Загрузка документа…
Тиркеме 2
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын 27-июнундагы
№ 248-ни буйругу менен
бекитилген
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТΥΥНΥН
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 14-пункту - Жаныбарлардын ооруларын лабораториялык диагностикалоо жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү.
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023 – жылдын 6 – июнундагы № 223 буйругу менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарты белгилеген негизги параметрлер:
1) Лабораториялык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү изилдөө буйрутмасынан жана изилдөө ыкмасынан көз каранды болот, орточо 12-72 саатка чейин, айрым татаал оорулар (кургак учук ж.б.) учурунда 30 суткага чейин убакытты алат.
2) Документтерди кабыл алуу убактысы 5-30 мүнөткө чейин.
3) Акыркы жыйынтыкты берүүнүн чектелген мөөнөтү – 10 күнгө чейин.
4) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси (коштоочу документтер):
- ветеринардык врачтын колу жана мөөрү менен тастыкталган лабораториялык изилдөөгө багыттама;
- сынамдардын идентификацияланган үлгүлөрүнүн тизмеси;
- сынамдарды тандоонун актысы.
5) Ошондой эле кызматты алуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- кызмат үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- салыштыруу үчүн түп нускасын көрсөтүү менен инсандыгын күбөлөндүрүүчү (паспорт) документтин көчүрмөсү.
Юридикалык жактар өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документти (ишеним катты) кошумча беришет.
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кардар тарабынан иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле, талап кылынган бардык документтердин үлгүлөрү жана формалары Борбордун маалымат такталарында жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланат.
Документтердин тизмеги Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык же ушул ресурс менен иштөө үчүн белгиленген талаптарга ылайык агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда, кызмат көрсөтүүчү тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер суралбайт.
4. Кызматтын наркы: Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы (Прейскурант) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарыла турган жол-жоболордун тизмеси
5. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүү төмөндөгү жол-жоболор топтомун камтыйт:
Таблица 1
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Коштоочу документтерди кабыл алуу (жолдомонун болушу, сынамдарды алуу актысы/идентификацияланган сынамдардын тизмеси). | Өз ара аракеттенүү ВКРБнын ветеринардык инспекторлору, айыл өкмөтүнүн жеке ветеринардык врачтары менен ишке ашырылат. ЕЭКтин 2017-жылдын 10 –ноябрындагы № 80 "Ветеринардык контролдоону (көзөмөлдөө) ишке ашыруудагы лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүнү уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө”, 2016 – жылдын 29 – январындагы № 18 "Патологиялык материалдарды алуу жана тандоо эрежелери, кан, тоют жана лабораториялык изилдөө, экспертиза жана талдоо үчүн аларды жөнөтүү", 2018 – жылдын 14 – ноябрындагы "Ветеринардык лабораторияларга сынамдарды/үлгүлөрдү кабыл алуу эрежелери", 2018-жылдын 14 – ноябрындагы "Диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү эрежелери" чечимдери, 2018 – жылдын 15 – февралындагы № 94 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн «Биологиялык коопсуздук» боюнча колдонмосу. |
2 | Коштоочу документтерди текшерүү (толтуруунун тууралыгы) | |
3 | Сынамдарды текшерүү-сынамдарды баалоо (жарактуу/жараксыз) | |
4 | Коштомо документтерге ылайык жарактуу сынамдарды каттоо жана сынамдарды изилдөөгө түрлөрү боюнча бөлүштүрүү | |
5 | Түшкөн сынамдарга изилдөө жүргүзүү; Изилдөө жүргүзүү боюнча жыйынтыктарды алуу жана алынган жыйынтыктарды изилдөөлөр протоколуна тариздөө; Таризделген лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыктарынын протоколун кардарга берүү. |
3. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарыла турган жол-жоболор тизмеги
Блок-схема
6. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөндөгү блок-схемада берилген.
4. Жол-жоболордун сүрөттөмөсү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы (мөөнөт) | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документтер |
№ 1 жол-жобо. Белгиленген формада келген сынамдарды, коштомо документтерди кабыл алуу | ||||
1.1-иш-аракет. Сынамга коштоочу документтердин бар болуусун текшерүү - (идентификацияланган сынамдардын жолдомосу жана тизмеги) | Бөлүмдүн вет/врачы | 10 мүнөт | Коштоочу документтердин толтурулушунун тууралыгын текшерүү жана сынамга карата ветеринардык врачтын мөөрү жана колу менен ырастоо (тандап алуу датасы жана убактысы, сынамдардын саны, сынамдардын №, идентификациялык №, эмдөө датасы, вакцинанын түрү, дегельментизация ж.б.). | Лабораториялык иш - аракеттерди жүргүзүү үчүн арыздарды кароо жол-жобосу.2022-жылдын 20 – сентябрындагы ПЦС-7.1/7.4 үлгүлөрү менен иштөө. |
1.2-иш-аракет. сынамдарды жарактуулугуна шайкештигин баалоо | Бөлүмдүн вет/врачы | Колдонуу мөөнөтү сынамдын мүнөзүнөн, санынан жана көлөмүнөн көз каранды болот | Бардык үлгүлөрдүн/контейнерлердин бүтүндүгүн текшерүү. Берилген сынамдардын шайкештигин визуалдык баалоо (сырткы көрүнүшү, саны ж.б.). Сынамдардын идентификациялык номерлерин коштоочу документтердеги маалыматтар менен салыштыруу (катар катары менен). | - Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамы; - Ветеринардык кызматтын буйруктары; - 2019 – жылдын 1 – августунда катталган №14665 ISO/IEC 17025-2019 «Сыноочу жана калибрлөөчү лабораториялардын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптар» мамлекеттер аралык стандарты, -ЕАЭБдин токтомдору жана ЧУА жана эл аралык регламенттер; КР АЧМ караштуу ВК «ВДЭБ жөнүндө» жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6- августундагы № 116 токтому.) 29.01.2016-жылдын 29 – январындагы №018 «Ветеринардык лабораторияларга сынамдарды алуу/кабыл алуу эрежелери» нускамасы |
1.3-иш-аракет. жараксыз сынамдарды жүгүртүүдөн алып салуу | Бөлүмдүн лаборанты | Колдонуу мөөнөтү сынамдын мүнөзүнөн, санынан жана көлөмүнөн көз каранды болот | Андан аркы иш-аракеттерге жарактуулук талаптарына жооп бербеген сынамдарды идентификациялоо, аныктоо жана алып коюу | |
1.4-иш-аракет. сынамдардын шайкеш эместигинин протоколун тариздөө | Бөлүмдүн вет/врачы | Колдонуу мөөнөтү тизим боюнча жараксыз сынамдардын сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүнө жараша болот. | Эки нускада таризделген сынамдарды жараксыздоо акты (бирөө кызмат көрсөтүүнүн буйрутмачысына, экинчиси лабораторияда архивдөө үчүн | |
1.5-иш – аракет. сынамдарга коштоочу документтерди инспекциялык контролдоо | Бөлүмдүн вет/врачы | Колдонуу мөөнөтү тизим боюнча жараксыздалган сынамдардын сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүнөн көз каранды болот. | Изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн сынамдарга макулдашылган жана толук кандуу коштоочу документтерди алуу | |
1.6-иш-аракет. жарактуу сынамдарды коштомо документтери менен кабыл алуу | Бөлүмдүн вет/врачы | 1 мүнөт | Кабыл алынган сынамдарды андан аркы иш-аракеттер үчүн курчап турган чөйрөнүн белгилүү бир шарттарында жайгаштыруу | |
№ 1 жол-жобонун жыйынтыгы: - сынамдарды изилдөөгө кабыл алуу | ||||
№ 1 жол-жобонун узактыгы:- 15 мүнөттү түзөт | ||||
№ 1 жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
№ 2 жол-жобо. Коштоочу документтерди текшерүү | ||||
2.1-иш-аракет. – изилдөөгө кабыл алынган сынамдарды коштомо документтерге ылайык каттоо жана лаборатория ичиндеги багыттаманы тариздөө | Бөлүмдүн лаборанты | 5 мүнөт | "Түшкөн сынамдарды кабыл алуу жана каттоо журналында" коштоочу документтерге ылайык идентификацияланган сынамдарды каттоо жана лабораториялык ички жолдомону тариздөө | 2019 – жылдын 1 – августунда катталган №14665 ISO/IEC 17025-2019 «Сыноочу жана калибрлөөчү лабораториялардын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптар» мамлекеттер аралык стандарты, -ЕАЭБдин токтомдору жана ЧУА жана эл аралык регламенттер; КР АЧМ караштуу ВК «ВДЭБ жөнүндө» жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6- августундагы № 116 токтому.) 29.01.2016-жылдын 29 – январындагы №018 «Ветеринардык лабораторияларга сынамдарды алуу/кабыл алуу эрежелери» нускамасы |
2.1-иш-аракет. - кабыл алынган сынамдарды диагностикалык изилдөөлөрдүн түрлөрү боюнча бөлүштүрүү жана багыттоо | Бөлүмдүн лаборанты | 5 мүнөт | Изилдөөлөрдүн түрлөрү боюнча сынамдарды коштоочу документтери менен (ички лабораториялык жолдомо жана тизим) профилдик бөлүмдөргө бөлүштүрүү жана жиберүү: - бактериология; - вирусология; - паразитология; - серология; -Химия-токсикология жана ветеринардык санитардык экспертиза | |
№ 2 жол-жобонун жыйынтыгы: - Каттоо жана изилдөө (кызмат көрсөтүү) түрлөрү боюнча бөлүштүрүү | ||||
№ 2 жол-жобонун узактыгы – 10 мүн | ||||
№ 2 жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
№ 3 жол-жобо.Сынамдарды инспекциялоо - сынамдарды баалоо (жарактуу/жараксыз) | ||||
№ 3.1-иш-аракет. – сынамдарды каттоо журналында каттоо жана багыттамага жана сынамдардын тизимине ылайык сынамдарды эл.каттоо | Бөлүмдүн лаборанты | 5мүнөт | Изилдөө жүргүзүү орду боюнча каттоого алуу | 2019 – жылдын 1 – августунда катталган №14665 ISO/IEC 17025-2019 «Сыноочу жана калибрлөөчү лабораториялардын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптар» мамлекеттер аралык стандарты, -ЕАЭБдин токтомдору жана ЧУА жана эл аралык регламенттер; КР АЧМ караштуу ВК «ВДЭБ жөнүндө» жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6- августундагы № 116 токтому.) 29.01.2016-жылдын 29 – январындагы №018 «Ветеринардык лабораторияларга сынамдарды алуу/кабыл алуу эрежелери» нускамасы . |
№ 3.2-иш-аракет. бекитилген диагностикалык изилдөө ыкмалары боюнча сынамды даярдоо. | Вет/врач, бөлүмдүн лаборанты | МАМСТ, ББ ТР, МУ, колдонмолор, нускамалар, СОП боюнча сынамдарды диагностикалык изилдөө регламентине жана санына ылайык | Изилдөө жүргүзүүгө даярдалган сынамдар | |
№ 3.3-иш-аракет. жеке сынамдарды изилдөө: жумушчу жазууларды толтуруу. | Бөлүм башчы, Вет/врач Бөлүмдүн лаборанты | Мөөнөтү - МАМСТ, ББ ТР, МУ, колдонмолор, нускамалар, сынамдарды диагностикалык изилдөөгө жана санына СОП регламентине ылайык | Изилдөө боюнча жумушчу документтерде белгиленген сынамдарды изилдөө боюнча алынган жыйынтыктар | |
№ 3.4-иш-аракет. үлгүлөрдү белгилүү бир температуралык шарттарда сактоону камсыз кылуу | Бөлүмдүн лаборанты | 1 мүнөт | Белгилүү бир шарттарда изилдөө аяктаганга чейин үлгүлөрдү сактоо | |
№ 3.5-иш-аракет. иштелип чыккан сынамдарды, лабораториялык жабдууларды, көмөкчү шаймандарды жугушсуздандыруу жана утилдештирүү, жумуш ордун тазалоо жана лаборатория орун жайларында санитардык-гигиеналык иш-чараларды аткаруу | Вет/врачы Бөлүмдүн лаборанттары | Мөөнөтү – колдонулган дезкаражаттардын регламентине жана МАМСТ, ББ ТР, МУ, колдонмолор, нускамалар, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөгү СОП, ошондой эле, КРда колдонулган санитардык ченемдердин жана лабораториянын персоналынын, келүүчүлөрдүн, аймактын жана курчап турган чөйрөнүн биологиялык коргоосун жана биокоопсуздугун камсыздоо боюнча эрежелердин талаптарына ылайык | ПБА менен иштөөдө лаборатория шарттарында Биокоопсуздук ченемдерин жана эрежелерин сактоо жана камсыздоо. | |
№ 3 жол-жобонун жыйынтыгы: МАМСТ, МУ, колдонмого, нускамага, изилдөө/талдоо ыкмаларына карата СОПго ылайык, изилдөө түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн сынам сыноолору | ||||
№ 3 жол-жобонун узактыгы – негизинен 12-72 саат; өзгөчө учурларда 10-30 сутка (биосынам ыкмасы менен козгогучту идентификациялоо) | ||||
№ 3 жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
№ 4 жол-жобо. Коштомо документтерге ылайык жарактуу сынамдарды каттоо (идентификацияланган сынамдардын багыты жана тизими) жана изилдөөлөрдүн түрлөрү боюнча сынамдарды бөлүштүрүү. | ||||
4.1-иш-аракет. жүргүзүлгөн изилдөө ыкмалары боюнча белгиленген жумушчу жазуулардан маалыматты чогултуу жана аккумуляциялоо | Бөлүм башчы, вет/врач, бөлүмдүн лаборанты | 5мүнөт | изилдөөлөр протоколун түзүү үчүн изилдөөлөр боюнча маалыматты жыйноо жана жалпылоо | 2019 – жылдын 1 – августунда катталган №14665 ISO/IEC 17025-2019 «Сыноочу жана калибрлөөчү лабораториялардын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптар» мамлекеттер аралык стандарты, -ЕАЭБдин токтомдору жана ЧУА жана эл аралык регламенттер; КР АЧМ караштуу ВК «ВДЭБ жөнүндө» жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6- августундагы № 116 токтому). 29.01.2016-жылдын 29 – январындагы №018 «Ветеринардык лабораторияларга сынамдарды алуу/кабыл алуу эрежелери» нускамасы |
4.2-иш-аракет - изилдөөлөр протоколун түзүүдө изилдөө жөнүндө жыйынды маалыматты пайдалануу | Бөлүм башчы, вет/врач, бөлүмдүн лаборанты | 10мүнөт | Таризделген жана ыйгарым укуктуу адистер тарабынан кол коюлган «Изилдөөлөр протоколу» кагаз түрүндө (2 нуска) жана электрондук түрдө, буйрутмачы жөнүндө, изилденген сынам жана саны, изилдөө ыкмалары, алынган жыйынтыктар жөнүндө толук маалыматты көрсөтүү менен. | 2019 – жылдын 1 – августунда катталган №14665 ISO/IEC 17025-2019 «Сыноочу жана калибрлөөчү лабораториялардын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптар» мамлекеттер аралык стандарты, -ЕАЭБдин токтомдору жана ЧУА жана эл аралык регламенттер; КР АЧМ караштуу ВК «ВДЭБ жөнүндө» жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6- августундагы № 116 токтому.) |
№ 4 жол-жобонун жыйынтыгы:- түзүлгөн изилдөөлөр протоколу | ||||
№ 4 жол-жобонун узактыгы – 15 мүнөт | ||||
№ 4 жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
№ 5 жол-жобо – келип түшкөн сынамдарга изилдөөлөрдү жүргүзүү, жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча жыйынтыктарды алуу жана изилдөөнүн жыйынтыктарын изилдөө протоколуна тариздөө. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын таризделген протоколун керектөөчүгө берүү. | ||||
5.1-иш-аракет. таризделген катар номер менен идентификацияланган изилдөө жыйынтыктарынын протоколунун эки нускасы коштомо документтер менен бирге кагаз түрүндө сынамдарды баштапкы каттоо ордуна журналда «протокол кимге жана качан берилди» графасында белгилөө менен берилет. | Вет врач/ бөлүмдүн лаборанты
| 5 мүнөт | Керектөөчүгө/кызмат көрсөтүүнүн буйрутмачысына берүүгө даяр изилдөөнүн протоколу | 2019 – жылдын 1 – августунда катталган №14665 ISO/IEC 17025-2019 «Сыноочу жана калибрлөөчү лабораториялардын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптар» мамлекеттер аралык стандарты, -ЕАЭБдин токтомдору жана ЧУА жана эл аралык регламенттер; КР АЧМ караштуу ВК «ВДЭБ жөнүндө» жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6- августундагы № 116 токтому) 29.01.2016-жылдын 29 – январындагы №018 «Ветеринардык лабораторияларга сынамдарды алуу/кабыл алуу эрежелери» нускамасы Изилдөө түрлөрүнө ылайык келген: МАМСТ, ББ ТР, МУ, колдонмолор, нускамалар, СОПтор |
5.2-иш-аракет. документтер комплекти (протоколдун бир нускасы коштомо документтердин бир нускасы менен тиешелүү журналда кол койдуруп кызмат көрсөтүүнүн буйрутмачысына берилет, зарыл болгондо бул документтер комплекти сканерленет жана электрондук почта аркылуу кызмат көрсөтүүнүн буйрутмачысынын электрондук дарегине жөнөтүлөт. | Бөлүм башчы/ Вет/врач лаборант | 5 мүнөт | Протоколдун бир нускасы керектөөчүгө/кызмат көрсөтүүнүн буйрутмачысына кагаз же электрондук түрдө берилет, ошондой эле протоколдун электрондук версиясы КР АЧМ караштуу ВК тиешелүү аймактык органдарына жөнөтүлөт | |
5.3-иш-аракет. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө документтердин экинчи нускасы файл папкага тиркелет жана бөлүмдө архивделет. | Бөлүм башчы/ Вет/врач лаборант | 2 мүнөт | Протоколдун экинчи нускасы файл папкага тигилет жана лабораторияда сакталат | |
5.4-иш-аракет. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө маалымат ай сайын бекитилген форма боюнча даярдалат жана зарыл болгондо жазуу түрүндөгү талап боюнча ВФКМИ тиешелүү органдарына жана оз ара аракеттенүү бөлүмдөрүнө берилиш мүмкүн. | Бөлүм башчы/ Вет/врач лаборант | 120 мүнөт | Жүргүзүлгөн изилдөө жана алынган жыйынтыктар жөнүндө маалымат изилдөө жүргүзүлгөн Ветеринардык лабораториянын жетекчисинин жазуу түрүндөгү уруксаты менен мамлекеттик органдын жазуу түрүндөгү талабы боюнча алынышы мүмкүн | |
№ 5 жол-жобонун жыйынтыгы:- Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын протоколу | ||||
№ 5 жол-жобонун узактыгы – 12 мүнөт | ||||
№ 5 жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
№ 3 таблица
Ветеринардык лаборатория көрсөткөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү
№ п/п | Лабораториялык изилдөөлөрдүн түрлөрүнүн аталышы | Лабораториялык изилдөө ыкмалары | Изилдөө ыкмаларына карата ченемдик документтер |
1 | Бактериологиялык | Патологоанатомиялык, бактериологиялык, микроскопиялык (жарыктык, люминесценттик), биологиялык, РП, РА, РН, РМАиЛ, ИФА. | МАМСТ Р, МАМСТ, МУ, МН, МИ, СОП |
2 | Вирусологиялык | Патологоанатомиялык, микроскопиялык (жарыктык, люминесценттик), биологиялык, РСК, ИФА, ПЦР | МАМСТ Р, МАМСТ, МУ, МН, МИ, СОП |
3 | Серологиялык | РП, РДП, РА, РСК, РБП, КРм, РИД, РДСК, ИФА | МАМСТ Р, МАМСТ, МУ, МН,МИ, СОП |
4 | Паразитологиялык | Патологоанатомиялык, копроовоскопия, копроларвоскопия, копромикроскопия, микроскопия, бактериологиялык (культуралык өстүрүү, стереомикроскопия, ИФА (жырткычтар эхинококкозу). | МАМСТ Р, МАМСТ, МУ, МН, МИ, СОП |
5 | Микологиялык | Тоюттардын уулуулугу, микоздордун люминесценциясы | ГОСТР, МАМСТ, МУ, МН, МИ, СОП |
6 | Биохимиялык | Жаныбарлардын канынын сары суусун изилдөөнүн биохимиялык ыкмасы | МУ, СОП |
7 | Химия-токсикологиялык | ИФА, ПЦР, ВЭЖХ, ВЭЖХ- МС, ГХ, ГХ-МС, ААС, сапаттык, сандык ыкмалар | МАМСТ Р, МАМСТ, МУ, МН,МИ, СОП |
8 | Радиологиялык | Радиометриялык: фон, радиохимиялык: А.В,G нурлантуу. | МАМСТ Р, МАМСТ, МУ, МН,МИ, СОП |
№ 1 жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритм)
№ 2 жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритм)
№ 3 жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритм)
№ 4 жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритм)
№ 5 жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритм)
6. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (учурдагы) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (учурдагы) контроль дайыма Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору жана анын орун басары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (учурдагы) контроль кызматкерлердин (кызмат адамдарынын) административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорунда кабыл алынган чечимдерди сактоо жана аткаруусун үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
Ички (учурдагы) контролдун максаты мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды аныктоо жана жоюу, кароо жана чечимдерди кабыл алуу, адистердин жана кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине) карата түшкөн даттанууларга жоопторду даярдоо (анын ичинде ишеним телефону аркылуу) болуп саналат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүү туруктуу негизде, жана арыз ээси ар бир кайрылганда ишке ашырылат.
Пландан тышкары, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн конкреттүү керектөөчүсүнүн арызы боюнча текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
3) Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча административдик регламенттин талаптарын бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткарууну тышкы контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине караштуу ветеринардык кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымат кат түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жобосунун оптималдаштыруу максатында административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
Бул маалым Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директорунун жетекчиси тарабынан белгиленген мөөнөттө каралышы керек жана бузууларды, жана кемчиликтерди жоюу боюнча көрүлгөн чечимдер жана чаралар жөнүндө тиешелүү маалыматты комиссиянын төрагасынын дарегине жөнөтүлүп жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдалышы керек.
Административдик регламенттин талаптарын аткарууну комиссиялык текшерүү жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун кызмат адамдары кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө алар кабыл алган чечимдер, жүзөгө ашырган аракет (аракетсиздик), анын ичинде документтерди кабыл алуу, аларды тариздөө жана чечимдерди кабыл алуу мөөнөтүн жана тартибин сактоо, арыз ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүү тартиби жөнүндө маалымдоонун тууралыгы жана толуктугу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун кызмат адамдарынын аракети же аракетсиздиги, ошондой эле, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө алар кабыл алган чечимдер арыз ээси тарабына ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун кызмат адамы Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгүнө ылайык дайыма кайра каралып туруусу зарыл , бирок үч жылда бир жолудан кем эмес убакытта.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
Төрага – директордун орун басары Бактериология жана лептоспироз бөлүмүнүн башчысы Вирусология жана молекулярдык диагностика бөлүмүнүн башчысы Серология бөлүмүнүн башчысы Паразитология бөлүмүнүн башчысы Химия-токсикология жана ВСЭ бөлүмүнүн башчысы Эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Эсепке алуу жана пландаштыруу бөлүмүнүн улук адиси | Ш.Ж Акылбеков Е.А.Дардыкина Б.К.Осокеева Д,Д.Кадралиева К.М.Урусов Э.Т.Курманкулов Л.Э Ермакова Ж.К.Осмонова |