Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 226 токтомуна ылайык) |
Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты жана турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулун башкаруунун жана иштетүүнүн эрежелерин, Камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалыматтык системасына кошулуунун тартибин, шарттарын жана ага кошулуу үчүн комиссиялык жыйымдын өлчөмүн, камсыздандыруу пулуна камсыздандыруу уюмдарынын кириши үчүн келишимдин формасын жана талаптарды, ошондой эле камсыздандыруу пулунун кайра камсыздандыруу программасына ылайык кабыл алынган тобокелдиктерди кайра камсыздандырууну уюштурууну белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) Камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары - БМС) - маалыматтардын, маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын жыйындысы, алар милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатуу боюнча операцияларды калыптандырат жана жүзөгө ашырат, ошондой эле турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдер, камсыздандыруу окуялары жөнүндө билдирүүлөр, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө арыздар, төлөнүп берилген камсыздандыруу төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу тууралуу маалыматтарды иштеп чыгат, сактайт жана берет бирок алар менен чектелбейт;
2) турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулу (мындан ары - камсыздандыруу пулу) - юридикалык жак болуп саналбаган жана турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу программасын ишке ашыруу максатында түзүлгөн камсыздандыруучулардын бирикмеси;
3) камсыздандыруу пулу жөнүндө макулдашуу - камсыздандыруу пулуна катышуучулардын ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн биргелешип иштөө (жөнөкөй шериктештик) жөнүндө келишим (макулдашуу);
4) CRESTA чөлкөмдөрү (Catastrophe Risk Evaluating and Standardizing) (катастрофа тобокелдигин баалоо жана стандартташтыруу) - дүйнөлүк камсыздандыруу индустриясындагы географиялык маалыматтарды агрегирлөөдө кыйла кеңири пайдаланылган стандарт. CRESTA чөлкөмдөрүнүн жардамы менен тобокелдиктерди кыйла кылдат баалоо үчүн белгилүү облус же өлкө боюнча камсыздандырылган объекттердин бөлүштүрүлгөндүгүн баалоого болот;
5) кайра камсыздандыруу келишими - бул камсыздандыруу компанияларынын жана/же кайра камсыздандыруу компанияларынын (брокерлердин) ортосунда түзүлгөн келишим, ага ылайык кайра камсыздандырылуучу тобокелдиктерди кайра камсыздандырууга өткөрүп берүүгө, ал эми кайра камсыздандыруучу аларды кабыл алууга милдеттенет, анда кайра камсыздандыруунун методдору, жоопкерчиликтердин чектери, келишимге кайра камсыздандыруучунун катышуу үлүшү, чыгымдар боюнча сыйлыктарды эсептөөнүн формалары ж.б. каралат;
6) кайчылаш субсидиялоо - камсыздандыруу пулундагы тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу үчүн анын катышуучуларынын каражаттарынын же башка каражаттардын эсебинен камсыздандыруу сыйлыктарынын жетишпеген суммасын компенсациялоо;
7) камсыздандыруу пулунун башкаруучу компаниясы (мындан ары - башкаруучу компания) - камсыздандыруу пулунун катышуучулары тандап алган башкаруунун аткаруучу органы.
3. Камсыздандыруу пулунун иши турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Камсыздандыруу пулу камсыздандыруу пулу жөнүндө келишимдин (макулдашуунун) (мындан ары - макулдашуу) негизинде иш мөөнөтү чектелбестен колдонуу мөөнөтүнүн мезгилине түзүлөт жана колдонулат.
4. Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишимдери (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу келишими) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен бирдиктүү камсыздандыруу эрежелери жана камсыздандыруу тарифтери боюнча камсыздандыруу пулунун катышуучулары тарабынан түзүлөт.
5. Камсыздандыруу пулу пулдун ишинин алкагынын сыртында пайда болгон пулдун катышуучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми камсыздандыруу пулунун катышуучулары пулдун ишинин алкагынын сыртындагы анын башка катышуучуларынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
6. Камсыздандыруу уюмдары - камсыздандыруу пулунун катышуучулары камсыздандыруу пулунун алкагында түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча жоопкерчилик тартат.
2. Камсыздандыруу пулунун максаты жана принциптери
7. Камсыздандыруу пулун түзүүнүн максаты болуп жогоруда аталган Мыйзамды ишке ашыруу, анын катышуучуларынын бирдей жоопкерчилик шарттарында камсыздандыруу пулунун милдеттенмелерин толук көлөмдө кепилдиктүү аткаруу жана камсыздандыруу пулунун камсыздандыруу тобокелдиктерин кайра камсыздандырууда натыйжалуу коргоону уюштуруу саналат.
8. Камсыздандыруу пулу өзүнүн ишин төмөнкү принциптерде жүргүзөт:
- камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын бардыгы үчүн бирдей укуктарды камсыз кылуу жана турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын укуктарынын кандайдыр бир басмырланышына жана кемсинтилишине жол бербөө;
- БМС аркылуу милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатуу;
- БМСтин операциялык чыгымдарын жабуу үчүн ушул системага кирүүгө уруксат берүүгө комиссиялык жыйымдарды өз убагында төлөө;
- камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жактырган кайра камсыздандыруу программасына ылайык камсыздандыруу пулуна берилген камсыздандыруу тобокелдиктерин кайра камсыздандырууну уюштуруу;
- кайра камсыздандыруу программасынын алкагында камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын кайра камсыздандыруу сыйлыктарын өз убагында төлөшүн уюштуруу;
- турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча келип түшкөн камсыздандыруу сыйлыктары жетишсиз болгон учурда, зарылдыгына жараша кайра камсыздандыруу коргоосун сатып алууну кайчылаш субсидиялоо;
- камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын атынан түзүлгөн турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринин негизинде милдеттенмелерди аткаруу боюнча пулдун катышуучуларынын бирдей жоопкерчилиги;
- турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жоопкерчилигинин негизсиз чектелишине (азайтылышына) жол бербөө;
- БМСте ишенимдүү маалыматтарды киргизүү;
- БМСти пайдаланууда камсыздандырылуучулардын жеке маалыматтарын жана камсыздандыруу сырын коргоону камсыз кылуу.
3. Камсыздандыруу пулунун катышуучулары
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга укугу бар камсыздандыруу уюмдары камсыздандыруу пулунун катышуучулары болуп саналышы мүмкүн.
10. Камсыздандыруу пулунун катышуучулары башка камсыздандыруу пулунун катышуучусу боло алышат. Камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу пулуна катышуусу үчүнчү жактар менен болгон мамиледе алардын укуктарын чектебейт.
11. Камсыздандыруу уюмдарынын - пулдун катышуучуларынын саны чектелбейт.
12. Камсыздандыруу пулуна кошулуу үчүн камсыздандыруучу камсыздандыруу пулунун башкаруу органына кирүү жөнүндө арызды, ушул Жободо каралган документтерди берет жана камсыздандыруу пулуна камсыздандыруу уюмдарынын кирүү келишимин (тиркеме) түзөт.
13. Камсыздандыруу пулунун катышуучусунун төлөнгөн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 токтомунда белгиленген өлчөмгө ылайык келүүгө тийиш.
14. Камсыздандыруу пулуна жаңы катышуучуну кабыл алуу жөнүндө кабарлоону башкаруучу компания ал кабыл алынган учурдан тартып 5 (беш) иш күндүн ичинде камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирет.
15. Ушул Жободо белгиленген кошулуунун шарттарына шайкеш келбеген учурда камсыздандыруу пулуна катышууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулушунда кабыл алынат.
4. Камсыздандыруу пулунун иши
16. Камсыздандыруу пулунун камсыздандыруучулары-катышучулары төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- БМСте турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзөт;
- камсыздандыруу пулу кабыл алган тобокелдиктин жалпы көлөмүндөгү алардын үлүшүнө жараша камсыздандыруу сыйлыктарын өз убагында төлөйт;
- камсыздандыруу пулуна келип түшкөн камсыздандыруу сыйлыктары жетишсиз болгон учурда зарылдыгына жараша кайра камсыздандырып коргоону сатып алууну кайчылаш субсидиялоону өз учурунда жүзөгө ашырат;
- камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын тобокелдиктерин кайра камсыздандырууда жайгаштыруу шарттарына талдоо жүргүзөт жана тандайт;
- кайра камсыздандырууга берүү үчүн камсыздандыруу сыйлыктарынын бөлүгүн топтойт;
- турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча жалпы статистикалык маалыматтарды, ошондой эле турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишими менен кайра камсыздандырууга жайгаштырууга тиешелүү маалыматтарды түзөт;
- CRESTA чөлкөмү боюнча камсыздандыруу пулунун тобокелдиктеринин аккумуляцияланышын эсепке алат жана контролдойт, анда белгилүү райондор/облустар боюнча камсыздандыруу суммасынын жыйындысына тиешелүү чектөөлөр белгиленет;
- камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө жөнгө салынган арыздар жана камсыздандыруу окуялары тууралуу келип түшкөн билдирүүлөр боюнча маалыматтарды түзөт.
17. Камсыздандыруу пулунун ар бир катышуучусунун жоопкерчиликтеринин үлүшү түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринин саны менен аныкталат.
Камсыздандыруу пулунун катышуучусу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча өзүнө алган милдеттенмелерден баш тартууга укуксуз.
18. Камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) алдында жоопкерчиликти тартат. Мында камсыздандырылуучу анын камсыздандыруучусу милдеттенмени аткарбай койгон учурда, камсыздандыруучулардын - пулга катышуучулардын бардыгына милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттенмелерди биргелешип аткаруу талабын коюуга да укуктуу. Камсыздандыруучулар - пулга катышуучулар камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча милдеттенме толук аткарылмайынча камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) милдеттүү болуп калат.
19. Эгерде камсыздандыруу пулунун камсыздандыруу тобокелдиктери башкаруучу компанияга кайра камсыздандырууга берилсе, анда камсыздандыруу пулунун катышуучусу кайра камсыздандырылган тобокелдиктер боюнча камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) алдындагы өзүнүн бардык милдеттенмелерин аткаргандан кийин, кайра камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн башкаруучу компаниянын алыш-бериш эсебине төлөп берет. Андан кийин башкаруучу компания камсыздандыруучу тарабынан жеке өзүнүн тобокелдигин жана милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча жыйнаган камсыздандыруу сыйлыктарын эске алуу менен камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө (талаптарды баалоо) жөнүндө арыздар каралгандан кийин камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн тиешелүү сумманы ар бир камсыздандыруучуга - камсыздандыруу пулунун катышуучусуна которот.
20. Пулдагы кайра камсыздандыруу боюнча өз ара эсептешүүлөр, эгерде Камсыздандыруу пулу жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, ар ай сайын анын катышуучуларынын ортосунда жүргүзүлөт.
21. Камсыздандыруу пулунун катышуучулары бардык эсептешүүлөрдү валютаны жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен улуттук жана чет элдик валюталарда жүргүзөт.
22. Камсыздандыруу пулунун катышуучулары камсыздандыруу окуялары жөнүндө келип түшкөн бардык билдирүүлөрдү жана камсыздандыруу төлөмүн төлөөгө арыздарды кароого, жөнгө салууга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартууну тариздөөгө милдеттенет.
23. Эгерде камсыздандыруу пулунун камсыздандыруу тобокелдиктери башкаруу компаниясы тарабынан кайра камсыздандырууга берилген учурда, камсыздандыруучу - камсыздандыруу пулунун катышуучусу камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө арыздарынын бардыгы жөнүндө камсыздандыруу пулуна билдирүүгө милдеттүү.
24. Пулга катышуучу камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча талаптарды толук көлөмдө аткарган учурда, пулдун калган катышуучуларына үлүштөргө ылайык жана колдонуудагы кайра камсыздандыруу келишиминин алкагында башкаруучу компанияга талаптарды коюуга укуктуу.
25. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 957-статьясында белгиленген камсыздандыруу акысын төлөп берүү мөөнөтүн кечиктирүү үчүн төлөнүүчү туумду талашсыз тартипте, камсыздандыруу төлөмү жөнүндө чечимди башкаруучу компания бергенден кийинки 3 (үч) иш күндүн ичинде камсыздандырылуучунун/пайда табуучунун алыш-бериш эсебине мөөнөттүн өтүп кетишине күнөөлүү болгон камсыздандыруу пулунун катышуучусу төлөйт.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 3 "Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунда белгиленген камсыздандыруу (техникалык) резервдери тобокелдиктерди камсыздандырууга кабыл алынган тиешелүү милдеттенмелерге ылайык пулдун катышуучулары тарабынан өз алдынча түзүлөт.
27. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча кепилдикти камсыз кылуу максатында камсыздандыруу уюмдары - пулдун катышуучулары макулдашуу боюнча кошумча камсыздандыруу резервин (пулдун камсыздандыруу резервин) түзүүгө укуктуу. Мындай резервди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби пулдун бардык катышуучулары үчүн бирдей болуп саналат жана камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын Жалпы чогулушунда аныкталат.
5. Камсыздандыруу пулу жөнүндө Макулдашуу
28. Камсыздандыруу пулун түзүү ушул Жобонун жана Макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
29. Камсыздандыруу пулунун алгачкы катышуучулары 31-пунктта көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн, камсыздандыруу пулунун катышуучусунун жетекчисинин катышуу мүмкүнчүлүгү болбой калганда катышуучунун атынан Макулдашууга кол кое турган адамга берилген ишеним катты берет.
30. Макулдашууга кол коюлгандан кийин камсыздандыруу пулунун катышуучулары 52-пунктта көрсөтүлгөн БМСке кирүүгө уруксат берүү, бул системанын операциялык чыгымдарын жабуу үчүн комиссиялык жыйымдарды жана керектелүүчү башка каражаттарды төгүүгө жана БМСке кошулууга (уруксат алууга) милдеттүү. Андан кийин башкаруучу компаниянын жетекчиси камсыздандыруу уюму камсыздандыруу пулунун катышуучусу болуп саналарын бышыктаган катты камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
31. Камсыздандыруу пулуна кошулууну каалаган калган камсыздандыруу уюмдары тизмедеги төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
- камсыздандыруу пулуна кирүү арызын;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- уставдын көчүрмөсүн;
- камсыздандыруу уюмунун биринчи жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимдин же протоколдун көчүрмөсүн;
- катышуучунун атынан Макулдашууга кол кое турган адамга берилген ишеним катты;
- БМСга кирүү уруксаты үчүн комиссиялык жыйымды төлөө документинин көчүрмөсүн;
- турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууга берилген тиешелүү лицензиянын көчүрмөсүн.
32. Макулдашууда камсыздандыруу пулунун алкагында юридикалык жакты түзбөстөн биргелешип иштеген камсыздандыруучулардын өз ара аракеттенүү тартиби, алардын өз ара милдеттенмелери жана ишке тартылган адистердин жана уюмдардын милдеттенмелери, камсыздандыруу пулун башкаруу тартиби, талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди чечүү тартиби, ошондой эле Макулдашууну колдонуу, өзгөртүү, толуктоо жана токтотуу тартиби каралган.
33. Макулдашууда ошондой эле камсыздандыруу төлөмүн жана аны менен байланышкан чыгымдарды төлөөдө, ошондой эле ишке ашпаган камсыздандыруу келишимин жокко чыгарууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча пулдун катышуучуларынын, камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн тартиби жана мөөнөттөрү каралган.
6. Камсыздандыруу пулун башкаруунун жана иштетүүнүн эрежелери
34. Камсыздандыруу пулун башкаруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
- камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулушу - башкаруунун жогорку органы тарабынан;
- башкаруучу компания - камсыздандыруу пулунун аткаруучу органы тарабынан.
35. Камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулушу камсыздандыруу пулунун төмөнкү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат:
- Макулдашууну бекитүү, ага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү;
- камсыздандыруу пулунун башкаруучу компаниясын шайлоо;
- камсыздандыруу пулунун аудиторун шайлоо жана аны иштен четтетүү;
- камсыздандыруу пулунун жылдык отчетторун бекитүү жана анын пайдаларын жана чыгымдарын бөлүштүрүү;
- камсыздандыруу уюмдарынын БМСке кошулуу тартибине жана шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- БМСтеги операциялык чыгымдарды жабуу үчүн бул системага кирүүгө уруксат берүү үчүн комиссиялык жыйымдын өлчөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- камсыздандыруу пулунун тобокелдиктерин өткөрүп берүү боюнча камсыздандыруу пулунун башкаруучу компаниясы түзгөн кайра камсыздандыруу келишимдерин жана кайра камсыздандыруунун ушундай келишими боюнча камсыздандыруу пулунун ар бир катышуучусу үчүн кайра камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмдөрүн жактыруу;
- камсыздандыруу пулунун өлчөмдөрүн жана кошумча резервдеринин максаттарын бекитүү;
- камсыздандыруу пулунун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарында башкаруу компаниясынын алыш-бериш эсебине камсыздандыруу пулундагы акча каражаттарын, мүлктү жана башка салымдарды, ошондой эле камсыздандыруу пулунун ишинен алынган кирешелерди киргизүүнүн, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитүү;
- камсыздандыруу пулунун жалпы мүлкүн же башка активдерин кармоо боюнча чыгымдарды жана ушул милдетти аткаруу менен байланышкан сарптоолордун ордун толтуруунун тартибин бекитүү;
- камсыздандыруу пулу үчүн түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдерди бекитүү;
- камсыздандыруу пулунун ортоктош жоопкерчилиги келип чыкканда камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнүн тартибин бекитүү;
- камсыздандыруу пулунун алкагында милдеттерди аткаруу үчүн камсыздандыруу пулуна катышуучулардын жоопкерчилик чараларын белгилөө;
- камсыздандыруу пулунда мүчөлүктү токтотуу тартибин бекитүү;
- камсыздандыруу пулунун ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кызматкерлердин керектүү санын жана аларга эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн аныктоо;
- камсыздандыруу пулунун иши үчүн зарыл болгон административдик чыгымдардын өлчөмүн аныктоо;
- камсыздандыруу пулун токтотуу жана анын тартиби жөнүндө чечимди кабыл алуу.
36. Катышуучулардын жалпы чогулушунун чечимдери катышкан катышуучулардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Камсыздандыруу пулунун жалпы чогулушунун ар бир катышуучусу бир добушка ээ.
37. Эгерде камсыздандыруу пулу бир катышуучудан турса, анда ал бир эле мезгилде камсыздандыруу пулунун жогорку башкаруучу органы жана башкаруучу компания болуп саналат.
38. Камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулушунун жыйналышы жылына бирден кем эмес чакырылат жана камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулушунун жыйналышынын протоколу менен таризделет.
39. Камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулушунун жыйналышы башкаруучу компаниянын жетекчисинин жеке демилгеси боюнча же катышуучулардын биринин демилгеси боюнча чакырылат.
40. Камсыздандыруу пулунун катышуучусу камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулушундагы өзүнүн ыйгарым укуктарын талаптагыдай таризделген ишеним каттын негизинде башка катышуучуга берүүгө укуктуу. Камсыздандыруу пулунун катышуучусунун атынан анын өкүлү (туруктуу же болбосо белгилүү мөөнөткө дайындалган) да жалпы чогулушка катыша алат.
41. Камсыздандыруу пулун башкаруунун аткаруучу органы -камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулушунда шайланган башкаруучу компания өзүнүн ишин 2 (эки) жылдан кем эмес жүргүзөт.
42. Жогорку башкаруу органынын өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, камсыздандыруу пулунун ишинин бардык маселелерин башкаруучу компания чечет, анын ичинде:
- камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылган камсыздандыруу пулун кайра камсыздандыруу программасын жыл сайын сунуштайт;
- камсыздандыруу пулунун бардык же белгилүү бир камсыздандыруу тобокелдиктерин кайра камсыздандырууну уюштурат;
- камсыздандыруу пулунун баардык катышуучулары үчүн тең укуктарды жана турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын кандайдыр бир басмырлоого кабылышына же укуктарынын кемсинтилишине жол бербөөнү камсыз кылат;
- камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Макулдашуунун көчүрмөсүн, ошондой эле ага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду берет;
- камсыздандыруу пулунун учурдагы ишинин маселелери боюнча чечимди кабыл алат.
43. Башкаруучу компания жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча пулдун бардык катышуучулары аткарууга милдеттүү болгон чечимдерди чыгарат.
44. Камсыздандыруу пулунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси камсыздандыруу пулунун бардык катышуучуларынын атынан берилген ишеним каттын негизинде төмөнкү аракеттерди аткарууга ыйгарым укуктуу болот:
- бийликтин мамлекеттик жана башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана ишкердик иштердин субъекттери менен өз ара мамилелерде камсыздандыруу пулунун кызыкчылыктарын билдирүү;
- камсыздандыруу пулунун максаттары үчүн банктарда алыш-бериш эсептерин жана башка эсептерди ачуу;
- камсыздандыруу пулу үчүн керектүү жумушчуларды кабыл алуу жана бошотуу, аларга эмгек акыларды (кошумча төлөмдөрдү) белгилөө, аларга сыйлоо жана жаза чараларын колдонуу;
- БМСтин жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
- БМСтин жүргүзүлгөн операциялык чыгымдары боюнча эсептерди жана отчетторду даярдоо;
- камсыздандыруу пулунун катышуучулары түзгөн бардык милдеттүү камсыздандыруу келишимдери жана камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча кварталдык/жылдык мезгил үчүн отчетторду даярдоо;
- камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулуштары үчүн отчетторду даярдоо;
- камсыздандыруу пулунун иши жөнүндө аналитикалык маалыматтарды даярдоо;
- камсыздандыруу пулунун бардык катышуучуларын милдеттүү көрсөтүү менен жана камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын ишеним каттарын тиркөө менен камсыздандыруу пулунун бардык же белгилүү бир тобокелдиктерине кайра камсыздандыруу келишимин түзүү;
- пулдун бардык катышуучуларынын ушул Жободо жана Макулдашууда каралган шарттарды аткаруусун контролдоо;
- пулдун катышуучуларынын, ошондой эле камсыздандыруу пулунун милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликтин өлчөмүндөгү өзгөрүүлөрдүн жана анын катышуучуларынын ар биринин эсебин жүргүзүү;
- камсыздандыруу пулунун кайра камсыздандырууга берилген милдеттенмелеринин жана камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын милдеттенмелерди аткаруусунун эсебин жүргүзүү;
- пулдун катышуучуларына пулдун иши жөнүндө маалыматтарды берүү;
- камсыздандыруу пулунун документтерин жүргүзүү жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө керектүү документтердин (кайра камсыздандыруу компаниясы менен түзүлгөн келишимдин, банктын көчүрмөлөрүнүн) көчүрмөлөрүн башкаруу компаниясына берүү;
- камсыздандыруу пулунун документтерин жүргүзүү;
- БМСти пайдаланууда камсыздандырылуучулардын жеке маалыматтарын, камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын камсыздандыруу сырларын жана коммерциялык сырларын коргоону камсыз кылуу;
- камсыздандыруу пулунун иши үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүзөгө ашыруу.
7. Камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалыматтык системасы
45. Камсыздандыруу уюмдары тарабынан милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатуу боюнча операциялар БМС аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.
46. БМС маалыматтардын базасын камтыйт, анда ар бир түзүлгөн турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишим жөнүндө, камсыздандырылуучу жана пайда табуучу жөнүндө, камсыздандыруу сыйакыларынын көлөмдөрү жөнүндө, камсыздандыруу учурлары жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммалары жөнүндө, ошондой эле камсыздандырылган турак жайлардын негизги мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар камтылат.
БМСтин менчик ээлери башкаруу, пайдалануу жана тескөө укуктарын камсыздандыруу пулунун башкаруучу компаниясына өткөрүп берүүгө милдеттүү. Ошондой эле БМС менчик ээси камсыздандыруу пулунун бардык катышуучуларына пайдалануу укугун берүүгө милдеттүү.
47. Башкаруучу компания камсыздандыруу пулунун катышуучуларына БМСти пайдаланууга берет.
48. БМСке кирүү мүмкүндүгүн алган камсыздандыруу уюмдарынын кызматкерлери үчүн БМСте ролдор жана квалификатор (БМСтин администратору, менеджер, инспектор/камсыздандыруу агенти, камсыздандыруу учурлары боюнча кызматкер, камсыздандыруу учурлары боюнча комиссиянын мүчөсү, камсыздандыруу учурлары боюнча координатор, камсыздандыруу учурлары боюнча менеджер, юридикалык бөлүм, бухгалтерия, Башкармалыктын катчысы) ыйгарылат.
49. БМСтин негизги кармоочусу/менчик ээси:
- камсыздандыруу пулунун катышуучуларын каттоону жүзөгө ашырат жана БМСке кирүү мүмкүндүгүн берет;
- 31-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн сырткары, БМС системасына киргизүү үчүн камсыздандыруу уюмдарынан керектүү документтерди сурайт;
- кошулуу/өз ара аракеттенүү жана камсыздандыруу пулунун катышуучулары менен маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишим түзүү жолу менен БМСтин ишин координациялайт;
- камсыздандыруу пулунун ишинин биринчи жылында БМС системасынын катышуучуларын уюштуруучулук жана методикалык колдоону жүзөгө ашырат;
- БМС системасын техникалык колдоону жана анын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат;
- БМС системасы аркылуу келишимдерди түзүү жана камсыздандыруу төлөмдөрүн тариздөө маселелери боюнча БМС системасынын катышуучуларына консультацияларды берет, ошондой эле тиешелүү окутуу өткөрөт;
- БМС системасынын пайдаланылышына дайыма мониторинг жүргүзөт жана талаптагыдай чараларды көрүү менен коопсуздук менен байланышкан инциденттерди карайт;
- камсыздандыруу пулунун документтеринин эсебин жүргүзөт жана документтерди сактайт;
- БМС системасын киргизүү жана иштөөсүн колдоо максатында БМС системасынын катышуучулардын ишин координациялоо боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
50. БМС системасынын катышуучулары.
- камсыздандыруу пулунун БМС системасына кирүү мүмкүндүгүн алат;
- өзүнүн маалыматтык системаларын башкарат, алар БМС системасынын коопсуздук серверлери аркылуу өз ара аракеттенишет;
- өзүнүн маалыматтык системаларынын киберкоопсуздугун камсыз кылат;
- өзүнүн маалыматтык системаларынын туруктуу иштөө жөндөмүн сактайт;
- турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полистерин сатууну жана камсыздандыруу пулунун БМС системасы аркылуу камсыздандыруу төлөмдөрүн иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- кызмат көрсөтүүлөрдөгү мүчүлүштүктөр, бузуулар жана БМС системасынын ишиндеги бардык бузулуулар жөнүндө БМС системасынын операторуна дароо билдирет;
- БМС системасынын жардамы менен алынган маалыматтарды (электрондук документтерди) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат;
- БМС системасынын иштөөсүн камсыз кылуунун алкагында башка ыйгарым укуктарды жана функцияларды да жүзөгө ашырат.
51. БМСтин операциялык чыгымдарын жабуу максатында жана БМСке кирүү мүмкүндүгүн берүү үчүн камсыздандыруучулар ай сайын БМСтин кармоочусу/менчик ээси болуп саналган башкаруучу компаниянын алыш-бериш эсебине отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан (онунан) кечиктирбестен комиссиялык жыйымды төгүүгө милдеттүү.
52. Камсыздандыруу пулунун БМС системасына кирүү мүмкүндүгүн берүү үчүн комиссиялык жыйымдын өлчөмү эгерде Макулдашууда башка каралбаса, айына ар бир катышуучуга 200 (эки жүз) эсептик көрсөткүчтөн кем эмести түзөт.
8. БМС системасына кошулуунун тартиби жана шарттары
53. БМС системасына кошулуу үчүн камсыздандыруу уюму БМСтин кармоочусуна/менчик ээсине БМС системасына кошулууга өтүнмө берет.
54. Өтүнмөдө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- БМС системасына кошулуу жөнүндө өтүнмө берген камсыздандыруу пулунун катышуучусунун аталышы, дареги;
- маалыматтык системаны жүргүзүү жана башкаруу, маалыматтык системага киргизилген маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле кошулуу жана БМС системасынын жардамы менен маалыматтарды (электрондук документтерди) алмашуу үчүн жооптуу, кошулуу/өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге БМС системасынын кармоочусу/менчик ээси менен катышуучунун атынан кол коюуга ыйгарым укуктуу катышуучунун ыйгарым укуктуу кызматкеринин (кызматкерлеринин) аты (Ф.А.А., кызмат орду);
- камсыздандыруу пулуна кирүү жөнүндө келишим.
55. Башкаруучу компаниянын жетекчиси төмөнкүлөр тууралуу чечим кабыл алат:
- катышуучуну каттоо жана БМС системасына кошуу жөнүндө;
- четтетилүүгө тийиш болгон жагдайларды көрсөтүү менен каттоодон баш тартуу жөнүндө.
56. БМСтин кармоочусунун/менчик ээсинин администратору БМСти пайдалануучулардын суроо-талаптарына 3 (үч) сааттын ичинде жооп берүүгө милдеттүү. БМСтин менчик ээсинин администратору жана жооптуу адамы кемчиликтерди 24 (жыйырма төрт) сааттын ичинде четтетүүгө жана камсыздандыруу уюмдарынын менеджерлерине билдирүүгө тийиш.
9. Камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жоопкерчилиги
57. Камсыздандыруу пулунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
58. Катышуучу камсыздандыруу пулунун алдындагы финансылык же башка милдеттенмелерди аткарбаса, башкаруучу компаниянын жетекчиси ушул себеп боюнча камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
59 Камсыздандыруу пулунун катышуучулары камсыздандыруу учурлары жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөөгө арыздар жөнүндө келип түшкөн бардык билдирүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуу үчүн жоопкерчилик тартат.
60. Катышуучулардын бири камсыздандыруу пулунан чыккан учурда, ошол катышуучу чыккан күнгө карата колдонуудагы камсыздандыруу келишимдер боюнча өзүнүн милдеттенмелерин алардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин аткарууга милдеттенет.
61. Камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын биринин камсыздандырылуучуларынын алдында каражаттары жетишсиз болгон же камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө мүмкүн болбогон учурда камсыздандыруу пулунун калган катышуучулары анын ошол катышуучунун көрсөтүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө милдеттенмелери боюнча тилектеш жоопкерчиликти тартат.
62. БМС системасынын үзгүлтүксүз иштөөсү жана техникалык колдоо үчүн жоопкерчиликти БМСтин кармоочусунун/менчик ээсинин администратору тартат.
63. БМС системасына тартылган камсыздандыруу уюмдарындагы БМС системасын учурдагы коштоо үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу уюмунун менеджери аткарат.
10. Камсыздандыруу пулунун ишин токтотуу
64. Камсыздандыруу пулунун иши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 979-статьясына ылайык токтотулат.
65. Камсыздандыруу пулунун иши токтотулган учурда, камсыздандыруу пулу колдонулуп жаткан мезгилде алардын ар бири кабыл алган пулдун катышуучуларынын мүлктүк милдеттенмелери сөзсүз аткарылууга тийиш жана кепилдик каттары же камсыздандыруу пулунун башка мүчөлөрү кабыл алган башка милдеттенмелерди аткарууну камсыздоолор түрүндө кошумча таризделиши мүмкүн.
| Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобого тиркеме |
Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулуна кирүү жөнүндө келишим
| Бишкек ш. | 20___-ж. "___" ____________ |
___________________________________________________________________________
(башкаруучу компаниянын аталышы)
башкаруучу компаниянын атынан _______________________________________________
____________________________________________________________________________
мындан ары "башкаруучу компания" деп аталуучу
____________________________________________________________________________
(камсыздандыруу уюмунун аты)
катышуучунун атынан _________________________________________________________
мындан ары "Катышуучу" деп аталуучу, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. Камсыздандыруу пулуна кирүү жана камсыздандыруу пулунун Бирдиктүү маалыматтык системасына (мындан ары - БМС) кошулуу үчүн зарыл болгон талаптарды аткаруу боюнча милдеттенмелерди кабыл алуу, ага кирүү мүмкүндүгүн алуу үчүн комиссиялык жыйымдарды төлөө жана камсыздандыруу пулу жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) кол коюу үчүн турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобонун 31-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берүү үчүн ушул келишим түзүлөт.
1.2. Камсыздандыруу пулуна кирүүнү каалаган камсыздандыруучулар камсыздандыруу пулунун катышуучуларынын жалпы чогулушуна жана/же башкаруучу компанияга төмөнкү документтерди берет:
- камсыздандыруу пулуна кирүүгө арызды;
- БМСке кошулууга өтүнмөнү;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- уставдын көчүрмөсүн;
- камсыздандыруу уюмунун биринчи жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимдин же протоколдун көчүрмөсүн;
- катышуучунун атынан Макулдашууга кол коё турган адамга ишеним катты;
- БМСке кирүү мүмкүндүгүн берүү үчүн комиссиялык жыйымды төлөөнүн көчүрмөсүн;
- турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууга берилген тиешелүү лицензиянын көчүрмөсүн.
1.3. Башкаруучу компания ушул Келишимдин 1.2-пунктунда саналган бардык документтерди алгандан кийин Катышуучуга камсыздандыруу пулу жөнүндө макулдашуунун көчүрмөсүн берет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Камсыздандыруу пулунун алкагында камсыздандыруу пулунун Катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Келишимдин 1.2-пунктунда саналган документтерди берүүгө;
- бул системанын операциялык чыгымдарын жабуу үчүн БМСке кирүү мүмкүндүгүн берүү үчүн комиссиялык жыйымдарды (мындан ары - комиссиялык жыйымдар) төлөөгө;
- Камсыздандыруу пулу жөнүндө макулдашууда каралган камсыздандыруу пулуна талап кылынган акча каражаттарын төлөөгө;
- БМСке кошулуунун бардык техникалык шарттарын аткарууга. Андан кийин:
- БМС аркылуу камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
- камсыздандыруу пулунун Катышуучусунун бардык милдеттенмелерин өзүнө алууга;
- ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга жоопкерчилик тартууга.
2.2. Камсыздандыруу пулунун катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
- Камсыздандыруу пулу жөнүндө макулдашуунун шарттарын макулдашууга;
- башкаруучу компаниядан жана/же кармоочудан/менчик ээсинен БМСке кирүү мүмкүндүгүн алууга;
- камсыздандыруу пулу жөнүндө маалыматты алууга;
- камсыздандыруу пулунун милдеттүү талаптарында, түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча мүлктүк мүнөздөгү өзүнө алган милдеттенмелерди толук көлөмдө аткарганда камсыздандыруу пулунан чыгууга.
2.3. Камсыздандыруу пулунун алкагында башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү:
- камсыздандыруу пулуна жана БМСке кирүү үчүн берилүүчү документтерди Катышуучудан өз убагында алууга;
- камсыздандыруу пулунун Катышуучусу бардык талаптарды аткаргандан кийин БМСке жол бермени берүүгө;
- камсыздандыруучу камсыздандыруу пулунун Катышуучусу болуп саналарын ырастоочу катты берүүгө;
- комиссиялык жыйымдарды төлөө үчүн төлөм реквизиттерин берүүгө;
- камсыздандыруу пулунун Катышуучусу берген документтердин сакталышына жоопкерчиликтерди тартууга, ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин БМСтин кармоочусуна/менчик ээсине андан ары сактоо үчүн берүүгө.
2.4. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө укуктуу:
- камсыздандыруу пулуна кирүү үчүн катышуучулар берген документтерди текшерүүгө;
- камсыздандыруу пулуна кирүү үчүн жетишпеген документтерди талап кылууга;
- комиссиялык жыйымды төлөбөгөн учурда камсыздандыруу пулуна киргизүүдөн жана БМСке кирүү мүмкүндүгүн берүүдөн баш тартууга;
- камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Катышуучунун камсыздандыруу пулуна кирүүнүн шарттарын аткарбагандыгы жөнүндө маалымдоого.
3. Тараптардын жоопкерчиликтери
3.1. Ушул Келишимдин тараптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
3.2. Ушул Келишим менен жөнгө салынбаган бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилет.
3.3. Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Мындай болбогон учурда бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сот органдарында каралууга тийиш.
4. Корутунду жобо
4.1. Бул Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
4.2. Бул Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө таризделүүгө, эки тараптын ыйгарым укуктуу адамдарынын колдору коюлууга жана мөөрлөрү басылууга тийиш.
Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери:
Башкаруучу компания |
| Камсыздандыруу уюму |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
(юридикалык дареги жана реквизиттери) |
| (юридикалык дареги жана реквизиттери) |
| ||
______________________________________ |
| ______________________________________ |
(колу жана мөөрдүн орду) |
| (колу жана мөөрдүн орду) |