Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-сентябры № 537
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Маалымат берүү тармагында" деген V бөлүмүндө:
5-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мамлекеттик маалыматтар банкынан маалымат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 6-глава, 5-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Балдарды коргоо боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү, багып алуучу ата-эне болууну каалаган 60 жашка чейинки адамдар. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне болууну, ошондой эле баланы асырап алууну, камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары. Кыргыз Республикасынан сырткары туруктуу жашаган, баланы асырап алууну же камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары. Баланы асырап алууну, камкорчу (көзөмөлчү) болууну каалаган чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтарды алуу |
6 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары | Кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустары, кармагычтары бар жабдуулардын (имараттардын, жайлардын) болушу; - кезек күтүү тартибинде. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү сатып алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Арызды кароо мөөнөтү 14 күндү түзөт. Акыркы жыйынтык берүүнүн жалпы убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды төмөнкүлөрдөн алууга болот: - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg сайтынан; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жеке кайрылуу аркылуу; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринен, китепчелеринен, буклеттеринен; - Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg сайты; - Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө: - маалыматтык стенддер, брошюралар, буклеттер; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоо Кыргыз Республикасынын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда, жазуу жүзүндөгү кайрылууларга жооп берүү, телефон аркылуу, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылганда маалымкат жана консультация берүү аркылуу жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банктын реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде, расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү аймактык бөлүмдөрдүн бардык кызматкерлеринин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Кызмат алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын же аймактык бөлүмдүн жетекчисинин атына жазуу жүзүндөгү арызы; - текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү; - асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) же багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду; - баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жаранынын анкетасы; - Кыргыз Республикасынан сырткары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын жашоо шарттары жана бала асырап алуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана - адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук жана кагаз форматында да көрсөтүлөт. Электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана маалыматка жетүү үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты аркылуу ишке ашырылат - www.mlsp.gov.kg |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартат: - ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга арыз ээсинин шайкеш келбегендиги; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда; - мамлекеттик кызматты алуучу жөнүндө жалган маалыматтарды аныктоодо |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде үзгүлтүксүз каралып турууга тийиш |
";
30-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
30. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Баланы асырап алуучу, камкорчу жана көзөмөлчү, багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуларды, баланы асырап алуунун, камкорчу жана көзөмөлчү болуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутундуларды берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 5-глава, 4-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Балдарды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр). Аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүмдөрдүн маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Ата-энесинин камкордугусуз калган баланы асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү, багып алуучу ата-эне болууну каалаган 60 жашка чейинки адамдар. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне болууну каалаган, ошондой эле баланы асырап алууну, камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары. Кыргыз Республикасынын сыртында туруктуу жашаган баланы асырап алууну же камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары. Баланы асырап алууну, камкорчу (көзөмөлчү) болууну каалаган чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө"; - 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегин бекитүү тууралуу"; - 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 "Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: - баланы асырап алуучу, камкорчу жана көзөмөлчү, багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду; - баланы асырап алуунун, камкорчу жана көзөмөлчү болуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду. Чет өлкөлүк жарандар үчүн - баланы асырап алууга берүү жөнүндө корутунду |
6 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарттары | Кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустары, кармагычтары бар жабдуулардын (имараттардын, жайлардын) болушу; - кезек күтүү тартибинде. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү сатып алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жарандардан документтерди кабыл алуу, арызды тариздөө - 30 мүнөткө чейин. Телефон жана жеке сүйлөшүү аркылуу жарандарга консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашык |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg сайтынан; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жеке кайрылуу аркылуу; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринен, китепчелеринен, буклеттеринен; - Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - ЖМК (газеталар, радио, телекөрсөтүү); - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты - www.mlsp.gov.kg; - маалымат стенддери, китепчелер, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон боюнча байланышуу; - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат стенддеринде, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү аймактык бөлүмдөрдүн бардык кызматкерлеринин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болууга тийиш. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү, камсыз кылуучу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде суроо-талап боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Баланы асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилиши керек: - баланы асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берүү тууралуу арыз; - арыз ээсинин(леринин) паспорт(тор)унун көчүрмөсү(лөрү); - эгерде жубайлар асырап алуучу болсо, нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - жашаган жеринен жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкат; - кызмат ордун жана эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат; - арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө, анын ичинде баңгилик (токсиндик), алкоголдук көз карандылыгы жана психикалык бузулуштары жоктугу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген медициналык корутунду; - иштеген же жашаган жеринен мүнөздөмө; - жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жөнүндө, берилген Бирдиктүү салык декларациясы тууралуу, патенттин негизинде ишкердик жүргүзгөндүгү жөнүндө маалымкат; - турак жайга менчик укугу жөнүндө маалымкат; - жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө маалымкат; - малы бар экендиги жөнүндө маалымкат; - Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымкат. Керектүү маалыматтар "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат. Жашы жете электердин камкорчусу же көзөмөлчүсү болууну каалаган адамдар арыз менен төмөнкүдөй документтерди берет: - арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүн (же ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документти); - нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (эгерде арыз ээси никеде турса); - жубайынын камкорчулукка же көзөмөлчүлүккө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун (эгерде арыз ээси никеде турса); - жашаган жеринен жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкатты; - камкорчу/көзөмөлчү болууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинде каралган оорулардын жоктугу тууралуу мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу уюмдун медициналык корутундусун; - иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмөнү; - арыз ээсинин толук өмүр баянын; - кызмат ордун жана эмгек акысын көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкатты; - соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты; - жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө маалымкатты (зарыл болсо); - малы бар экендиги жөнүндө маалымкатты (зарыл болсо); - жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жөнүндө; Бирдиктүү салык декларациясын тапшыргандыгы жөнүндө; патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөндүгү тууралуу маалымкатты (зарыл болсо). Багып алуучу ата-эне болууну каалаган жарандар багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди берет: - арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүн; - нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (эгерде арыз ээси никеде турса); - жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугун (эгер никеде турса); - жашаган жеринен үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкатты; - турак жайга менчик укугун ырастоочу документти, же жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмөнү же турак жайды ижарага алуу жөнүндө келишимди; - Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымкатты; - багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегинде каралган оорулардын жоктугу тууралуу мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдун медициналык корутундусун; - иштеген жеринен мүнөздөмөнү, же жашаган жери боюнча кошуналардын пикирлери (3төн кем эмес). Багып алуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду алуу үчүн сураныч менен кайрылган адам паспортун көрсөтүшү керек. КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны болгон баланы асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу ыйгарым укуктуу органга кайрылат жана төмөнкүдөй документтерди берет: - асырап алгысы келген баланын жынысын, жашын жана ал жөнүндө башка маалыматтарды көрсөтүү менен баланы асырап алууну каалагандыгы жөнүндө арызды; - паспорттун көчүрмөсүн, нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (жубайлар асырап жатса); - ээлеген кызматы жана эмгек акысы жөнүндө иштеген жеринен маалымкатты же кирешелер жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн же кирешелер жөнүндө башка документти; - турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун ырастаган документти; - соттолбогондугун жана балдарга жасалган катаал мамилеси (зомбулук) фактылары жоктугун ырастаган документти; - тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын асырап алынган бала кабыл алып жаткан мамлекетке келүүсүнө жана анын ушул мамлекеттин аймагында туруктуу жашоосуна уруксатын; - ден соолугу жөнүндө, анын ичинде баңгизаттык (токсиндик), алкоголдук көз карандылыгы жана психикалык бузулуусу жоктугу тууралуу медициналык корутундуну; - багып алуучу ата-энелерди даярдоо боюнча окуудан өткөндүгүн ырастаган сертификаттын көчүрмөсүн; - потенциалдуу асырап алуучулар жана аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдун ортосундагы мамлекеттер аралык асырап алуу маселелери боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө макулдашуунун көчүрмөсүн; - социалдык кызматкер тарабынан түзүлгөн потенциалдуу асырап алуучулардын турак жай-социалдык шарттарын изилдөө жөнүндө корутундуну; - потенциалдуу асырап алуучулардын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен: асырап алган баланы чет мамлекетке алып кирүүдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же асырап алуучулар жашаган мамлекетте аккредитацияланган консулдук мекемесинде аны консулдук эсепке тургузууну; Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн (элчилигинин) же консулдук мекемесинин кызматкерлерине асырап алынган баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарын текшерүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү; асырап алынган баланы билим берүү мекемесинде окутууну жана асырап алуучулар туруктуу жашаган жерде медициналык эсепке тургузууну; асырап алынган балага карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы сактала тургандыгын жана анын 18 жашка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде эсепте тургандыгын; аккредитацияланган чет өлкөлүк уюмдар аркылуу, ал эми аккредитацияланган чет өлкөлүк уюм жоюлган (банкрот болгон) учурда башка чет өлкөлүк уюмдар аркылуу балдардын жашоо жана тарбиялоо шарттары тууралуу отчетторду берүүнү. Баланы асырап алуу жөнүндө корутунду алуу боюнча сураныч менен кайрылган адам паспортун көрсөтүшү керек |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында берилиши; - адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн өтүнмөнү кабыл алуу бөлүгүндө кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу электрондук форматта ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүлөрдү алууга электрондук өтүнмөнү жиберүү үчүн, эгерде квалификациялуу электрондук кол тамгасы болсо, арыз ээси өзүнүн жеке кабинети аркылуу portal.tunduk.kg порталында катталууга тийиш. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракта өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны мамлекеттик орган тарабынан кароого кагаз жүзүндө чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгү бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартат: - ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга арыз ээси шайкеш келбегенде; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбегенде; - мамлекеттик кызматты алуучу жөнүндө жалган маалыматтар аныкталганда |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык бөлүмдөр тарабынан жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде үзгүлтүксүз каралып турууга тийиш |