Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-марты № 161
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Билим берүү жана маданият тармагында" I бөлүмү 1-тиркемеге ылайык редакциядагы 98-глава менен толукталсын;
- "Башка кызмат көрсөтүү тармагында" VI бөлүмү 2-тиркемеге ылайык редакциядагы 12-глава менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 24-25 (3473-3474) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"
98. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу үчүн залдарды жана жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарларды берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 108-2-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Кыргызпатент). Ведомстволук уюм - Кыргызпатенттин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Ар түрдүү иш-чараларды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, тегерек столдорду, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү жана инфратүзүмдү берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда ишке ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган. Жайларда күтүү үчүн орундар, дааратканалар (борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга туташтырылган), жылытуусу, суу түтүгү, телефон болот. Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жайында кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Керектөөчүнүн документтерин кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга кызмат көрсөтүүнүн чектелген убакыты - 10 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлоо - арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 мүнөткө чейин. Келишим түзүү - 1 саат (консультация, тааныштыруу). Мейкиндикти пайдаланууга чектелген убакыт 1 сааттан 6 айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы иштин түрүнө жараша келишимдин шарттарына ылайык белгиленет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй алууга болот: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу; - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана анын ведомстволук уюмдарынын (ic.patent.kg, fund.patent.kg) расмий сайттарынан; - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда); - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - Кыргызпатенттин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин коомдук кабылдамасынан; - маалыматтын башка булактары аркылуу. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - жалпыга маалымдоо каражаттары; - Кыргызпатенттин расмий сайты (patent.kg); - ведомстволук уюмдардын расмий сайттары (ic.patent.kg; fund.patent.kg); - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда) адис аркылуу; - такталар, буклеттер жана брошюралар; - башка маалымат булактары. Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарында жайгаштырылат. Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын иш графиги: дүйшөмбү - жума, саат 9.00дөн 18.00гө чейин; түшкү тыныгуу, саат 12.30дан 13.30га чейин |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке төш белгилери (бейджи) бар. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпаа, сабырдуу, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөгө, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууга, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга (ДМЧА, пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада кызмат көрсөтүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди көрсөтөт: - белгиленген үлгүдөгү арыз; - арыз кагаз түрүндө берилген учурда, инсандыгын ырастоочу документ; - акы төлөгөндүгү жөнүндө документ. Кызмат көрсөтүлгөндүгү жөнүндө билдирүүнү арыз ээси алгандан кийин акы толук көлөмдө төлөнөт. Арыздын бланкын толтуруу үлгүсү кызмат көрсөтүлүү жеринде, маалымат такталарында, Кыргызпатенттин расмий сайтында (patent.kg), Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын сайттарында (ic.patent.kg, fund.patent.kg) жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) жайгаштырылган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта алуу үчүн керектөөчүгө төмөнкүлөр зарыл: - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган, ыйгарым укуктуу күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген электрондук колтамганын болушу (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын расмий сайтынан Пайдалануу эрежелерин карагыла); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталуу жана жеке кабинетке кирүү. Пайдалануучу жеке кабинетинен электрондук арыздын статусун көзөмөлдөй алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (ic.patent.kg, fund.patent.kg); - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин коомдук кабылдамасынан. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча кызмат көрсөтүү мамлекеттик же расмий тилде берилет; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында аныкталгандай кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш-курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандарт менен белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандар үчүн ылайыктуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылык, сыпаа жана адептүү болушу, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - жеткиликтүү жерде кагаз түрүндө жана электрондук форматта жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин болушу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө ишке ашырылат. Келишимдин долбоору кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеке кабинетине таанышуу жана кол коюу үчүн электрондук Кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жиберилиши мүмкүн. Эскертүү: кызматты алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталда каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана мамлекеттик орган тарабынан кагазга басып чыгарбастан кароого кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгү бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе; - келишимге өз убагында кол коюлбаса; - иш интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүнө таандык болбосо; - акы төлөнбөсө. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда мурда төлөнгөн акчалай каражаттар келишимге кол коюлганга чейин арыз ээсине кайтарылып берилет |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөтүүчү органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү даттана алат. Жазуу түрүндөгү даттануу эркин формада берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турат |
".
|
| 2-тиркеме |
"
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы тажрыйбалык үлгүлөрдү жаратуу жана даярдоо боюнча кызмат көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-глава, 15-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Кыргызпатент). Ведомстволук уюм - Кыргызпатенттин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "ИБ" ММ) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Интеллектуалдык иш жана инновациялардын натыйжаларынын тажрыйбалык үлгүлөрдү (прототиптерди) түзүү жана даярдоо, ошондой эле чиймелерди түзүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - ойлоп табуучулук ишти жүзөгө ашыруу үчүн заманбап кеңсе техникасы, санариптик жабдуулардын комплекти жана жумушчу орундар менен жабдылган жайларда (лабораториялар, устаканалар ж.б.): - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - бардык керектөөчүлөргө, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган; - жайларда күтүү үчүн орундар, жылытуусу, телефон байланышы жана интернет тармагы бар; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА) кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет же болбосо жарандар өз алдынча жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды жана башка документтерди кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Керектөөчүнүн документтерин кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга кызмат көрсөтүүнүн чектелген убакыты - 5 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлоо - арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 мүнөткө чейин. Келишим түзүү - 1 саат (консультация, тааныштыруу). Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы пайдаланылган жабдуулардын санына жараша келишимдин шарттарына ылайык белгиленет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы прототиптерди түзүү үчүн жабдуулардын тизмеги маалымат такталарында, расмий сайттарда жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй алууга болот: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (ic.patent.kg, fund.patent.kg); - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - Кыргызпатенттин жана "ИБ" ММдин коомдук кабылдамасынан; - башка маалымат булактарынан. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - Кыргызпатенттин расмий сайты (patent.kg); - ведомстволук уюмдардын расмий сайттары (ic.patent.kg; fund.patent.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда) адис аркылуу; - Кыргызпатенттин жана "ИБ" ММдин коомдук кабылдамасы; - такталар, буклеттер жана брошюралар; - башка маалымат булактары. Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарында жайгаштырылат. Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын иш графиги: дүйшөмбү-жума, саат 9.00дөн 18.00гө чейин; түшкү тыныгуу, саат 12.30дан 13.30га чейин |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке төш белгилери (бейджи) бар. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпаа, сабырдуу, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөгө, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууга, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга (ДМЧА, пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада кызмат көрсөтүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди көрсөтөт: - эскиздик долбоорлорду берүү менен белгиленген үлгүдөгү арыз; - арыз кагаз түрүндө берилген учурда, инсандыгын ырастоочу документ; - акы төлөгөндүгү жөнүндө документ. Кызмат көрсөтүлгөндүгү жөнүндө билдирүүнү арыз ээси алгандан кийин акы толук көлөмдө төлөнөт. Арыздын бланкын толтуруу үлгүсү кызмат көрсөтүлүү жеринде, маалымат такталарында, Кыргызпатенттин расмий сайтында (patent.kg), Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын сайттарында (ic.patent.kg, fund.patent.kg) жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk. kg) жайгаштырылган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта алуу үчүн керектөөчүгө төмөнкүлөр зарыл: - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган, ыйгарым укуктуу күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген электрондук колтамганын болушу (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын расмий сайтынан Пайдалануу эрежелерин карагыла); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталуу жана жеке кабинетке кирүү. Пайдалануучу жеке кабинетинен электрондук арыздын статусун көзөмөлдөй алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (ic.patent.kg, fund.patent.kg); - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин коомдук кабылдамасынан. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча кызмат көрсөтүү мамлекеттик же расмий тилде берилет; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында аныкталгандай кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш-курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандарт менен белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандар үчүн ылайыктуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылык, сыпаа жана адептүү болушу, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - жеткиликтүү жерде кагаз түрүндө жана электрондук форматта жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин болушу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө ишке ашырылат. Келишимдин долбоору кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеке кабинетине таанышуу жана кол коюу үчүн электрондук Кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жиберилиши мүмкүн. Эскертүү: кызматты алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталда каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана мамлекеттик орган тарабынан кагазга басып чыгарбастан кароого кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгү бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе; - келишимге өз убагында кол коюлбаса; - жабдуу техникалык мүмкүнчүлүктөргө ылайык келбесе; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган буюмдарды же алардын бөлүктөрүн даярдоо; - акы төлөнбөсө. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда төлөнгөн сумма тажрыйбалык үлгүнү даярдоо башталган учурга чейин кайтарылып берилет |