Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" деген III бөлүмү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык 91, 92 жана 93-главалар менен толукталсын;
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында" деген IV бөлүмү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 55-глава менен толукталсын;
- "Маалымат берүү тармагында" деген V бөлүмүнүн 45-главасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 22-23 (3471-3472) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"
91. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорлотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 82-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - каттоо органы) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - жергиликтүү каттоо органы) |
3 | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери; Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы натыйжасы | Жергиликтүү каттоо органы каттоого берилген документке күбөлөндүрүүчү жазууну жүргүзүү жолу менен өндүрүштүк каттоону күбөлөндүрөт |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - бардык керектөөчүлөр, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык, кезек күтүү принциби боюнча. Кезек түзүү ыкмасы: электрондук же жандуу кезекке туруу. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же болбосо алар өз алдынча жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды жана башка документтерди кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Жайларда күтүү үчүн орундар, жылытуусу, телефон байланышы жана Интернет тармагы бар. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Керектөөчүлөрдүн ыңгайы үчүн кызмат көрсөтүү жерлеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, арыздардын үлгүлөрү жана толтуруу тартиби (үлгүлөр) жөнүндө маалымат жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү, анын ичинде электрондук форматта - 30 мүнөттүн ичинде. 2. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү, анын ичинде электрондук форматта: - кыймылсыз мүлк бирдигине укуктарды алгачкы мамлекеттик каттоо, жергиликтүү каттоо органдарына арыз берилген күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат; - мурда жергиликтүү каттоо органында катталган укукту каттоо: жеке жактар үчүн - 5 жумуш сааттан ашык эмес; юридикалык жактар үчүн - 10 жумуш сааттан ашык эмес убакытта жүргүзүлөт. 3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Бишкек ш., Орозбеков көч., № 44 дареги боюнча жайгашкан каттоо органынын коомдук кабылдамасынан; иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин 09.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тыныгуу: 12.30дан 13.30га чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт; - даректери каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайтында жайгаштырылган жергиликтүү каттоо органдарынан, иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин 08.30дан 17.30га чейин (түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00гө чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт: жазуу жүзүндө; оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышууда); электрондук формада (каттоо органынын "gosreg.kg" сайтынан, каттоо органынын расмий электрондук почтасы аркылуу); - маалымат такталарынан, брошюралардан, аларда ошондой эле кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жоболору, бланктарды (үлгүлөрдү) толтуруу тартиби, төлөө тартиби (накталай, которуу менен), мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты жөнүндө маалымат жана байланыш маалыматы жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайты; - каттоо органынын социалдык тармактардагы баракчалары; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - маалымат такталары; - буклеттер (брошюралар) жана башка жеткиликтүү ыкмалар. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими, кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге каттоо органынын такталарында, расмий сайтында жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз берүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке төш белгилери (бейджи) бар (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпаа, сабырдуу, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө карата объективдүүлүктү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөгө жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоого тийиш. Баарлашуу жана кызмат көрсөтүү керектөөчүлөрдүн бардык категориялары, анын ичинде ДМЧА үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арыздар жана документтер кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарында кабыл алынат. Ошондой эле арыздар жана документтер электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: 1. Бардык арыз ээлери үчүн: - белгиленген формадагы арыз; - ким экендигин ырастоочу документ; - кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документ; - кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөлөрүн камтыган документ (техпаспорт), бар болсо; - акы төлөнгөндүгү жөнүндө документ (акы төлөө мамлекеттик органдын адиси тарабынан берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшергенден жана арыз ээсине мамлекеттик каттоо боюнча иштерге акы төлөө үчүн документ бергенден кийин жүргүзүлөт). 2. Жеке жактар үчүн: - эгерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылса, мамлекеттик каттоону жүргүзүүгө жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган документ. 3. Юридикалык жак үчүн: - анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ; - эгерде юридикалык жактын өкүлү болуп анын жетекчиси чыкса, юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны шайлоо жөнүндө протокол же аны дайындоо жөнүндө буйрук берилет; - юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери. Арыз ээсинен төмөнкүлөрдү талап кылууга тыюу салынат: - бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди жана маалыматтарды берүүнү; - каттоо органынын жана жергиликтүү каттоо органынын карамагында турган документтерди жана маалыматтарды берүүнү; - "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди берүүнү. Бардык документтер жергиликтүү каттоо органына эки нускада берилет, алардын бири түп нуска болууга тийиш. Документтин түп нускасы укук катталгандан кийин катталган укук жөнүндө ырастама жазуу менен арыз ээсине кайтарылып берилет, ал эми көчүрмөсү каттоо ишине киргизилет. Документтерди кабыл алууда арыз ээсине тил кат берилет, ал эми арыздарды электрондук форматта кабыл алууда электрондук арызды жана документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт, аларда арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу фактысы жана кызмат көрсөтүү жол-жобосунун башталышы, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн аяктоо датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтар камтылат же арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнөтүлөт. Акыркы натыйжаны алуу үчүн керектөөчү тил катта көрсөтүлгөн мөөнөттө жергиликтүү каттоо органына кайрылышы керек. Укук белгилөөчү документ төмөнкүдөй болушу мүмкүн: - кыймылсыз мүлккө укукту белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысы; - кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу учурунда - сатып алуу-сатуу келишими; - кыймылсыз мүлктү белекке берүүдө - белекке берүү келишими; - кыймылсыз мүлктү алмаштырууда - алмашуу келишими; - кыймылсыз мүлктү рентага алууда - рента келишими; - кыймылсыз мүлк күрөөсүндө (ипотекада) - күрөө (ипотека) келишими; - кыймылсыз мүлктү ижарага алууда (субижара) - ижара (субижара) келишими; - кыймылсыз мүлктү мурастоодо - мыйзам боюнча же керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же тирүү калган жубайынын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк; - кыймылсыз мүлктү финансылык ижаралоодо (лизингде) - лизинг келишими; - ыйгарым укуктуу орган жер участогун бергенде - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ыйгарым укуктуу органдын токтому; - сот актыларынан келип чыгуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга оорлотууларды (чектөөлөрдү) каттоодо - соттун чечими (токтому) же аныктамасы; - соттук аткаруучулар же тергөө органдары тарабынан салынган кыймылсыз мүлккө укуктарга оорлотууларды (чектөөлөрдү) каттоодо - соттук аткаруучунун токтому же сот органдарынын токтому (чечими). Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, азыркы учурда же келечекте катталууга тийиш болгон башка документтер да укук белгилөөчү документтер болушу мүмкүн. Айрым учурларда жергиликтүү каттоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кошумча документтерди талап кыла алат, бул жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет. Документтерди тапшыруудан мурун керектөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси боюнча толук маалымат ала алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча каттоо органынын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - кыймылсыз мүлккө карата катталган укуктун толуктугу жана актуалдуулугу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрүнө ылайык өз убагында болуусу (билдирилген көлөмгө жана бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүнө жараша); - жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээлеринен стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болуусу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпаа жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультациялоо; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий же башка көз-карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - арыз ээлеринин даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталда каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана мамлекеттик орган тарабынан кагазга басып чыгарбастан кароого кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгү бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн: - эгерде берилген документтер ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; - эгерде укукту каттоо жөнүндө арыз менен аракетке жөндөмсүз жаран кайрылса; - эгер тапшырылган документти берген уюмдун же адамдын же болбосо бул документке тиешелүү адамдын бул кыймылсыз мүлк бирдигин каттоо укугун пайдаланууга ыйгарым укугу болбосо; - эгер кандайдыр бир шарттар менен оорлотулган (чектелген) укуктарга ээ болгон адам бул шарттарды көрсөтпөстөн документти түзсө; - эгер кыймылсыз мүлк бирдиги тууралуу берилген документтер бул кыймылсыз мүлк объектисине арыз ээсинин укугу жоктугу тууралуу күбөлөндүрсө; - эгер укукту мамлекеттик каттоо тууралуу суранган арыз ээсинин кыймылсыз мүлк объектисине укугу, оорлотуу (чектөөлөрү) катталууга тийиш болгон укук болуп саналбаса. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда арыз ээсине баш тартуунун себеби жөнүндө билдирүү берилет/жөнөтүлөт. Каттын көчүрмөсү мурда ушул кыймылсыз мүлк бирдигине ачылган каттоо ишине тиркелет, ал эми каттоо журналына тиешелүү жазуу жазылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу административдик же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай жүзөгө ашырылбаган учурда арыз ээси "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик тартипте каттоо органынын жетекчилигине же жергиликтүү каттоо органынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
92. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишиминин негизинде кыймылсыз мүлккө болгон укугун мамлекеттик каттоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 821-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - каттоо органы) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - жергиликтүү каттоо органы) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери; Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы натыйжасы | Жергиликтүү каттоо органы арыз ээсине катталган укук жөнүндө документти (Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалыматтык системасынан көчүрмө) берүү же каттоого берилген документке күбөлөндүрүүчү жазууну жүргүзүү жолу менен өндүрүштүк каттоону күбөлөндүрөт |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - бардык керектөөчүлөр, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык, кезек күтүү принциби боюнча. Кезек түзүү ыкмасы: электрондук же жандуу кезекке туруу. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же болбосо алар өз алдынча жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды жана башка документтерди кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу жана көрүү, таяныч кыймыл системасы боюнча ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Жайларда күтүү үчүн орундар, жылытуусу, телефон байланышы жана Интернет тармагы бар. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Керектөөчүлөрдүн ыңгайы үчүн кызмат көрсөтүү жерлеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, арыздардын үлгүлөрү жана толтуруу тартиби (үлгүлөр) жөнүндө маалымат жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Документтерди кабыл алуу убактысы - 30 мүнөттүн ичинде. 2. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - жеке жактар үчүн 3 саат, юридикалык жактар - 6 саат. 3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө убакыт - 30 мүнөттүн ичинде |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Бишкек ш., Орозбеков көч., № 44 дареги боюнча жайгашкан каттоо органынын коомдук кабылдамасынан; иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин 09.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тыныгуу: 12.30дан 13.30га чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт; - даректери каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайтында жайгаштырылган жергиликтүү каттоо органдарынан, иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин 08.30дан 17.30га чейин (түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00гө чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт: жазуу жүзүндө; оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышууда); электрондук формада (каттоо органынын "gosreg.kg" сайтынан, каттоо органынын расмий электрондук почтасы аркылуу); - маалымат такталарынан, брошюралардан, аларда ошондой эле кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жоболору, бланктарды (үлгүлөрдү) толтуруу тартиби, төлөө тартиби (накталай, которуу менен), мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты жөнүндө маалымат жана байланыш маалыматы жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телевидение); - каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайты; - социалдык тармактардагы каттоо органынын барактары; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыш; - маалымат стенддери; - буклеттер (брошюралар) жана башка жеткиликтүү ыкмалар. Даректер, телефон номерлери жана иш режими кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге стенддерде, каттоо органынын расмий сайтында жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз берүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматы көрсөтүлгөн персонификацияланган табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын түшүнүүгө умтулуу, маектешти уга билүү жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди далилдей билүү. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана керектөөчүлөргө карата кесиптик-этикалык ченемдерди, объективдүүлүктү сакташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербейт. Баарлашуу жана кызмат көрсөтүү керектөөчүлөрдүн бардык категориялары, анын ичинде ДМЧА үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптар боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Арыздар жана документтер кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарында кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: 1. Бардык арыз ээлери үчүн: - белгиленген формадагы арыз; - инсандыгын ырастоочу документ; - кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документ; - кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөлөрүн камтыган документ (техпаспорт) бар болгондо; - акы төлөнгөндүгү жөнүндө документ (акы төлөө мамлекеттик органдын адиси тарабынан берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшергенден жана арыз ээсине мамлекеттик каттоо боюнча иштерге акы төлөө үчүн документ бергенден кийин жүргүзүлөт). 2. Жеке адам үчүн: - эгерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылса, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ. 3. Юридикалык жак үчүн: - анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ; - эгерде юридикалык жактын өкүлү болуп анын жетекчиси чыкса, юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны шайлоо жөнүндө протокол, же аны дайындоо жөнүндө буйрук берилет; - юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери. Арыз ээсинен төмөнкүлөрдү талап кылууга тыюу салынат: - бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди жана маалыматтарды берүүнү; - каттоо органынын жана жергиликтүү каттоо органынын карамагында турган документтерди жана маалыматтарды берүүнү; - "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди берүүнү. Бардык документтер жергиликтүү каттоо органына эки нускада берилет, алардын бири түп нуска болууга тийиш. Документтин түп нускасы укук катталгандан кийин арыз ээсине катталган укук жөнүндө ырастама жазуу менен кайтарылып берилет, ал эми көчүрмөсү каттоо ишине киргизилет. Документтерди кабыл алууда арыз ээсине арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу фактысы жана кызмат көрсөтүү жол-жобосунун башталышы, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн аяктоо датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтарды камтыган тил кат же арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу берилет. Акыркы натыйжаны алуу үчүн керектөөчү тил катта көрсөтүлгөн мөөнөттө жергиликтүү каттоо органына кайрылышы керек. Укук белгилөөчү документ төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - кыймылсыз мүлккө укукту белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акты; - кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу учурунда - сатып алуу-сатуу келишими; - кыймылсыз мүлктү белекке берүүдө - белекке берүү келишими; - кыймылсыз мүлктү алмаштырууда - алмашуу келишими; - кыймылсыз мүлктү рентага алууда - рента келишими; - кыймылсыз мүлк күрөөсүндө (ипотекада) - күрөө (ипотека) келишими; - кыймылсыз мүлктү ижарага алууда (субижара) - ижара (субижара) келишими; - кыймылсыз мүлктү мурастоодо - мыйзам боюнча же керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же тирүү калган жубайынын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк; - кыймылсыз мүлктү финансылык ижаралоодо (лизингде) - лизинг келишими; - ыйгарым укуктуу орган жер участогун бергенде - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ыйгарым укуктуу органдын токтому; - сот актыларынан келип чыгуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга оорчулуктарды (чектөөлөрдү) каттоодо - соттун чечими (токтому) же аныктамасы; - соттук аткаруучулар же тергөө органдары тарабынан салынган кыймылсыз мүлккө укуктарга оорчулуктарды (чектөөлөрдү) чектөөлөрдү каттоодо - соттук аткаруучунун токтому же сот органынын токтому. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык азыркы учурда же келечекте катталууга тийиш болгон башка документтер да укук белгилөөчү документтер болушу мүмкүн. Айрым учурларда жергиликтүү каттоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кошумча документтерди талап кыла алат, бул жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет. Документтерди берүүдөн мурда керектөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси боюнча толук консультация ала алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча каттоо органынын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - кыймылсыз мүлккө катталган укуктун толуктугу жана актуалдуулугу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрүнө ылайык өз убагында болуусу (билдирилген көлөмгө жана бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүнө жараша); - жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээлеринен стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болуусу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө кеңеш берүү; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - арыз берүүчүлөрдүн даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн: - эгерде берилген документтер ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; - эгерде укукту каттоо жөнүндө арыз менен аракетке жөндөмсүз жаран кайрылса; - эгерде берилген документти берген уюм же жак, же бул документке тиешеси бар адам кыймылсыз мүлк бирдигине карата каттоодон өтүүнү талап кылган укуктарды тескөөгө ыйгарым укугу жок болсо; - эгерде белгилүү шарттар менен оордотулган (чектелген) укуктарга ээ болгон жак тарабынан бул шарттарды көрсөтпөстөн документ түзүлсө; - эгерде кыймылсыз мүлк бирдиги жөнүндө берилген документтер арыз ээсинин бул кыймылсыз мүлк объектисине укугу жок экендиги жөнүндө күбөлөндүрсө; - эгерде арыз ээси кыймылсыз мүлк объектисине карата мамлекеттик каттоону сурап жаткан укук, оордотуу (чектөө) катталууга тийиш болгон укук болуп саналбаса. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда арыз ээсине баш тартуунун себеби жөнүндө билдирүү берилет/жөнөтүлөт. Каттын көчүрмөсү мурда ушул кыймылсыз мүлк бирдигине ачылган каттоо ишине жайгаштырылат, ал эми каттоо журналына тиешелүү жазуу жазылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу административдик же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз берүүчү "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик тартипте каттоо органынын жетекчилигине же жергиликтүү каттоо органынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш |
93. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жерге орноштуруу иштерин тариздөө жана жер участогуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 81-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Аткаруу бийлигинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - каттоо органы) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - жергиликтүү каттоо органы) |
3 | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жер участогуна укугу бар жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери; Мамлекеттик кызматты көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү төмөндө саналып өткөн документтердин бири берилет: 1. Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт - жер тилкеси жеке менчик болгон учурда. 2. Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу тууралуу мамлекеттик акт - жер участогун мөөнөтсүз пайдаланган учурда. 3. Жер участогун убактылуу пайдаланууга укугуна күбөлүк - жер участогун убактылуу пайдаланган учурда. 4. Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүк - жер үлүшү берилген учурда |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат төмөнкүдөй шарттарда көрсөтүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - бардык керектөөчүлөргө санитардык-гигиеналык жайлар (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз жеткиликтүү болгондо, алар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн да пандустар жана кармоочтор менен жабдылган; - келген арыздарга ылайык кезектүүлүк принциби боюнча. Кезек түзүү жолу: электрондук же жандуу кезекке туруу. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алардын өз алдынча бөлмөгө чыгууга мүмкүнчүлүгү болбосо, кызматкер аларга арыздарды же башка документтерди кабыл алуу үчүн түшөт. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу жана көрүү, таяныч-кыймыл системасы боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү аларга үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Бөлмөдө күтүү үчүн орундар, жылытуу, телефон байланышы жана Интернет тармагы бар. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеси маалымат стенддеринде, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Керектөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, арыздардын үлгүлөрү жана толтуруу тартиби жөнүндө маалыматтар (үлгүлөр) жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Документтерди кабыл алуу убактысы - 30 мүнөттүн ичинде. 2. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3 жумуш күндүн ичинде. 3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү убактысы - 30 мүнөттүн ичинде. Ири жана татаал объекттердин жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документти тариздөө мөөнөтү келишимдин негизинде аныкталат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкү жерлерде алууга болот: - каттоо органынын коомдук кабылдамасында, дареги: Бишкек ш., Орозбеков көч., № 44; иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тыныгуу: саат 12.30дан 13.30га чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт; - даректери каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайтында жайгаштырылган жергиликтүү каттоо органдарында, иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08.30дан 17.30га чейин (түшкү тыныгуу: саат 12.00дөн 13.00гө чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт: жазуу жүзүндө; оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланыш аркылуу); электрондук формада (каттоо органынын "gosreg.kg" сайтынан каттоо органынын расмий электрондук почтасы аркылуу); маалымат стенддеринен, брошюралардан, аларда ошондой эле кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жоболору, бланктарды (үлгүлөрдү) толтуруу тартиби, төлөө тартиби (накталай, которуу менен), мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты жөнүндө маалымат жана байланыш маалыматы жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телевидение); - каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайты; - социалдык тармактардагы каттоо органынын барактары; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыш; - маалымат стенддери; - буклеттер (брошюралар) жана башка жеткиликтүү ыкмалар. Даректер, телефон номерлери жана иш режими кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге стенддерде, каттоо органынын расмий сайтында жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз берүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматы көрсөтүлгөн персонификацияланган табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын түшүнүүгө умтулуу, маектешти уга билүү жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди далилдей билүү. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана керектөөчүлөргө карата кесиптик-этикалык ченемдерди, объективдүүлүктү сакташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербейт. Баарлашуу жана кызмат көрсөтүү керектөөчүлөрдүн бардык категориялары, анын ичинде ДМЧА үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптар боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арыздар жана документтер кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарында кабыл алынат. Ошондой эле арыздар жана документтер электрондук форматта Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: 1. Бардык арыз ээлери үчүн: - белгиленген формадагы арыз; - инсандыгын ырастоочу документ; - жер участогун (бар болгондо) алгачкы берүүдө жер участогун бөлүп берүү акты менен кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документтер (төмөндө көрсөтүлдү); - акы төлөнгөндүгү жөнүндө документ (акы төлөө мамлекеттик органдын адиси тарабынан берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшергенден кийин жана арыз ээсине жерге жайгаштыруу иштерин тариздөөгө жана жер участогуна укугун ырастоочу документти берүүгө акы төлөө үчүн арыз ээсине документ бергенден кийин жүргүзүлөт). 2. Жеке адам үчүн: - эгерде кызмат көрсөтүүгө жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылса, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ. 3. Юридикалык жак үчүн: - анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ; - юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери. Арыз ээсинен төмөнкүлөрдү талап кылууга тыюу салынат: - бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди жана маалыматтарды берүүнү; - каттоо органынын жана жергиликтүү каттоо органынын карамагында турган документтерди жана маалыматтарды берүүнү; - "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди берүүнү. Бардык документтер жергиликтүү каттоо органына эки нускада берилет, алардын бири түп нуска болууга тийиш. Документтин түп нускасы жерге жайгаштыруу ишитаризделгенден кийин катталган укук жөнүндө ырастама жазуу менен арыз ээсине кайтарылып берилет, ал эми көчүрмөсү каттоо ишине киргизилет. Документтерди кабыл алууда арыз ээсине тил кат берилет, ал эми арыздарды электрондук форматта кабыл алууда арызды жана документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт, аларда арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу фактысы жана кызмат көрсөтүү жол-жобосунун башталышы, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн аяктоо датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтар камтылат, же болбосо арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнөтүлөт. Акыркы натыйжаны алуу үчүн керектөөчү тил катта же электрондук кабарлоодо көрсөтүлгөн мөөнөттө жергиликтүү каттоо органына кайрылышы керек. Укук белгилөөчү документ төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - кыймылсыз мүлккө укукту белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акты; - кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу учурунда - сатып алуу-сатуу келишими; - кыймылсыз мүлктү белекке берүүдө - белекке берүү келишими; - кыймылсыз мүлктү алмаштырууда - алмашуу келишими; - кыймылсыз мүлктү рентага алууда - рента келишими; - кыймылсыз мүлк күрөөсүндө (ипотекада) - күрөө (ипотека) келишими; - кыймылсыз мүлктү ижарага алууда (субижара) - ижара (субижара) келишими; - кыймылсыз мүлктү мурастоодо - мыйзам боюнча же керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же тирүү калган жубайынын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк; - кыймылсыз мүлктү финансылык ижаралоодо (лизингде) - лизинг келишими; - ыйгарым укуктуу орган жер участогун бергенде - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ыйгарым укуктуу органдын токтому; - сот актыларынан келип чыгуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга оорчулуктарды (чектөөлөрдү) каттоодо - соттун чечими (токтому) же аныктамасы; - сот аткаруучулары же тергөө органдары тарабынан салынган кыймылсыз мүлккө укуктарга чектөөлөрдү каттоодо - сот аткаруучунун же тергөө органынын тергөөчүсүнүн токтому. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык азыркы учурда же келечекте катталууга тийиш болгон башка документтер да укук белгилөөчү документтер болушу мүмкүн. Айрым учурларда жергиликтүү каттоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кошумча документтерди талап кылышы мүмкүн, бул жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет. Документтерди тапшыруудан мурда керектөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси боюнча толук кеңеш ала алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча каттоо органынын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, бардык кызмат көрсөтүү жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн арыз ээси portaI.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруунун жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга басып чыгарбастан кабыл алуунун функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн: - эгерде берилген документтер ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; - эгерде укук күбөлөндүрүүчү документти алууга арыз менен аракетке жөндөмсүз жаран кайрылса; - эгерде берилген документти берген уюм же жак же бул документке тиешеси бар адам арыз ээси укук күбөлөндүрүүчү документти берүүнү суранган жер участогуна укукту тескөөгө ыйгарым укугу жок болсо; - эгерде белгилүү бир шарттар менен жүктөлгөн (чектелген) укуктарга ээ болгон жак бул шарттарды көрсөтпөстөн документ түзсө; - эгерде жер участогу жөнүндө берилген документтер арыз ээсинин бул жер участогуна укугу жок экендигин ырастаса; - укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн жер участогунун чек аралары жана аянты иш жүзүндөгү чектерге жана аянтка туура келбесе; - жер участогуна жеткиликтүүлүктүн жоктугу; - чектеш жер пайдалануучулардын жер участогунун чек араларын макулдашпоосу (чек аралары өзгөргөн учурда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда арыз ээсине баш тартуунун себеби жөнүндө билдирүү берилет/жиберилет. Каттын көчүрмөсү мурда ушул кыймылсыз мүлктүн бирдигине ачылган каттоо ишине жайгаштырылат, ал эми каттоо журналына тиешелүү жазуу жазылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу административдик же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик тартипте каттоо |
".
|
| 2-тиркеме |
"
55. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасынын 37-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - каттоо органы) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - жергиликтүү каттоо органы) |
3 | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо; ушул мамлекеттик кызматты көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - бардык керектөөчүлөрдүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезек күтүү принциби боюнча. Кезекке туруу ыкмасы: электрондук же жандуу кезекке туруу. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде арыздарды же башка документтерди кабыл алуу үчүн өз алдынча жайга көтөрүлүүгө мүмкүн болбосо, кызматкер аларга өзү түшөт; Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (угуусу жана көрүүсү, таяныч-кыймыл системасы боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүүлөр аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Имаратта күтүү үчүн орундар, жылытуу, телефон байланышын жана Интернет тармагын колдонуу мүмкүндүгү бар. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеси маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүү жерлеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, арыздардын үлгүлөрү жана толтуруу тартиби жөнүндө маалыматтар (үлгүлөр) жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү - 30 мүнөттүн ичинде. 2. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3 күндүн ичинде. 3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү убактысы - 30 мүнөттүн ичинде. Ири жана татаал объекттерди техникалык текшерүүнү аткаруу мөөнөтү келишимдик негизде аныкталат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - каттоо органынын төмөнкү дарек боюнча коомдук кабылдамасынан: Бишкек ш., Орозбеков көч., № 44; иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин 09.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тыныгуу: 12.30дан 13.30га чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт; - даректери каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайтында жайгаштырылган жергиликтүү каттоо органдарынан, иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин 08.30дан 17.30га чейин (түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13:00гө чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: жазуу жүзүндө; оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланыш аркылуу); электрондук формада (каттоо органынын "gosreg.kg" сайтынан каттоо органынын расмий электрондук почтасы аркылуу); - маалымат такталарынан, брошюралардан, аларда ошондой эле кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жоболору, бланктарды (үлгүлөрдү) толтуруу тартиби, төлөө тартиби (накталай, которуу менен), мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты жөнүндө маалыматтар жана байланыш маалыматы жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматты кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берүү кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (газеталар, радио, телеберүү); - каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайты; - каттоо органынын социалдык тармактардагы баракчалары; - жеке кайрылуу же телефон аркылуу байланыш; - маалымат стенддери; - буклеттер (брошюралар) жана башка жеткиликтүү ыкмалар; Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге стенддерде, каттоо органынын расмий сайтында жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештире алуу. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөргө карата кесиптик-этикалык ченемдерди, объективдүүлүктү сакташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербейт. Баарлашуу жана кызмат көрсөтүү алуучулардын бардык категориялары, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптар боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арыздар жана документтер кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарында кабыл алынат. Ошондой эле арыздар жана документтер электрондук форматта, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык кабыл алынат. 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - белгиленген формадагы арыз; - ким экендигин ырастоочу документ; - Кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документ; - архитектура жана шаар куруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык даярдалган курулушка уруксат берүүчү документтер (кыймылсыз мүлк бирдиктеринин курулушунда өзгөрүүлөр болбогон учурда талап кылынбайт); - акы төлөнгөндүгү жөнүндө документ (арыз ээси тарабынан акы мамлекеттик органдын адиси берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилгенден жана кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү боюнча иштерге акы төлөө үчүн документ арыз ээсине берилгенден кийин төлөнөт). 2. Жеке адам үчүн: - эгерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылса, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ. 3. Юридикалык жак үчүн: - анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ; - юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери. Арыз ээсинен төмөнкүлөрдү талап кылууга тыюу салынат: - бул мамлекеттик кызматты көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди жана маалыматтарды берүүгө; - каттоо органынын жана жергиликтүү каттоо органынын карамагында турган документтерди жана маалыматтарды берүүгө; - "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди берүүгө. Бардык документтер жергиликтүү каттоо органына эки нускада берилет, алардын бири түп нуска болууга тийиш. Документтин түп нускасы мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөндөн кийин катталган укук жөнүндө күбөлөндүрүүчү жазуу менен арыз ээсине кайтарылып берилет, ал эми көчүрмөсү каттоо ишине киргизилет. Жергиликтүү каттоо органынын адистери тарабынан техникалык текшерүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн алдын ала белгиленген макулдашуу боюнча арыз ээси кыймылсыз мүлк бирдигин пайдалануу мүмкүндүгүн берүүгө тийиш. Документтерди кабыл алууда арыз ээсине тил кат берилет, ал эми арыздарды электрондук форматта кабыл алууда электрондук арызды жана документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндө кабарлоо жөнөтүлөт, аларда арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу фактысы жана кызмат көрсөтүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле кызмат көрсөтүү аяктаган дата жана убакыт жөнүндө маалыматтар камтылат же болбосо арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жиберилет. Акыркы натыйжаны алуу үчүн керектөөчү тил катта көрсөтүлгөн мөөнөттө жергиликтүү каттоо органына кайрылышы керек. Укук белгилөөчү документ төмөнкүдөй болушу мүмкүн: - кыймылсыз мүлктү сатып алууда-сатууда - сатып алуу-сатуу келишими; - кыймылсыз мүлктү белекке берүүдө - белекке берүү келишими; - кыймылсыз мүлктү алмаштырууда - алмашуу келишими; - кыймылсыз мүлктү рентага алууда - рента келишими; - Кыймылсыз мүлк күрөөсүндө (ипотекада) - күрөө (ипотека) келишими; - кыймылсыз мүлктү ижарага алууда (субижара) - ижара (субижара) келишими; - кыймылсыз мүлктү мурастоодо - мыйзам боюнча же керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же тирүү калган жубайынын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк; - кыймылсыз мүлктү финансылык ижаралоодо (лизингде) - лизинг келишими; - ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участогу берилгенде - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ыйгарым укуктуу органдын токтому; - сот актыларынан келип чыгуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү каттоодо - соттун чечими (токтому) же аныктамасы; - сот аткаруучулар же сот органдары тарабынан салынган кыймылсыз мүлккө укуктарга чектөөлөрдү каттоодо - сот аткаруучунун токтому (чечими) же сот органдарынын токтому (чечими). Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык азыркы учурда же келечекте катталууга тийиш болгон башка документтер да укук белгилөөчү документтер болушу мүмкүн. Башка учурларда ведомстволук бөлүмдүн кызматкери ченемдик укуктук актыларга ылайык кошумча документтерди талап кыла алат, бул тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарланат. Документтерди тапшыруунун алдында керектөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси боюнча толук консультация ала алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болуусу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу жүргүзүлөт. Эскертүү: арыз ээси кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн порталда (portal.tunduk. kg) катталууга тийиш. Онлайн интерактивдүүлүктүн баскычы - 3 (веб-баракча электрондук формадагы өтүнмөнү кагазга бастырып чыгарбастан толтурууга жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциялык мүмкүндүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн: - эгерде берилген документтер ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; - эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арыз менен аракетке жөндөмсүз жаран кайрылса; - эгерде берилген документти берген уюм же жак, же бул документке тиешеси бар адам арыз ээси техникалык документин берүүнү өтүнгөн кыймылсыз мүлккө болгон укукту тескөөгө ыйгарым укуксуз болсо; - эгерде белгилүү шарттар менен чектелген кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга ээ болгон жак бул шарттарды көрсөтпөстөн документти түзсө; - кыймылсыз мүлк объектине жеткиликтүүлүктүн жоктугу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда арыз ээсине баш тартуунун себеби жөнүндө кабарлоо берилет/жөнөтүлөт. Каттын көчүрмөсү мурда ушул кыймылсыз мүлк бирдигине ачылган каттоо ишине жайгаштырылат, ал эми каттоо журналына тиешелүү жазуу жазылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу административдик же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик тартипте каттоо органынын жетекчилигине же жергиликтүү каттоо органынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда кеминде бир жолку мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралып турууга тийиш |
".
|
| 3-тиркеме |
"
45. Маалыматтарды берүү жаатында | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6-главасынын 55-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Төмөнкү документтердин бири: 1. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө. 2. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн маалыматы боюнча кыймылсыз мүлккө мурда катталган менчик укугу жөнүндө маалымкат. 3. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында мурда катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалымкат. 4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн маалыматы боюнча кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкат. 5. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкат. 6. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар жөнүндө маалымкат. 7. Кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалымкат. 8. Каттоо ишинен алынган документтердин көчүрмөлөрү. 9. Кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматтар. 10. Кыймылсыз мүлк объектинин графикалык маалыматтары. 11. Картографиялык материалдардын электрондук жана кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрү. 12. Спутник тармагынын контролдук борборунун маалыматтары (GNSS станциялары) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар) имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүүсү болгондо; - кезек күтүү жана/же электрондук кезек принциби боюнча. Жайларда күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбогондо - короодогу дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же эгерде алар жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн аларга түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү, ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн маалыматы боюнча мурда катталган кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө маалымкатты жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн маалыматы боюнча кыймылсыз мүлккө болгон менчик укугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты берүү мөөнөтү: - документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес; - көчүрмөнү жана маалымкаттарды берүүнүн жалпы мөөнөтү - 30 мүнөттөн ашык эмес; - кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес. 2. Каттоо ишинен алынган документтердин көчүрмөлөрүн берүү мөөнөтү: - документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес; - документтин көчүрмөсүн берүүнүн жалпы мөөнөтү - 8 жумуш сааттан ашык эмес; - кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес. 3. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында мурда катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалымкатты, Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкатты, Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар жөнүндө маалымкатты, кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматты, кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматты, кыймылсыз мүлк объектинин графикалык маалыматтарын, картографиялык материалдардын электрондук жана кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрүн, спутник тармагынын (GNSS станцияларын) контролдук борборунан маалыматтарды берүү мөөнөтү: - документтерди кабыл алууга чектелген убакыт- 5 мүнөттөн ашык эмес; - маалымкаттарды жана маалыматтарды берүүнүн жалпы мөөнөтү - 10 мүнөттөн ашык эмес; - кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 5 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: (gosreg.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - керектөөчү жеке кайрылган учурда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн (алардын расмий ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн); - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланыш учурунда); - электрондук түрдө. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан мамлекеттик жана расмий тилдерде таанышууга болот |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын (gosreg.kg) расмий веб-сайты; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - электрондук почта аркылуу; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыш; - маалымат такталары, буклеттер, брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (gosreg.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Керектөөчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдерди сактоону, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбай турган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: - белгиленген формадагы бланктагы арыз; - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция; - жеке жак үчүн - өздүгүн күбөлөндүргөн документ. Жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү үчүн - өздүгүн күбөлөндүргөн документ, ошондой эле жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ; - юридикалык жак үчүн - өздүгүн жана анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү жана юридикалык жактын уюштуруу документтери (Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында юридикалык жак катары катталбаган учурда жергиликтүү бийлик органынын токтомунун же юридикалык жак катары каттоонун статистикалык карточкасынын түп нускасы жана көчүрмөсү берилет). Эгерде юридикалык жактын өкүлү анын жетекчиси болсо, юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны шайлоо жөнүндө протокол же укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн аны дайындоо жөнүндө буйрук берилет. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жерлериндеги маалымат такталарына жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат (gosreg.kg) жана өз убагында жаңыланууга тийиш |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, бардык кызмат көрсөтүү жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан (мындан ары - КМБМС) онлайн режиминде веб-портал аркылуу төмөнкү маалыматтар берилиши мүмкүн: - КМБМСтин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар жөнүндө маалымкат; - КМБМСтин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө маалымкат; - КМБМСтин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар; - кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматтар; - кыймылсыз мүлк объектинин графикалык маалыматтары; - спутник тармагынын контролдук борборунун маалыматтары (GNSS - станциялар); - кыймылсыз мүлк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка маалыматтар. КМБМСтан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби: - Электрондук кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүү; - логинди жана паролду берүү менен макулдашуунун негизинде колдонуучуну авторизациялоо; - жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарга колдонуучунун кирүү укуктарын башкаруу; - арыз берүү талап кылынбайт, маалымат дароо электрондук режимде берилет; - суралган маалыматтын чыгуу формасы төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) КМБМСтен маалыматтын берилген күнү жана убактысы; 2) КМБМСтеги маалыматтын жаңылануу күнү жана убактысы; 3) Суралган кыймылсыз мүлк боюнча жаңыланган маалыматтын датасы жана убактысы. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан онлайн режиминде төмөнкү маалыматтар берилиши мүмкүн: - КМБМСтин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар жөнүндө маалымкат; - КМБМСтин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө маалымкат; - КМБМСтин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалымат; - жеке жак үчүн - жеке жакты идентификациялоо, булутка негизделген электрондук санариптик кол тамганы же биометрикалык паспорттук маалыматтарды пайдалануу жолу менен. Акы төлөө "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын төлөм шлюзу аркылуу жүргүзүлөт. "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынан мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка юридикалык жактар кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматты веб-сервис аркылуу алышат. Акы төлөө Э-банк аркылуу "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын төлөм шлюзу аркылуу жүргүзүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер жок болгон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана күнү камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана доолорду кароо ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турууга тийиш |
“