;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (көрүүсү, угуусу боюнча) - 18 жашка толгонго чейин.
3-глава. Ай сайынкы компенсацияны дайындоо үчүн керектүү документтер
9. Ай сайынкы компенсацияны дайындоого арыз жашаган/жүргөн жерине карабастан, арыз ээсинин кайрылган жери боюнча аймактык бөлүмгө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча берилет. Ошол эле учурда арыз ээсинин жеке идентификациялык номери болушу керек.
Ай сайынкы компенсация дайындоого арыз Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө да берилиши мүмкүн.
10. Ай сайынкы компенсация дайындоо жөнүндө арыз ушул Жобонун тиркемесинде каралган маалыматтар болгон жана документтер/маалымкаттар берилген шартта каралат.
Ошол эле учурда мамлекеттик органдардан ай сайынкы компенсация дайындалууга тийиш болгон арыз ээси жөнүндө маалыматтарды суроо "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Эгерде мамлекеттик органдардын маалымат системаларында ай сайынкы компенсация алуу укугуна ээ арыз ээсинин статусун ырастоочу электрондук маалыматтар жок болсо, аймактык бөлүм арыз ээсине ушул Жобонун тиркемесинде каралган тизмекке ылайык документтерди/маалымкаттарды кагаз жүзүндө берүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
11. Документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө түп нускалар менен салыштырылат жана аларды идентификациялоо (түп нускаларга ылайыктыгы) фактысын ырастап, аймактык бөлүмдүн адиси тарабынан визаланат, аймактык бөлүмдүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
12. Ай сайынкы компенсацияны дайындоого арызды каттоо аймактык бөлүмдөрдө алуучунун статусун ырастаган колдонуу мөөнөтү жарактуу документтердин толук топтому болгондо гана жүргүзүлөт.
13. Эгерде ай сайынкы компенсация дайындалууга тийиш болгон адам жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз болсо, ай сайынкы компенсацияны дайындоо жөнүндө арыз анын ата-энесинин (асырап алуучулардын, камкорчулардын/көзөмөлчүлөрдүн) бири тарабынан берилет.
14. Эгерде арыз ээси же анын үй-бүлө мүчөсү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам болсо (мындан ары - ДМЧА), анда ай сайынкы компенсацияны дайындоо үчүн арыз ээсинин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн майыптыгы, майыптыгынын мөөнөтү жөнүндө ырастоочу документтер аймактык бөлүм тарабынан Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) маалыматтар базасы аркылуу Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун жардамы менен суралат. МСЭКтин маалымат базасынан алынган майыптыгы жөнүндө маалыматтар басып чыгарылат жана өздүк көктөмөгө тиркелет. МСЭКтин маалыматтар базасында ДМЧА тууралуу маалыматтар жок болгон учурда МСЭКтен кагаз жүзүндө маалымкат талап кылынат, ал өздүк көктөмөгө тиркелет.
15. Ай сайынкы компенсация алуучулар документтерди жаңылоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында, төмөнкү документтердин колдонуу мөөнөттөрү аяктаганга чейин кайрылууга тийиш:
1) майыптыгын кайра күбөлөндүрүү;
2) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюунун катышуучусунун 18 жашка чейинки курактагы баласына берилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык каттоонун райондук деңгээлдеги каттоосунун маалымкаты;
3) жашап туруу укугу.
16. Аймактык бөлүмдөр берилген документтердин колдонуу мөөнөттөрүн туруктуу негизде текшерип турат. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин биринин колдонуу мөөнөтү аяктаганда дайындалган ай сайынкы акчалай компенсацияны төлөө төмөнкүдөй мөөнөттөргө токтотулуп турат:
1) үч айга чейин - МСЭКте майыптыгын кайра күбөлөндүрүү үчүн;
2) эки айга чейин - 18 жашка чейинки курактагы балдарга берилүүчү Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык каттоонун райондук деңгээлдеги каттоосунун маалымкатын жаңылоо үчүн;
3) бир айга чейин - жашап туруу укугунун колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн.
17. Документтерди жаңыртуу жөнүндө маалыматтарды/маалымкаттарды белгиленген мөөнөттөн ашкан мөөнөттөрдө алууда/берүүдө ай сайынкы компенсацияны төлөөнү кайра улантуу алуучу жаңыланган документти алган айдан кийинки айдын 1инен тартып жүргүзүлөт.
Алуучунун күнөөсү боюнча өтүп кеткен айлар үчүн ай сайынкы компенсация төлөнбөйт.
Эгерде алуучу себептердин объективдүүлүгү жөнүндө (ооруп калуу, аракетке жөндөмсүздүк, ишенимдүү адамдардын жоктугу) ырастоочу документтерди берсе, ал токтотулган күндөн тартып ай сайынкы компенсацияны төлөө кайра улантылат.
4-глава. Ай сайынкы компенсация дайындоо тартиби жана ай сайынкы компенсация төлөөнү токтотуунун шарттары
18. Ай сайынкы компенсацияны дайындоо арыз берүү принциби боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан арыз ээсинин жашаган/жүргөн жерине карабастан кайрылган жери боюнча ай сайынкы компенсация алуучу катары аймактык бөлүмдө катталган күндөн тартып кийинки айдын биринен тартып жүргүзүлөт.
19. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шартында дайындалган ай сайынкы компенсацияларды төлөөнүн мөөнөтү ушул Жобонун 16-пунктунда жана тиркемесинде көрсөтүлгөн, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал мезгилинде колдонуу мөөнөтү аяктай турган документтерди талап кылбастан өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.
20. Иштөө же окуу үчүн республиканын чегинен тышкары узак убакытка кетип жаткан ай сайынкы компенсация алуучулар үчүн ай сайынкы компенсация алуу укугу сакталат.
Ай сайынкы компенсация алуучу өзүнүн убактылуу жок болгон мезгилине башка адамга бир жылдан ашпаган мөөнөткө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берүү менен ага ай сайынкы компенсация алуу үчүн ыйгарым укук берүүгө милдеттүү. Алуучу ишеним катты тариздебестен кеткен учурда ай сайынкы компенсация төлөнбөйт.
Республиканын чегинен тышкары жүргөн алуучу каза болгон учурда ал үчүн ай сайынкы компенсация алууга ыйгарым укуктуу адам алуучу бул тууралуу каза болгон күндөн тартып үч айдын ичинде аймактык бөлүмгө кабарлоого милдеттүү.
Ошол эле учурда ашыкча төлөнгөн сумма ишенимдүү адам тарабынан калыбына келтирилет. Макул болбогон учурда калыбына келтирүү маселеси сот тартибинде чечилет.
21. Эгерде ай сайынкы компенсация алуучу республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен учурда аймактык бөлүм алуучунун арызынын негизинде аны эсептен чыгарат. Республиканын чегинен тышкары өздүк делону жөнөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап келип түшкөн учурда аймактык бөлүм жазуу жүзүндөгү суроо-талап катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде алуучунун өздүк делосунун көчүрмөсүн жөнөтөт.
22. Алуучунун республика ичиндеги жашаган жери алмашкан учурда ал жаңы жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен аймактык бөлүмгө аны эсептен чыгаруу жөнүндө арыз берет. Аймактык бөлүм алуучунун арызынын негизинде аны эсептен чыгарат жана ай сайынкы компенсацияга укугун ырастоочу документтерди алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө берет. Алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүм мурдагы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөн алынган маалыматтардын негизинде ай сайынкы компенсация төлөөнү кайра улантат.
Алуучуну аймактык бөлүмдөн эсептен чыгарууда алуучу жаңы жашаган жеринин дарегин билбесе, ал жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө кайрылган учурда алуучунун арызынын жана паспортунун негизинде жаңы жашаган жери боюнча ай сайынкы компенсация кайра төлөнөт.
Мурунку жашаган жери боюнча эсептен чыгарылган күн менен жаңы жашаган жери боюнча эсепке коюлган күндүн ортосундагы мөөнөт үч айдан ашпоого тийиш. Бул учурда жаңы жашаган жери боюнча ай сайынкы компенсацияны төлөөнү улантуу мурдагы жашаган жери боюнча ай сайынкы компенсация акыркы жолу төлөнгөн айдан кийинки айдан баштап жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөттөн жүйөсүз себептер менен ашып кеткен учурда ай сайынкы компенсация төлөө жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдө эсепке коюлган айдан тартып кайра улантылат.
Эгерде алуучу аймактык бөлүмгө жүйөлүү себептер (ооруп калуу, аракетке жөндөмсүздүк, ишенимдүү адамдардын жоктугу, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин киргизүү) менен үч ай өткөндөн кийин кайрылса, ай сайынкы компенсацияны төлөө ал токтотулуп турган күндөн тартып кошумча үч айга узартылат.
23. Аймактык бөлүмдөр ай сайынкы компенсация алуучулар каза болгон учурлар тууралуу маалыматты ведомстволор аралык маалымат алмашуу аркылуу автоматтык түрдө текшерүүнү (верификациялоону) жүргүзөт.
24. Ай сайынкы компенсацияны төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:
1) талап кылынган документтер белгиленген мөөнөттөрдө берилбесе;
2) алуучу республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кетсе;
3) ай сайынкы компенсация дайындалган адам каза болсо;
4) ай сайынкы компенсация дайындалган Чернобыль АЭСинин катышуучусунун баласы, небереси 18 жашка толсо;
5) майыптыгы жөнүндө маалымкатты берүү мөөнөтү аяктаса;
б) дайындалган ай сайынкы компенсацияны 12 ай бою албаса;
7) ай сайынкы компенсацияны негизсиз дайындоо фактысы аныкталса.
5-глава. Каржылоо булагы
25. Ай сайынкы компенсацияны, ошондой эле аны төлөө жана жеткирүү менен байланышкан бардык чыгымдарды каржылоо булагы болуп республикалык бюджет саналат.
6-глава. Ай сайынкы компенсацияны туура дайындоо жана төлөө үчүн жоопкерчилик
26. Мамлекеттик органдардын жетекчилери ай сайынкы компенсацияны дайындоо, каржылоо жана төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
27. Акчалай компенсациялардын өз убагында жана туура төлөнүшүн жана каржыланышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо каралган.
28. Аймактык бөлүмдүн күнөөсү боюнча өз убагында дайындалбаган жана/же төлөнбөгөн ай сайынкы компенсация - өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөттөрдү чектөөлөрсүз республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен дайындалат.
Ошол эле учурда ай сайынкы компенсацияларды дайындоо жана төлөө мөөнөттөрүн бузууга жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
29. Ай сайынкы компенсациянын ашыкча төлөнгөн. суммасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын эсебинен республикалык бюджетке өндүрүлөт.
Ошол эле учурда эгерде ашыкча төлөм төмөнкүлөрдүн күнөөсү боюнча жүргүзүлсө:
1) ай сайынкы компенсацияны туура эмес дайындаган аймактык бөлүмдүн адисинин - ашыкча төлөнгөн суммалардын орду ошол адис тарабынан толтурулат;
2) ай сайынкы компенсация дайындоо үчүн негиз болгон туура эмес маалыматтарды камтыган документти берген мамлекеттик органдын адисинин - ашыкча төлөнгөн суммалардын орду ошол адис тарабынан толтурулат;
3) ай сайынкы компенсация алуучунун - ашыкча алынган суммалардын орду мурда ай сайынкы компенсация алган адам тарабынан толтурулат.
30. Аймактык бөлүмдүн адисинин, мамлекеттик органдын адисинин күнөөсү боюнча ашыкча төлөнгөн сумма адистердин эмгек акысынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө Кыргыз Республикасынын эмгек жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке кармалып калат.
31. Күнөөлүү адамдар ашыкча төлөнгөн сумманын ыктыярдуу түрдө ордун толтурууга макул болбогон учурда карыз сот тартибинде өндүрүлөт.
Ай сайынкы компенсацияны дайындоодо жана төлөөдө келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык чечилет.
7-глава. Ай сайынкы компенсациядан кармап калуулар
32. Ай сайынкы компенсациянын ашыкча төлөнгөн суммаларын кармап калуу соттук чечимдерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте соттун чечимдеринин, аныктамаларынын, токтомдорунун, өкүмдөрүнүн жана башка чечимдеринин жана Кыргыз Республикасынын сот аткаруучулар жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылуучу токтомдорунун негизинде жүргүзүлөт.
33. Ай сайынкы компенсациядан кармап калуулардын өлчөмдөрү төлөө үчүн алуучуга тийиштүү болгон суммадан, бирок ай сайынкы компенсациянын бир айлык өлчөмүнүн 50 (элүү) пайызынан ашык эмес эсептелет.
34. Ай сайынкы компенсациядан жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн башка эч кандай кармап калууларга жол берилбейт.
35. Ай сайынкы компенсациянын ашыкча төлөнгөн суммалары боюнча карыз толугу менен төлөнгөнгө чейин ай сайынкы компенсацияны төлөө токтотулган учурда, калган карыз сот тартибинде өндүрүлөт.
36. Кармап калуунун суммасы республикалык бюджетке кайтарылат.
|
|
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Ай сайынкы компенсацияны дайындоо үчүн документтердин ТИЗМЕГИ
№ | Ай сайынкы компенсацияны алуучулардын категориялары | Маалыматтарды/документтерди берүү форматы | |
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына суроо-талап кылуу аркылуу | Арыз ээси тарабынан берилүүчү документ/маалымкат | ||
1 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары | Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту |
2 | Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары | 1) Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы тууралуу маалыматтар; 2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгы тууралуу маалыматтары | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалыматтар жок болгон учурда) |
3 | "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасынын ээлери, Советтер Союзунун Баатырлары, Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандар | Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы тууралуу маалыматтар | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) сыйлангандыгы жөнүндө күбөлүгү (наам ыйгаруу) жана согуштагы эрдиги үчүн сыйлыктарына жана согуштагы эрдиги үчүн Даңк орденин үч даражасынын ордендик китепчелери |
4 | Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары |
| 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде концлагерлерде, геттолордо, фашисттер жана алардын союздаштары Германиянын жана ага союздаш өлкөлөрдүн аймактарында, ошондой эле мурдагы СССРдин жана Европа өлкөлөрүнүн алар басып алган аймактарында түзүшкөн мажбурлап кармоочу башка жерлерде болгон фактысын ырастаган согуш убагын дагы документтери же болбосо концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген (мурдагы СССРдин басып алынган аймактарында нацисттик куугунтуктоолор колдонулган учурга карата 18 жашка чейинки курактагы) туткундары үчүн керектүү маалыматтарды камтыган архивдик жана башка мекемелердин маалымкаттары же башка документтери |
5 | "За оборону Ленинграда" медалы же "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар |
| 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) "За оборону Ленинграда" медалынын же "Жителю блокадного Ленинграда" белгисинин күбөлүктөрү |
6 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар | Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгы тууралуу маалыматтары | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгеги жана өзгөчөлүгү үчүн уюштурулган сыйлыктардын ордендик китепчелери же күбөлүктөрү: Мындай сыйлыктарга Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгеги жана өзгөчөлүгү үчүн уюштурулган төмөнкү медалдар кирет: - "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Японией"; - "За отвагу"; - Ушаков медалы; - "За боевые заслуги"; - Нахимов медалы; - "За трудовую доблесть"; - "За трудовое отличие"; - "За оборону Москвы"; - "За оборону Одессы"; - "За оборону Севастополя"; - "За оборону Сталинграда"; - "За оборону Киева"; - "За оборону Кавказа"; - "За оборону Советского Заполярья". Согуштан кийинки мезгилде (1945-1949-жылдар) сыйлоо документтери жоголуп кеткен учурда, күбөлүктүн номерин жана сыйланган күндү көрсөтүү менен эмгек китепчесиндеги жазуу же архив мекемесинин маалымкаты талап кылынат. "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг." медалы менен сыйланган адамдар облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын 1988-1995-жылдардагы чечимдери боюнча медалдардын күбөлүктөрүн же аталган чечимдердин көчүрмөлөрүн көрсөтөт |
7 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы жок адамдар | ||
8 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин реабилитацияланган жарандар |
| 1) Паспорт; 2) эмгек армиясында болгон фактыны ырастоочу документ; 3) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы берген эмгек армиясындагы адамды кийин реабилитациялоо жөнүндө же саясий, диний ынанымдары, социалдык, улуттук жана башка белгилери үчүн репрессиялардын кесепетинен жабыркагандыгын таануу жөнүндө маалымкат |
9 | Саясий жана диний ынанымдары, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркаган реабилитацияланган жарандар | 1) Пенсия дайындалгандыгы тууралуу маалыматтар; 2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгы жөнүндө маалыматтары | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы берген эмгек армиясындагы адамды кийин реабилитациялоо жөнүндө же саясий, диний ынанымдары, социалдык, улуттук жана башка белгилери үчүн репрессиялардын кесепетинен жабыркагандыгын таануу жөнүндө маалымкат |
10 | Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1) Никеси тууралуу маалыматтар (жубайына ай сайынкы компенсация дайындоодо); 2) аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу маалыматтар (каза болгон жоокердин ата-энесинин бирине ай сайынкы акчалай компенсация дайындоодо); 3) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар; 4) Улуу Ата Мекендик согушта аскер кызматчысынын кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгондугу тууралуу маалыматтар | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) райондук/шаардык аскер комиссариаттары тарабынан берилген Улуу Ата Мекендик согушта аскер кызматчысынын каза болгондугу тууралуу маалымкат |
11 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1) Никеси тууралуу маалыматтар; 2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар; | Арыз ээсинин паспорту; |
12 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1) Никеси тууралуу маалыматтар; 2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту; |
13 | "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгаси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп таанылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1) Никеси тууралуу маалыматтар; 2) "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган жубайынын каза болгондугу тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту; |
14 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерде жаракат алган майып аскер кызматчылары | 1) башка мамлекеттердин аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусундагы согуштук аракеттерге катышкандыгы тууралуу маалыматтар; 2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгы тууралуу маалыматтары | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалымат жок болгон учурда) |
15 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандыгы тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту; |
16 | СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган аскер кызматчылары | 1) Советтик Армияда аскердик кызматын өтөгөндүгү тууралуу маалыматтар; 2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын аскердик кызматын өтөөдө майыптык алгандыгы тууралуу маалыматтары | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалымат жок болгон учурда) |
17 | Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1) Никеси тууралуу маалыматтар (жубайына акчалай компенсация дайындоо); 2) аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу маалыматтар (ата-энесинин бирине акчалай компенсация дайындоодо); 3) аскер кызматчысынын каза болгондугу тууралуу маалыматтар | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) райондук, шаардык аскер комиссариаттары тарабынан берилген аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда аскер кызматчысынын курман болгондугу жөнүндө маалымкат |
18 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар | 1) Аскер кызматчысынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар; 2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгы тууралуу маалыматтары | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) Республикалык эксперттик ведомстволор аралык кеңештин оорусу ЧАЭС апаатына байланыштуу экендиги тууралуу корутундусу; 3) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы тууралуу маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалымат жок болгон учурда) |
19 | 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | Аскер кызматчысынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтары | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан датаны көрсөтүү менен ишкананын маалымкаты; 3) Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу |
20 | 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | Аскер кызматчысынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтары | Арыз ээсинин паспорту; |
21 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен каза болгондордун, нур оорусунун кесепетинен каза болгондордун, 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюуда каза болгон майыптарынын жана катышуучуларынын үй-бүлөлөрү | 1) Никеси тууралуу маалыматтар (1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюуда курман болгон же каза болгон майыптын же катышуучунун жубайына компенсация дайындоодо); 2) туулгандыгы тууралуу маалыматтар (курман болгондун же каза болгондун ата-энесинин бирөөсүнө ай сайынкы компенсация дайындоодо) | Арыз ээсинин паспорту; |
22 | Чернобыль апаатынын кесепетинен радиациянын таасирине дуушар болгон ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен тукум куучу оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы балдар | 1) Баланын туулгандыгы тууралуу маалыматтар; 2) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар (атасы, чоң атасы) | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюунун катышуучусунун өзүнүн (атасы, чоң атасы) аварияны жоюуга катышкан датасын көрсөтүү менен ишкананын маалымкаты; 3) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюунун түздөн-түз катышуучусуна (атасына, чоң атасына) берилген Республикалык эксперттик ведомстволор аралык кеңештин корутундусу; 4) Кыргыз мамлекеттик медициналык- дозиметриялык регистрдин маалымкаты - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан ата-энелердин радиоактивдүү нурлануусунун мүмкүн болгон генетикалык кесепеттери менен шартталган тукум куучу оорулары болгон учурда радиациядан жабыркаган адамдардын биринчи жана кийинки эки муунундагы балдары (18 жашка чейин) |
23 | Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жарааттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү | 1) Никеси тууралуу маалыматтар (жубайына ай сайынкы компенсация дайындоодо); 2) аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу маалыматтар (ата-энесинин бирине ай сайынкы компенсация дайындоодо); 3) ички иштер кызматкеринин каза болгондугу тууралуу маалыматтар | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзын аткарууга байланыштуу жубайынын, уулунун (кызынын) курман болгондугу жөнүндө маалымкат же кызмат өтөө мезгилинде алган жарааттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен каза болгондугунун себептерин көрсөтүү менен кызматтан бошогондон кийин каза болгондугу тууралуу күбөлүк |
24 | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" наамын ыйгаруу жөнүндө буйруктун бар экендиги тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту |
25 | Көрүүсү боюнча (биринчи жана экинчи топтогу) жана угуусу боюнча бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук) адамдар | Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгы тууралуу маалыматтары | 1) Арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалымат жок болгон учурда) |