Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2024-жылдын 12-декабрындагы № 04-13/418 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 20-апрели № 154-ни
Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесинин 8-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 13-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жаратылыш ресурстары башкармалыгы:
– буйрукту Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин расмий сайтына жана “Эркин-Тоо” газетасына үч жумушчу күндүн ичинде жайгаштырууну камсыз кылсын;
– расмий жарыялангандан кийин, буйрукту ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү маалымат иретинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрнин жаратылыш ресурстары маселесин тескеген орун басарына жүктөлсүн.
Министр | А.С. Джаныбеков |