Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-июлу № 335
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
- 1-пунктта:
биринчи абзацтагы "мамлекеттик" деген сөз "бюджеттик" деген сөзгө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттун үчүнчү абзацындагы "кварталдарга бөлүнүп," деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункттагы экинчи сүйлөм алып салынсын;
- 9-пункттун экинчи абзацындагы "Сметада каралбаган" деген сөздөр "Ченемдик укуктук актыларда каралбаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункттун "з" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"з) тиркелген Тизмекке ылайык башка каражаттар.";
- 13-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункт:
"социалдык-иш маселелерин жөнгө салууга" деген сөздөн кийин ", социалдык тиричиликтик маселелерди чечүүгө, кызматкерлердин ишине дем берүүгө жана сыйлоого" деген сөздөр менен толукталсын;
"мыйзамдарга" деген сөздөн кийин ", ошондой эле ведомстволук актыларга жана жамааттык келишимге" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункт "жоопкерчиликтүү болгон" деген сөздөрдөн кийин "бюджеттик" деген сөз менен толукталсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233 "Атайын эсептерде топтолуучу башка каражаттар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
3. Бул токтом күчүнө киргенге чейин атайын эсептерге Башка каражаттардын тизмегинен чыгарылган булактар боюнча чегерилген каражаттар алып салынбайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрынын № 626 токтому менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобого ылайык толук өздөштүрүлгөнгө чейин пайдаланылат деп белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобого тиркеме |
Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде эсепке алынуучу башка каражаттардын ТИЗМЕГИ
№ | Булактын аталышы | Ведомствонун аталышы | Эскертүү |
1 | БИМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | БИМ | БИМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
2 | ӨКМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ӨКМ | ӨКМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
3 | ФМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ФМ | ФМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
4 | КРПИБдин ведомстволук мекемелеринин чегерүүлөрү | КРПИБ | КРПИБдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
5 | Маданияттын ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ММСЖСМ | Маданияттын ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
6 | ЭМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ЭМ | ЭМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
7 | ССМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ССМ | ССМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
8 | Илимий-изилдөө мекемелеринин келишимдик иштеринен түшүүлөр | Илимий мекемелер |
|
9 | Окуу жайларына тапшыруудагы төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
10 | Жатаканада жашоо жана коммуналдык тейлөө чыгымдарын жабуу үчүн төлөм | Билим берүү мекемелери, КМ, УКМК ЧК, ММСЖСМ, "Кабар" КУМА |
|
11 | Билим берүү мекемелеринде которулуудагы жана калыбына келтирүүдөгү төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
12 | Билим берүү мекемелеринде тамактануу үчүн төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
13 | Сабактарды жана өндүрүштүк практиканы себепсиз калтырууну иштеп берүүдөн түшүүлөр | Билим берүү мекемелери |
|
14 | Мамлекеттик ЖМКлардын ишинен түшүүлөр | ММСЖСМ, КТРК, ЭлТР, "Кабар" КУМА |
|
15 | Пансионаттардын, санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн ишинен түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
16 | Пресс-конференцияларды өткөрүүдөн түшүүлөр | ММСЖСМ, "Кабар" КУМА |
|
17 | Театрдык оюн-зоок жана музей иш-чараларынан түшүүлөр | ММСЖСМ |
|
18 | Фильмдерди көрсөтүүдөн түшүүлөр | ММСЖСМ |
|
19 | Мейманканалык тейлөөдөн түшүүлөр | КМ, МБК |
|
20 | Башка түзүмдөрдүн аскер кызматчыларына медициналык жардам көрсөтүүдөн түшүүлөр | КМ |
|
21 | Бюджеттик бош каражаттарды жайгаштыруудан пайыздар | ФМ |
|
22 | Иттерди багуудан, үйрөтүүдөн жана кармоодон түшүүлөр | МБК |
|
23 | Токой күтүү жана токойду пайдалануу боюнча иштен түшүүлөр | АЧМ караштуу Токой кызматы |
|
24 | Мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан түшүүлөр | ММРФ |
|
25 | Кепилдик берүү үчүн комиссия | ФКФ |
|
26 | Жайгаштырылган депозиттерден пайыздык кирешелер жана эсептешүү эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыгына эсептелген пайыздык сый акы | ФКФ |
|
27 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүүнүн негизинде мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
28 | Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдан түшүүлөр | ЖРЭТКМ, АЧМ караштуу Токой кызматы |
|
29 | Апостиль коюу үчүн жыйымдан түшүүлөр | ЮМ, ИИМ |
|
30 | Жөнгө салынуучу субъекттердин жылдык төлөмүнөн түшүүлөр | ЭМ караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент |
|
31 | Аткаруу жыйымынан түшүүлөр | СД |
|
32 | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын сыноодон жана эн салуудан түшүүлөр | ФМ караштуу Баалуу металлдар департаменти |
|
33 | Евразия патенттик конвенциясына ылайык евразия патентин күчүндө кармап туруу үчүн түшүүлөр жана Евразия патенттик конвенциясына карата Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколго ылайык өнөр жай үлгүсүнө евразия патентин каттоодон, жарыялоодон, берүүдөн жана колдонуу мөөнөтүн узартуудан түшүүлөр | ИМИМА |
|
34 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө жана тартипте соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулардан түшүүлөр | ЮМ караштуу ЖАК, ЮМ алдындагы Пробация департаменти |
|
35 | Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин өндүрүштүк-чарбалык ишинен түшүүлөр | ЮМ караштуу ЖАК |
|
36 | КРПИБ системасындагы тейлөө чөйрөсүндөгү иштен түшүүлөр | КРПИБ |
|
37 | Фельдъегердик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр | ИИМ ФК |
|
38 | Медициналык калдыктарды утилдештирүү, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | ССМ |
|
39 | Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча кепилдик камсыздоо каражаттарын жайгаштыруудан пайыздар | ФМ |
|
40 | Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына, анын ичинде электрондук каталогго мезгилдүү жазылуудан каражаттардын түшүүсү | ФМ |
|
41 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуулуктарын сатуудан алынган түшүүлөр | ФМ караштуу БМД |
|
42 | Атайын эсептердин каражаттарынан мурда берилген ссудалар боюнча кайтарылуучу каражаттардан түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
Ведомстволук мекемелерден борбордук аппаратка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн түшүүсүнөн чегерүүлөр бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча келишимдик негизде жүзөгө ашырылат жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына таасир этпөөгө тийиш.
Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат.
Мамлекеттик мекемелер тарабынан Башка каражаттардын тизмегине киргизүү боюнча сунуштар ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү, негиздөө жана динамикадагы ар бир булак боюнча түшүүлөрдү эсептөө менен бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизилет.
Кыскартуулардын тизмеси:
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СД | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
УКМК ЧК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ИИМ ФК | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы |
"Кабар" КУМА | - | "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги |
ФМ караштуу БМД | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти |
ИМИМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
ФКФ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд". |