Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-майы № 268
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
1) 2-пункттун 3-пунктчасындагы "40" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Иш берүүчү тарабынан ар бир кызматкер үчүн төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ар айлык өлчөмү төлөөчүлөрдүн төмөнкү категориялары үчүн өткөн календардык жылда райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 60 пайызынан эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес:
- уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, алардын өзүнчө турган бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн;
- чакан жана орто ишкердик субъекттер, анын ичинде юридикалык жакты түзүп иштеп жаткан дыйкан (фермердик) чарбалар, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн каражатынын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашпаган, ага барабар же андан ашкан, бирок 30000000 сомдон ашпаган сумманы түзгөн жана 5 же андан көп жалданган кызматкерлери бар жеке ишкерлер үчүн;
- жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлер үчүн;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн уюмдар жана эл аралык долбоорлордо иштеген адамдар, ошондой эле жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар үчүн жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү заказ берүүчүлөр үчүн.
Бул пункттун колдонулушу уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын кенже тейлөөчү персоналына, ошондой эле төмөнкү ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт:
- каржылоо көлөмүнө карабастан мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;
- мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге;
- мамлекеттик окуу жайларга жана алар тарабынан уюштурулган юридикалык жак статусуна ээ болгон өз алдынча окуу бөлүмдөрүнө жана филиалдарына;
- социалдык камсыздандыруу каражаттарынан каржылануучу уюмдарга;
- Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына, мекемелерине жана уюмдарына;
- коммерциялык эмес кооперативдерге, коомдук фонддорго, коомдук бирикмелерге, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктерине (анын ичинде үй башкармалыктарына), диний уюмдарга;
- эмгек акы төлөө фондунан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн айылдык товар өндүрүүчүлөргө.";
3) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Эгерде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ар айлык өлчөмү орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 60 пайызынан эсептелген суммадан аз болсо, анда иш берүүчү тарабынан кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү кошумча эмгек акы төлөө фондунан иш берүүчү үчүн белгиленген тариф боюнча, бирок орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 60 пайызынан эсептелген суммадан кем эмес эсептелет жана төгүлөт, мында кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрү иш берүүчү тарабынан иш жүзүндө эсептелген эмгек акыдан чегерилет, кармалат жана төгүлөт.
Эгерде иш жүзүндө иштеген күндөрдүн саны отчеттук айдагы календардык жумуш күндөрдүн санына барабар болсо, камсыздандыруу төгүмдөрү төмөнкүдөй эсептелет:
1-мисал:
Иш жүзүндөгү эмгек акы 10500 (он миң беш жүз) сомду түзөт, 2021-жылы Бишкек шаары боюнча орточо айлык эмгек акы 23085 (жыйырма үч миң сексен беш) сомду түздү, иш берүүчү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү чегериле турган белгиленген эмгек акы орточо айлык эмгек акынын 60%ын 13851 (он үч миң сегиз жүз элүү бир) сомду түзөт, 10500 (он миң беш жүз) сом 13851 (он үч миң сегиз элүү бир) сомдон аз болгондуктан, кошумча ЭТФ эсептелет:
ЭТФ (сом) | Күндөрдүн саны/иш жүз. күндөрдүн саны | Кошумча ЭТФ (сом) | Иш берүүчү | Кызматкер | Категория |
10500 | 22/22 | 3351 | 2389,3 | 1050 | 001 |
Кошумча ЭТФ 13851 - 10500 = 3351 сом;
иш берүүчү: 13851 х 17,25% = 2389,30 сом;
кызматкер: 10500 х 10% = 1050 сом
2-мисал:
Эгерде иш жүзүндө иштеген күндөрдүн саны отчеттук айдагы календардык иш күндөрдүн санынан аз болгон учурларда (өргүү, ооруп калуу, жумушка кабыл алуу же жумуштан бошоо ж.б.) камсыздандыруу төгүмдөрү төмөнкүдөй эсептелет:
ЭТФ (сом) | Күндөрдүн саны/иш жүз. күндөрдүн саны | Кошумча ЭТФ (сом) | Иш берүүчү | Кызматкер | Категория |
10500 | 22/20 | 2091,8 | 2172,08 | 1050 | 001 |
Иш жүзүндөгү орточо бир күндүк эмгек акы аныкталат: Бишкек шаары боюнча түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын 60%ын бир айдагы күндөрдүн санына бөлүү 13851 : 22 = 629,59 сом.
Кошумча ЭТФ эсептелет: бир күндүк эмгек акы иш жүзүндө иштеген күндөрдүн санына көбөйтүлөт, иш жүзүндөгү ЭТФ кемитилет:
(629,59 х 20) - 10500 = 2091,8 сом;
иш берүүчү: (10500 + 2091,8) х 17,25% = 2172,08 сом;
кызматкер: 10500 х 10% = 1050 сом.
3-мисал:
Жаран Д.Иванов "А" фирмасында (Нарын шаары) эмгек келишими боюнча 0,5 ставкада иштейт жана айына 7300 (жети миң үч жүз) сом алат. Иш берүүчү тарабынан кайсы эмгек акыдан камсыздандыруу төгүмдөрү (17,25%) чегериле тургандыгын билүү үчүн төмөнкүлөрдү аныктоо керек:
1) толук ставка: 7300 сом х 2 = 14600 сом, демек толук ставка 14600 сомду түзөт;
2) толук ставканын өлчөмү өткөн календардык жылда Нарын шаарында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын 60 пайыз минималдык алынуучу суммасы менен салыштырылат, ал 2021-жылы 22306 (жыйырма эки миң үч жүз алты) сомду түзгөн, 22306 сом х 60% = 13600 сом, б.а. 14600 (он төрт миң алты жүз) сомдон аз болгон. Демек мындай учурда иш берүүчү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү иш жүзүндөгү чегерилген суммадан эсептелет:
иш берүүчү: 7300 сом х 17,25% = 1259,25 сом;
кызматкер: 7300 х 10% = 730.";
4) 12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1. Чакан жана орто ишкердик субъекттер, анын ичинде юридикалык жакты түзүп иштеген дыйкан (фермердик) чарбалар, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн каражатынын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашпаган, ага барабар же андан ашкан, бирок 30000000 сомдон ашпаган сумманы түзгөн жана 15 же андан көп жалданган кызматкерлери бар жеке ишкерлер өткөн календардык жыл үчүн райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнө барабар же андан ашкан төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегеришет жана төлөшөт.
Ошону менен бирге отчеттук айда иш берүүчү тарабынан ар бир кызматкер үчүн төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ар айлык өлчөмү иш күндөрүнүн саны толук эмес болгон учурда (өргүү, ооруп калуу, жумуштан бошотуу же жумушка кабыл алуу ж.б. учурда) өткөн календардык жылда райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнө барабар же андан ашкан иш жүзүндөгү эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн.
Мисал: (Бишкек шаарында иштеген) жумушчу А.Т.Максатов иш жүзүндө эмгек акысы айына 24000 (жыйырма төрт миң) сом, бул 2021-жылы 23085 (жыйырма үч миң сексен беш) сомду түзгөн өткөн календардык жылда Бишкек шаары боюнча түзүлгөн орточо айлык эмгек акыдан көп:
- эгерде ал бир ай толук иштесе, камсыздандыруу төгүмдөрү иш жүзүндөгү эмгек акыдан - 24000 (жыйырма төрт миң) сомдон эсептелет жана 3360 (үч миң үч жүз алтымыш) сомду түзөт;
иш берүүчү: 24000 х 4% = 960 сом;
кызматкер: 24000 х 10% = 2400 сом;
бардыгы 960 + 2400 = 3360 сом;
- 7 күн ооруп калган учурда (22 күн - 7 күн = 15 иш жүзүндө иштеген күн) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы иш жүзүндөгү эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген өткөн календардык жыл үчүн Бишкек шаарында 15 күн ичинде түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнө барабар же андан ашкан суммадан аз болушу мүмкүн:
24000 сом : 22 күн х 15 күн = 16363,64 сом;
иш берүүчү : 16363,6 х 4% = 654,55 сом;
кызматкер: 16363,6 х 10% = 1636,36 сом;
бардыгы: 654,55 + 1636,36 = 2290,91 сом.";
6) 17-пункттун бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Б" фирмасы - 6000 сом 9513,6 сомдон аз (15856 х 60% = 9513,6, мында 15856 - Жалал-Абад шаары боюнча түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү) демек, камсыздандыруу төгүмдөрү иш берүүчү үчүн 9513,6 сомдон, ал эми кызматкер үчүн 6000 сомдон эсептелет);
иш берүүчү: 9513,6 сом х 17,25%= 1641,10 сом;
кызматкер: 6000 х 10% = 600 сом;
бардыгы: 1641,10 + 600 = 2241,10 сом.";
7) 21-1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Такталган отчеттордо баштапкы эсептешүү ведомосттордо көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдар боюнча гана жазуулар оңдолот. 2019-жылдын 1-январына чейин баштапкы эсептешүү ведомостторунда көрсөтүлбөгөн камсыздандырылган адамдар боюнча маалымат баштапкы бухгалтердик документтердин жана камсыздандыруучунун штаттык курамын аныктаган баштапкы документтин негизинде гана киргизилет.";
8) 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Уюмдун кайра уюштурулушуна же жоюлушуна же жеке ишкердин ишинин токтотулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттоо номерин жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен бирге камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилген отчеттуулукка ылайык чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы мындай арыз ыйгарым укуктуу органга берилген күнгө чейин төлөнүүгө тийиш.";
9) 65-пунктта:
- 1 -пунктчадагы "жалпы салык режиминин" деген сөздөн кийин "жана/же атайын салык режимдеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2, 4-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктчадагы "ыктыярдуу" деген сөз алып салынсын.
10) 98-пункттагы "0,1" деген цифралар "0,09" деген цифраларга алмаштырылсын;
11) 102-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"102. Эсептешүү ведомосттору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө берилбесе (же создуктурулса), ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү төлөөчүгө календардык жыл бүткөнгө чейин ар бир учурга мурунку отчеттук мезгилде түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынан 25 пайыз өлчөмүндө айып эсептейт.";
12) жогоруда аталган Нускаманын 5-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 5-тиркеме |
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин СТАВКАЛАРЫ (эмгек акы төлөө фондунун суммасынан пайыз менен)
№ | Код | Категориянын аталышы | Бардыгы | Фонддор боюнча бөлүштүрүү | Кошумча ЭТФ суммасын аныктоо үчүн ОЭАнин өлчөмү | ||||||
Пенсиялык фонд | ММКФ | ЭДЧФ | МПТФ | ||||||||
иш берүүчү | кызматкер | иш берүүчү | кызматкер | иш берүүчү | кызматкер | кызматкер | |||||
1. Тариф - негизги (юридикалык жактар үчүн) | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | ОЭАдан 60% |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
3 | 003 | Пенсионер | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 17,25 | 15 | 2 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 17,25 | 15 | 0 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 15,25 | 15 | 0 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
7 | 106 | КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | ОЭАдан 60% |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
2. Мамлекеттик ишканалар, уюмдар же мекемелер, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар үчүн тарифтер | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
3 | 003 | Пенсионер | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 17,25 | 15 | 2 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 17,25 | 15 | 0 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 15,25 | 15 | 0 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
7 | 106 | КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
3. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан ашык болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке адамдар үчүн тарифтер | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 12 | 0,85 | 8 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 2 | ОЭАдан 40% |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 12 | 0,85 | 10 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
3 | 003 | Пенсионер | 10 | 0,85 | 8 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 4 | 0,85 | 2 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 2 | 0,85 | 0 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 2 | 0,85 | 0 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
7 | 106 | КТП | 12 | 0,85 | 8 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 12 | 0,85 | 10 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 10 | 0,85 | 8 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 12 | 0,85 | 8 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 2 | ОЭАдан 40% |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 12 | 0,85 | 10 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 12 | 0,85 | 8 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 12 | 0,85 | 10 | 1 | 0 | 0,15 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
4. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому үчүн тарифтер | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 26,75 | 15 | 7,5 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 26,75 | 15 | 9,5 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
3 | 003 | Пенсионер | 19,25 | 15 | 2 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 19,25 | 15 | 2 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 17,25 | 15 | 0 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 17,25 | 15 | 0 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
7 | 106 | КТП | 26,75 | 15 | 7,5 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 26,75 | 15 | 9,5 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 19,25 | 15 | 2 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 26,75 | 15 | 7,5 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 26,75 | 15 | 9,5 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 26,75 | 15 | 7,5 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 26,75 | 15 | 9,5 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
5. Коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиги, диний уюмдар үчүн | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 27 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 27 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
3 | 003 | Пенсионер | 15 | 13 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 15 | 13 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 17 | 15 | 0 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 13 | 13 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
7 | 106 | КТП | 27 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 27 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 15 | 13 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
6. Эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдар жана эл аралык долбоорлордо иштеген адамдар үчүн тарифтер | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | ОЭАдан 60% |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
3 | 003 | Пенсионер | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 17,25 | 15 | 2 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 17,25 | 15 | 0 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 15,25 | 15 | 0 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
7 | 106 | КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | ОЭАдан 60% |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
7. Юридикалык жакты түзүү менен ишкердик жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн тарифтер(*) | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
3 | 003 | Пенсионер | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 17,25 | 15 | 2 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 17,25 | 15 | 0 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 15,25 | 15 | 0 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
7 | 106 | КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлер үчүн тарифтер(*) | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | ОЭАдан 60% |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
3 | 003 | Пенсионер | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 17,25 | 15 | 2 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 17,25 | 15 | 0 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 15,25 | 15 | 0 | 0 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
7 | 106 | КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | ОЭАдан 60% |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданган кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер үчүн тарифтер | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 12 | 4,75 | 4 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | ОЭАдан 40% |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 12 | 4,75 | 6 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
3 | 003 | Пенсионер | 10 | 4,75 | 4 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 8 | 4,75 | 2 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 6 | 4,75 | 0 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 6 | 4,75 | 0 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
7 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 12 | 4,75 | 4 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | ОЭАдан 40% |
8 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 12 | 4,75 | 6 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 40% |
10. Жогорку технологиялар паркы жана анын дирекциясы үчүн тарифтер | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 12 | 0 | 10 | 0 | 0 | 0 | 0 | 2 | ОЭА |
2 | 101-64/69 | Негизги кызматкер | 12 | 0 | 12 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭА |
3 | 003 | Пенсионер | 10 | 0 | 10 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭА |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 2 | 0 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭА |
5 | 106 | КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
6 | 06-64/69 | КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
7 | 107 | Пенсионер КТП | 25,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 12 | 0 | 10 | 0 | 0 | 0 | 0 | 2 | ОЭА |
9 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 12 | 0 | 12 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭА |
10 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 8 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
11 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 27,25 | 15 | 10 | 2 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
11. Айыл чарба кооперативдери үчүн тарифтер | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 12 | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 12 | 0 | 10 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
3 | 003 | Пенсионер | 12 | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 4 | 0 | 2 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 2 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 2 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
7 | 106 | КТП | 12 | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 12 | 0 | 10 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 10 | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 12 | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 12 | 0 | 10 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 12 | 0 | 8 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 12 | 0 | 10 | 1,75 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
12. Жалпы категориялар үчүн тарифтер | |||||||||||
1 | 103 | Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү ЖИ | |||||||||
|
|
| 10 | 8,75 | 0 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 10%дан кем эмес |
2 | 104 | Ижара берүүчү | 10 | 8,75 | 0 | 1 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 10%дан кем эмес |
3 | 103 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчү ЖИ жана кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алган, базарда товарларды лотоктордон, соода орундарынан сатуу жолу менен ишкердик жүргүзгөн, эл аралык долбоорлорго жана программаларга кызмат көрсөтүүчү жеке жактарды кошпогондо, жеке эмгек ишин же патенттин негизинде жеке ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке жактар | |||||||||
|
|
| 6 | 0 | 89,75 | 0 | 10 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 6%дан кем эмес |
4 | 103 | Базарларда товарды лотоктордон, соода орундарынан сатуу жолу менен ишкердик жүргүзүүчү ЖИ | |||||||||
|
|
| 3 | 0 | 89,75 | 0 | 10 | 0,25 | 0 | 0 | ОЭАдан 3%дан кем эмес |
13. Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн тарифтер | |||||||||||
5 же андан ашык сандагы жалданма кызматкерлери бар | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 22 | 10 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | ОЭАдан 60% |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 22 | 10 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
3 | 003 | Пенсионер | 20 | 10 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 10 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 12 | 10 | 0 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 8 | 8 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
7 | 106 | КТП | 22 | 10 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 22 | 10 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 20 | 10 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 22 | 10 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | ОЭАдан 60% |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 22 | 10 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАдан 60% |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 22 | 10 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 22 | 10 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | Иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
15 жана андан ашык сандагы жалданма кызматкерлери бар | |||||||||||
1 | 001 | Негизги кызматкер | 14 | 2 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
2 | 001-64/69 | Негизги кызматкер | 14 | 2 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
3 | 003 | Пенсионер | 12 | 2,00 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
4 | 100 | 1 жана 2-топтогу майыптар | 4 | 2,00 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
5 | 101 | УАМСтын катышуучулары | 4 | 2,00 | 0 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
6 | 102 | УАМСтын майыптары жана аларга теңештирилген адамдар | 2 | 2,00 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
7 | 106 | КТП | 14 | 2,00 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
8 | 106-64/69 | КТП | 14 | 2,00 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
9 | 107 | Пенсионер КТП | 12 | 2,00 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
10 | 011 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 14 | 2,00 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
11 | 011-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам | 14 | 2,00 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
12 | 012 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 14 | 2,00 | 8 | 2 | 0 | 0 | 0 | 2 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
13 | 012-64/69 | Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам КТП | 14 | 2,00 | 10 | 2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ОЭАга барабар же андан ашык болгон иш жүзүндөгү эмгек акыдан |
(*) Юридикалык жакты түзүү менен ишкердик жүргүзгөн дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын шарттарына жооп берген жеке ишкерлер үчүн ушул статьяда белгиленген тарифтер колдонулат жана камсыздандыруу төгүмдөрүн фонддор боюнча бөлүштүрүү ушул таблицанын 13-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
Кыскартуулардын тизмеси:
ММКФ | - | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ЭДЧФ | - | Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду |
МТПФ | - | Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонд |
КТП | - | кенже тейлөөчү персонал |
ЖИ | - | жеке ишкер |
ОЭА | - | орточо айлык эмгек акы |
Кошумча ЭТФ | - | кошумча эмгек акы төлөө фонду |
УАМСтын катышуучулары | - | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары". |