Загрузка документа…
| № 2-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 177-Б буйругу менен бекитилген |
Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында уюмдар тарабынан укуктук-уюштуруу түрүнө жана менчик түрүнө карабай ишетеп жаткан кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө тартибин, анын ичинде жүргүзүлгөн техникалык иликтөөнүн материалдарын талдоо, тариздөө, каттоо жана эсепке алуу тартиптерин аныктайт.
2. Ушул жобо кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын курмамына кирген министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын кызматкерлери үчүн ошондой эле, кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын жана инциденттердин жагдайларын жана себептерин иликтөө керектиги менене, ага катышууга тартылган жана өзүнүн иш жана кызматтык милдеттерине байланышкан милдеттүү талартарды белгилейт.
3. Кооптуу өндүрүштүк объекттерде пайда болгон ар бир кырсык, инциденттердин себептери техникалык иликтенет.
4. Азыркы Жобо менен белгиленген иликтөө тартибин жана кырсыктарды эсепке алуу ошондой эле, кырсыкты пайда кылган себептерди жоюу боюнча иш-чараларды өз убагында аткаруунун сактоосун көзөмөлдөөнү өнөр жай коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу контролдоочу жана көзөмөлдөөчү орган ишке ашырат (мындан ары – көзөмөлдөөчү орган).
2. Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын жана себептерин техникалык иликтөө комиссиясынын иш тартиби
5. Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө кырсыктын себептери менен жагдайларын, келтирилген зыяндын көлөмүн, кырсыкка күнөөлүү жооптуу адамдарды аныктоого, ошондой эле кырсыктын кесепеттерин жоюу чараларын жана бул сыяктуу кырсыктардын ушул жана башка кооптуу өндүрүштүк объекттерде болтурбоо боюнча алдын алуучу иш- чараларды иштеп чыгууга багытталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы №733 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомунда белгиленгшен жиктелиште өзгөчө кырдаалдарга алып келген кырсыктар, өзгөчө кырдаал катары иликтенет.
Кырсыктын кесепетинен кокустукка учуроо жагдайы орун алса (оор, топ адамдар катышкан, адам өмүрүн алган) кырсыктын себептерин аныктоо (оор, топ адамдар катышкан, адам өмүрүн алган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 токтому менен бекитилген Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
6. Кооптуу өндүрүштүк объекттерде кырсык же инцидент келип чыккан учурда кооптуу өндүрүштүк объектти пайдаланып жаткан уюм:
- тезинен бир күндүн ичинде ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык өндүрүштүк коопсуздук жагынан контролдук жана көзөмөлдүк функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, жогору турган органга (эгер андай орган болсо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аймактык кесиптик бирикмелерине кырсык жана инцидент тууралуу жазуу түрүндө билдирет;
- коркунучтуу заттардын төгүлүшү, тарашы, жарылуу же өрт менен коштолгон кырсыктарда жарандарды коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоочу мамлекеттик органдарга кошумча билдирет;
- эгер кырсыктын кесепеттерин жоюуг жана адамдардын өмүрү менен ден соолугун сактоо зарылдыгы жок болсо, кырсык болгон жердеги абалды иликтөө башталганча өзгөртпөй сактайт;
- жумушчулардын өмүрү менен ден соолугун жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча чараларды кабыл алат.
7. Кооптуу өндүрүштүк объектте болгон кырсыктын себептерин техникалык иликтөө, тийиштүү өнөр жай тармагындагы ыйгарым укуктуу органын өкүлү жетектеген (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын себептерин техникалык иликтөө боюнча атайын комиссиясы (мындан ары-комиссия), же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн мамлекеттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
Кырсык туурасында ыкчам кабар келгенден кийин 3 суткадан кечиктирбеген мөөнөттө көзөмөлдөөчү органынын буйругу менен комиссия түзүлөт.
8. Экологиялык жана материалдык маанилүү залалы менен масштабдуу мүнөзгө ээ болгон кооптуу өндүрүштүк объекттердеги кырсыктардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн мамлекеттик комиссия жүргүзөт.
9. Комиссиянын курамына төмөндөгүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлигинин мамлекеттик органдары ошонун катарында, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- тармактык профсоюзу;
- кооптуу объектти пайдаланып жаткан уюму же анын үстүндө турган уюму (эгер андай бар болсо).
Комиссиянын курамына коммерицялык эмес уюмдардын өкүлдөрү дагы кириши мүмкүн.
Комиссия кырсыктын себептери боюнча иликтөөгө өнөр жай коопсуздук, изилдөө, долбоорлоо, илимий-изилдөө жана камсыздандыруу, жабдыктарды даярдоо боюнча тажрыйбалык-конструктордук иштери жагынан эксперттик уюмдарды жана адистерди тарта алат.
Кооптуу өндүрүштүк объектте болгон кырсык курулмалардын же техникалык түзүлмөлөрдүн кыйрашы, контролдоого мүмкүн болбогон жарылуу жана зыяндуу заттардын таркашы менен байланышкан, кырсыктын себептерин техникалык иликтөөчү комиссиянын курамына айлана-чөйрөнү коргоо тармагын контролдогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын миледттүү өкүлү кирет, ошондой эле кырсыктын кесепеттери жөнүндө маалыматтарды жана булгануунун деңгээлин тактоого, сапаттык жана сандык ченөөлөрдү жүргүзүү үчүн бектилген тартипте аккредиттелген тиешелүү эксперттер (эксперттик уюмдар) жана лабораториялар тартылат.
Кырсыктын кесепетинен өндүрүштө уулануу же катуу кесиптик оору чыкса, комиссиянын ишине сөзсүз түрдө санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү катышат.
Комиссиянын курамына кирген өкүлдөрдүн саны так санда болушу керек. бир мамлекеттик органдан дайындалган комиссиянын мүчөлөрүнүн саны комиссиянын жалпы курамынын үчтөн бир бөлүгүгнөн ашпашы керек.
10. Кыргыз Республикасынын “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кооптуу өндүрүштүк объекттерде өлүм натыйжалыгына алып келген кырсыктарда себептерин аныктоо үчүн техникалык иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү чечимин кабыл алат.
11. Комиссия түзүлгөн күндөн тартып он беш күндүн ичинде кырсыктын себептери боюнча ушул Жобонун № 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча техникалык иликтөөнүн актысын түзөт (мындан ары- иликтөө актысы) жана башка керектүү материалдарды даярдайт.
Кооптуу өндүрүштүк объектте кырсыктан улам (оор, топ адамдар катышкан, адам өмүрүн алган) кокустука учураган кезде комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27-февралындагы 2001-жылдагы токтому менен бекитилген “Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсебин алуу жөнүндө” жобо менен бекитилген форма боюнча тийиштүү актысы түзүү менен кырсыктын (оор, топ адамдар катышкан, адам өмүрүн алган) себептери иликтенет.
12. Иликтөө актысына кырсыктын себептери боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Эгер комиссия мүчөсү актыга кол коюудан баш тартса, бул документке эмне үчүн баш тартып жатканынын түшүндүрмөсү тиркелет.
13. Кырсыктын мүнөзүнө жараша жана кошумча тергөө жана экспертиза жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу кырсыктын себептери боюнча техникалык иликтөө мөөнөтү комиссиянын төрагасынын кызматтык катынын негизинде көзөмөлдөөчү органдын буйругу менен 15 жумуш күндөн ашпаган убакытка узартылынат.
Кырсыктын себептерин техникалык иликтөө мөөнөтүн узартуу буйругу жана мөөнөттү узартуу себептерине негиздеме иликтөө актысына кошо тиркелет.
14. Кырсыктын себептери боюнча комиссия иликтөөнүн жүрүшүндө төмөнкү иш чараларды аткарат:
1) карап чыгуу, сүрөткө түшүрүү, тасмага түшүрүү, кырсыктын орунун схемасы менен эскизин түзөт, кырсыктын орунун карап чыгуу боюнча протокол түзөт;
2) куткаруу бөлүнүштөр менен өз ара аракетте болот, аскердешкен тоо-куткаруу бөлүктөрүнүн, газ-куткаруу кызматтарынын, аскердешкен тоо-куткаруу бөлүктөрдүн кырсыкты жоюу иштеринин жүрүшү боюнча ыкчам журналын карайт;
3) кырсыктын күбөлөрүнө жана кызмат адамдарына сурамжылоо жүргүзөт жана алардан жазуу түрүндө түшүндүрмө алат;
4) кырсыктын болушуна өбөлгө болгон кырдаалдарды тактайт, алардын пайда болуу себептерин аныктайт;
5) технологиялык процесстердин бузулуу мүнөзүн, жабдыктарды пайдалануу талаптарын текшерет;
6) өндүрүштүк көзөмөлдүн абалын текшерет;
7) кырсыктарды алдын алуу үчүн өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын тиешелүү деңгээлде аткарылышын баалайт;
8) мамлекеттик көзөмөл органдарынын кырсыкка алып келген себептерди эртелей аныктоого байланыштуу текшерүү актыларын жана бул жагдайлар өз убагында жоюлбаганын же мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан мындай эч нерсе болбогонун текшерет;
9) объектинин же технологиялык процесстердин долбоордук чечимдерге дал келээрин текшерет;
10) долбоордук чечимдердин, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана алардын аткарылышынын мыйзамдуулугун текшерет;
11) жабдыктардын талаптагыдай пайдаланылышын текшерет;
12) персоналдардын коргонуу каражаттарынын бардыгын жана жарактуулугун текшерет;
13) кооптуу өндүрүштүк объектти тейлеген персоналдын жана ИТР классификациясын текшерет;
14) объектини пайдаланууда келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу келишиминин бардыгын текшерет;
15) объектини пайдалануу боюнча техникалык документациянын сапатын текшерет;
16) күбөлөрдү сурамжылоо, техникалык документацияны карап чыгуу, эксперттик бүтүмдөр, тергөө экспериментинин, кырсык болгон жерди карап чыгуунун негизинде кырсыктын себебин аныктайт жана анын өнүгүү сценарийин тактайт;
17) кырсыкка себеп болгон өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптардын бузулушун жана ага жол берген жооптуу адамдарды аныктайт;
18) өнөр жай коопсуздугун жана анын кырсыксыз иштешин камсыздаган өндүрүштүк көзөмөл кызматынын жана анын бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин ишин талдайт;
19) кырсыктын себебин жоюу боюнча жана бул сыяктуу кырсыктарды алдын алуу боюнча чараларды сунуштайт;
20) тиешелүү тартипте келтирилген зыяндын өлчөмүн алдын ала аныктайт, анын ичинде түз жоготуулар, социалдык-экономикалык жоготуулар жана токтоп пайдаланылбай калган чыгымдарга келген жоготуулар.
15. Курулуштардын жана техникалык каражаттардын кыйрашынын себептерин жана мүнөзүнө экспертиза жүргүзүү үчүн комиссиянын төрагасынын чечими менен эксперттик топтор түзүлүп, алардын бүтүмдөрү иликтөө актысына тиркелет.
16. Кырсык болгон объектидеги уюм тарабынан кырсыктан келген чыгым (экономикалык жана экологиялык чыгым) эсептелет, ага уюмдун жетекчиси жана бухгалтери кол коет. Чыгымды эсептөө эксплуатациялоочу уюм тарабынан жүргүзүлөт жана тергөө актысына тиркелет.
Кырсыктын себептери боюнча комиссиянын төрагасынын тапшырмасы менен кырсыктан келген чыгымдын эсеби боюнча документтер тиешелүү эксперттик уюмдардын бүтүмүн алуу үчүн аларга жолдонушат.
17. Кырсыктын себептери боюнча техникалык иликтөө жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен уюмдун жетекчиси үч күндүн ичинде кырсыктын себебин жана кесепеттерин жоюу чараларын аныктоо боюнча, өндүрүштүн кырсыксыз туруктуу иштеши боюнча буйрук чыгарат.
Кырсыктын себептери боюнча техникалык иликтөө жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен бир айдын ичинде көзөмөлдөөчү орган Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу боюнча укуктук нормативдик актылардын талаптарын бузганга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды аныктоого милдеттүү.
18. Кырсыктын себептери боюнча комиссия тарабынан сунушталган иш чаралардын аткарылышы боюнча жазуу жүзүндөгү маалыматты бул иш чаралардын ар бир пунктун аткарууга комиссия тарабынан берилген мөөнөт аяктагандан кийин он күндүн ичинде уюмдун жетекчиси тиешелүү ыйгарым укуктуу органга жана кырсыктын себебин аныктоо боюнча техникалык иликтөөгө катышкан уюмдарга жөнөтүшү керек.
19. Кырсыктын себептерин аныктоо боюнча техникалык иликтөө жүргүзүүгө кеткен чыгымдар кырсык болгон кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланган уюм тарабынан каржыланат.
3. Кооптуу өндүрүштүк объектидеги кырсыктын себептерин аныктоо боюнча техникалык иликтөөнүн материалдарын тариздөө, каттоо жана анализдөө тартиби
20. Кооптуу өндүрүштүк объектидеги кырсыктын себептерин аныктоо боюнча техникалык иликтөөнүн материалдары (мындан ары – техникалык иликтөөнүн материалдары) өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кырсыктын себептерин аныктоо боюнча техникалык иликтөө жүргүзүүчү комиссияны дайындоо боюнча көзөмөлдөөчү органдын буйругу же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими;
2) кырсыктын себеби боюнча иликтөөнүн актысы;
3) кырсык болгон жерди карап чыгуу боюнча протокол – зарыл болгон түстүү графикалык, фото-видео материалдары менен;
4) комиссиянын төрагасынын эксперттик топ дайындоо (эгер буга зарылчылык бар болсо) боюнча жазуу жүзүндөгү чечими, комиссиянын төрагасынын жана башка чечимдери;
5) эксперттердин (эксперттик топтордун) кырсыктын себептери, жагдайлары боюнча тиешелүү эсептөөлөрү, графикалык материалдары ж.б. камтылган бүтүмдөрү;
6) кырсыкты жоюу иштерине катышкан аскердешкен тоо-куткаруу бөлүктөрүнүн, газ-куткаруу кызматынын, башка уюмдардын кырсыкты жоюу иштеринин жүрүшү боюнча докладдык каттары;
7) күбөлөрдү сурамжылоо протоколдору жана кырсыкка катышы бар адамдардын жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды сактоо милдети жүктөлгөн кооптуу өндүрүш объектисин пайдаланган уюмдун жооптуу адамдарынын түшүндүрмөлөрү;
8) кооптуу өндүрүш объектисин тейлеген персоналды окутуу жана аттестациялоо боюнча протоколдор менен күбөлүктөрдүн тастыкталган көчүрмөлөрү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча инструктаждар журналдарынын тастыкталган көчүрмөсү;
9) кырсыктан келген зыяндын өлчөмү жана экономикалык чыгымдарды баалоо (анын ичинде экологиялык чыгымдар да бар) боюнча маалымат каттар;
10) объектини пайдаланууда келтирилчү зыян боюнча камсыздандыруу (полис) келишимдеринин көчүрмөлөрү;
11) өнөр жай коопсуздугу боюнча укуктук нормативдик актылардын талаптарынын бузулушу боюнча маалыматтар (так пункттар көрсөтүлөт);
12) кырсык туурасында тиешелүү органга өз убагында кабарлабай коюунун себептери жөнүндөгү маалымат кат (бир суткадан ашык кечиктирилсе);
13) кырсыктын себептерин иликтөөнүн мөөнөтүн узартуу боюнча тиешелүү органдын буйругу (эгер иликтөө мөөнөтү узартылса).
21. Кырсыктын себептерин аныктоо боюнча техникалык иликтөөнүн материалдарынын тизмеси комиссиянын төрагасы тарабынан кырсыктын мүнөзү жана жагдайларына жараша аныкталат. Техникалык иликтөө материалдарына бардык тиркелген документтердин тизими (опись) тиркелет.
22. Кырсыктын себептерин аныктоо боюнча комиссиянын кароосуна тиешелүү документтердин түп нускасы кабыл алынат, зарыл болгон учурларда алардын көчүрмөсү жана выпискасы калтырылат. Документтердин көчүрмөсү жана\же выпискасы кырсык болгон уюмдун жооптуу өкүлү тарабынан тастыкталат. Берилген документтерде туура эмес таризделген оңдоолор, кошумча, өзгөртүүлөр болбошу керек (тиешелүү тартипте тастыкталбаган).
23. Иликтөө аяктагандан кийин үч иш күндөн кеч эмес мөөнөттүн ичинде объектисинде же техникалык жабдуусунда кырсык болгон уюм техникалык иликтөөнүн материалдарынын бир комплектисин тиешелүү органдарга, ыйгарым укуктуу органга, кырсыктын себебин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн техникалык иликтөөгө катышкан уюмдарга жана башка комиссия тарабынан аныкталган уюмдарга жөнөтүүгө тийиш.
Комиссиянын чечими менен кырсыкты иликтөө материалдары андан ары иликтөө зарыл болгон учурларда ишкана жайгашкан аймактагы прокуратура органдарына жиберилет.
24. Кырсык кооптуу өндүрүш объектисин пайдаланган уюм тарабынан атайын журналга ушул Жобонун 3-тиркемесинде бекитилген үлгү боюнча каттоого алынат.
Кооптуу өндүрүш объектисин пайдаланган уюм контролдоочу органдын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын негиздүү талабы менен кырсыкты чыгуу себептери жана аларды жоюу боюнча көрүлгөн чаралар туурасында маалыматтарды суроо-талап келгенден кийин үч күндүн ичинде бериши керек.
25. Контролдоочу орган болгон кырсык туурасындагы маалыматтарды, анын себептери, бул сыяктуу кырсыктарды алдын алуу чаралары туурасындагы маалыматтарды каттап, жалпылап, анализдөөнү тиешелүү тартипте уюштурат.
4. Кооптуу өндүрүш объектилериндеги кырсыктардын себептерин иликтөө, аларды каттоо жана анализдөөнүн тартиби
26. Кооптуу өндүрүш объектилериндеги кырсыктардын себептерин иликтөө, аларды каттоо жана анализдөөнүн тартиби кооптуу өндүрүш объектисин пайдаланган уюм тарабынан бекитилген тартипте жүргүзүлөт.
27. Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн кооптуу объектини пайдаланып жаткан уюмдун жетекчиси тарабынан комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына так сандагы мүчөлөр кирет. Контролдоочу органдын өкүлүнүн катышуу зарылдыгын кооптуу объектини пайдаланып жаткан уюмдун жетекчиси чечет.
28. Кырсыктын себептерин аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы эксплуатация кылган уюм тарабынан бекитилген үлгү боюнча кырсыктын себептерин иликтөө актысы менен таризделет. Кырсыктардын себептерин иликтөө акты өз ичине кырсык болгон күндү жана ордун, анын себептери жана жагдайлары, аны жоюу үчүн көрүлгөн чаралар, өндүрүштүн токтоп калуу узактыгы, материалдык чыгымдар, анын ичинде айлана-чөйрөгө келтирилген зыян жана кырсыктын чыгышына себеп болгон шарттарды жоюу чаралары туурасындагы маалыматтарды камтышы керек.
29. Кооптуу өндүрүш объектилериндеги кырсыктарды каттоо атайын журналда ушул Жободогу 4-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
30. Бир кварталдан кем эмес убакыт сайын кооптуу объектини пайдаланып жаткан уюм контролдоочу органга кырсыктар туурасында маалымат берилип турушу керек, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кырсыктардын саны;
2) кырсыктардын мүнөзү;
3) кырсыктардын чыгуу себептеринин талдоосу;
4) кырсыктардын чыгуу себептерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар.
31. Контролдоочу орган көзөмөл кылуу процессинин жүрүшүндө кооптуу өндүрүш объектилериндеги кырсыктардын себептерин техникалык иликтөөнүн тууралыгын жана бул иликтөөлөрдүн натыйжасында көрүлгөн чаралардын жетиштүүлүгүн текшерип турушат.
| Кооптуу өндүрүш объектилериндеги кырсыктар менен коогалаңдардын себептерин табуу үчүн техникалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө № 1-тиркемеси |
| Үлгү |
КЫРСЫК ТУУРАСЫНДА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
| Көзөмөлдөөгө болбой турган жарылуу | |
| Зыяндуу заттардын ыргытылышы |
|
| Курулмалардын кыйрашы |
|
| Техникалык жабдыктардын керектен чыгышы, кыйрашы |
|
| Иш тартибинин бузулушу |
|
| Авариялык өчүрүү |
|
| Башка (көрсөтүлөт) |
|
Жабырлануучулардын бардыгы**:
__________________________________________________________________
Кырсык болгон күн жана убактысы:
__________________________________________________________________
Уюмдун аталышы:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Уюмдун жайгашкан орду (область, район, шаар ж.б.):
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Кырсыктын ору (өндүрүш, участок, цех ж.б.):
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Кырсыктын жагдайлары жана кесепеттери (анын ичинде жаракаттануу да кирет):
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Кырсыкты жоюуга катышкан уюмдар:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Маалымдаган: фамилия, аты-жөнү, кызматы, телефон, койгон колу:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Кабыл алган: фамилия, аты-жөнү, кызматы, телефон, койгон колу:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Кабыл алынган күнү жана убактысы:
__________________________________________________________________
Маалымат берүүнү бекитилген мөөнөттөн кечиктирүүнүн себептери (24 саттан ашык кечиктирилсе):
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Эскертүү:
* - галка менен белгилөө
** - Жабырлануучулардын саны, анын ичинде каза болгондордун саны көрсөтүлөт. Бул учурда чукул маалыматка кырсыкка учурагандар туурасында (оор, топ адамдар катышкан, адам өмүрүн алган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 “Кооптуу өндүрүш объектилериндеги кырсыктарды каттоо жана иликтөө жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндөгү” токтому менен бекитилген өндүрүштөгү кырсыктарды каттоо жана иликтөө жөнүндөгү Жободо келтирилген чукул маалымат кошо тиркелет.
| № 1-тиркемеге Кошумча |
Коркунучтуу химиялык заттар, жарылгыч заттар, күйүүчү суюктуктар жана газ куурларындагы кырсык туурасында
МАЛЫМАТ
1. Объекттин аталышы, трассадагы км номери:
_______________________________________________________________
2. Объекттин каттоо номери:
_______________________________________________________________
3. Заттын аталышы:
_______________________________________________________________
4. Заттын чыгуу көлөмү, м3:
_______________________________________________________________
5. Түтүк кууру боюнча маалымат:
5.1. Диаметр, мм________________________________________________
5.2. Куурлардын калыңдыгы, мм __________________________________
5.3. Болоттун маркасы ___________________________________________
5.4. Эксплуатацияга берилген жылы________________________________
5.5. Уруксат берилген максималдуу жумушчу басымы, МПа____________
5.6. Кырсык болгон учурдагы басымы, МПа__________________________
6. Кырсыктын мүнөзү:
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
7. Кырсыкты жоюуга чейинки узактыгы, с.:
______________________________________________________
8. Эгер заттын чыгышы токтотулбаса, көрсөтүү керек:
8.1. Аны токтотууга чейинки чыкчу заттын болжолдуу көлөмү, мЗ:
_______________________________________________________________
8.2. Заттын чыгышын токтотууга чейин убакыт, с.:
_______________________________________________________________
9. Зат чыгып жаткан жердин мүнөздөмөсү (көрсөтүү керек - бетон/катуу кыртыш; шагыл/кум; жайыт ж.б.):
_______________________________________________________________
10. Зат чыккандан кийин (кесепеттерин көрсөтүү керек):
10.1. Суу агымына кошулушу:
_______________________________________________________________
10.2. Жер алдына сиңиши:
_______________________________________________________________
10.3. Суу келүүчү горизонтко кошулушу:
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
11. Заттын чыгышынан пайда болгон булганууну толук тазалоого мүмкүн болдубу:
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
12. Булганууну тазалоо үчүн көрүлгөн жана көрүлүп жаткан чаралар:
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
12.1. Тазалоо методу:
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
12.2. Тазалоо бүткөн дата :
_______________________________________________________________
12.3. Тартылган подрядчик (корсотүү керек):
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
12.4. Чогултулган суюктукту сактоодо колдонулган методдор:
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
13. Аба-ырайынын шарттары:
_______________________________________________________________
14. Заттын чыгышын аныктоо методдору жана жагдайлары:
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
15. Жакынкы суу көлмөсү:
_______________________________________________________________
16. Суу көлмөсүнө чейинки аралык, км:
_______________________________________________________________
17. Жумуштагы тыныгуу (датасы, убактысы):
_______________________________________________________________
18. Керектөөчүгө таасири:
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
19. Кесепеттерин сүрөттөө, болжолдуу себеби:
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
_______________________________________________________________
20. Ремонттун түрү:
_______________________________________________________________
башталышы: _____________________ бүтүшү: ________________________
21. Кырсык туурасында маалымдаган адамдын жеке маалыматтары:
_______________________________________________________________
Эскертүү. Зарылдык болсо формага кошумча барактарды кошууга болот.
| Кооптуу өндүрүш объектилериндеги кырсыктар менен коогалаңдардын себептерин табуу үчүн техникалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө № 2-тиркемеси |
| Үлгү |
«___» __________ 20___ - жылы болгон кырсыктын себептерин аныктоо боюнча жүргүзүлгөн техникалык иликтөөнүн АКТЫ |
1. Уюмдун реквизиттери (уюмдун аталышы, анын укуктук-уюшуу формасы, менчик формасы, дареги, жетекчисинин аты-жөнү, телефону, коду көрсөтүлгөн факсы, электрондук дареги): __________________________________________________________________ __________________________________________________________________ __________________________________________________________________
2. Кырсыктын себептерине техникалык иликтөө жүргүзгөн комиссиянын курамы:
Төрагасы: ___________________________________________________________ (кызматы, фамилиясы, аты-жөнү) Члены комиссии: __________________________________________________________________ (кызматы, фамилиясы, аты-жөнү) __________________________________________________________________ (кызматы, фамилиясы, аты-жөнү) __________________________________________________________________ (кызматы, фамилиясы, аты-жөнү) |
3. Уюмдун (объектинин, участканын) мүнөздөмөсү жана кырсыктын орду:
Объектти пайдаланууга киргизүү убактысы, анын жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар менен:
- объектини пайдаланууда келтирилген чыгым боюнча камсыздандыруу келишими;
- долбоордук маалыматтар;
- долбоорго киргизилген өзгөртүүлөр жана алардын себептери;
- кырсыкка чейинки объекттин абалын мүнөздөө;
- кырсыкка чейин объектинин (жабдыктын) иш режими (бекитилген, долбоордук, иш жүзүндөгү) көрсөтүлүшү керек;
- бул объектте буга чейин бул сыяктуу кырсыктар болгону туурасында;
- лицензиялык талаптар жана шарттар кандай аткарылгандыгы;
- экспертизанын бүтүмдөрү менен эскертүү, сунуштары туурасында маалыматтар берилиши керек.
4. Объектинин тейлөө персоналдарынын, жетекчилеринин, адистеринин жана кырсыкка катышы бар жооптуу адамдардын квалификациясы
Өнөр жай коопсуздугу боюнча окуудан, инструктаждан, билимин текшерүү боюнча квалификациялык комиссиянын текшерүүсүнөн качан жана кайдан өткөн.
5. Кырсыктын жагдайлары, мыйзам бузууларга жол берүүлөр
Кырсыктын жагдайлары жана анын өнүгүү сценарийи сүрөттөлөт, жабрылануучулар туурасында маалымат берилет, авариялык кырдаалга жана анын кесепеттерине кандай факторлор алып келгени көрсөтүлөт (мыйзам бузуу, эреже бузуулар ж.б.).
Технологиялык процесстер, тейлөө персоналдары менен жетекчилердин иш-аракеттери сүрөттөлөт. Окуя кезеги менен баяндалат.
6. Кырсыктын техникалык жана уюштуруучулук себептери
Техникалык дкументацияны изилдеп чыгуу, кырсык болгон жерди карап чыгуу, күбөлөр менен жетекчи кызматтагыларды сурамжылоо, эксперттик бүтүмдөрдү эске алуунун негизинде комиссия кырсыктын себептери боюнча жыйынтык чыгарат.
7. Кырсыкты локалдаштыруу жана себептерин жоюу боюнча иш чаралар
Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана бул сыяктуу кырсыктарды болтурбоо боюнча иш чаралар жана кырсыктын себептерин жоюу боюнча чараларды аткаруу мөөнөттөрү жазылат.
8. Кырсыктын болушуна жооптуу адамдар боюнча бүтүмдөр
Бул бөлүмдө кырсыкка алып келген коопсуздук нормалары менен эрежелеринин бузулушуна жол берген адамдар көрсөтүлөт. Муну менен бирге нормативдик документтердин кайсы талаптары аткарылбаганы, кайсы адам тарабынан бузулганы так көрсөтүлөт.
9. Кырсыктын айынан келтирилген экономикалык чыгым
Кырсыктан келген чыгымдар төмөнкүлөрдү эске алуу менен эсептелет;
- түз чыгымдар, эксплуатациялаган уюмдун финансылык жоготууларына байланыштуу (өндүрүштүк фонд, материалдык баалуулуктар, үчүнчү тараптын мүлктөрү);
- кырсыкты жоюу, локалдаштыруу, иликтөөгө кеткен чыгымдар;
- социалдык-экономикалык жоготуулар;
- кыйыр чыгымдар;
- экологиялык зыян;
- кырсыктын кесепетинен эмгек ресурстарынын азайганынан келген чыгым.
Кырсыктын себептери боюнча техникалык иликтөө жүргүзүлдү жана акт түзүлдү _______________________________________________________________ (күнү, айы, жылы)
Тиркеме: кырсыкты иликтөө материалдары _______________________барактан турат.
Кол коюу: Төрага: ___________________________________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү, дата) Комиссия мүчөлөрү: __________________________________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү, дата) __________________________________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү, дата) __________________________________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү, дата) |
| Кооптуу өндүрүш объектилериндеги кырсыктар менен коогалаңдардын себептерин табуу үчүн техникалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө № 3-тиркемеси |
| Үлгү |
Кооптуу өндүрүш объектисиндеги кырсыктарды каттоо
ЖУРНАЛЫ
________________________________________________________________________________________________________
(объектини пайдаланган уюмдун толук аталышы)
_______________________________________________________________________________________________________,
(аймактык органдын аталышы)
_______ жарым жылдык үчүн _____________ жылына
№ п п. | Кырсыктын орду, объектинин аталышы | Кырсык болгон күн жана убактысы | Кырсыктын түрү | Кырсыктын пайда болушу, өнүгүшү, кырсыкты жоюу, себептери, кайсы эрежелер бузулганы туурасында кыскача маалымат | Жабырлануучулар | Кырсыктын кесепетинен келтирилген экономикалык чыгым, сом | Объектинин пайдаланылбай туруп калуусунун узактыгы, ч (сут.) | Кырсыктын болушуна жол берген жооптуу адамдар жана аларга көрүлгөн жаза чаралары | Ииликтөө материалдарынын прокуратурага жөнөтүлгөн күнү | Кырсык боюнча техникалык иликтөө комиссиясы тарабынан сунушталган иш чаралар | Иш чаралардын аткарылышын белгилөө |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кооптуу өндүрүш объектилериндеги кырсыктар менен коогалаңдардын себептерин табуу үчүн техникалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө № 4-тиркемеси |
| Үлгү |
Кооптуу өндүрүш объектисиндеги кырсыктарды каттоо
ЖУРНАЛЫ
________________________________________________________________________________________________________
(кооптуу өндүрүш объектисин пайдаланган уюмдун толук аталышы)
________ квартал үчүн ______________ жылына
№ пп. | Кырсыктын орду, объектинин аталышы | Кырсыкболгон күн жана убактысы | Кырсыктын түрү | Кырсыктын себептери | Объектинин пайдаланылбай туруп калуусунун узактыгы, ч (сут.) | Экономикалык чыгым, сом | Кырсыктын себептерин иликтөө комиссиясы тарабынан сунушталган иш чаралар | Иш чаралардын аткарылышын белгилөө |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|