Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-майы № 247
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды ишке ашыруу механизмин өркүндөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктура объекттерин түзүүгө жана реконструкциялоого багытталган чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 33-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жободо:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Бир долбоорго республикалык бюджеттен бөлүнүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттын максималдуу суммасы 5000000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш. Бир долбоорго керектөө 3000000 (үч миллион) сомдон ашык болсо, арыз берүүчү долбоордун жалпы суммасынын 50%ынан кем эмес өлчөмдө долбоорду кошо каржылоону камсыз кылат. Бир долбоорго керектөө 3000000 (үч миллион) сомго чейин болсо, өздүк салым ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык кирешелик камсыз кылуу деңгээлин эсептөө боюнча аныкталат.";
- 24-пункттагы "1-августунан 31-декабрына" деген сөздөр "1-июлунан 30-ноябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 46-1-пункт менен толукталсын:
"46-1. Жактырылган долбоорлор боюнча конкурстарды (тендерлерди) өткөрүүнүн натыйжасында түзүлгөн үнөмдөлгөн каражаттар республика боюнча баалоо рейтингинде эң көп балл алган кошумча долбоорлорго учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирилбеген мөөнөттө бөлүштүрүлөт.";
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ДОi деңгээли = "(ПДi / Hi) / (ПДгр / Нгр) * 100 (миң сом),";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамада:
- 10-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инжиниринг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча адистин (ИККА) консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдин формасы ушул Нускаманын 3-тиркемесинде берилген.";
- 32-пункттагы "ушул Нускаманын 11-тиркемесинде келтирилген форма боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 33, 34-пункттардагы "ушул Нускаманын 12-тиркемесинде келтирилген форма боюнча", "ушул Нускаманын 11-тиркемесинде келтирилген форма боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 35-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 45-пункттагы "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 49-пункттагы "АПШ" деген аббревиатура "АШК (архитектуралык-шаар куруу корутундусу)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 50-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50. Долбоорлоого уруксат берүүчү документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ишке ашырылат.";
- 51-пункттун экинчи, үчүнчү сүйлөмдөрү алып салынсын;
- 52, 58, 110-пункттардагы "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 54-пункттагы "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 56-пункттун экинчи, үчүнчү сүйлөмдөрү алып салынсын;
- 57-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63. Курулуш иштери башталганга чейин долбоорлоого документтерди алууну талап кылуучу объекттердин курулушунун жана башка өзгөртүүлөрүнүн түрлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ишке ашырылат.";
- 66-пункт, § 6.16 күчүн жоготту деп таанылсын;
- 103-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"103. Объект боюнча аткаруу документтери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.";
- 115-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"115. Жаңы же курулушу бүткөрүлгөн объекттерди, мурда бар имаратка кошумча курулуштарды же анын болгон аянттарын кеңейтүү менен реконструкциялоону пайдаланууга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобонун негизинде экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.";
- 121-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 123-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 127-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"127. Долбоорду баалоо жумуштарды жүргүзүү графигине жана материалдар менен жумуштардын сметалык наркына ылайык каражаттарды өздөштүрүү индикаторлору боюнча ишке ашырылат.";
- 129-134-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:
"АПШ, ИПШ, ТШ(*) тариздөө" деген сөздөр, "АПШ", "ТШ" деген аббревиатуралар тиешелүү түрдө "АШК", "ИПШ", "АТК(*) тариздөө", "АШК", "АТК" деген сөздөргө жана аббревиатураларга алмаштырылсын;
7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
тиркеменин эскертүүсүндө:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Объект боюнча жумуштардын жана материалдардын сметалык наркы.";
8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:
эскертүү күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 47, 11, 12, 15, 18, 27, 28-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 21-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |