Загрузка документа…
|
|
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2023-жылдын 2- февралы № 73 буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо/кайра каттоо, укук күбөлөндүрүүчү документтерди, мамлекеттик каттоо белгилерин берүү менен»
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 87-пункту, 4-глава)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору (мындан ары – «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты тарабынан тапшырылган негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: 1 сааттан ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
(2.1.) Алгачкы каттоо иш-аракеттерди (мындан ары – каттоо) ишке ашыруу үчүн автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин (мындан ары – АМТК) ээлери төмөнкү документтерди тапшырат:
- идентификациялык жеке номери (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- Кыргыз Республикасына ташып киргизилген АМТКны каттоо үчүн - АМТКнын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар (мындан ары - ТД);
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага алып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген органы тарабынан берилген АМТКнын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;
- даярдоочу заводдун өндүрүү сертификаты, инвойс, АМТКнын паспорту, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын, техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында маалыматтар жок болгондо АМТКнын паспорту жана/же транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) көчүрмө, чет мамлекеттин транспорт каражатынын техникалык паспорту же болбосо барган өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан АМТК эсептен чыгарылгандыгын ырастаган документ, АМТКнын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана башка документтер (ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга АМТКны бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер, мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер);
- даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалым каты же эсеп-фактурасы; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же башка документ (ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга АМТКны бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер, мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер);
- кылмыш-жаза же жарандык сот өндүрүшүнүн натыйжалары боюнча АМТКга менчик укугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
- каттоо иш-аракеттери, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;
- транспорт каражаты, түзүлүш жана жабдуу - фотофиксациялоо менен сыртынан кароо үчүн. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет.
Кароонун жарактуулук мөөнөтү Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү түзөт;
- документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн АМТКга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- АМТКнын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген АМТКны катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери.
(2.2.) Өз алдынча жасалган жеңил чиркегичтерди каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.
(2.3.) Каттоо жүргүзүү үчүн берилүүчү чет тилде түзүлгөн АМТКга менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтер жана башка документтер мамлекеттик же расмий тилге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндө нотариустун же болбосо ушундай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү колу болууга тийиш.
(2.4.) Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык АМТКды каттоо үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор берилет.
(2.5.) Ушундай эле эреже Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте аккредитацияланган чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүнө жана алардын кабарчыларына карата колдонулат.
(2.6.) Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык АМТКны каттоо Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт.
(3.) «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери АМТКны каттоодон мурда АМТКны каттоого тиешеси бар адамдардын беттеринин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоону өткөрөт.
(3.1.) АМТКны каттоо жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого анын ыйгарым укуктары текшерилет.
(3.2.) Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.
(3.3.) АМТКнын менчик ээси болуп сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат.
(3.4.) АМТКнын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
(3.5.) «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери каттоо ишине чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
(3.6.) Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз АМТКны каттоо жүргүзүүнү тоңдурууга милдеттүү.
Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.
АМТКны каттоо жүргүзүү белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.
(4.) АМТКга карата каттоо жүргүзүлбөйт:
- нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер;
- жогоруда аталган документтердин тизмеги толук эмес берилгенде;
- конструкциясы Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе;
- "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган АМТК;
- карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы кыскартуусуз, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген документтердин, ошондой эле каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо жана башка документтердин көчүрмөлөрү (анын ичинен фотокөчүрмөлөр жана жарык көчүрмөлөрү) түп нускаларды алмаштыра албайт;
- АМТК издөөдө турганда;
- Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы АМТК үчүн шайкештик сертификаты жок болгондо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги белгиленген каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер берилгенде;
- Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан АМТКны каттоо мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин АМТКны жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында АМТКны идентификациялоо мүмкүн болбогондо;
(4.1.) АМТКнын электрондук паспорту болбогондо, каттоонун натыйжалары боюнча «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн адистери АМТКнын электрондук паспортун жол-жоболоштурушат.
(4.2.) Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө АМТКнын анын каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге шайкеш келүүсүнө карата сыртынан кароо жүргүзүлөт.
(4.3.) Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан АМТКга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, АМТК, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кармалат жана каттоо токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.
(4.4.) АМТКны каттоо бажылык таризделген учурдан тартып он иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
(4.5.) Белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда АМТКнын менчик ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик тартат.
(4.6.) АМТКны каттоонун мөөнөтүн бузуу аныкталганда каттоо иш-аракеттери менчик ээси тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу кызматкери толтурган бузуу жөнүндө протокол жана айып пул төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилгенден кийин жүргүзүлөт.
(5.) АМТКны каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн:
- АМТКны кароодон өткөрүлгөндөн кийин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;
- лотереяларды ойнотууда, спорттук иш-чараларды жана түрдүү шоу-программаларды өткөрүүдө жарандар АМТКны утуп алган учурда - белгиленген формадагы эсеп-маалымкатынын жана каттоо документтеринин негизинде;
- финансы же мамлекеттик органдардан ээси жок, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган ээси жок АМТКны комиссиялык дүкөндөр аркылуу саткан учурда, АМТКнын документтери болгондо, ошондой эле документтери болбогондо эсеп-маалымкатынын арткы жагында "(документ көрсөтүлөт - соттун, салык кызматынын органдарынын, финансылык полициянын жана бажылык контролдоо органдарынын чечими) негизинде кабыл алынды жана сатылды" деген жазуу болууга тийиш, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
(5.1.) Белекке же мураска алынган АМТК, эгерде белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адамдар көрсөтүлсө, анда ал башка бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталууга тийиш.
(5.2.) Жубайлардын биргелешкен арызынын жана нике жөнүндө күбөлүктүн негизинде АМТКны жубайлардын биринен экинчисине кайра каттоого уруксат берилет.
(5.3.) Кызмат көрсөтүүнүн наркы акы төлөнүүчү болуп саналат жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(5.4.) АМТКны каттоо үчүн тарифтик торчо менен аныкталуучу 5 пайыздык жыйым алынат. Жыйымдын өлчөмү жана алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
(6.) Төмөнкү АМТКларды каттоодо нөлдүк өлчөмдөгү жыйым аныкталат:
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган бюджеттик уюмдардын АМТК;
- гуманитардык жардам линиялары боюнча алынган АМТК;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасына ташып келинген жана салыктарды, жыйымдарды, алымдарды жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн төлөөдөн бошотуу каралган АМТК;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөргө, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык АМТК, менчик укугу берилген учурга чейин;
- финансылык ижара келишимдери боюнча (лизинг) Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан сатып алынуучу АМТК;
- юридикалык же жеке жактардан демөөрчүлүк жардам түрүндө бюджеттик уюмдар тарабынан алынган АМТК.
(6.1.) Тартуучу дөңгөлөктү кыймылга келтирүү үчүн энергиянын бирден ашык булагын колдонгон гибриддик АМТКны каттоо үчүн аны каттоо үчүн 5 пайыздык жыйымдан 50 пайызга аз жыйым алынат.
(6.2.) Каттоо үчүн жайымды төлөөдөн электр кыймылдаткычтары бар автомототранспорттук каражаттарынын ээлери бошотулат.
(6.3.) Соттук жана фискалдык органдардын чечимдеринин негизинде конфискацияланган жана аукциондор аркылуу сатылган АМТКларды, ошондой эле товардык биржалардын аукциондук тооруктары аркылуу сатып алынган же сатылган АМТКларын каттоодо жыйымдын наркын эсептөө аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынбагандыктан, аукциондук тооруктардын баалоо наркына жараша жүргүзүлөт.
(7.) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү;
- транспорт каражатынын паспортун берүү (транспорт каражатынын ээсинин каалоосу боюнча);
- транспорт каражаты үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү;
- транспорт каражаты үчүн энчилүү мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү;
- «D», «Т», «С», «НС» сериядагы кызыл түстөгү ак түсү менен аткарылган мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерди берүү;
- «D», «Т» сериядагы көк түстөгү ак түсү менен аткарылган мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерди берүү;
- «Р», «М» сериядагы ак түсү менен аткарылган мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерди берүү.
(8.) АМТКны кайра каттоо үчүн АМТКнын ээлери төмөнкү документтерди тапшырат:
- идентификациялык жеке номери (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документи;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтер;
- башка документтерди (ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга АМТКны бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер, сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер);
- зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты;
- кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;
- АМТКнын менчик ээсинин аты-жөнү өзгөргөн учурда документтердин тизмесине кошумча – нике тууралуу күбөлүк же аталган өзгөрүүлөргө байланыштуу жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан менчик ээсине берилген башка документтер;
- региону өзгөрбөстөн юридикалык жактын аталышы же юридикалык дареги өзгөргөндө, документтердин тизмесине кошумча – конкреттүү каттоо иш-аракеттер жөнүндө юридикалык жактын буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- түсү өзгөргөндө, документтердин тизмесине кошумча – түсүн өзгөрткөн техникалык тейлөө станциясынын маалымкаты;
- агрегаты алмаштырылган учурда документтердин тизмесине кошумча – агрегатты Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ырастоочу документ же агрегатты жараксыздоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалымкаты, ошондой эле менчик формасына карабастан, сатуу укугу бар дүкөн тарабынан берилген жаңы орнотулган кузовго эсеп-маалымкаты же эсеп-фактурасы;
(8.1.) АМТКнын менчик ээсинин арызы боюнча «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү тарабынан кайра жабдуунун натыйжасында бошогон кузовду, раманы жана номердик агрегатты сатууга маалымкат берилет.
(8.2.) Рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан АМТКнын кузовун алмаштырууга тыюу салынат.
- АМТК кайра жабдылган учурда документтердин тизмесине кошумча – транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген коопсуздук талаптарына шайкеш келгендиги жөнүндө күбөлүк, менчик формасына карабастан, сатуу укугу бар дүкөн тарабынан берилген жаңы орнотулган кузовго эсеп-маалымкаты же эсеп-фактурасы, юридикалык жактын кайра жабдуу жөнүндө тийиштүү буйругу (юридикалык жактар үчүн);
- арыз ээси түздөн-түз кайрылганда АМТКны фотофиксациялоо жана фотосүрөтүн киргизүү менен электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү АМТКны кароо. АМТКны көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, АМТКнын турган жери боюнча «Унаа» ММдин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн адистери түзүлгөн, «Унаа» ММдин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчисинин колу коюлган жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет;
- кароонун жарактуулук мөөнөтү Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү түзөт;
- түйүндөрдүн жана агрегаттардын номерленишинде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон АМТКларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө корутунду чыгарат;
- АМТКнын мамлекеттик каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" мамлекеттик каттоо белгилери.
(8.3.) Кайра жабдылган АМТКны кайра каттоо – транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгиленген тартипте берилген коопсуздук талаптарына шайкеш келгендиги жөнүндө күбөлүктүн негизинде ишке ашырылат.
(8.4.) Коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ишке ашырылган АМТКларды кайра каттоо төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты;
- тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу;
- герби менен күбөлөндүрүлгөн эсеп-наряд (форма-300);
- ведомствонун бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилген техникалык абалынын акты.
(8.5.) «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери АМТКны кайра каттоодон мурда АМТКны кайра каттоого тиешеси бар адамдардын беттеринин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоону өткөрөт.
(8.6.) Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин, зарыл болгондо, «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү үчүн бир нуска.
Мында кыймылдуу мүлккө салык салыктык мезгилде бир жолу төлөнөт. Кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү салык төлөөчү салыктын суммасын төлөгөн шартта салыкты экинчи жолу төлөө үчүн негиз болуп саналбайт.
(8.7.) Эгер кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүдө салык төлөөчү тарабынан учурдагы жылга мүлккө салык төлөнбөсө, анда укуктарды мамлекеттик каттоого же кайра каттоого чейин салыктын суммасын макулдашуу боюнча тараптардын бири республикалык бюджетке төлөөгө тийиш. Ошол эле жылы ушул кыймылдуу мүлккө менчик укуктарын кийинки мамлекеттик каттоодо жана кайра каттоодо мүлккө салык төлөнбөйт.
(8.8.) Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык АМТКды кайра каттоо үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор берилет.
(8.9.) Ушундай эле эреже Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте аккредитацияланган чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүнө жана алардын кабарчыларына карата колдонулат.
(8.10.) Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык АМТКны кайра каттоо Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт.
(9.) АМТКны кайра каттоо жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого анын ыйгарым укуктары текшерилет.
(9.1.) Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.
(9.2.) АМТКнын менчик ээси болуп сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат.
(9.3.) АМТКнын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда кайра каттоо алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда кайра каттоо ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
(9.4.) «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кайра каттоо ишине чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
(9.5.) Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз АМТКны кайра каттоо жүргүзүүнү тоңдурууга милдеттүү.
(9.6.) Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.
(9.7.) АМТКны кайра каттоо жүргүзүү белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.
(10.) АМТКга карата кайра каттоо жүргүзүлбөйт:
- мүлккө карата камакка алуу же чектөө коюу жөнүндө чечим болгондо;
- нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер;
- жогоруда аталган документтердин тизмеги толук эмес берилгенде;
- конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе;
- запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралгандар же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилгендер;
- "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, кайра жабдылган АМТКлар;
- карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы кыскартуусуз, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген документтердин, ошондой эле каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо жана башка документтердин көчүрмөлөрү (анын ичинен фотокөчүрмөлөр жана жарык көчүрмөлөрү) түп нускаларды алмаштыра албайт;
- жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча айрым учурларда ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, мурда жараксыздалган АМТКны транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн АМТКны кайра каттоого берүүдө;
- АМТК издөөдө турганда;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги белгиленген каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер берилгенде;
- Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында АМТКны идентификациялоо мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен каттоо документтеринде көрсөтүлгөн АМТКнын маркалоосунун идентификациялык белгиси бар конструкциясынын түзүмдүк бөлүгүн алмаштырууда.
(10.1.) АМТКны кайра каттоо алар сатып алынган же кайра каттоону талап кылган башка жагдайлар пайда болгон учурдан тартып он иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
(10.2.) Белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда АМТКнын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(10.3.) АМТКны кайра каттоонун мөөнөтүн бузуу аныкталганда каттоо иш-аракеттери менчик ээси тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу кызматкери толтурган бузуу жөнүндө протокол жана айып пул төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилгенден кийин жүргүзүлөт.
(10.4.) Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган бузуулар үчүн АМТКнын ээсинин туум жана айып боюнча карыздары жөнүндөгү маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системасында болгондо, АМТКнын ээси АМТКны кайра каттоонун алдында бузуулар үчүн туум жана айып төлөөсү зарыл.
(10.5.) Кайра каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө АМТКнын анын каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге шайкеш келүүсүнө карата сыртынан кароо жүргүзүлөт.
(10.6.) Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан АМТКга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, АМТК, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кармалат жана кайра каттоо токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.
(11.) АМТКны кайра каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн:
- АМТКны кароодон өткөрүлгөндөн кийин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;
- лотереяларды ойнотууда, спорттук иш-чараларды жана түрдүү шоу-программаларды өткөрүүдө жарандар АМТКны утуп алган учурда - белгиленген формадагы эсеп-маалымкатынын жана каттоо документтеринин негизинде;
- финансы же мамлекеттик органдардан ээси жок, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган ээси жок АМТКны комиссиялык дүкөндөр аркылуу саткан учурда, АМТКнын документтери болгондо, ошондой эле документтери болбогондо эсеп-маалымкатынын арткы жагында "(документ көрсөтүлөт - соттун, салык кызматынын органдарынын, финансылык полициянын жана бажылык контролдоо органдарынын чечими) негизинде кабыл алынды жана сатылды" деген жазуу болууга тийиш, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
(11.1.) Кыргыз Республикасында катталган жана соттун чечими менен конфискацияланган АМТКны кайра каттоо соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде жаңы менчик ээлерине жүргүзүлүшү мүмкүн.
(11.2.) Белекке же мураска алынган АМТК, эгерде белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адамдар көрсөтүлсө, анда ал башка бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталууга тийиш.
(11.3.) Жубайлардын биргелешкен арызынын жана нике жөнүндө күбөлүктүн негизинде АМТКны жубайлардын биринен экинчисине кайра каттоого уруксат берилет.
(11.4.) Кызмат көрсөтүүнүн наркы акы төлөнүүчү болуп саналат жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(11.5.) АМТКны кай каттоо үчүн тарифтик торчо менен аныкталуучу 0.3 пайыздык жыйым алынат. Жыйымдын өлчөмү жана алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
(11.6.) Төмөнкү АМТКларды кайра каттоодо нөлдүк өлчөмдөгү жыйым аныкталат:
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган бюджеттик уюмдардын АМТК;
- мураска алынган АМТК;
- түз тууганчылык линиялары боюнча (күйөөсү-аялы, атасы-энеси-уулу-кызы) белекке берүү келишимдери боюнча алынган АМТК;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөргө, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык АМТК, менчик укугу берилген учурга чейин;
- транспорт каражаттарын жогору турган уюмдан ага баш ийген филиалга кайра кайра каттоодо;
- финансылык ижара келишимдери боюнча (лизинг) Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан сатып алынуучу АМТК;
- банктык иштин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде сатып алынган Кыргыз Республикасынын банктарынын АМТК, менчик укугу берилген учурга чейин;
- юридикалык же жеке жактардан демөөрчүлүк жардам түрүндө бюджеттик уюмдар тарабынан алынган АМТК.
(11.7.) Тартуучу дөңгөлөктү кыймылга келтирүү үчүн энергиянын бирден ашык булагын колдонгон гибриддик АМТКны кайра каттоо үчүн аны каттоо үчүн 0.3 пайыздык жыйымдан 50 пайызга аз жыйым алынат.
(11.8.) Кайра каттоо үчүн жайымды төлөөдөн электр кыймылдаткычтары бар автомототранспорттук каражаттарынын ээлери бошотулат.
(11.9.) Бюджеттик уюмдарга таандык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыктары же аталган ыйгарым укуктар берилген башка мамлекеттик түзүмдөр аркылуу бюджеттик эмес уюмдарга жана жеке жактарга сатылган автомототранспорт каражаттарын кайра каттоодо жыйымдын наркын эсептөө ошол уюмдар тарабынан бекитилген автомототранспорт каражаттарын баалоого жараша жүргүзүлөт.
(11.10.) Соттук жана фискалдык органдардын чечимдеринин негизинде конфискацияланган жана аукциондор аркылуу сатылган автомототранспорт каражаттарын, ошондой эле товардык биржалардын аукциондук тооруктары аркылуу сатып алынган же сатылган АМТКны кайра каттоодо жыйымдын наркын эсептөө аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынбагандыктан, аукциондук тооруктардын баалоо наркына жараша жүргүзүлөт.
(12.) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- транспорт каражатын кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү;
- транспорт каражатынын паспортун берүү (транспорт каражатынын ээсинин каалоосу боюнча);
- транспорт каражаты үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү;
- транспорт каражаты үчүн энчилүү мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү;
- «D», «Т», «С», «НС» сериядагы кызыл түстөгү ак түсү менен аткарылган мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерди берүү;
- «D», «Т» сериядагы көк түстөгү ак түсү менен аткарылган мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерди берүү;
- «Р», «М» сериядагы ак түсү менен аткарылган мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерди берүү.
(13.) Мамлекеттин чегинен чыккан учурда АМТКны эсептен чыгаруу үчүн АМТКнын менчик ээлери төмөнкү документтерди тапшырат:
- идентификациялык жеке номери (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документи;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтер;
- эсептен чыгаруу жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;
- арыз ээси түздөн-түз кайрылганда АМТКны фотофиксациялоо жана фотосүрөтүн киргизүү менен электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү АМТКны кароо. АМТКны көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, АМТКнын турган жери боюнча «Унаа» ММдин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн адистери түзүлгөн, «Унаа» ММдин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчисинин колу коюлган жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет.
Кароонун жарактуулук мөөнөтү Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда 20 иш күндү түзөт.
(13.1.) «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери АМТКны эсептен чыгаруудан мурда АМТКны эсептен чыгарууга тиешеси бар адамдардын беттеринин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоону өткөрөт.
(13.2.) Эгерде юридикалык же жеке жактарга таандык АМТК региону өзгөрүү менен менчик укугун өзгөртүү үчүн берилсе, каттоо жөнүндө күбөлүктөргө эсептен чыгаруу жөнүндө каттоо бөлүмчөсүнүн белгилери коюлат. Мында мамлекеттик каттоо белгилери тапшырылат, анын ордуна "Транзит" белгиси берилет.
(13.3.) АМТКнын менчик ээлеринин жашаган жери боюнча (юридикалык жактын жайгашуусу) жана сатып алуучунун катышуусу менен аларды эсептен чыгаруу менчик ээси (юридикалык жактар үчүн - ыйгарым укуктуу өкүл), сатып алуучу (юридикалык жактар үчүн - ыйгарым укуктуу өкүл) жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан түзүлгөн жана кол коюлган сатып алуу-сатуу, белекке берүү же алмаштыруу келишимдеринин негизинде жүргүзүлөт. Каттоо жөнүндө күбөлүккө жаңы менчик ээсинин маалыматтарын (аты-жөнүн, паспортунун маалыматтарын, дарегин (жашаган жерин); юридикалык жактын аталышын, анын дарегин) көрсөтүү менен транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну эсептен чыгаруу жөнүндө жазуу киргизилет.
(13.4.) Менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга сатылган юридикалык жактардын АМТКны эсептен чыгаруу АМТКнын мурунку жана жаңы менчик ээлеринин ортосунда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, белекке берүү же алмаштыруу келишиминин негизинде, каттоо документтерине чыккан жери жана жаңы менчик ээси жөнүндө жазуу киргизүү менен жүргүзүлөт, ал эми мамлекеттик органдардын АМТК үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктары тарабынан сатып алуу-сатуу келишими ырасталган учурда жүргүзүлөт.
(13.5.) Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн белекке берүү келишиминин, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн же соттун чечиминин негизинде менчик ээсинин өзгөрүшүнө, ошондой эле сатууга (берүүгө) байланыштуу чыгып жаткан АМТКны эсептен чыгарууда каттоо жөнүндө күбөлүктө чыккан жери, жаңы менчик ээсинин аты-жөнү көрсөтүлөт.
(13.6.) Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык АМТКны эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт.
(13.7.) Ушундай эле эреже Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте аккредитацияланган чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүнө жана алардын кабарчыларына карата колдонулат.
(13.8.) Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган бузуулар үчүн АМТКнын ээсинин туум жана айып боюнча карыздары жөнүндөгү маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системасында болгондо, АМТКнын ээси АМТКны эсептен чыгаруунун алдында бузуулар үчүн туум жана айып төлөөсү зарыл.
(13.9.) Эсептен чыгарууда АМТКнын анын каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге шайкеш келүүсүнө карата сыртынан кароо жүргүзүлөт.
(13.10.) Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан АМТКга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, АМТК, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кармалат жана кайра каттоо токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.
(13.11.) «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери эсептен чыгарууга чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
(13.12.) Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз АМТКны эсептен чыгарууну тоңдурууга милдеттүү. Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.
(13.13.) АМТКны эсептен чыгаруу белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.
(14.) Кызмат көрсөтүүнүн наркы акы төлөнүүчү болуп саналат жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(14.1.) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- эсептен чыгаруу жөнүндө белги менен,0 транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү;
- транспорт каражатынын паспортун берүү (транспорт каражатынын ээсинин каалоосу боюнча);
- "ТРАНЗИТ" мамлекеттик каттоо белгилерин берүү.
(15.) Утилдештирүү (мындан ары – жараксыздыкка чыгаруу) учурунда АМТКны эсептен чыгаруу үчүн АМТКнын менчик ээлери төмөнкү документтерди тапшырат:
- идентификациялык жеке номери (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документи;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтер;
- жараксыздыкка чыгаруу үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары.
(15.1.) «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери АМТКны жараксыздыкка чыгаруудан мурда АМТКны жараксыздыкка чыгарууга тиешеси бар адамдардын беттеринин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоону өткөрөт.
(15.2.) Жараксыз АМТК менчик ээсинин же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары бар ыйгарым укуктуу адамдардын арыздары боюнча эсептен чыгарылат, мында АМТК кароодон өткөрүлбөйт.
(15.3.) АМТКларды жараксыздыгы боюнча эсептен чыгарууда менчик ээсинен каттоо документтери, мамлекеттик каттоо белгилери алынат. Каттоо документтери кезектүүлүккө ылайык өзүнчө делого тиркелет. Мында юридикалык жактар тиешелүү буйрукту, мамлекеттик мекемелер үчүн АМТКны эсептен чыгаруу актысын, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын беришет. Жараксыз АМТКлардын менчик ээлерине номердик түйүндөргө жана агрегаттарга аларды сатуу же андан ары колдонуу үчүн белгиленген формадагы маалымкаттар берилет.
(15.4.) Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган бузуулар үчүн АМТКнын ээсинин туум жана айып боюнча карыздары жөнүндөгү маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системасында болгондо, АМТКнын ээси АМТКны жараксыздыкка чыгаруунун алдында бузуулар үчүн туум жана айып төлөөсү зарыл.
(15.5.) Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан АМТКга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, АМТК, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кармалат жана жараксыздыкка чыгаруу токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.
(15.6.) «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери эсептен чыгарууга чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
(15.7.) Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз АМТКны жараксыздыкка чыгарууну тоңдурууга милдеттүү. Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.
АМТКны жараксыздыкка чыгаруу белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.
(15.8.) Кызмат көрсөтүүнүн наркы акы төлөнүүчү болуп саналат жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
(15.9.) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- номердик түйүндөргө жана агрегаттарга маалымкаттарды берүү.
(16.) Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн негиз болгон ченемдик укуктук актылар:
- ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
- «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди текшерүү жана АМТКны кароо | |
2. | АМТК турган жерге баруу менен транспорт каражатын кароо |
|
3. | АМТКнын ээсинен же анын атынан ишеним берилген адамдан документтерди кабыл алуу жана электрондук маалыматтык базага киргизүү менен документтерди жол-жоболоштуруу, электрондук паспортту жол-жоболоштуруу |
|
4. | АМТКнын укук күбөлөндүрүүчү документтерин, мамлекеттик каттоо белгилерин берүү |
|
5. | Мамлекеттин чегинен тышкары кетүү менен АМТКны эсептен чыгаруу же жок кылуу (утилдештирүү) |
|
6. | Улуттук жана/же эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү каттоо жана берүү |
|
3. Жол-жобосунун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт-офис | ||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
| 1 |
|
|
|
| 2 |
|
|
| 3 |
|
| ||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| Бэк-офис |
|
| |||||||||
|
|
|
| |||||||||||||
| баш тартуу |
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||||
4. Жол-жобону сүрөттөө жана анын мүнөздөмөсү
Жол-жобонун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
1-жол-жобо. Документтерди текшерүү жана АМТКны кароо | ||||||
1.1. Арыз берген адамдын ал көрсөткөн паспортуна ылайык келүүсүн текшерүү, көрсөтүлгөн документтердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү | Адис | 5 мүнөт | Документтердин ылайык келүүсүн аныктоо | - ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо. | ||
1.2. Арыз берүү үчүн өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугун текшерүү | Адис | 5 мүнөт | Өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугун текшерүү | |||
1.3. Зарыл документтер жок болгондо же алар мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген фактылар табылганда, ошондой эле көрсөтүлгөн АМТКга ылайык келбеген учурларда жүйөөлүү түрдө АМТКны каттоодон жана кайра каттоодон баш тартылат. | Адис | 5 мүнөт | Баш тартуу | |||
1.4. Эгерде тапшырылган документтер белгиленген талаптарга ылайык келсе, АМТК адистердин кароосуна жөнөтүлөт | Адис | 5 мүнөт | Кароого уруксат берүү | |||
1.5. Кароодо (АМТК турган жерге баруу менен кароодо) АМТКнын кузовунун номеринин, түрүнүн моделинин тапшырылган документтерге ылайык келүүсү текшерилет. Ошондой эле АМТКнын фотосүрөтүн электрондук маалыматтар базасына киргизүү менен фотофиксациялоо жүргүзүлөт. | Адис | 10 мүнөт | Ылайык келүүсүн текшерүү | |||
1.6. Кароодон кийин, тапшырылган документтер белгиленген талаптарга ылайык келсе, АМТКны жол-жоболоштуруу үчүн адиске жөнөтүлөт | Адис | 10 мүнөт | АМТКнын фотосүрөтүн электрондук маалыматтар базасына киргизүү | |||
1.7. Тапшырылган документтерде карама-каршылыктар болсо, АМТК сот-техникалык экспертизага же укук-коргоо органдарына жөнөтүлөт | Адис | 5 мүнөт |
| |||
Жол-жобонун натыйжасы: 1) Фотофиксациялоо менен кароо (АМТК турган жерге баруу менен кароо); 2) Кароодон баш тартуу | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 50 мүнөттөн ашык эмес | ||||||
Жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 2 | ||||||
2-жол-жобо. АМТКнын ээсинен же анын атынан ишеним берилген адамдан документтерди кабыл алуу жана документтерди жол-жоболоштуруу | ||||||
2.1. Кароодон кийин, тапшырылган документтер АМТКга ылайык келген учурда, адис ээсинин же расмий өкүлүнүн атынан белгиленген формадагы арызды басып чыгарат жана муну менен бирге маалыматтарды электрондук базага киргизет, транспорт каражатынын электрондук паспортун жол-жоболоштурат | Адис | 10 мүнөт | Тиешелүү арызды басып чыгаруу (эсепке алуу, жараксыздыкка чыгаруу ж.б.) | - ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо. | ||
2.2. Электрондук маалыматтык база, АМТКны эсепке алуу (бар болсо) жана айып пулдар картотекасы боюнча чектөөлөрдүн бар болушу текшерилет | Адис | 15 мүнөт | АМТКга чектөөлөрдүн бар же жок болушу белгиленет | |||
2.3. Зарыл болгондо, АМТКны сатуу-сатып алуу же алмаштыруу келишимди басып чыгаруу жана жол-жоболоштуруу | Адис | 20 мүнөт | Сатуу-сатып алуу же алмаштыруу келишимди басып чыгаруу | |||
2.4. Ыйгарылган мамлекеттик каттоо номердик белгисин аныктоо менен АМТКны каттоо жөнүндө күбөлүктү, АМТКнын паспортун жекелештирүү | Адис | 15 мүнөт | Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү, транспорт каражатынын паспортун басып чыгаруу жана мамлекеттик каттоо белгилерин ыйгаруу | |||
Жол-жобонун натыйжасы: 1) Арызды жана документтерди кабыл алуу; 2) Күбөлүк - транспорт каражатын сатуу-сатып алуу же алмаштыруу келишим зарыл болгондо | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 60 мүнөттөн ашык эмес | ||||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 3 | ||||||
3-жол-жобо. Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди жана мамлекеттик каттоо белгилерди берүү | ||||||
3.1. Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү | Адис | 5 мүнөт | Укукту күбөлөндүрүүчү документтердин бар болушу | - ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо. | ||
3.2 Мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү | Адис | 5 мүнөт | Мамлекеттик каттоо номердик белгилеринин бар болушу | |||
Жол-жобонун натыйжасы: Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк, мамлекеттик каттоо номердик белгилери | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 4 | ||||||
4-жол-жобо. АМТКны эсептен чыгаруу (мамлекеттин чегинен чыгуу менен, эсептен чыгаруу (жараксыздыкка чыгаруу) | ||||||
4.1. Мамлекеттин чегинен чыгуу менен АМТКны эсептен чыгарууда АМТКнын ээлери тийиштүү документтерди тапшырышат | Адис | 5 мүнөт | Документтердин ылайык келүүсүн аныктоо | - ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо. | ||
4.2 Документтер белгиленген талаптарга ылайык келгенде, маалыматтык базага өзгөртүүлөр киргизилип, кетүү өлкөнү жана ээсин көрсөтүү менен техникалык паспортто «өзгөчө белгилер» бөлүмүнө эсептен чыгаруу жөнүндө белги коюлат | Адис | 15 мүнөт | Укукту күбөлөндүрүүчү документтерде «өзгөчө белгилер» бөлүмүндө кетүү өлкө жана ээси көрсөтүлөт | |||
4.3. Мамлекеттик каттоо номердик белгилери алынат жана “ТРАНЗИТ” каттоо белгилери берилет. | Адис | 5 мүнөт | “ТРАНЗИТ” мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү | |||
4.4. АМТКны эсептен чыгарууда (жараксыздыкка чыгарууда) ээлери тийиштүү документтерди тапшырат | Адис | 5 мүнөт | Документтердин ылайык келүүсүн аныктоо | |||
4.5. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келгенде, маалыматтык базага өзгөртүүлөр киргизилип, АМТКны каттоо жөнүндө күбөлүктөр, АМТКнын каттоо номердик белгилери алынып, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды сатуу же колдонуу укугуна маалымкаттар берилет | Адис | 15 мүнөт | Электрондук маалыматтык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана маалымкаттарды берүү | |||
Жол-жобонун натыйжасы: АМТКны эсептен чыгаруу, укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, транзиттик номерлерди берүү, жараксыздыкка чыгаруу, маалымкаттарды берүү. | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес | ||||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритм)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Ички контролдоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин буйругу менен түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
2) Ички контролдоо кызмат адамдары жана кызматкер тарабынан административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгы аныкталган учурда, аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, бул маалымкатка административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарыл болгондо, белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары жана кызматкерлери тартиптик, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.8. Корутунду жоболор
9. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Шералиев Бакытбек Кемелевич, «Унаа» ММдин директорунун орун басары.
2. Канатбеков Руслан Канатбекович, «Унаа» ММдин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
3. Макеев Антон Павлович, «Унаа» ММдин контролдоо, талдоо, мониторинг жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмүнүн адиси.