Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 9-августу № 399
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө маселелерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 14, 24-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 2-пунктчасында "жетекчи кызмат орундарын ээлөө үчүн көрсөтүүгө жана ички конкурс өткөрүүгө" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кадрлар резерви - укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болгон, кызмат ордуна коюлган талаптарга жооп берген жана конкурстук тандоодон өткөн талапкерлердин тобу.";
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- никени бузуу тууралуу (эгерде никеси бузулса) күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Ф.А.А. алмаштыруу тууралуу (эгерде мурда атын, атасынын атын, фамилиясын алмаштырса) күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- өлгөндүгү тууралуу (жакын туугандары каза болгон учурда) күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- акыркы иштеген ордунан күбөлөндүрүлгөн кызматтык мүнөздөмө (эмгек стажы жок болгон учурда жашаган жери боюнча мүнөздөмө).";
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Тестирлөө конкурстун катышуучуларынын мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат, укук коргоо кызматы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо, ошондой эле талапкердин инсандык кесиптик маанилүү психологиялык сапаттарын ачуу үчүн өткөрүлөт.";
- 39-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- бош кызмат ордун сунуштоо үчүн чакырууга эки жолу келбей коюудан (бул жөнүндө акт түзүлөт).";
3) жогоруда аталган токтомдун 2, 6-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дайындоодо атайын адистик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 5, 6-пункттар менен толукталсын:
"5. Басма сөз-кызматынын жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
6. Котормочу жана лингвисттердин кызмат орундары.";
- 2-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-7-пункттар менен толукталсын:
"5. Энергетика жаатындагы адистердин кызмат орундары.
6. Котормочу жана лингвисттердин кызмат орундары.
7. Психологдордун кызмат орундары.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматка алгачкы жолу алынган 35 жаштан ашкан адамдар дайындалуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
- 2-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Конкурстук тандоосуз кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 8, 9-пункттар менен толукталсын:
"8. Басма сөз-кызматынын жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
9. Котормочу жана лингвисттердин кызмат орундары.";
- 2-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-10-пункттар менен толукталсын:
"8. Энергетика жаатындагы адистердин кызмат орундары.
9. Котормочу жана лингвисттердин кызмат орундары.
10. Психологдордун кызмат орундары.".
2. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен мурда түзүлгөн контракттар белгисиз мөөнөткө (мөөнөтсүз) түзүлгөн катары эсептелет деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-августундагы № 67 (3516) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервин түзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана прокуратура, улуттук коопсуздук жана салык кызматынын органдарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кадрлар резервин түзүүнүн укуктук негиздерин, тартибин жана шарттарын жана кызматка көрсөтүү үчүн жетектөөчү кызмат орундарынын тизмегин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резерви - башкаруучулук ишке жөндөмдүү болгон, кызмат орундарынын тигил же бул категориясына коюлуучу талаптарга жооп берген жана жетекчи кызмат орундарын ээлөөгө сунушталган укук коргоо органдарынан тандалган кызматкерлер тобу.
2. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервин түзүүнүн максаты болуп жетекчи кызмат орундарына коюлган талаптарга, анын ичинде билимине, иш тажрыйбасына, кесиптик билимине, иштиктүү, жеке жана моралдык сапаттарына ылайык кыйла даярдыгы бар кызматкерлерди жетекчи кызмат орундарына алуу саналат.
Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резерви кызматкерлердин укук коргоо органдарында жетекчи кызмат орунду ээлөөгө бирдей жетүү укугун камсыз кылат.
3. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резерви төмөнкүлөр үчүн түзүлөт:
- жетекчи кызмат орундарын ээлөө үчүн даярдалган кызматкерлердин курамын түзүү;
- кызматкерлерди кызматы боюнча көтөрүүнү пландоо механизмин тартипке келтирүү;
- укук коргоо органдарынын кадрдык потенциалын өркүндөтүү жана сарамжалдуу пайдалануу, укук коргоо органдарынын милдеттери менен функцияларын кесипкөй жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү кадрларды андан ары окутуу жана кызматка көрсөтүү;
- жетекчи кадрларды даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- жетекчи кызмат орундарын кыйла квалификациялуу кызматкерлердин ээлөөсү.
4. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервин түзүү боюнча иштерди уюштуруу укук коргоо органынын кадрлар бөлүмүнө жүктөлөт.
5. Ушул Жобо аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүмдөрүнө жайылтылбайт.
2. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервин түзүүнүн тартиби
6. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резерви жетекчи кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарга ылайык келген төмөнкү кызматкерлердин ичинен түзүлөт:
- укук коргоо органында орто жана улук жетектөөчү курамынын кызмат орундарын ээлеген жана укук коргоо органынын ыйгарым укуктуу жетекчилери тарабынан кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүүгө сунушталган;
- кайра уюштурууга, жоюуга же штаттык санды, кызмат орунду кыскартууга байланышкан уюштуруучулук-штаттык иш-чараларды жүргүзүүгө байланышкан жетекчи кызмат орундарынан бошотулган;
- укук коргоо органынын жетекчисинин же болбосо мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде мурда бул кызмат ордун ээлеген кызматкерди кайра ордуна келтирүүгө байланыштуу жетекчи кызмат ордунан бошотулган;
- аттестациянын жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссия аларга карата кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечим чыгарган;
- кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүү жөнүндө билдирме берген.
7. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинин тизмеси укук коргоо органынын жетекчиси, ыйгарым укуктуу жетекчиси тарабынан бекитилет жана буйрук түрүндө таризделет.
8. Кызматкерди кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде болуу мөөнөтү бир жылды түзөт. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинин тизмеси жыл сайын жаңыртылат жана жарым жылда бир жолу толукталат.
9. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде турган кызматкердин анкеталык маалыматтары, кызмат орду өзгөргөндө беш жумуш күндүн ичинде укук коргоо органынын кадрдык бөлүмүнө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
10. Кызматкер белгиленген мөөнөткө чейин кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинин курамынан төмөнкүдөй учурда чыгарылат:
- контракттын токтотулгандыгына жана бузулгандыгына байланыштуу укук коргоо органында кызматтан бошотулганда;
- кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервинен чыгаруу тууралуу билдирме бергенде;
- кызматтык тартипти одоно бузгандыгы, укук коргоо органынын беделин кетирүүчү тартиптик жорук жасагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылганда.
3. Кызматка көрсөтүү үчүн жетекчи кызмат орундарынын тизмеги
11. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резерви төмөнкү жетекчи кызмат орундарын ээлөө үчүн түзүлөт:
- укук коргоо органынын борбордук аппаратынын өз алдынча бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын, башкы башкармалыктарынын жетекчиси (башчысы) жана анын орун басарлары;
- укук коргоо органынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчисинин (башчысынын) орун басары;
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчиси (башчысы) жана анын орун басарлары;
- укук коргоо органынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жетекчиси (башчысы) жана анын орун басарлары;
- укук коргоо органынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, райондук, шаардык жана облустук бөлүмчөлөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын жетекчиси (башчысы).
4. Корутунду жоболор
12. Кызматка көрсөтүү үчүн кадрлар резервине кызматкерди киргизүү жана чыгарууга байланышкан талаш-тартыштар укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан каралат.
13. Кызматкер укук коргоо органынын жетекчисинин чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыш соттук тартипте чечилет.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Типтүү форма
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө № ______ КОНТРАКТ
_______________________________ |
| "___" _____________ 20__-ж. |
(контракт түзүлгөн жер) |
|
|
_____________________________________________________________________________________
(укук коргоо органынын аталышы)
_____________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________ атынан
(Ф.А.А., кызмат орду)
_____________________________________________________________________________________
(укук коргоо органы жөнүндө жобонун аталышы)
____________________________________________________________________________ негизинде иштеп жаткан, мындан ары "Жетекчи" жана Кыргыз Республикасынын жараны деп аталуучу
___________________________________________________________________________________,
(Ф.А.А.)
_____________________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы, номери, берилген күнү, паспортту берген органдын аталышы)
мындан ары "Кызматкер" деп аталуучу, жалпы "Тараптар" деп аталуучулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө ушул контрактты төмөнкүдөй шарттарда түзүштү.
1. Контракттын предмети
1. Ушул Контракт кызматтык милдеттерге, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана укук коргоо органдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле укук коргоо органынын ведомстволук актыларына ылайык Кызматкердин кызмат өтөөсүнүн шарттарын жөнгө салат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
1. Кызматкер "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган укуктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
2. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоого, кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, мыйзам алдындагы актыларын жана укук коргоо органынын ведомстволук актыларын жетекчиликке алууга;
2) кызматтык милдеттерди аткарууда жарандардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
3) кызматтык милдеттерин билүүгө жана аткарууга, укук коргоо органынын жетекчисинин, ыйгарым укуктуу жетекчилердин буйруктарын жана тескемелерин аткарууга. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ачык каршы келген буйрук же көрсөтмө алган учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин жетекчиликке алууга милдеттүү;
4) кызматтык ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланууга жол бербөөгө, укук коргоо органдарындагы кызматка байланышкан, мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоого, ошондой эле кызматтык этиканын талаптарын сактоого;
5) кызматтык маселелер боюнча өзүнүн түздөн-түз жетекчисине (башчысына), ал эми зарыл болгон учурда түздөн-түз жетекчисине (башчысына) билдирүү менен жогору турган жетекчиликке кайрылууга;
6) укук коргоо органынын кызматтык ички тартибинин эрежелерин сактоого;
7) окуялар, убактылуу эмгекке жарамсыздык жөнүндө жана кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу башка жагдайлар тууралуу түздөн-түз жетекчисине (башчысына) мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө билдирүүгө;
8) кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик жана дене-бойлук даярдыгынын деңгээлин кармап турууга жана өркүндөтүүгө жана белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо курстарынан, кесиптик окуудан өтүүгө жана (же) кошумча кесиптик билим алууга;
9) мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна тийиштүү болгон же алардын кадыр-баркына жана беделине шек келтирген маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
10) мамлекеттик мүлктү сактоого;
11) кирешелерди жана мүлктү декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды берүүгө;
12) чет мамлекеттин жарандыгын алууга же чет мамлекетте жашоо укугун алууга документтерди тапшыргандыгы, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз бергендиги жөнүндө арыз берген күнү түздөн-түз жетекчисине (башчысына) билдирүүгө;
13) кызматтык милдеттерин аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуу мүмкүндүгү же келип чыгуусу тууралуу түздөн-түз жетекчисине (башчысына) билдирүүгө жана мындай кагылышууну болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө;
14) төмөнкүлөрдү түздөн-түз жетекчисине (башчысына) токтоосуз билдирүүгө:
- аны же башка кызматкерлерди мыйзамдуулукту бузууга түрткөн ар бир учур жөнүндө же болбосо ушундай жасалган фактылар жөнүндө;
- Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш иштери боюнча ал күбө, шектүү же айыпталуучу катары өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө жана сотторуна чакыруунун бардык фактылары жөнүндө;
- өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар жакын туугандарынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаса же алып салынбаса, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан топтордун, кылмыштуу коомдоштуктун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса;
15) дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча укук коргоо органында кызмат өтөө талаптарына ылайык келүүгө жана дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүп турууга;
16) укук коргоо органында ээлеп турган кызмат ордуна карата талаптарга ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге атайын даярдыктан жана кесиптик жарамдуулукту мезгилдүү текшерүүдөн өткөрүүгө;
17) жыл сайын медициналык алдын ала кароодон өтүүгө. Ыйгарым укуктуу жетекчинин жолдомосу боюнча мас болуу (алкоголдук, баңгилик же башка токсиндик мас болуу) абалына карата медициналык күбөлөндүрүүдөн (текшерүүдөн) өтүүгө;
18) кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын белгиленген тартипте кароого;
19) ээлеп турган кызмат ордунун алкагында каралбаган милдеттерди "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, укук коргоо органынын жетекчисинин/ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими боюнча убактылуу аткарууга;
20) кесиптик кызматтык ишин коргоонун (эмгекти коргоонун) талаптарын билүүгө жана сактоого;
21) мамлекеттик жарандык кызматчынын кызматтык этикасынын талаптарын билүүгө жана сактоого;
22) кызматтык тартипти сактоого, кызматтык тартипти бузгандыгы, тартиптик жорук жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылууга.
3. Кызматкер кызматтык нускамалар, ченемдик укуктук актылар жана ушул Контракт менен белгиленген өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
4. Жетекчи төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кызматкерден функциялык милдеттерин аткарууну, ошондой эле укук коргоо органынын кызматтык ички тартибинин эрежелерин сактоону талап кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин кынтыксыз жана натыйжалуу аткаргандыгы үчүн Кызматкерди сыйлоого;
3) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган учурларда Кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тартууга;
4) "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кызматкерди мөөнөтүнөн ашык иштөөгө жана дем алыш жана майрам күндөрү жумушка тартууга;
5) укук коргоо органы жөнүндө жободо каралган башка укуктарды ишке ашырууга;
5. Жетекчи төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) Кызматкердин ишине коопсуз шарттарды түзүүгө жана анын функционалдык милдеттерин аткаруусу үчүн тийиштүү техникалык каражаттар менен камсыз кылууга;
2) Кызматкердин кесиптик даярдыгын, кайра даярдоосун камсыз кылууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Эмгек акы төлөө шарттары
Кызматкерди акчалай үлүш менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Кызматтык (жумуш) убакыттын жана эс алуу убактысынын режими
Кызматтык (жумуш) убакыттын жана эс алуу убактысынын режими, ошондой эле кезметтүүлүктүн графиги "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59, 60-беренелерине ылайык, укук коргоо органынын ишинин өзгөчөлүгүнө жараша укук коргоо органынын жетекчиси, ыйгарым укуктуу жетекчиси тарабынан аныкталат жана бекитилет.
5. Контрактты колдонууну өзгөртүү жана токтотуу
1. Контракттын колдонулушу "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 80-беренесинде каралган негиздер боюнча токтотулат.
2. Ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча Контракттын колдонулушун токтотуу Кызматкерди укук коргоо органында кызматтан бошотууга алып келет.
3. Ушул Контракттын шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин өзгөртүлүшү мүмкүн.
Эгерде өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө жүргүзүлсө жана Тараптар кол койсо, юридикалык күчкө ээ болот.
4. Кызматкерди башка укук коргоо органына которуу жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып анын колдонуудагы контракты токтотулат жана милдеттүү түрдө жаңы кызмат орду боюнча түзүлөт.
5. Ушул Контракт мамлекеттик же расмий тилдерде 2 нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү, бирдей юридикалык күчкө ээ.
6. Контракттын өзгөчө шарттары
1. Ушул Контракттын шарттарын сактабаган учурда Тараптар "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Ушул Контракттын Тараптарынын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар соттук тартипте чечилет.
7. Тараптардын реквизиттери
Кызматкер |
| Жетекчи |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
(Ф.А.А.) |
| (Ф.А.А.) |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
(паспорт, сериясы, №, ким берген) |
| (колу) |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
(колу) |
|
|
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
М.О. |
|
|