Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 22-июну № 212
«Айдоочулар, механиктер, усталар, контролдоочу органдардын кызматкерлери үчүн транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштү эксплуатациялоо, пайдаланууну контролдоо жана техникалык тейлөө боюнча типтүү окутуу программаларын бекитүү жөнүндө»
«1970-жылдын 1-июлундагы Женева ш. түзүлгөн Эл аралык автомобилдик ташууларды жүргүзүүчү транспорт каражаттарынын экипаждарынын ишине тиешелүү Европа макулдашуусуна (ТКЕМ), Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы №516 «Автотранспорт каражаттарын айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин каттоочу контродук түзүлүш (тахограф) менен жабдуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жыдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
- «Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу айдоочуларды даярдоо» боюнча окутуу программасы, ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
- «Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү пайдаланууну контролдоочу адистерди даярдоо» боюнча окутуу программасы, ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык;
- «Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруучу адистерди даярдоо» боюнча окутуу программасы, ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык;
- «Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуучу, текшерүүчү, техникалык тейлөөчү жана оңдоочу адистерди даярдоо» боюнча окутуу программасы, ушул буйруктун 4-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаменти ушул буйруктун 1-пункттунда көрсөтүлгөн окутуу программаларын кызыкдар тараптарга жеткирсин.
3. Транспорт башкармалыгы ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин автомобиль транспорту чөйрөсүн тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.
Министрдин биринчи орун басары |
Т. Солтобаев |
Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар министрлигинин
2023-жылдын «22» июнундагы № 212
буйругуна 1-тиркеме
КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ ПРОГРАММАСЫ
«ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫНДА ОРНОТУЛУУЧУ КОНТРОЛДУК ТҮЗҮЛҮШТӨРДҮ ЭКСПЛУАТАЦИЯЛООНУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУЧУ АЙДООЧУЛАРДЫ ДАЯРДОО»
Бишкек – 2023 ж.
«Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу айдоочуларды даярдоо» квалификациясын жогорулатуу курсу боюнча
ОКУУ-ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАНЫ
Максаты: транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу.
Угуучулардын категориясы: айдоочулар жана орто кесиптик билими бар адистер.
Окутуунун мөөнөтү (1 модуль): 10 саат.
Окутуунун мөөнөтү (2 модуль): 18 саат
Окутуу формасы: күндүзгү, сырттан окуу
Сабактардын түрлөрү: лекциялар, практикалык сабактар.
Билим боюнча жыйынтыктоочу контролдун формасы: тестирлөө (сынак), аңгемелешүү.
Сабактардын режими: күнүнө 8 сааттан.
МОДУЛЬ 1
«Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу айдоочуларды даярдоо»
ОКУУ ПЛАНЫ
№ | Бөлүмдөрдүн жана темалардын аталышы | Баар-дык саат-тар | Сааттардын көлөмү | Конт-ролдоо фор-масы | |
Лекция-лар | Прак-тикалык сабак-тар | ||||
1. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар. | 1 | 1 | - | - |
2. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары | 1 | 1 | - | - |
3. | Контролдук түзүлүштү (тахографты) колдонуу эрежелери | 5 | 2 | 3 | - |
4. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдаланылуучу айдоочулардын карталарын берүү, алмаштыруу, жарактуулугун токтотуу жана жокко чыгаруу тартиби. | 1 | 1 | - | - |
5. | Жыйынтыктоочу аттестация | 2 | - | 2 | Зачет |
| Баардык сааттар | 10 | 5 | 5 |
|
МОДУЛЬ 2
«Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштурууну ишке ашыруучу адистерди даярдоо»
№ | Бөлүмдөрдүн жана темалардын аталышы | Баар-дык саат-тар | көлөмү | Конт-ролдоо фор-масы | |
Лекция-лар | Прак-тика-лык сабак-тар | ||||
1. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар. Контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруу. | 4 | 4 | - | - |
2. | Контролдук түзүлүштүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары, контролдук түзүлүштү эксплуатациялоо процессин уюштуруу. | 4 | 2 | 2 | - |
3. | Ишканада айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жол-жоболорун уюштурууда контролдук түзүлүштү пайдалануу эрежелери. | 7 | 2 | 5 | - |
4. | Санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдаланылуучу карталарды берүү жана колдонуу тартиби. | 1 | - | 1 | - |
5. | Жыйынтыктоочу аттестация | 2 | - | 2 | Зачет |
| Баардык сааттар | 18 | 8 | 10 |
|
ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАН
МОДУЛЬ 1
Тема 1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар
1.1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерине талаптарды жана айдоочулардын аларды сактоо боюнча милдеттерин белгилеген ченемдик укуктук актылар.
Тема 2. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары
2.1. Контролдук түзүлүш жана анын функциялары, контролдук түзүлүш өндүрүшүндө негизги тенденциялар жөнүндө жалпы маалымат.
2.2. Контролдук түзүлүштүн техникалык, конструктивдик жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү.
Тема 3. Контролдук түзүлүштү (тахографты) пайдалануу эрежелери
3.1. Контролдук түзүлүш менен иштөө эрежелери, анын ичинде:
- контролдук түзүлүштү башкаруу;
- керектүү документтерди толтуруу.
3.2. Контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдар айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерине коюлган талаптардын сакталышын контролдоочу түзүлүштөрдү пайдалануу менен текшерүүнү жүзөгө ашырууда айдоочулардын милдеттери.
Тема 4. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдаланылуучу айдоочулардын карталарын берүү, алмаштыруу, жарактуулугун токтотуу жана жокко чыгаруу тартиби
4.1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдаланылуучу айдоочулардын карталарын берүүнүн жана алмаштыруунун жол-жобосу.
4.2. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоодо карталарды колдонуунун эрежелери.
МОДУЛЬ 2
Тема 1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар. Контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруу
1.1. Контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоону өткөрүү жана уюштуруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук документтер.
1.2. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерине талаптар жана аларды сактоо боюнча айдоочулардын жана ишканалардын милдеттери.
1.3. Контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишканалардын ишмердүүлүгүн уюштуруу:
- контролдук түзүлүштөрдү орнотуу жана эксплуатациялоо;
- айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн түзүлүштөрдү колдонуу;
- атайын программалык камсыздоону пайдалануу.
1.4. Автомобилдик ташууларды ишке ашырууда, контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдардын айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин контролдоодогу текшерүүнүн түрлөрү жана курамы, ошондой эле алар тарабынан пайдалануучу контролдоо ыкмалары.
1.5. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоодо ишкананын персоналынын, анын ичинде айдоочунун милдеттери жана жоопкерчиликтери.
Тема 2. Контролдук түзүлүштүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары, контролдук түзүлүштү эксплуатациялоо процессин уюштуруу
2.1. Контролдук түзүлүштөр жана алардын функциялары жөнүндө жалпы маалыматтар.
2.2. Ар кандай типтеги (аналогдук, санариптик) контролдук түзүлүштөрдүн өзгөчөлүктөрү.
2.3. Контролдук түзүлүштөрдү эксплутациялоо процессин уюштуруунун жол-жобосу:
- контролдук түзүлүштөрдүн мезгил-мезгили менен тейлөөдөн өтүүсү;
- контролдук түзүлүштөрдү текшерүүлөр.
2.4. Ишкана тарабынан контролдук түзүлүштөрдү пайдалануу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин эсепке алууну (контролдоону) уюштуруунун өзгөчөлүктөрү.
Тема 3. Ишканада айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жол-жоболорун уюштурууда контролдук түзүлүштү пайдалануу эрежелери
3.1. Ишканада айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жол-жоболорун, ошондой эле атайын программалык камсыздоону: контролдук түзүлүштөрдү пайдалануу менен алынган маалыматтарды талдоону жана окууну уюштурууда контролдук түзүлүштөрдү практикалык түрдө пайдалануу.
3.2. Атайын программалык камсыздоо менен иштөө.
3.3. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу жөнүндө маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө таасир этүүчү контролдук түзүлүштөрдүн оң абалда эместигин жана аларды колдонуу эрежелеринин бузулууларын аныктоо.
Тема 4. Санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдалануучу карталарды берүү жана колдонуу тартиби
4.1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин контролдоочу санариптик түзүлүштөрдө пайдалануучу айдоочулардын карталарын берүүнүн жана алмаштыруунун жол-жобосу.
4.2. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин контролдоодо карталарды колдонуунун эрежелери.
Эскертүү. Окутуу топтук жана жеке ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Программанын айрым темаларын үйрөнүүгө бөлүнгөн сааттардын саны, аларды изилдөөнүн ырааттуулугу зарыл болгон учурларда программалардын мазмуну жана сааттардын жалпы саны боюнча толук толтурулган шартта өзгөртүлүүгө уруксат берилет.
Окууну аяктагандан жана аттестациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин, угуучулар белгиленген үлгүдөгү квалификацияны жогорулатуу жөнүндөгү күбөлүгүн алышат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар министрлигинин
2023-жылдын «22» июнундагы № 212
буйругуна 2 - тиркеме
КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ ПРОГРАММАСЫ
«ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫНДА ОРНОТУЛУУЧУ КОНТРОЛДУК ТҮЗҮЛҮШТӨРДҮ ПАЙДАЛАНУУНУ КОНТРОЛДООЧУ АДИИСТЕРДИ ДАЯРДОО»
«Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү пайдаланууну контролдоочу адистерди даярдоо»
квалификациясын жогорулатуу курсу боюнча
ОКУУ-ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАНЫ
Максаты: транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү пайдаланууну контролдоо жүргүзүүчү контролдук органдын адистеринин квалификациясын жогорулатуу.
Угуучулардын категориясы: жогорку кесиптик жана орто кесиптик билими бар адистер.
Окутуунун мөөнөтү: 34 саат.
Окутуу формасы: күндүзгү, сырттан окуу
Сабактардын түрлөрү: лекциялар, практикалык сабактар.
Билим боюнча жыйынтыктоочу контролдун формасы: тестирлөө (сынак), аңгемелешүү.
Сабактардын режими: күнүнө 8 сааттан, 5 күн.
ОКУУ ПЛАНЫ
№ | Бөлүмдөрдүн жана темалардын аталышы | Баар-дык саат-тар | Сааттардын көлөмү | Конт-ролдоо фор-масы | |
Лекция-лар | Прак-тикалык сабак-тар | ||||
1. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар. | 2 | 2 | - | - |
2. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары | 6 | 4 | 2 | - |
3. | Контролдоочу техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо тартиби. | 8 | 4 | 4 | - |
4. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоодо техникалык жана маалыматтык жабдууларды колдонуу эрежелери жана тартиби. | 16 | 4 | 12 | - |
5. | Жыйынтыктоочу аттестация | 2 | - | 2 | Зачет |
| Баардык сааттар | 34 | 14 | 20 |
|
ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАН
Тема1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар
1.1. Контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоону уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы ченемдик укуктук негиздер.
Тема 2. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары
2.1. Кыргыз Республикасынын территориясында айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) максатында колдонууга уруксат берилген контролдук түзүлүштөрдүн түрлөрү, жана алардын функциялары, техникалык, конструктивдик жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү.
2.2. Контролдук түзүлүштөрдөгү маалыматтарды окуу жана иштеп чыгуу үчүн колдонулуучу атайын жабдуулар жана программалык камсыздоолор.
2.3. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн санариптик түзүлүштөрдө пайдалануучу карталарды берүү жана колдонуу тартиби.
Тема 3. Контролдоочу техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо тартиби
3.1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо контролдук түзүлүштөрдү, анын ичинен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоодогу, ошондой эле контролдук түзүлүштөрдүн туура орнотулушун жана каттоо баракчаларынын, санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдаланылуучу карталардын колдонулушун контролдоодогу текшерүүнүн түрлөрү жана курамы.
3.2. Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттик контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдардын контролдук түзүлүштөрдү пайдалануу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин бузууну аныктоо, ошондой эле айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдери жөнүндө маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө таасирин тийгизген контролдук түзүлүштөрдүн оң эмес абалда экендигин жана аларды колдонуу эрежелеринин бузулгандыгы боюнча укуктук колдонуу практикасы.
3.3. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдери жаатындагы бузуулары үчүн жоопкерчиликти колдонуу тутуму, чечимдерди кабыл алуу критерийлери.
Тема 4. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоодо техникалык жана маалыматтык жабдууларды колдонуу эрежелери жана тартиби
4.1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн атайын техникалык жабдууларды жана программалык камсыздоону практикалык түрдө пайдалануу:
- контродук түзүлүштөр, окугучтар, башка атайын жабдуулар жана программалык камсыздоолор менен иштөө;
- реалдуу шарттарда контролду (көзөмөлдү) өткөрүү.
Эскертүү. Окутуу топтук жана жеке ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Программанын айрым темаларын үйрөнүүгө бөлүнгөн сааттардын саны, аларды изилдөөнүн ырааттуулугу, зарыл болгон учурларда программалардын мазмуну жана сааттардын жалпы саны боюнча толук толтурулган шартта өзгөртүлүүгө уруксат берилет.
Окууну аяктагандан жана аттестациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин, угуучулар белгиленген үлгүдөгү квалификацияны жогорулатуу жөнүндөгү күбөлүгүн алышат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар министрлигинин
2023-жылдын «22» июнундагы № 212
буйругуна 3- тиркеме
КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ ПРОГРАММАСЫ
«ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫНДА ОРНОТУЛУУЧУ КОНТРОЛДУК ТҮЗҮЛҮШТӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН АЙДООЧУЛАРДЫН ЭМГЕК ЖАНА ЭС АЛУУ РЕЖИМДЕРИН КОНТРОЛДОО БОЮНЧА ИШКАНАНЫН ИШИН УЮШТУРУУЧУ АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО»
«Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруучу адистерди даярдоо»
квалификациясын жогорулатуу курсу боюнча
ОКУУ-ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАНЫ
Максаты: транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруучу адистердин квалификациясын жогорулатуу.
Угуучулардын категориясы: жумушчулар (айдоочулар) жана орто кесиптик билими бар адистер.
Окутуунун мөөнөтү (1 модуль): 10 саат.
Окутуунун мөөнөтү (2 модуль): 18 саат
Окутуу формасы: күндүзгү, сырттан окуу
Сабактардын түрлөрү: лекциялар, практикалык сабактар.
Билим боюнча жыйынтыктоочу контролдун формасы: тестирлөө (сынак), аңгемелешүү.
Сабактардын режими: күнүнө 8 сааттан.
ОКУУ ПЛАНЫ
МОДУЛЬ 1
« Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруучу адистерди даярдоо»
№ | Бөлүмдөрдүн жана темалардын аталышы | Баар-дык саат-тар | Сааттардын көлөмү | Конт-ролдоо фор-масы | |
Лекция-лар | Прак-тикалык сабак-тар | ||||
1. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар. | 1 | 1 | - | - |
2. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары | 1 | 1 | - | - |
3. | Контролдук түзүлүштү (тахографты) колдонуу эрежелери | 5 | 2 | 3 | - |
4. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдаланылуучу айдоочулардын карталарын берүү, алмаштыруу, жарактуулугун токтотуу жана жокко чыгаруу тартиби. | 1 | 1 | - | - |
5. | Жыйынтыктоочу аттестация | 2 | - | 2 | Зачет |
| Баардык сааттар | 10 | 5 | 5 |
|
МОДУЛЬ 2
«Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруучу адистерди даярдоо»
№ | Бөлүмдөрдүн жана темалардын аталышы | Баар-дык саат-тар | көлөмү | Конт-ролдоо фор-масы | |
Лекциялар | Прак-тикалык сабак-тар | ||||
1. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар. Контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруу. | 4 | 4 | - | - |
2. | Контролдук түзүлүштүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары, контролдук түзүлүштү эксплуатациялоо процессин уюштуруу. | 4 | 2 | 2 | - |
3. | Ишканада айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жол-жоболорун уюштурууда контролдук түзүлүштү пайдалануу эрежелери. | 7 | 2 | 5 | - |
4. | Санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдаланылуучу карталарды берүү жана колдонуу тартиби. | 1 | - | 1 | - |
5. | Жыйынтыктоочу аттестация | 2 | - | 2 | Зачет |
| Баардык сааттар | 18 | 8 | 10 |
|
ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАН
МОДУЛЬ 1
Тема1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар
1.1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерине талаптарды жана айдоочулардын аларды сактоо боюнча милдеттерин белгилеген ченемдик укуктук актылар.
Тема 2. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары
2.1. Контролдук түзүлүш жана анын функциялары, контролдук түзүлүш өндүрүшүндө негизги тенденциялар жөнүндө жалпы маалымат.
2.2. Контролдук түзүлүштүн техникалык, конструктивдик жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү.
Тема 3. Контролдук түзүлүштү (тахографты) пайдалануу эрежелери
3.1. Контролдук түзүлүш менен иштөө эрежелери, анын ичинде:
- контролдук түзүлүштү башкаруу;
- керектүү документтерди толтуруу.
3.2. Контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдар айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерине коюлган талаптардын сакталышын контролдоочу түзүлүштөрдү пайдалануу менен текшерүүнү жүзөгө ашырууда айдоочулардын милдеттери.
Тема 4. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдаланылуучу айдоочулардын карталарын берүү, алмаштыруу, жарактуулугун токтотуу жана жокко чыгаруу тартиби
4.1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдаланылуучу айдоочулардын карталарын берүү жана алмаштыруу тартиби.
4.2. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоодо карталарды колдонуунун эрежелери.
МОДУЛЬ 2
Тема 1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар. Контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишкананын ишин уюштуруу
1.1. Контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоону өткөрүү жана уюштуруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук документтер.
1.2. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерине талаптар жана аларды сактоо боюнча айдоочулардын жана ишканалардын милдеттери.
1.3. Контролдук түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо боюнча ишканалардын ишмердүүлүгүн уюштуруу:
- контролдук түзүлүштөрдү орнотуу жана эксплуатациялоо;
- айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо үчүн түзүлүштөрдү колдонуу;
- атайын программалык камсыздоону пайдалануу.
1.4. Автомобилдик ташууларды ишке ашырууда, контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдардын айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин контролдоодогу текшерүүнүн түрлөрү жана курамы, ошондой эле алар тарабынан пайдалануучу контролдоо ыкмалары.
1.5. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоодо ишкананын персоналынын, анын ичинде айдоочунун милдеттери жана жоопкерчиликтери.
Тема 2. Контролдук түзүлүштүн мүнөздөмөлөрү жана функциялары, контролдук түзүлүштү эксплуатациялоо процессин уюштуруу
2.1. Контролдук түзүлүштөр жана алардын функциялары жөнүндө жалпы маалыматтар.
2.2. Ар кандай типтеги (аналогдук, санариптик) контролдук түзүлүштөрдүн өзгөчөлүктөрү.
2.3. Контролдук түзүлүштөрдү эксплутациялоо процессин уюштуруунун жол-жобосу:
- контролдук түзүлүштөрдүн мезгил-мезгили менен тейлөөдөн өтүүсү;
- контролдук түзүлүштөрдү текшерүү.
2.4. Ишкана тарабынан контролдук түзүлүштөрдү пайдалануу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин эсепке алууну (контролдоону) уюштуруунун өзгөчөлүктөрү.
Тема 3. Ишканада айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жол-жоболорун уюштурууда контролдук түзүлүштү пайдалануу эрежелери
3.1. Ишканада айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жол-жоболорун, ошондой эле атайын программалык камсыздоону: контролдук түзүлүштөрдү пайдалануу менен алынган маалыматтарды талдоону жана окууну уюштурууда контролдук түзүлүштөрдү практикалык түрдө пайдалануу.
3.2. Атайын программалык камсыздоо менен иштөө.
3.3. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдери жөнүндө маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө таасир этүүчү контролдук түзүлүштөрдүн оң абалда эместигин жана аларды колдонуу эрежелеринин бузулууларын аныктоо.
Тема 4.Санариптик контролдук түзүлүштөрдө пайдалануучу карталарды берүү жана колдонуу тартиби
4.1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин контролдоочу санариптик түзүлүштөрдө пайдалануучу айдоочулардын карталарын берүүнүн жана алмаштыруунун жол-жобосу.
4.2. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин контролдоодо карталарды колдонуунун эрежелери.
Эскертүү. Окутуу топтук жана жеке ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Программанын айрым темаларын үйрөнүүгө бөлүнгөн сааттардын саны, аларды изилдөөнүн ырааттуулугу, зарыл болгон учурларда программалардын мазмуну жана сааттардын жалпы саны боюнча толук толтурулган шартта өзгөртүлүүгө уруксат берилет.
Окууну аяктагандан жана аттестациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин, угуучулар белгиленген үлгүдөгү квалификацияны жогорулатуу жөнүндөгү күбөлүгүн алышат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар министрлигинин
2023-жылдын «22» июнундагы № 212
буйругуна 4 - тиркеме
КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ ПРОГРАММАСЫ
«ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫНДА ОРНОТУЛУУЧУ КОНТРОЛДУК ТҮЗҮЛҮШТӨРДҮ ОРНОТУУЧУ, ТЕКШЕРҮҮЧҮ, ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨЧҮ ЖАНА ОҢДООЧУ АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО»
«Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуучу, текшерүүчү, техникалык тейлөөчү жана оңдоочу адистерди даярдоо»
квалификациясын жогорулатуу курсу боюнча
ОКУУ-ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАНЫ
Максаты: транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуучу, текшерүүчү, техникалык тейлөөчү жана оңдоочу, көрсөтүлгөн иштердин коопсуз өндүрүшүн камсыз кылуучу сервистик борбордун (устакананын) адистеринин квалификациясын жогорулатуу.
Угуучулардын категориясы: жогорку кесиптик жана орто кесиптик билими бар адистер.
Окутуунун мөөнөтү: 80 саат.
Окутуу формасы: күндүзгү, сырттан окуу
Сабактардын түрлөрү: лекциялар, практикалык сабактар.
Билим боюнча жыйынтыктоочу контролдун формасы: тестирлөө (сынак), аңгемелешүү.
Сабактардын режими: күнүнө 8 сааттан, 10 күн.
ОКУУ ПЛАНЫ
№ | Бөлүмдөрдүн жана темалардын аталышы | Баар-дык саат-тар | Сааттардын көлөмү | Конт-ролдоо фор-масы | |
Лекция-лар | Прак-тикалык сабак-тар | ||||
1. | Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар. | 2 | 2 | - | - |
2. | Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуучу, текшерүүчү, техникалык тейлөөчү жана оңдоочу сервистик борбордун (устакананын) ишин уюуштуруу. | 4 | 4 | - | - |
3. | Контролдук түзүлүштүн мүнөздөмөлөрү жана функциясы. | 6 | 6 | - | - |
4. | Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуу, текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди аткаруунун тартиби жана технологиясы. | 28 | 8 | 20 | - |
5. | Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуу, текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруунун практикалык көндүмдөрүн алуу. | 30 | 5 | 25 |
|
6. | Жыйынтыктоочу аттестация | 2 | - | 2 | Зачет |
| Баардык сааттар | 72 | 25 | 47 |
|
ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАН
Тема 1. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоо жаатындагы мыйзамдар
1.1. Техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимдерин контролдоону уюштуруу жана өткөрүү.
1.2. Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуучу, текшерүүчү, техникалык тейлөөчү жана оңдоочу сервистик борбордун (устакананын) ишмердүүлүгүн уюуштуруу.
Тема 2. Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуучу, текшерүүчү, техникалык тейлөөчү жана оңдоочу сервистик борбордун (устакананын) ишин уюуштуруу
2.1 Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуучу, текшерүүчү, техникалык тейлөөчү жана оңдоочу сервистик борборго (устаканага) талаптар.
2.2. Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуучу, текшерүүчү, техникалык тейлөөчү жана оңдоочу сервистик борбордун (устакананын) ишмердүүлүгүн уюуштуруунун жол-жоболору.
2.3. Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуу, текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө сервистик борборго (устаканага) уруксат берүүнүн жол-жоболору.
Тема 3. Контролдук түзүлүштүн мүнөздөмөлөрү жана функциясы
3.1. Контролдук түзүлүштөр жана алардын функциялары жөнүндө жалпы маалыматтар.
3.2. Контролдук түзүлүштөрдү чыгаруунун негизги тенденциялары.
3.3. Ар кандай типтеги (аналогдук, санариптик) контролдук түзүлүштөрдүн техникалык, конструктивдик жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү.
Тема 4. Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуу, текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди аткаруунун тартиби жана технологиясы
4.1. Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуу, текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди аткаруунун түрү жана технологиясы.
4.2. Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуу, текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди аткаруунун тартиби жана жол-жобосу жана аларды документтештирүү.
Тема 5. Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуу, текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруунун практикалык көндүмдөрүн алуу
5.1. Транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуу, текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча ишмердүүлүк менен алектенип иштеп жаткан сервистик борборлордун (устакананын) базасында транспорт каражаттарында орнотулуучу контролдук түзүлүштөрдү орнотуу, текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү.