Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-декабры № 323
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында;
"Социалдык чөйрөдө" деген II бөлүмүндө:
- 17 жана 18-главалары ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 22-главасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 31-декабрындагы № 156 жарыяланды
Төрага | А.У.Жапаров |
| 1-тиркеме |
"
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 20-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш); Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | 1. Кызматкерлер (иш берүүчү менен эмгек мамилелерде тургандар). 2. Юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлер. 3. Жер участогунун менчик ээси же пайдалануучусу (ижарачысы) болуп саналган юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү. 4. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | 11-иш күнүнөн тартып республикалык бюджеттин каражатынан кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет. Эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жандуу кезек күтүү тартибинде. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашпайт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз бардык зарыл болгон документтер берилгенден кийин аймактык бөлүнүш тарабынан отчеттук айдын 20сына чейин 3 иш күндүн ичинде каралат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул ай сайын 25инен 30уна чейин керектөөчүлөрдүн банктагы транзиттик эсептерине төлөнүп турат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; Ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн пайдаланылышы жана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кызматкерлер, жеке ишкерлер, дыйкан чарбанын мүчөлөрү, жумушсуздук боюнча жөлөкпулга укугу бар расмий жумушсуздар төмөнкүлөрдү беришет: - паспортту; - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого арызды; - эмгекке жарамсыздык баракчасынын түп нускасын. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдардан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суратылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүң ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрүнө жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу укугуна ээ расмий жумушсуз адамдарга (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн суроо-талапты (арызды) берүү бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Эскертүү; жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбаларынын мүчөлөрүнө, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга кызматтарды алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталына катталуу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул башка аймактык бөлүнүштө мурда дайындалгандыгы аныкталса; - тапшырылган документтер жасалма экендиги аныкталса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз); - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунда коюлган талаптарга шайкеш келбесе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда керектөөчү белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу: - аймактык бөлүнүшкө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана дата коюлат. Кайрылууларды кароо административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш |
18. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 21-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш). Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр болуп каза болгон адамдын сөөгүн иш жүзүндө койгон адамдар - үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар саналат. Жөлөкпул төмөнкү категориядагы жарандар каза болгон учурларда дайындалат: - кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жеке ишкер же анын багуусундагы үй- бүлө мүчөсү; - дыйкан чарбанын мүчөсү же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - социалдык жөлөкпул алган адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2018-жылдын 18-сентябрыңдагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекизүү тууралуу"; - 2012-жылдын 23-мартындагы № 192 "Расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул республикалык бюджеттин каражатынан төлөндү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, улгайган жарандар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жандуу кезек күтүү тартибинде. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашпайт. Расымдык жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз зарыл болгон документтер берилгенден кийин отчеттук айдын 20сына чейин 3 иш күндүн ичинде каралат. Расымдык жөлөкпул ай сайын 25инен 30уна чейин керектөөчүлөрдүн банктагы транзиттик эсептерине төлөнүп турат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты. Ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, улгайган жарандар, УАСтын катышуучулары жана майыптары, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн пайдаланылышы жана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет: - паспортту; - расымдык жөлөкпулду дайындоого арызды; - маркумдун ИЖНин. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдардан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суратылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги. мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн суроо-талапты (арызды) берүү бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталына катталуусу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жапа даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул башка аймактык бөлүнүштө мурда дайындалгандыгы аныкталса; - тапшырылган документтер жасалма экендиги аныкталса; - арыз ээси тарабынан ушул эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш |
".
| 2-тиркеме |
"
22. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ай сайын социалдык жөлөкпулдарды белгилөө жана берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 17-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш). Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ар айлык социалдык жөлөкпул (мындан ары - АСЖ) алуучулар: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (мындан ары - ДМЧ) 18 жашка чейинки балдар; - бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо; - атасынан же энесинен айрылган балдар - пенсиялык камсыздоого укугу болбосо; - ата-энесинен айрылган балдар - пенсиялык камсыздоого укугу болбосо; - ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар - алар 18 айга толгонго чейин; - улгайган жарандар (65 жашка чыккан эркектер, 60 жашка чыккан аялдар) - пенсиялык камсыздоого укугу болбосо; - 55 жашка чыккан баатыр энелер - пенсиялык камсыздоого укугу болбосо |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Арыз ээсин АСЖ дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу маалымдоо. АСЖ дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу арыз ээсин кабарлоо АСЖ дайындалган/баш тартылган күндөн тартып 5 иш күндөн кечиктирбестен ага билдирүүнү жиберүү же электрондук почтаны же болбосо мобилдик байланышты пайдалануу менен маалымдалат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Келүүчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - жандуу кезек күтүү тартибинде; - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жаңа кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык- гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - күтүү үчүн бөлүнгөн жерлерди эске алуу менен. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жандуу кезек тартибинде күтүү. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө - 30 мөөнөттөн ашпайт. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү - 10 мүнөттөн ашпайт. АСЖ дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу чечим бир иш күндүн ичинде, ал эми маалыматты кошумча тактоо талап кылган учурларда - арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - электрондук форматта (кызмат көрсөтүү жана анын жол-жоболору жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында: www.mlsp.gov.kg); - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; Аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээси барганда. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, объективдүүлүктү камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн пайдаланылышы жана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | АСЖ дайындоодо аймактык бөлүнүштөр тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынан төмөнкү маалыматтар суралат: - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү); - майыптыкты ырастаган медициналык- социалдык эксперттик комиссиянын маалыматы; - пенсиялык камсыздоого укугунун жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымат; - ата-энесинин/атасынын же энесинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же актынын жазуусунан көчүрмө; - жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди тапшырат: 1) 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар, бала кезинен I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар: - арыз ээсинин паспорту; - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү) (мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат болбогон учурда); 2) улгайган жарандар (65 жашка чыккан эркектер, 60 жашка чыккан аялдар), баатыр энелер: - арыз ээсинин паспорту; - баатыр эне күбөлүгүнүн ырасталган көчүрмөсү (баатыр энелер үчүн). 3) атасынан же энесинен/ата-энесинен айрылган балдар: - арыз ээсинин паспорту; - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү) (мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат болбогон учурда); 4) АИВ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар - 18 айга толгонго чейин: - арыз ээсинин паспорту; - баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат/күбөлүгү(төрү) (мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат болбогон учурда); - АИВ/CПИДге чалдыккан энелерден баланын төрөлгөндүгүн ырастаган республикалык СПИД борборунан маалымкат. Зарыл болгон учурда төмөнкү документтер кошумча берилет: - кайрылмандын күбөлүгү - мамлекеттик жөлөкпулга кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү кайрылган учурларда; - жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо тууралуу соттун чечими - арызды камкорчу/көзөмөлчү берген учурда; - жарандык мыйзамдардын талаптары боюнча таризделген ишеним кат - арыз ишеним көрсөтүлгөн жак тарабынан берилгенде; - никеге туруу/ажырашуу тууралуу маалымат/күбөлүк же никеге туруу/ажырашуу тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - арыз ээси тууралуу маалыматтар бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн маалыматтарына дал келбеген учурларда - мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат жок болгон учурда; - банктык реквизиттер - мамлекеттик жөлөкпул керектөөчүнүн банктык эсебине которулушу керек болгон учурларда; - 9-форма боюнча маалымкат - "жалгыз бой эне" расмий статусу бар эне каза болгондо томолой жетимдерге социалдык жөлөкпул үчүн кайрылган учурда; - окуган жеринен маалымкат - 16 жашка жеткен курактагы адам атасынан же энесинен (экөөнөн тең) айрылганда социалдык жөлөкпул алууга кайрылган учурда - мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат жок болгон учурда; - жашай туруу укугу - жөлөкпул берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик жөлөкпулга кайрылган учурда - мамлекеттик органдын маалымат системасында маалымат жок болгон учурда |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүн актуалдуулук, - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арызды берүү бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык жарым-жартылай электрондук форматта ишке ашырылышы мүмкүн (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандар тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары). Эскертүү: кызматтарды алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталына катталуу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе; - берилген документтер жасалма экендиги аныкталса; - ата-энесинен айрылган балдардан тышкары, АСЖ дайындалууга тийиш болгон адам толук мамлекеттин камсыздоосунда турса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз ж.б.) |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда керектөөчү белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу: - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана шаардын мэриясынын алдындагы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссияга (мындан ары - Комиссия); - аймактык бөлүнүштөргө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана дата коюлат. Кайрылууну карап чыгуу административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш |
".