Загрузка документа…
| 21-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы, № 56
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: кезек күтүүнү эске албаганда 30 мүнөттөн ашык эмес; жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү 10 (он) күндүн ичинде жүргүзүлөт.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл:
- 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт (ID-карта);
- консулдук каттоого алынгандыгы жөнүндө белгиси менен жалпы жарандык паспорт (туулгандыгы тууралуу күбөлүк болсо);
- офицердин өздүк күбөлүгү;
- жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат;
- чет өлкөлүк жарандын паспорту, мамлекеттик/расмий тилдеги котормосун нотариалдык күбөлөндүрүү менен.
Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз;
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу алмаштырыла турган жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк;
- жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиздин болушун тастыктаган документтер.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: акысыз. Мамлекеттик алым жана күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 153 “Мамлекеттик алым жөнүндө” Мыйзамы.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | документтерди кабыл алуу жана текшерүү | - документтер мыйзамдарга ылайык толук болушуна карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерилет. Берилген документтерде жогоруда аталган негиздер аныкталган учурда, КЖААКДнын жетекчилигине тез арада билдирилет, эки нускада акт түзүлөт, анын бири ЖААККПК бөлүмү жайгашкан жер боюнча КР ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - ЖААККПК бөлүмүндө калат; - фотосүрөт арыз ээсинин кебетеси менен сыртынан карап салыштырып текшерилет, фотосүрөттөгү адамдын окшоштугу, арыз ээсинин ким экендиги текшерилет, фотосүрөттүн сапаты бааланат |
2 | арызды кабыл алуу, анын туура толтурулганын текшерүү | жарандардан арыздар жазуу түрдө кабыл алынат |
3 | зарыл оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн корутунду жазуу | - оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон “ЖААК” АМСте жарандык абалдын актыларын жазууларды сканерлөө жана санариптөө; - жарандык абалдын актысын жазууга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү |
4 | киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү. Архив менен иштөө боюнча бөлүмгө жиберүү үчүн өзгөртүү киргизүү зарыл болгон жазуу жайгашкан жерге оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүү жиберүү | киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү, электрондук түрдө толтурулат жана басып чыгарылат
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
1-жол-жобо: Документтерди кабыл алуу жана алардын КР мыйзамдарында белгиленген тизмекке шайкештигине карата текшерүү | ||||||||
1.1. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 1.2. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 2-пунктчасында каралган документтер боюнча арыз ээсинин ким экендигин аныктоо; 1.3. “ЖААК” АМС боюнча арыз ээсинин ИЖНин текшерүү, эгер арыз ээсинде ИЖН жок болсо, ИЖНди ыйгарууга арыз толтурууну сунуштайт, эгер туура эмес же кош ИЖНи болсо, “ЖААК” АМС аркылуу ИЖНди актуалдаштыруу боюнча МКК КДАИБге суроо-талап жиберет; 1.4. “Даректик-маалымдама бюросу” автоматташтырылган маалыматтык системасы (“ДМБ” АМС) боюнча арыз ээсинин жашаган жерин текшерүү, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү арыз ээсинин жашаган жери боюнча же ЖАА мамлекеттик катталган жер боюнча жургүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоолук эсеби болбогондо, арыз ээсин каттоолук эсепке туруу үчүн Департаменттин ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жиберет. 1.5. Арыз ээси тарабынан берилген документтерди ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата, оңдоо жана жасалмалоо белгилеринин болушуна карата текшерүү; - берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарына жооп берген учурда, оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызды жана документтерди кабыл алат; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, аларды берүү мөөнөттөрү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт. Арыз ээсине документтерди туура эмес тариздөөнүн аныкталган фактыларын жоюу мүмкүнчүлүгүн берет; - зарыл документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген аныкталган фактылар берилген мөөнөттө жоюлбаган учурда, себебин негиздөө менен документтерди кабыл алуудан баш тартат; - эгер жаран документтерди кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөнү суранса, берилген документтердин көчүрмөлөрү менен кагаз түрүндө таризделген жарандын арызын кабыл алат, кириш кат-кабарлар журналына арызды каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна киргизет; - жетекчиликтин резолюциясы алынгандан кийин жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө суроо-талапты (арызды) карайт; - тийиштүү кат жүзүндөгү жооптун долбоорун даярдайт жана аны жетекчиликтин кол коюусуна киргизет; - жетекчи жоопко кол койгондон кийин аны чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же арызда көрсөтүлгөн почта дареги боюнча жиберет. | ЖААККПК органынын кызматкери | документтер талаптарга жооп бергенде 10-15 мүнөт; - кат жүзүндө баш тартуу берилгенде 14 күн | - документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим
| - КР Үй-бүлө кодекси; - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” КР Мыйзамы; - КРӨнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 токтому; - КРӨнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому. - КРнын 2007-жылдын 15-вагустундагы № 153 “Мамлекеттик алым жөнүндө” Мыйзамы
| ||||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: актыны каттоого ылайык документтер | ||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 10-15 мүнөт | ||||||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||
2-жол-жобо: Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2.1. Арыз ээсине арыздын бланкынын формасы берилет, аны толтуруу тартиби түшүндүрүлөт же болбосо кызматкердин өзү тарабынан “ЖААК” АМС аркылуу электрондук түрдө толтурулат; 2.2. Арыздын туура толтурулганы, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештиги жана анын колунун болушу текшерилет; - оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз арыздарды эсепке алуу журналына катталат; 2.3. Ушул Административдик регламенттин 3-п. 1-пунктчасында аталган өзгөчө кырдаалдар болбогондо, арыз ээсине киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү алуу мөөнөтү, арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтердин болушу, белгиленген күнү арыз ээсинин катышуу зарылдыгы түшүндүрүлөт; - оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арызды арыздарды эсепке алуу журналына каттайт. 2.4. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арызды алууда ЖААККПК органы жарандык абалдын актыларын жазуулар сакталган жер боюнча ЖААККПК органынан оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актыларын жазуулардын көчүрмөлөрүн сурайт; суроо-талапты чыгыш кат-кабарлар журналына каттайт жана арыз ээсинин колуна берет же ички электрондук почта боюнча актылык жазуу сакталган жер боюнча ЖААККПК органына жиберет.
| ЖААККПК органынын кызматкери | 5-10 мүнөт
| Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү электрондук арыз же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
|
| ||||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызды кабыл алуу | ||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: максимум 5 мүнөт | ||||||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||
3-жол-жобо: Жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||||
3.1. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган адамды кабыл алуу; 3.2. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалаган адамдын ким экендигин ырастоочу документтерди текшерүү жүргүзүлөт. 3.3. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон жарандык абалдын актыларын жазууларды “ЖААК” АМСте сканерлөө жана санариптөө; 3.4. Оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутунду түзүлөт, бөлүмдүн жетекчисинин колу жана ЖААККПК бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 3.5 Жазуу жайгашкан жер боюнча зарыл жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет жана экинчи нускасы сакталган жер боюнча Департаменттин бөлүмүнө оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жиберилет; 3.6. Эгер актылык жазуу башка ЖААККПК бөлүмүндө болсо, актылык жазуу сакталган жерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүү жиберилет. Билдирүү чыгыш кат-кабарлар журналына катталат жана арыз ээсинин колуна берилет же почта дареги боюнча жиберилет же болбосо ички электрондук почта боюнча актылык жазуу сакталган жер боюнча ЖААККПК органына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүк берүү үчүн жиберилет. | ЖААККПК органынын кызматкерлери | 10-15 мүнөт
|
- оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү корутунду же ушул кызмат көрсөтүүнү берүүдөн жазуу түрүндө баш тартуу
|
| ||||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: максимум 20 мүнөт | ||||||||
3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||
4-жол-жобо: Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү | ||||||||
4.1. Киргизилген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк басып чыгарылат; 4.2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк башчынын колу жана ЖААККПК бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; 4.3. Күбөлүк күбөлүктөрдүн бланктарын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгымдоо китебине катталат; 4.4. Күбөлүк арыз ээсине берилет. 4.5. Арыз ээси жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү алгандыгы жөнүндө журналга кол коет. 4.6. Эгер оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү корутунду түзүлгөндөн кийин өзгөртүү киргизүү зарыл болгон актылык жазуулар арыз берилген жерде болсо, анда ушул жарандык абалдын актыларына өзгөртүүлөр киргизилет жана мамлекеттик каттоо тууралуу тийиштүү күбөлүктөр берилет (жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, никелешүү тууралуу күбөлүк, никени бузуу тууралуу күбөлүк ж.б.). | ЖААККПК органынын кызматкери | 5-10 мүнөт
| - жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү |
| ||||
4-жол-жобонун жыйынтыгы: жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк | ||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: максимум 10 мүнөт | ||||||||
4-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу | ||||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
№ 4 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1.Атанаева Г.Е.- КЖААКД ЖААБдын башчысы
2. Абдраимова Н.Э. – КЖААКД ЖААБдын жетектөөчү адиси
3. Таманбаев Р.К.- КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.