Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 4-сентябры № 4
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдерин сыпаттоону, айырмалоочу белгилердин үлгүлөрүн, формалык кийимдердин фурнитураларын, ошондой эле формалык кийимдерди кийүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 1-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жогорку жетектөөчү курамындагы кызматкерлеринин формалык кийимдеринин буюмдарынын, бут кийимдеринин жана жабдууларынын сыпаттамасы;
2-тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын улук жана орто жетектөөчү курамындагы кызматкерлеринин формалык кийимдеринин буюмдарынын, бут кийимдеринин жана жабдууларынын сыпаттамасы;
3-тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кенже жетектөөчү жана катардагы курамындагы кызматкерлеринин формалык кийимдеринин буюмдарынын, бут кийимдеринин жана жабдууларынын сыпаттамасы;
4-тиркемеге ылайык, милициянын жана ички кызматтын атайын наамдарына ээ болгон Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын улук, орто, кенже жетектөөчү жана катардагы курамындагы аял кызматкерлеринин формалык кийимдеринин буюмдарынын, бут кийимдеринин жана жабдууларынын сыпаттамасы;
5-тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин окуу жайларынын курсанттарынын (угуучуларынын) формалык кийимдеринин буюмдарынын, бут кийимдеринин жана жабдууларынын сыпаттамасы;
6-тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин формалык кийимдеринин буюмдарынын сыпаттамасы;
7-тиркемеге ылайык, милициянын жана ички кызматтын атайын наамдары бар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамындагы кызматкерлеринин формалык кийиминин буюмдары жайгашкан эмблемалардын, төш жана жең белгилеринин жана кыйыктардын, кокардалардын, эмблемалуу кокардалардын сыптаттамасы;
8-тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамынын милициянын, ички кызматтын атайын наамдары боюнча айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы;
9-тиркемеге ылайык, милициянын жана ички кызматтын атайын наамдары бар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамдагы кызматкерлеринин формалык кийимдерди, буюмдарды бут кийимдерди жана жабдууларды, атайын кийимдерди кийүү эрежелери.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кийим формасынын жаңы үлгүлөрүнө өтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 553 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен белгиленген эски үлгүлөрдөгү кийим формасын кийүү мөөнөтү аяктагандан кийин этап менен ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы, ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 токтому менен аныкталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарынын биринде расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук булактарда, аны жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрү буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
6. Бул буйруктун тийиштүү талаптарынын аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Т.Т. Сарыбаевге жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору А.К. Бийбосуновго жүктөлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2010-жылдын 25-мартындагы “Ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамын кийим-кече мүлкү менен жабдуунун ченемдери жана формалык кийимдери жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.
10. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бардык өздүк курамына жарыялансын.
Министр милициянын генерал-лейтенанты |
У.О. Ниязбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жогорку жетектөөчү курамындагы кызматкерлеринин формалык кийимдеринин предметтеринин, бут кийимдеринин жана жабдууларынын
СЫПАТТАМАСЫ
1. Жүн кездемеден тигилген параддык-сый фуражкасы
Төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн жана болот түстөгү төрт капталдан, кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырбуудан, маңдайчадан турат. Төбөнүн кырын жана кырбуунун жогорку кырын бойлото – кызыл (милиция үчүн), жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант.
Фуражканын кырбуусунун алдында – бир тарабында алтын жалатылган 14 лавр бутагы жана бир тарабында жана 14 бутагы орун алып, гүл ачкан лавр бутактарынын желекчелеринин ортосундагы 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби менен саймаланган кызыл фондо рамкага алынган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эмблемасы менен кокарда.
Фуражканын жогорку маңдайында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби алтын түстөгү сайма менен түшүрүлөт. Гербдин айланасы 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби менен саймаланган, герб жогорку маңдайда 7 мм, 9 мм, маңдайдын бийиктиги 90 мм чейинки аралыкта жайгашкан. Маңдайчасынын үстү лакталган кара булгаары менен, ал эми асты замша же жүндөн жасалган кара кездеме менен капталган. Маңдайчаны бойлото кеткен 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби менен саймаланган лавр бутактары көрүнүшүндөгү кант.
Фуражканын маңдай калканчасынан кырбууга Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн өлчөмү 14 мм эки формалык жалтырак топчуга алтын түстүү чыйратылган боо бүчүлөнөт.
2. Жүн кездемеден тигилген сый фуражкасы
Төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн жана кочкул көк түстөгү төрт капталдан, кызыл (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырбуудан, маңдайчадан турат. Төбөнүн кырын жана кырбуунун жогорку кырын бойлото – кызыл (милиция үчүн), жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант.
Фуражканын кырбуусунун алдында – алтын жалатылган 14 лавр бутагы бир тарапта жана 14 бутагы экинчи тарапта көрүнүшүндөгү сайма лавр бутактарынын желекчелеринин ортосундагы гүлдөө 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби менен саймаланган кызыл фондо рамкага алынган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эмблемасы менен кокарда.
Фуражканын жогорку маңдайында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби алтын түстөгү сайма менен түшүрүлөт. Гербдин айланасы 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби менен саймаланган, герб жогорку маңдайда 7 мм 9 мм, маңдайдын бийиктиги 90 мм чейинки аралыкта жайгашкан. Маңдайчасынын үстү лакталган кара булгары менен, ал эми асты замша же жүндөн жасалган кара кездеме менен капталган. Маңдайчаны бойлото кеткен 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби менен саймаланган лавр бутактары көрүнүшүндөгү кант.
Фуражканын маңдайчасынан кырбууга Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн өлчөмү 14 мм эки формалык жалтырак топчуга алтын түстүү чыйратылган боо бүчүлөнөт.
3. Күнүмдүк фуражка
Төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн жана кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү төрт капталдан, кызыл (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырбуудан, маңдайчадан турат. Төбөнүн кырын жана кырбуунун жогорку кырын бойлото – кызыл (милиция үчүн), жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант.
Фуражканын кырбуусунун алдында – алтын жалатылган 14 лавр бутагы бир тарапта жана 14 бутагы экинчи тарапта көрүнүшүндөгү сайма лавр бутактарынын желекчелеринин ортосундагы гүлдөө 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби менен саймаланган кызыл фондо рамкага алынган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эмблемасы менен кокарда.
Фуражканын жогорку маңдайында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби алтын түстөгү сайма менен түшүрүлөт. Гербдин айланасы 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби менен саймаланган, герб жогорку маңдайда 7 мм 9 мм, маңдайдын бийиктиги 90 мм чейинки аралыкта жайгашкан.
Фуражканын маңдайчасынын үстүндө кырбууга эки формалык жалтырак топчуга алтын түстүү чыйратылган боо бүчүлөнөт. Жалпы саймалоо үчүн 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган жип колдонулат.
4. Накта каракүлдөн тумак
Башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, кулакчындардын учунда байлоо үчүн боолору болот. Бардык деталдары бозомтук-каралжын түстөгү каракүлдөн даярдалат, маңдайчанын алдынан дал ортосун көздөй Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызыл фондогу эмблемасы жайгашкан же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү саймаланган алтын түстөгү кокарда бекитилет. Гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстү жагы лавр гүлчамбары менен гофреленет.
5. Кышкы пальто
Драп кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн), жылуулатылган, ортосунан каптал топчулуктары формалык төрт топчусу менен түз силуэттеги, мехтен жасалган чечилме кайырма жакалуу жаканын жээги лавр бутагы көрүнүшүндөгү алтын түстөгү тигилиштеги кышкы пальто, саймалоо үчүн 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби колдонулат. Мехтен же боз түстөгү каракүлдөн жасалган чечилме кайырма жака.
Өңүрү капталынан курама бөлүктөрү менен алды жагы кайып тигилген жана тилик капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан шлиц менен бүткөн тигиши бар. Кош тигиштүү жеңдери кайып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде төш чөнтөгү бар. Пальтонун ылдый жагы бүктөлөт.
Жаканын жээгин бойлото жана жеңдин кайрылып тигилген жеринен туурасы 90 мм болгон кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант кетет.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме погондор.
6. Эки борттуу параддык-сый китель
Болот түстөгү жүн кездемеден эки борттуу китель, ачык кайырма жакалуу жана лацкандары, үч формалык топчуга бекитилчү топчулуктары менен, ошондой эле сол жак өңүрүндө жасалгаланган 3 топчусу бар, топчулар алтын түстө, 22 мм диаметрде болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт. Өңүрү жапкычтары бар каптал тилик чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан тигиш кетет. Түз кайырмалуу жеңдери кош тигиштүү, жээңинин туурасы 90 мм. Жеңдин кайрылып тигилген жеринен, ошондой эле жаканын жээгин бойлото кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант тигилет. Жаканын жээгин бойлото жана жеңдин кайрылып тигилген жеринен канттын узатасынан 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган алтын түстөгү канитель жиби менен саймасы бар. Ошондой эле жеңдин кайрылып тигилген жеңдин ортосунан жана жакасын жээктей саймалоодо лавр бутагы көрүнүшүндөгү 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган жип колдонулат. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде топчуга бекитилчү кездемеден бекитмеси бар капкалдырыктуу тилик чөнтөктөр.
Параддык тигилме погондор.
7. Жүн кездемеден тигилген эки борттуу сый китель
Кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн) жүн кездемеден тигилген эки борттуу китель, ачык кайырма жакалуу жана лацкандары, үч формалык топчуга бекитилчү топчулуктары менен, ошондой эле сол жак өңүрүндө жасалгаланган 3 топчусу бар, топчулар алтын түстө, 22 мм диаметрде болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт. Өңүрү жапкычтары бар каптал тилик чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан тигиш кетет. Түз кайырмалуу жеңдери кош тигиштүү. Жеңдин кайрылып тигилген жеринен, ошондой эле жаканын жээгин бойлото кызыл түстөгү кант тигилет. Жаканын жээгин бойлото жана жеңдин кайрылып тигилген жеринен канттын узатасынан 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган алтын түстөгү жип менен саймасы бар. Ошондой эле жеңдин кайрылып тигилген жеңдин ортосунан жана жакасын жээктей саймалоодо жалбырактарынын арасында гүлү бар лавр бутагы көрүнүшүндөгү 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган жип колдонулат. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде топчуга бекитилчү кездемеден бекитмеси бар капкалдырыктуу тилик чөнтөктөр.
Алтын түстөгү параддык тигилме погондор.
8. Жүн кездемеден тигилген эки борттуу сый китель
Кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн) жүн кездемеден тигилген эки борттуу китель, ачык кайырма жакалуу жана лацкандары, үч формалык топчуга бекитилчү топчулуктары менен, ошондой эле сол жак өңүрүндө жасалгаланган 3 топчусу бар, топчулар алтын түстө, 22 мм диаметрде болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт. Өңүрү жапкычтары бар каптал тилик чөнтөктөрү менен. Өңүрү жапкычтары бар каптал тилик чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан тигиш кетет. Түз кайырмалуу жеңдери кош тигиштүү, жеңдин туурасы 90 мм. Жеңдин кайрылып тигилген жеринен, ошондой эле жаканын жээгин бойлото кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант тигилет. Жаканын жээгин бойлото жана жеңдин кайрылып тигилген жеринен канттын узатасынан 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган алтын түстөгү жип менен саймалоого жол берилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде топчуга бекитилчү кездемеден бекитмеси бар капкалдырыктуу тилик чөнтөктөр.
Кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн) тигилме погондор.
9. Жүн кездемеден тигилген бир борттуу күнүмдүк китель
Кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн) жүн кездемеден тигилген бир борттуу китель. Бир борттуу, жарым кыналыңкы силуэттеги, ачык кайырма жакалуу, жакасын саймалоодо лавр бутагы көрүнүшүндөгү 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган жип колдонулат жана төрт формалык топчуга ортосунан борттук бекитмелүү лацканы менен, топчулары алтын түстө, 22 мм диаметрде болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп, аягын чейин ичтелет. Арткы өңүрүнүн ортосунда шлиц менен бүткөн тигиши бар. Жеңдери эки тигиш менен учтары түз кайрылып тигилет. Сол жак өңүрүнүн каптамасында капкалдырыгы менен ички төш чөнтөк жайгашат. Өңүрү түз курама каптал бөлүктөрү менен, алды кайып тигилет, жогорку бирикме чөнтөктөрү бар, бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда жазылыгы 30 мм болгон банттык бүгүшү, 14 мм диаметриндеги жалгыз топчуга бекитилме фигуралуу жапкычы бар, топчусу алтын түстө болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылат, жана фигуралуу жапкычтуу каптал тилик чөнтөктөрү бар.
Арткы өңүрүнүн ортосунда шлиц менен бүткөн тигиши бар. Жеңдери эки тигиш менен учтары түз кайрылып тигилет, кайрылып тигилген жеңинин туурасы 90 мм жана ага кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде топчуга бекитилчү кездемеден бекитмеси бар капкалдырыктуу тилик чөнтөктөр.
Кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн) тигилме погондор.
10. Жүн кездемеден тигилген сыдырмалуу куртка
Жүндөн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, жакасы кайрып тигилген, жакасында лавр бутагынын көрүнүшүндө 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган канитель жиби менен саймасы бар, ортосунан тасма-сыдырма тарткычы менен, бел курчоосу кайып тигилген жана этегине чейин ичтелген куртка. Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары менен, кокеткасын тигишке кайып тигилип жана каптал ички чөнтөктөрүнүн алкагына жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага тарткыч менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда эни 30 мм болгон тасмалуу бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткалуу. Жеңдери бир тигиштүү, кайылма, манжетүү. Куртканын этеги эластика эни 40-50 мм болгон лентасы менен 3 катар тигилет. Чөнтөк жапкычтары жана манжеттери формалык топчуга топчуланат, топчунун өңү кездеменин өңүндө 14 мм өлчөмүндө болот жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме погондор.
11. Сыдырмалуу жеңил куртка
Пахта кездемесинен тигилген кочкул көк (милиция үчүн) түстөгү жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү куртка. Кайырма жакалуу, жай мезгилинде тик-кайырма жакалууга уруксат берилет, жакасын саймалоодо лавр бутагы көрүнүшүндөгү 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган жип колдонулат, ортосунан сыдырмага (топчуга) бекитилет, кайып тигилген бел куру бар.
Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары бар, кокеткасын тигишке кайып тигип жана каптал ички чөнтөктөрүнүн алкагына жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага замочка менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда 30 мм жазылыкта банттык бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткалуу. Жеңдери бир тигиштүү, чыканак тигишинде тилиги бар, кайылма манжетүү. Куртканын этеги эни 40-50 мм эластика лентасы менен каптал тигиштерине тартылат, 3 катар тигилет. Чөнтөк жапкычтары жана манжеттери формалык топчуга топчуланат, топчунун өңү кездеменин өңүндө 14 мм өлчөмүндө болот жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү чечме погондор.
12. Жүн кездемеден тигилген түз багалектүү параддык-сый шымы
Жүн кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама бочкалуу чөнтөктөрү. Бел курчоосу шлевкасы менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме жапкычы бар фигуралуу чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү лампасы кант бастырылып тигилет, лампасынын жазылыгы 25 мм.
13. Жүндөн токулган түз багалектүү сый шымы
Жогорку жетектөөчү курам үчүн жүндөн токулган түз багалектүү сый шымы. Жүндөн токулган кездемеден жасалган кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама бочкалуу чөнтөктөрү. Бел курчоосу шлевкасы менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме жапкычы бар фигуралуу чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү лампасы кант бастырылып тигилет, лампасынын жазылыгы 25 мм.
14. Жүндөн токулган сый шымы
Жогорку жетектөөчү курам үчүн жүндөн токулган сый шымы. Жүндөн токулган кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама бочкалуу чөнтөктөрү. Бел курчоосу илмектери менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме жапкычы бар фигуралуу чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү лампасы кант бастырылып тигилет, лампастын жазылыгы 25 мм.
15. Жеңил шым
Пахта кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет, шымдын алдыңкы бөлүгүндө курамалуу каптал чөнтөктөрү бар. Бел курчоосу илмектери менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме фигуралуу жапкычтуу чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет, канттын эки жагында кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү лампасы, лампастын жазылыгы 25 мм.
16. Жаз-күз кийилүүчү плащ
Суу өткөрбөс кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана кочкул көк саргыл түстөгү (ички кызмат үчүн) чечме ичтелмеси бар, жарым кыналыңкы көрүнүштөгү кайырма жакалуу, борттук топчулуктары формалык 4-5 топчусу менен курама бөлүктүү өңүрү капкалдырыктуу тилик чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан шлиц менен бүткөн тигиши бар. Кош тигиштүү жеңдери кайрылып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде капталдырыктары менен төш чөнтөгү бар. Жаканын жээктерин бойлой жана жеңдин кайрылган жеринен кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант кетет. Жакасын саймалоо үчүн лавр бутагы көрүнүшүндөгү 3 же 5 пайыздык алтын жалатылган жип колдонулат. Плащтын ылдый жагы кездемеден өйдө бүктөлөт.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү (параддык) чечме күнүмдүк погондор.
17. Плащ-жамынма
Кочкул көк же күрөң жашыл (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү плащ-жамынма, резиналанган кездемеден тигилип, ортосунан кол үчүн эки тилиги бара көрүнбөгөн төрт-беш топчуга бекитилчү топчулугу, кайырма жакасы жана такма копюшону менен.
18. Каракүл терисинен мех жакалуу кышкы булгаары куртка
Кайырма жакалуу, түз силуэтте жылуулата ичтелген, каракүл терисинен бозомтук-каралжын түстөгү чечме жакасы бар кара түстөгү булгаары курткасы, 6-8 бекитме (топчу) менен топчуланып жабылган ортосунан борттук сыдырма бекитмеси менен. Өңүрүндө жапкактары бар төмөнкү каптал тилик чөнтөк. Арткы өңүрү кокеткасы менен, ортосунан тигиши бар. Жеңдери кош тигиштүү. Ийин тигиштеринде өңүрдө погонду бекитүү үчүн – экиден шлевка, экиден бекитме (топчулук).
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү чечме күнүмдүк погондор.
19. Булгаары кол кап
Кол каптык булгарыдан ичтелмеси менен же ичтелмесиз булгаарыдан кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү кол каптын бекитмеси менен бекитилет же элластикалык тасма менен тартылат.
20. Жүн кол кап
Жүндөн токулган ак түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү кол каптын бекитмеси менен бекитилет же элластикалык тасма менен тартылат.
21. Күнүмдүк галстук
Кочкул көк (милиция үчүн) жана көк саргыл түстөгү (ички кызмат үчүн) күнүмдүк галстук. Негизги бөлүгү алдыңкы учу учтуу үч бурчтук болгон созулган трапеция көрүнүшүндө, көйнөктүн жакасынын алдына тагуу үчүн дайымкы түйүн жана моюнтуктан турат. Галстуктун жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин тигүүгө уруксат берилет.
22. Параддык-сый галстук
Кара түстөгү парадык-сый галстугу. Негизги бөлүгү алдыңкы учу учтуу үч бурчтук болгон созулган трапеция көрүнүшүндө, көйнөктүн жакасынын алдына тагуу үчүн дайымкы түйүн жана моюнтуктан турат. Галстуктун жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин тигүүгө уруксат берилет.
23. Моюн орогуч
Параддык формага – трикотаждан же кездемеден ак түстөгү моюн орогуч, милициянын күнүмдүк формасы үчүн – кочкул көк түстөгүсү, саргыч жашыл түс – ички кызмат үчүн күнүмдүк формасы .
24. Камуфляждалган жылуулатылган кышкы куртка
Камуфляж өңүндөгү кездемеден кайырма жакалуу, этегине чейин жылуулоочу ичи түз силуэтте, чечме копюшондуу, кочкул көк түстөгү каракүлдөн же накта мехтен чечме жакалуу, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген сыдырмасы тарткычы менен, ал 4-5 бекитме (топчу) менен топчуланган шамалдан коргоочу жапкыч менен жабылат. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан капкалдырыгы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Капюшон үч деталдан турат: каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүгүнөн.
Жеңдин ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн ичке тарткыч кайып тигилет, ал текстиль бекитмеси (басып бекитме, топчу) менен бекитилет. Тигилме погондорго уруксат берилет.
Камуфиляж түсүндөгү чечме погондор.
25. Кышкы камуфляждалган костюм шымы менен
Камуфляж өңүндөгү кездемеден жылуулатылган кышкы куртка, этегине чейин ичтелген түз силуэтте, мехтен чечме копюшондуу, чечме жакалуу, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген топчулугу, ачык жалгыз топчусу менен. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан капкалдырыгы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү менен. Накта мехтен чечме жакалуу. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Чечме погондор топчу менен топчуланат.
Куртка флис менен жылууланышы мүмкүн.
Топчуга шлевка менен бекитилүүчү кайып тигилген бел курчоосу аягына чейин жылуулата ичтелген комуфляж кездемесинен тигилген шым. Шымдын капталдарында жапкычтары менен бирикме чөнтөктөр. Шымдын багалеги жабык кесиле бүктөлгөн, эластикалык лента өткөрүлгөн тигиш менен иштелген. Кадамдык тигиштердин сызыгында – штрипкалар, алардын бош учу эки топчу менен топчуланат. Шым флис менен жылууланышы мүмкүн.
26. Камуфляждалган костюм шымы менен жана кепка
Камуфляж өңүндөгү кездемеден тигилген камуфляждалган костюм, ачык жакалуу, ортоңку сыдырма-тарткычы, кайып тигилген бел куру менен. Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары менен, кокеткасын тигишке кайып тигип жана каптал тилик чөнтөктөрү жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага тарткыч менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда тасмалуу бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери чыканак бою өлчөмүндө бир тигиштүү, кайылма манжети бар. Куртканын этеги эластика лентасы менен каптал тигиштерине үч катарда тартылат. Чөнтөк жапкычтары жана манжеттери формалык топчуга (бекитмеге) топчуланат. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар. Ошондой эле коймо погондор үчүн ичке тарткычтар каралат.
Погондору – чечилме погондор.
Комуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген шым топчу (бекитме) менен топчулануучу кайып тигилген бел курчоосу, шымдын алдыңкы курама бөлүгүнө иштетилген каптал чөнтөктөрү менен. Бел куру шлевкасы менен. Шымдын арткы оң жак бөлүгүнүн алкагында топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтуу чөнтөгү бар.
Кепка төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, кырбуудан, маңдайчадан, кайруудан турат. Кепканын каптал бөлүктөрүндө металл блокчолордон турган үч желдеткич тешик жайгашкан. Маңдайчанын алдынан кырбууга өрүлгөн боо тагылат. Кепканын алдында кырбуусунда металлдан жасалган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн сүрөтү тигилген кокарда бекитилет.
27. Футболка
Классикалык моделдеги, бирдей бычылган, узун же чолок жеңдүү кочкул көк, кара, көк саргыл, комуфляж түстөгү трикотаждан футболка.
28. Күнүмдүк көйнөк
Ачык-көк, ак, саргыч жашыл түстөгү узун/чолок жеңдүү көйнөк, каптал тигиштеринен эни 40-50 мм болгон 3 катар тигилген эластикалык лента менен тартылган бүтүн-бычылма бел куру бар, этегине чейин өңүрүндө 6-8 топчуга топчулугу менен, жакасынын түптөмөсүндө бир, бел курда эки топчулугу бар. Курама түптөмөсү, жасалгалуу тигиштери бар ачык жакалуу. Өңүрүндө жогорку бирикме чөнтөктөрү узунунан тигилген бүгүштөрү менен бир топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтары бар. Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери: узун, топчулама кайып тигилген манжеттери бар; кыска, манжеттери менен. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар, ачык көк, ак, жана саргыч жашыл түстөгү чечме погондор.
29. Параддык-сый көйнөк
Ак түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөк, каптал тигиштеринен эни 40-50 см болгон 3 ката тигилген эластикалык лента менен тартылган бүтүн-бычылма бел куру бар, этегине чейин өңүрүндө 6-8 топчуга топчулугу менен, жакасынын түптөмөсүндө бир, бел курда эки топчулугу бар. Курама түптөмөсү, жасалгалуу тигиштери бар ачык жакалуу. Өңүрүндө жогорку бирикме чөнтөктөрү узунунан тигилген бүгүштөрүрү менен бир топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтары бар. Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери: узун, топчулама кайып тигилген манжеттери бар; кыска, манжеттери менен. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар. Ошондой эле коймо погондор үчүн ичке тарткычтар каралат, погондору – параддык чечме погондор.
30. Кыска кончтуу өтүк
Кышкы жана жаз-күз кийилүүчү кыска кончтуу өтүк. Кара түстөгү кыска кончтуу өтүк кийилчү бөлүктөн, кончтон, тик апкыттан, штаферкадан жана тамандан (тамандан жана такадан) турат. Кончтун ич тарабында - тасма-сыдырмалуу бүчүлөмө. Өтүктүн тумшугу катуу. Кончу кыска өтүктүн ичи байка менен ичтелген (накта, же жасалма териден). Таманды бекитүү методу – желимдеме ранто – желимдеме жана ысык вулканизациялоо методу менен.
31. Кыска кончтуу ботинка
Булгарыдан кара түстөгү кыска кончтуу ботинка, сюзкалардан, (курактуу тумшуктан), берцтен, тилчеден жана тамандан (тамандан жана такадан) турат. Тумшугу катуу. Батектери накта булгарыдан. Берцтин жогор жагы – жумшак бортик. Ботинканын ичи кездеме, ал эми таман бөлүгү булгары менен ичтелген. Тамандын бекитилиши желимдөө жолу менен, желимдеме ранто – желимдеме жана ысык вулканизациялоо методу менен (подошвасы – пористтик резина).
32. Узун кончтуу ботинка
Кара түстөгү булгарыдан узун кончтуу ботинка союзкалардан, берцтен, тичеден, апкыт жана тамандан турат. Берецтин алды жагында боолор үчүн блокчолор. Боолор үчүн илмектер. Таманы менен такасы резинадан. Тамандын бекитилиши вулканизациялоо (куйма, комбинация) методу менен. Ичинде коюлма батектер.
Жеңилдетилген варианттагы узун кара (саргыч боз) түстөгү кончтуу ботинка узун кончтуу ботинка сыяктуу эле жасалган, бирок текстиль жана булгарыны комбинациялоо менен жасалат. Кончтун ички тарабында сыдырма-тарткыч болушу мүмкүн.
33. Параддык кур
Кездемеден, жибектен алтын (сары) түстөгү параддык кур. Кур пахта кездемесинин тасмасы менен ичтелген. Кайышы сүйрү формадагы латундан жасалган тегерек формада түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн таралгага бекитилет. Курдун жазылыгы 45-50 мм. Курду узартуу-кыскартуу эки илгичтин жана анын ич жагына тигилген бүчүлөрдүн жардамы менен болот.
34. Кайыш кур
Кара, көк саргыл түстөгү тасмасы бар кайыш кур, беш катмарлуу эки илгичтүү таралгасы менен. Кайыш курдун бош учунда таралганын илгичи үчүн тешикче, ошондой эле таралганы карабиндердин фиксатору түрүндө жасоого болот. Кайыш курдун негизги өңүндөгү таралга, жарым шакек жана кобура үчүн металлдан бекитме.
45. Аксельбант
Аксельбант өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана алтын түстөгү кошумча боодон турат. Кошумча боолордун металлдан жасалган алтын түстөгү учтуу эки кийгизгичи болот. Металл кийгизгичтин узундугу – 80 мм.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын улук жана орто жетектөөчү курамындагы кызматкерлеринин формалык кийимдеринин предметтеринин, бут кийимдеринин жана жабдууларынын СЫПАТТАМАСЫ
1. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген параддык-сый фуражкасы
Төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн жана кочкул көк төрт капталдан, кызыл (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырбуудан, маңдайчадан турат. Фуражканын кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү канты менен: биринчиси – төбөсүн капталдары менен бириктире кайып тигилген тигиши менен, экинчиси – капталдарын кыюусу менен бириктирген тигиши менен.
Маңдайча үстүнөн лакталган кара булгаарыны алмаштыруучу, ал эми ылдый жагынан замшадан же кара түстөгү жүн кездеме менен тартылат.
Фуражканын маңдайчасынын үстүндө кырбууга эки формалык жалтырак топчуга алтын түстүү чыйратылган боо бүчүлөнөт, топчунун өлчөмү 14 мм болуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлөт.
Бир гана милициянын полковниктерине жана ага тең болгон Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтарында фуражканын маңдайчасынын алдына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин көгүш фондогу эмблема жана лавр бутагынан гүлчамбар түрүндө саймасы бар алтын түстөгү кокарда.
Башка улук офицердик курам үчүн алтын түстөгү сүйрүсүнөн келген розетка көрүнүшүндөгү кокарда, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат. Гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстүнөн гофрирленип, кокарда лавр гүлчамбары менен жээктелет.
Бир гана милициянын полковниктерине жана ага тең болгон Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтарында фуражканын төбөсүнө сары (алтын) жип менен саймаланган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат, ал эми башка улук офицердик курам үчүн төбөсүнө герб түшүрүлбөйт.
2. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк фуражка
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк фуражканын сыпаттамасы жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген параддык-сый фуражкасынын сыпаттамасына окшош.
3. “Бейсболка” кепкасы
Кочкул көк, ак, камуфляж, көк саргыл түстөгү кездемеден 5 кыйыктуу “бейсболка” кепкасы. Алдыңкы экөөнөн башка бардык кыйыкта тордолгон желдетүүчү тешиктер (блокчолор) жайгашкан. Бейсболканын алдыңкы эки кыйыгында катуу астар жайгашкан. Катуу маңдайчасы 60-70 мм. Аркасында өлчөмдү жөнгө салуу үчүн боосу велкро-липучка же темирден илмек. Кепканын маңдайкы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби саймаланган, өлчөмү 30-35 мм диаметрдеги кокарда бекитилген.
4. Жүн кездемеден тигилген берет
Жүн кездемеден береттин түсү Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын кызматкери кызмат өтөп жаткан бөлүктүн жетекчисинин буйругу менен белгиленет. Жүн кездемеден тигилген береттин төбөсү сүйрү формада болуп, эки же үч дубалчадан жана каптамадан турат. Дубалчанын ылдый жагы өлчөмдү жөнгө салуучу боо өтүүчү булгаарыдан жасалган жээк менен иштетилген. Дубалчанын алды жагынан борборду көздөй металлдан жасалган же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү саймаланган диаметри 30-35 мм болгон кокарда жайгашат.
5. Кой терисинен же жасалма мехтен жасалган тумак
Тумак – башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, кулакчындардын учунда байлоо үчүн кочкул көк түстөгү боолору болот.
Маңдайчасынын, кулакчындарынын жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүгүнүн тышкы деталдары кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен турат. Ички деталдары жана башка кийилүүчү бөлүгү каралжын боз түстөгү ноотудан жасалат.
Маңдайчанын алдынан так ортосун көздөй Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган лавр гүлчамбары түрүндөгү кокарда жайгашат.
6. Накта каракүл терисинен жасалган мех тумак
Башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, кулакчындардын учунда байлоо үчүн кочкул көк түстөгү боолору болот. Бардык деталдары каралжын боз түстөгү каракүлдөн даярдалат, маңдайчанын алдына так ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгашкан лавр гүлчамбары көрүнүшүндөгү алтын түстөгү кокарда бекитилет. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын полковниги наамындагы жана аларга теңдүү башка кызматтардагы улук офицердик курамына гана берилет.
7. Жүн кездемеден тигилген параддык-сый кители
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген китель. Бир жакка топчуланган, кыналыңкы көрүнүштөгү, ачык, кайырма жакалуу, жаканын бүткөн жеринде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эмблемасы бар жана лацкандан этегин көздөй илмектери менен ортосунан борттук төрт формалык топчу болот, топчулар алтын түстө, 22 мм диаметрде болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт. Өңүрүнүн каптал бөлүктөрү кесилип, алды жагы бүйрүлөт жана чөнтөктөрү тилик келип, фигуралуу жапкычтары менен болот.
Арткы өңүрүнүн ортосунда шлиц менен бүткөн тигиши бар. Жеңдери эки тигиш менен учтары түз кайрылып тигилет. Сол жак өңүрүнүн каптамасында капкалдырыгы менен ички төш чөнтөк жайгашат.
Погондору – параддык тигилме.
Бир гана милициянын полковниги наамындагы улук офицердик курам жана ага тең келген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтары үчүн жаканын четин бойлой жана кайрылып тигилген жең учунда кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант тигилет. Кош тигиштүү кайып тигилген түз кайырмалуу жеңдеринин эни 90 мм, кайрылып тигилген жерине кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант тигилет.
8. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк китель
Жүндөн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кездемеден жасалган кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү китель. Бир жакка топчуланма, кыналыңкы контурдагы, ачык, кайырма жакалуу, жаканын бүткөн жеринде эмблемалары бар жана лацкандан этегин көздөй илмектери менен ортосунан борттук төрт формалык топчу болот, топчулар алтын түстө, 22 мм диаметрде болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт. Өңүрүнүн каптал бөлүктөрү кесилип, алды жагы бүйрүлөт жана жогорку бирикме чөнтөктөрү бар, бирикме чөнтөктөрдө ортолой эни 30 мм болгон тасмалуу бүгүш кетет, анын жапкычтары фигуралуу, 14 мм диаметриндеги бир топчу бекитилүүчү илмеги бар, топчусу алтын түстө болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт жана тилинип жасалган каптал чөнтөктөрү фигуралуу жапкычтары менен болот.
Арткы өңүрүнүн ортосунда шлиц менен бүткөн тигиши бар. Жеңдери эки тигиш менен учтары түз кайрылып тигилет. Сол жак өңүрүнүн каптамасында капкалдырыгы менен ички төш чөнтөк жайгашат.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме пагондор.
9. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген сыдырмалуу куртка
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, түз контурдагы, ортосунан тасма-сыдырма борттук тарткычы менен, кайып тигилген куру, жана этегине чейин каптоосу менен куртка. Жакасы кайрып тигилет. Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары менен, кокеткасын тигишке кайып тигилип жана каптал ички чөнтөктөрүнүн алкагына жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага тарткыч менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда ээндиги 30 мм тасмалуу бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткалуу. Жеңдери бир тигиштүү, кайылма, манжетүү. Куртканын этеги каптал тигиштери жагы үч катар тигилген туурасы 40-50 мм болгон эластика лентасы менен тартылат. Чөнтөктөрдүн жана манжеттердин клапандары формалык топчуга топчуланат топчунун өңү негизги кездеменин өңүндөй өлчөмү 14 мм Кыргыз Республикасынын герби чагылдырылган.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме пагондор.
10. Сыдырмалуу жеңил куртка
Пахта кездемесинен жасалган кочкул көк (милиция үчүн) түстөгү жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, түз силуэттеги, ортосунан тасма-сыдырмага борттук замочкасы менен, кайып тигилген куру, жана этегине чейин каптоосу менен куртка. Жакасы кайрып тигилет. Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары бар, кокеткасын тигишке кайып тигип жана каптал ички чөнтөктөрүнүн алкагына жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага замочка менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда эни 30 мм банттык бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткалуу. Жеңдери узун, бир тигиштүү, кайылма, манжетүү, бир топчуга бекитилме; кыска, манжети менен. Куртканын этеги эни 40-50 мм эластика лентасы менен тартылып, 3 катар тигилет. Чөнтөк клапаны жана манжеттери формалык точуга топчуланат, топчунун өңү негизги кездеменин өңүндөй өлчөмү 14 мм Кыргыз Республикасынын мамлекетинин герби чагылдырылган.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү чечме пагондор.
11. Жүн кездемеден тигилген түз багалектүү параддык-сый шымы
Жүн кездемеден тигилген кездемеден жасалган кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама өңүрлүү чөнтөктөрү. Бел курчоосу шлевкасы менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме жапкычы бар фигуралуу тилик чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет.
12. Жүн кездемеден тигилген түз багалектүү күнүмдүк шым
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кездемеден жасалган кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама өңүрлүү чөнтөктөрү. Бел курчоосу шлевкасы менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме жапкычы фигуралуу тилик чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет.
13. Түз багалектүү жеңил шым
Пахта кездемесинен жасалган кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама бочкалуу чөнтөктөрү бар. Бел курчоосу шлевкасы менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме фигуралуу жапкычтуу тилик чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет.
14. Пахта кездемесинен шым
Пахта кездемесинен тигилген кочкул көк түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоосу металлдан илгич же топчу менен бекитилет. Бел курчоосу ичке, кур өткөрүүчү шлевкалары менен. Шымдын арткы оң жак бөлүгүндө – чөнтөк. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Каптал тигиштеринде чөнтөктөр. Бел куру өткөргүчү менен. Жогорку бөлүгүнүн ылдый жагында капталдарында түз жапкычтары менен бирикме чөнтөктөр, алар липучкага бекитилет. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн кочкул көк кездемеден ушул жасалга ачык тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
15. Жылууланган шым
Кочкул көк түстөгү кездемеден тигилген, аягына чейин жылуулата ичтелген шым, кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоосу металлдан илгич же топчу менен бекитилет. Бел курчоосу ичке, кур өткөрүүчү шлевкалары менен. Шымдын арткы оң жак бөлүгүндө – чөнтөк. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Каптал тигиштеринде чөнтөктөр. Жогорку бөлүгүнүн ылдый жагында капталдарында түз жапкычтары менен бирикме чөнтөктөр, алар липучкага бекитилет. Бел куру өткөргүчү менен. Ошондой эле ылуулата ичтелген комбинезон шымына уруксат берилет. Шымдын ортосунда капталдарында эки жарык чагылдыруучу лента.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн кочкул көк кездемеден ушул жасалга ачык тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
16. Жүн аралаш кездемеден тигилген свитер
Жүн аралаш кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү каптамалары менен свитер. Моюндан ылдый классика жакалуу же V үлгүсүндөгү жакалуу. Ийиндеринде жана чыканактарында коргоочу каптамалары, төш чөнтөгү (чөнтөктөрү) менен. Ийин тигиштеринде өңүрдө погонду бекитүү үчүн – экиден шлевка, экиден топчулук (топчу жана липучкаларды бекитүүчү тарткыч). Коюлма же чечилме погондор.
17. Жылууланган кышкы куртка
Кочкул көк (милиция үчүн) жана көк саргыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, кайырма жакалуу, түз силуэттеги, ылдый жагына чейин жылуулатылган ичтелмеси бар, кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен чечме капюшону жана чечме жакасы менен, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген сыдырмасы тарткычы менен, ал 4-5 бекитме (топчу) менен топчуланган шамалдан коргоочу жапкыч менен жабылат. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан листочкасы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү бар. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Капюшон үч деталдан турат: каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүгүнөн.
Жеңдин ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн ичке тарткыч кайып тигилет, ал кнопка же топчу менен бекитилет.
Погондору – коюлма же чечилме.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн ачык түстөгү кездемеден ушул жасалга каралжын тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
18. Жылууланган булгаары куртка
Милициянын полковниги наамындагы улук офицердик курам жана ага тең келген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтары үчүн кайырма жакалуу, жылууланган ичтемеси менен түз силуэттеги, каракүлдөн каралжын боз түстөгү чечме жакалуу, ортосунан ички борттук сыдырмалуу бекиткичи менен кара түстөгү булгаарыдан куртка. Сыдырмасы 6-8 бекитме (топчу) супаттык топчулук менен жабылат. Өңүрлөрү капкалдырыкка төмөнкү каптал тилик чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрү ортосунан тигиши бар кокеткасы менен. Жеңи кош тигиштүү. Погонду бекитүү үчүн ийин тигиштеринде өңүрлөрүндө экиден шлевка жана экиден бекитме (топчулук). Чечме погондор.
19. Жаз-күз кийилүүчү куртка
Суу өткөрбөс кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн), түз силуэттеги, ортосунан ички борттук сыдырмалуу бекиткичи менен, бел курчоосу кайып тигилген жана бир (эки) кат синтепон менен этегине чейин ичтелген куртка. Копюшону - чечилме. Өңүрлөрү кокеткасы менен, сыдырма менен бекитилчү жогорку жана каптал тилик чөнтөктөрү менен.
Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңи кош тигиш менен кайып тигилген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Куртканын этеги каптал тигиштерине эластикалык манжет менен тартылат.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү коюлма же чечме пагондор.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн ачык түстөгү кездемеден ушул жасалга каралжын тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
20. Кышкы пальто
Драп кездемесинен тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана кочкул көк саргыл түстөгү (ички кызмат үчүн), жылууланган, ортосунан каптал топчулуктары формалык төрт топчусу менен түз силуэттеги, мехтен жасалган чечилме кайырма жакалуу кышкы пальто. Негизги жаканын үстү кочкул көк түстөгү жасалма (кой терисинен накта) мехтен чечилме жака колдонулушу мүмкүн,
Өңүрү капталынан курама бөлүктөрү менен, алды жагы кайып тигилген жана тилик капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан шлиц менен бүткөн тигиши бар. Кош тигиштүү жеңдери кайып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде төш чөнтөгү бар. Пальтонун ылдый жагы бүктөлөт.
Бир гана милициянын полковниги наамындагы улук офицердик курам жана ага тең келген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтары үчүн каракүлдөн жаканы тагынууга уруксат берилет.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме погондор.
21. Плащ
Суу өткөрбөс кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана кочкул көк саргыл түстөгү (ички кызмат үчүн) чечме ичтелмеси бар, жарым кыналыңкы көрүнүштөгү кайырма жакалуу, борттук топчулуктары формалык 4-5 топчусу менен курама бөлүктүү өңүрү тилик капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан шлиц менен бүткөн тигиши бар. Кош тигиштүү жеңдери кайып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде капталдырыктары менен төш чөнтөгү бар. Плащтын ылдый жагы кездемеден өйдө бүктөлөт. Ийин тигиштеринде өңүрдө погонду бекитүү үчүн – эки тарткыч жана эки топчулук.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү күнүмдүк (параддык) тигилме погондор.
22. Булгаарыдан кол кап
Кол каптык булгаарыдан ичтелмеси менен же ичтелмесиз булгаарыдан кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү кол каптын бекитмеси менен бекитилет же элластикалык тасма менен тартылат.
23. Жүндөн кездемеден тигилген кол кап
Жүндөн кездемеден тигилген кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү элластикалык тасма менен тартылат.
24. Пахтадан кездемеден тигилген кол кап
Жүндөн кездемеден тигилген кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү кол каптын бекитмеси менен бекитилет же элластикалык тасма менен тартылат.
25. Күнүмдүк галстук
Кочкул көк (милиция үчүн) жана көк саргыл түстөгү (ички кызмат үчүн) күнүмдүк галстук. Негизги бөлүгү алдыңкы учу учтуу үч бурчтук болгон созулган трапеция көрүнүшүндө, көйнөктүн жакасынын алдына тагуу үчүн дайымкы түйүн жана моюнтуктан турат.
Бир гана милициянын полковниги наамындагы улук офицердик курам жана ага тең келген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтары үчүн жогору жагына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби тигилген галстукка уруксат берилет.
26. Параддык галстук
Кара түстөгү парадык-сый галстугу. Негизги бөлүгү алдыңкы учу учтуу үч бурчтук болгон созулган трапеция көрүнүшүндө, көйнөктүн жакасынын алдына тагуу үчүн дайымкы түйүн жана моюнтуктан турат.

27. Моюн орогуч
Параддык формага – трикотаждан же кездемеден ак түстөгү моюн орогуч, милициянын күнүмдүк формасы үчүн – кочкул көк түстөгүсү, саргыч жашыл түс – ички кызматдын күнүмдүк формасы үчүн.
28. Камуфляждалган жылууланган куртка
Камуфляж өңүндөгү кездемеден кайырма жакалуу, этегине чейин жылуулоочу ичи түз силуэтте, чечме копюшондуу, кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен чечме жакалуу, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген сыдырмасы тарткычы менен, ал 4-5 бекитме (топчу) менен топчуланган шамалдан коргоочу жапкыч менен жабылат. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан капкалдырыгы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү бар. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Капюшон үч деталдан турат: каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүгүнөн.
Бир гана милициянын полковниги наамындагы улук офицердик курам жана ага тең келген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтары үчүн боз түстөгү каракүл жака тагынууга уруксат берилет.
Жеңдин ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн ичке тарткыч кайып тигилет, ал кнопкалуу топчу менен бекитилет. Погондору муфтанын көрүнүшүндөгү коюлма погондор. Чечме погондорго жол берилет.
29. Кышкы камуфляждалган костюм шымы менен
Камуфляж өңүндөгү кездемеден костюм, этегине чейин ичтелген түз силуэтте, мехтен чечме копюшондуу, чечме жакалуу, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген топчулугу, ачык жалгыз топчусу менен. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан капкалдырыгы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү менен. Накта (жасалма) мехтен чечме жакалуу. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн экиден шлевка жана экиден топчулук. Ошондой эле коюлма погондор үчүн тарткычтар каралган. Погондору чечилме.
Куртка флис менен жылууланышы мүмкүн.
Топчуга шлевка менен бекитилүүчү кайып тигилген бел курчоосу аягына чейин жылуулата ичтелген комуфляж кездемесинен тигилген шым. Шымдын капталдарында жапкычтары менен бирикме чөнтөктөр. Шымдын багалеги жабык кесиле бүктөлгөн, эластикалык лента өткөрүлгөн тигиш менен иштелген. Кадамдык тигиштердин сызыгында – штрипкалар, алардын бош учу эки топчу менен топчуланат. Шым флис менен жылууланышы мүмкүн.
30. Жайкы камуфляждалган костюм шымы менен
Костюм анатомиялык бычылышка ээ. Сыдырма менен жабылат, сыдырма шамалдан коргоочу липучкалуу жапкыч менен жабылат. Эки төш чөнтөгүдө жана эки жеңдеги бирикме чөнтөктөрү түз жапкычтар менен төшкө карай кыйгач жайгашкан. Липучкалуу тик жакалуу (кайырма же тик жака тагуу мүмкүндүгү менен). Арткы өңүрү капталдарынан бүгүшү менен. Жеңдери чыканак бою өлчөмүндө коргоогучу материал бириктирилип тигилет. Жеңдери хлястик менен, ылдый жагы кенен болуп липучкалар менен чапталат. Куртканын этеги эластика лентасы менен каптал тигиштерине үч катарда тартылат. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар. Ошондой эле коймо погондор үчүн ичке тарткычтар каралат. Погондору – талаа погондору.
Шымдын алдыңкы бөлүгү капталдарынан кыйгач көлөмдүү курама чөнтөктөрү менен, алар эки топчу менен бектилет, жамбаш тарабы коргоочу материл менен капталат. Этеги жабык бүктөлүп тигилет. Шымдын бел курунда шлевкалар жана ички тарабынан боо өткөрүлөт.
31. Комуфляждалган жайкы кепка
Кепка төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, кырбуудан, маңдайчадан, кайруудан турат. Кепканын каптал бөлүктөрүндө металл блокчолордон турган үч желдеткич тешик жайгашкан. Кепканын алдында кырбуусунда металлдан жасалган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн сүрөтү тигилген 30-35мм өлчөмүндөгү кокарда бекитилет.
32. Футболка
Классикалык моделдеги, бирдей бычылган, узун же чолок жеңдүү кочкул көк, кара, көк саргыл, комуфляж түстөгү трикотаждан футболка.
33. Параддык-сый көйнөк
Ак түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөк, каптал тигиштеринен эни 40-50 см болгон 3 ката тигилген эластикалык лента менен тартылган бүтүн-бычылма бел куру бар, этегине чейин өңүрүндө 6-8 топчуга топчулугу менен, жакасынын түптөмөсүндө бир, бел курда эки топчулугу бар. Курама түптөмөсү, жасалгалуу тигиштери бар ачык жакалуу. Өңүрүндө жогорку бирикме чөнтөктөрү узунунан тигилген бүгүштөрүрү менен бир топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтары бар. Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери: узун, топчулама кайып тигилген манжеттери бар; кыска, манжеттери менен. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар. Ошондой эле коймо погондор үчүн ичке тарткычтар каралат, погондору – параддык чечме погондор.
34. Күнүмдүк көйнөк
Көйнөктүк кездемеден тигилген ачык көк, ак, саргыч жашыл түстөгү узун/чолок жеңдүү көйнөк, каптал тигиштеринен эластикалык лента менен тартылган бүтүн-бычылма бел куру бар, этегине чейин өңүрүндө 6-8 топчуга топчулугу менен, жакасынын түптөмөсүндө бир, бел курда эки топчулугу бар. Курама түптөмөсү, жасалгалуу тигиштери бар ачык жакалуу. Өңүрүндө жогорку бирикме чөнтөктөрү узунунан тигилген бүгүштөрү менен бир топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтары бар. Өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери: узун, топчулама кайып тигилген манжеттери бар; кыска, манжеттери менен. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар, ачык көк, ак, саргыч жашыл түстөгү күнүмдүк чечме погондор.
35. Кыска кончтуу өтүк
Кышкы жана жаз-күз кийилүүчү кыска кончтуу өтүк. Кара түстөгү кыска кончтуу өтүк кийилчү бөлүктөн, кончтон, тик апкыттан, штаферкадан жана тамандан (тамандан жана такадан) турат. Кончтун ич тарабында - тасма-сыдырмалуу бүчүлөмө. Өтүктүн тумшугу катуу. Кончу кыска өтүктүн ичи байка менен ичтелген (накта, же жасалма териден). Таманды бекитүү методу – желимдеме ранто – желимдеме жана ысык вулканизациялоо методу менен.
36. Кыска кончтуу ботинка
Булгаарыдан кара түстөгү кыска кончтуу ботинка, сюзкалардан, (курактуу тумшуктан), берцтен, тилчеден жана тамандан (тамандан жана такадан) турат. Тумшугу катуу. Батектери накта булгаарыдан. Берцтин жогор жагы – жумшак бортик. Ботинканын ичи кездеме, ал эми таман бөлүгү булгары менен ичтелген.
Тамандын бекитилиши желимдөө жолу менен, желимдеме ранто – желимдеме жана ысык вулканизациялоо методу менен.
37. Узун кончтуу ботинка (берца)
Кара түстөгү булгаарыдан узун кончтуу ботинка союзкалардан, берцтен, тичеден, апкыт жана тамандан турат. Берецтин алды жагында боолор үчүн блокчолор. Боолор үчүн илмектер. Таманы менен такасы резинадан. Тамандын бекитилиши вулканизациялоо (куйма, комбинация) методу менен. Ичинде коюлма батектер.
Жеңилдетилген варианттагы узун кара (саргыч боз) түстөгү кончтуу ботинка узун кончтуу ботинка сыяктуу эле жасалган, бирок текстиль жана булгарыны комбинациялоо менен жасалат. Кончтун ички тарабында сыдырма-тарткыч болушу мүмкүн.
38. Параддык кур
Кездемеден, жибектен алтын (сары) түстөгү параддык кур. Кур пахта кездемесинин тасмасы менен ичтелген.
Кайышы сүйрү формадагы латундан жасалган тегерек формада түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн таралгага бекитилет.
Курдун жазылыгы 45-50 мм. Курду узартуу-кыскартуу эки илгичтин жана анын ич жагына тигилген бүчүлөрдүн жардамы менен болот.
39. Шаймандары менен тактикалык кайыш кур
Кордурдан же нейлондон кара түстөгү кайыш кур, жазылыгы 50 мм, ага кобур, радиостанция каражатын тагынып жүрүүчү чехол жана башка экипировкалык түрдүү предметтерди тагынуу үчүн конструктивдик элементтер кийгизилет. Кайыш курдун учу кенен болуп, таралганы бекитүүчү тешиктер, ошондой эле таралгасы карабинден фиксатор көрүнүшүндө болушу мүмкүн. Таралга, жарым шакек жана кобур баскычтары металлдан жана курдун өңүндө болот.
40. Жарык чагылдыруучу элементтери менен атайын, сигналдык жилет
Лимон түстөгү, мойну V үлгүсүндө кесилген, боору сыдырмалуу жана жапкычы менен, сол жак өңүрүнө туташ бычылган жана текстиль топчулугуна бекитилет. Өңүрлөрүндө горизонталдык тилкелер узата тигилген, арткы өңүрүндө – горизонталдык тилкелер, ортоңку бөлүгүндө күмүш түстөгү жарык чагылдыруучу материл тилкесинде «МИЛИЦИЯ»/«ИИМ» деген жазуусу бар. Капталдарында текстилдик илмектерине бекитилчү тарткычтар жайгашкан. Сол жана оң жак өңүрүндө төш белгини жана видеокаттоону бекитүү үчүн эки блокчосу менен шлевкалар. Жилеттин мойну, колтугу, капталындагы жана этегиндеги жээктери кыюуланган.
41. Аксельбант
Аксельбант өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана алтын түстөгү кошумча боодон турат. Кошумча боолордун металлдан жасалган алтын түстөгү учтуу эки кийгизгичи болот. Металл кийгизгичтин узундугу – 80 мм.
42. Поло көйнөгү
Узун/чолок жеңдүү кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) поло көйнөгү. Узун/чолок жеңдүү түз бычылган поло көйнөгү: чолок жеңдүү манжети менен, ал эми узун жеңдүүлөр түз тигиш менен бүктөлүп тигилет, ачык жакалуу жана үч топчуга бекитилме планкасы менен. Топчусу бир өңдө, кездеменин түсүндө. Ийин тигиштери негизги кездемеден бириктирилип тигилет. Ийин тигиштеринде жеңдери жана ийини кайып тигилген жеринде ортолой көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү коюлма погондору менен тарткыч жайгашкан. Этеги түз тигиш менен бүктөлүп тигилген.
Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн ачык түстөгү кездемеден ушул жасалга күңүрт тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кенже жетектөөчү жана катардагы курамындагы кызматкерлеринин формалык кийимдеринин предметтеринин, бут кийимдеринин жана жабдууларынын
СЫПАТТАМАСЫ
1. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген параддык-сый фуражкасы
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген параддык-сый фуражкасы төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн жана кочкул көк төрт капталдан, кызыл (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кырбуудан, маңдайчадан турат. Фуражканын кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү канты менен: биринчиси – төбөсүн капталдары менен бириктире кайып тигилген тигиши менен, экинчиси – капталдарын кыюусу менен бириктирген тигиши менен.
Маңдайча үстүнөн лакталган кара булгаарыны алмаштыруучу, ал эми ылдый жагынан замшадан же кара түстөгү жүн кездеме менен тартылат.
Фуражканын маңдайчасынын үстүндө кырбууга эки формалык жалтырак топчуга алтын түстүү чыйратылган боо бүчүлөнөт, топчунун өлчөмү 14мм, ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн.
Алтын түстөгү сүйрүсүнөн келген розетка көрүнүшүндөгү кокарда, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат. Гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстүнөн гофрирленет.
2. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк фуражка
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк фуражканын сыпаттамасы жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген параддык-сый фуражкасынын сыпаттамасына окшош.
3. Кой терисинен же жасалма мехтен жасалган тумак
Тумак – башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, кулакчындардын учунда байлоо үчүн кочкул көк түстөгү боолору болот. Маңдайчасынын, кулакчындарынын жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүгүнүн тышкы деталдары кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен турат. Ички деталдары жана башка кийилүүчү бөлүгү каралжын боз түстөгү ноотудан жасалат.
Маңдайчанын алдында дал ортосунда алтын түстөгү сүйрүсүнөн келген розетка көрүнүшүндөгү кокарда, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат, гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстүнөн гофрирленет.
4. “Бейсболка” кепкасы
Кочкул көк, ак, камуфляж, көк саргыл түстөгү кездемеден 5 кыйыктуу “бейсболка” кепкасы. Алдыңкы экөөнөн башка бардык кыйыкта тордолгон желдетүүчү тешиктер (блокчолор) жайгашкан. Бейсболканын алдыңкы эки кыйыгында катуу астар жайгашкан. Катуу маңдайчасы 60-70 мм. Аркасында өлчөмдү жөнгө салуу үчүн боосу велкро-липучка же темирден илмек. Кепканын маңдайкы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби саймаланган, өлчөмү 30-35 мм диаметрдеги кокарда бекитилген.
5. Жүн кездемеден тигилген берет
Жүн кездемеден береттин түсү Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын кызматкери кызмат өтөп жаткан бөлүктүн жетекчисинин буйругу менен белгиленет. Жүн кездемеден тигилген береттин төбөсү сүйрү формада болуп, эки же үч дубалчадан жана каптамадан турат. Дубалчанын ылдый жагы өлчөмдү жөнгө салуучу боо өтүүчү булгаарыдан жасалган жээк менен иштетилген. Дубалчанын алды жагынан борборду көздөй металлдан жасалган же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү саймаланган диаметри 30-35 мм болгон кокарда жайгашат.
6. Жүн кездемеден тигилген параддык-сый кители
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жүн кездемеден тигилген китель. Бир жакка топчуланган, кыналыңкы көрүнүштөгү, ачык, кайырма жакалуу, жаканын бүткөн жеринде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эмблемасы бар жана лацкандан этегин көздөй илмектери менен ортосунан борттук төрт формалык топчу болот, топчулар алтын түстө, 22 мм диаметрде болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт. Өңүрүнүн каптал бөлүктөрү кесилип, алды жагы бүйрүлөт жана чөнтөктөрү тилик келип, фигуралуу жапкычтары менен болот.
Арткы өңүрүнүн ортосунда шлиц менен бүткөн тигиши бар. Жеңдери эки тигиш менен учтары түз кайрылып тигилет. Сол жак өңүрүнүн каптамасында капкалдырыгы менен ички төш чөнтөк жайгашат.
Погондору – параддык тигилме.
7. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк китель
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү китель. Бир боттуу, кыналыңкы силуэттеги, ачык, кайырма жакалуу, жаканын бүткөн жеринде эмблемалары бар жана лацкандан этегин көздөй илмектери менен ортосунан борттук төрт формалык топчу болот, топчулар алтын түстө, 22 мм диаметрде болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт. Өңүрүнүн каптал бөлүктөрү кесилип, алды жагы бүйрүлөт жана жогорку бирикме чөнтөктөрү бар, бирикме чөнтөктөрдө ортолой эни 30 мм болгон тасмалуу бүгүш кетет, анын жапкычтары фигуралуу, 14 мм диаметриндеги бир топчу бекитилүүчү илмеги бар, топчусу алтын түстө болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт жана тилинип жасалган каптал чөнтөктөрү фигуралуу жапкычтары менен болот.
Арткы өңүрүнүн ортосунда шлиц менен бүткөн тигиши бар. Жеңдери эки тигиш менен учтары түз кайрылып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтемесинде капкалдырыгы менен ички төш чөнтөк жайгашат.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме пагондор.
8. Жүн кездемеден тигилген сыдырмалуу куртка
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, түз контурдагы, ортосунан тасма-сыдырма борттук тарткычы менен, кайып тигилген куру, жана этегине чейин каптоосу менен куртка. Жакасы кайрып тигилет. Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары менен, кокеткасын тигишке кайып тигилип жана каптал ички чөнтөктөрүнүн алкагына жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага тарткыч менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда ээндиги 30 мм тасмалуу бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткалуу. Жеңдери бир тигиштүү, кайылма, манжетүү. Куртканын этеги каптал тигиштери жагы үч катар тигилген туурасы 40-50 мм болгон эластика лентасы менен тартылат. Чөнтөктөрдүн жана манжеттердин клапандары формалык топчуга топчуланат топчунун өңү негизги кездеменин өңүндөй өлчөмү 14 мм Кыргыз Республикасынын герби чагылдырылган.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме пагондор.
9. Сыдырмалуу жеңил куртка
Пахта кездемесинен жасалган кочкул көк (милиция үчүн) түстөгү жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, түз силуэттеги, ортосунан тасма-сыдырмага борттук замочкасы менен, кайып тигилген куру, жана этегине чейин каптоосу менен куртка. Жакасы кайрып тигилет. Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары бар, кокеткасын тигишке кайып тигип жана каптал ички чөнтөктөрүнүн алкагына жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага замочка менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда эни 30 мм банттык бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткалуу. Жеңдери узун, бир тигиштүү, кайылма, манжетүү, бир топчуга бекитилме; кыска, манжети менен. Куртканын этеги эни 40-50 мм эластика лентасы менен тартылып, 3 катар тигилет. Чөнтөк клапаны жана манжеттери формалык точуга топчуланат, топчунун өңү негизги кездеменин өңүндөй өлчөмү 14 мм Кыргыз Республикасынын мамлекетинин герби чагылдырылган.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү чечме пагондор.
10. Жүн кездемеден тигилген түз багалектүү параддык-сый шымы
Жүн кездемеден тигилген кездемеден жасалган кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым, кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама бочкалуу чөнтөктөрү. Бел курчоосу шлевкасы менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме жапкычы бар фигуралуу тилик чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет.
11. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген түз багалектүү күнүмдүк шым
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кездемеден жасалган кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама бочкалуу чөнтөктөрү. Бел курчоосу шлевкасы менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме жапкычы фигуралуу тилик чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет.
12. Түз багалектүү күнүмдүк жеңил шым
Пахта кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама бочкалуу чөнтөктөрү бар. Бел курчоосу шлевкасы менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме фигуралуу жапкычтуу тилик чөнтөк. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет.
13. Пахта кездемеден шым
Пахта кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоосу металлдан илгич же топчу менен бекитилет. Бел курчоосу ичке, кур өткөрүүчү шлевкалары менен. Шымдын арткы оң жак бөлүгүндө – чөнтөк. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Каптал тигиштеринде чөнтөктөр. Жогорку бөлүгүнүн ылдый жагында капталдарында түз жапкычтары менен бирикме чөнтөктөр, алар липучкага бекитилет. Шымдын ортосунда капталдарында экиден жарык чагылдыруучу лента.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн кочкул көк кездемеден ушул жасалга ачык тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып, канты жок кийүүгө уруксат берилет.
14. Жылуулатылган шым
Кочкул көк түстөгү кездемеден тигилген, аягына чейин жылуулата ичтелген шым, кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоосу металлдан илгич же топчу менен бекитилет. Бел курчоосу ичке, кур өткөрүүчү шлевкалары менен. Шымдын арткы оң жак бөлүгүндө – чөнтөк. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Каптал тигиштеринде чөнтөктөр. Жогорку бөлүгүнүн ылдый жагында капталдарында түз жапкычтары менен бирикме чөнтөктөр, алар липучкага бекитилет. Шымдын ортосунда капталдарында экиден жарык чагылдыруучу лента.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн кочкул көк кездемеден ушул жасалга ачык тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
15. Жүн аралаш кездемеден тигилген свитер
Жүн аралаш кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү каптамалары менен свитер. Моюндан ылдый классика жакалуу же V үлгүсүндөгү жакалуу. Ийиндеринде жана чыканактарында коргоочу каптамалары, төш чөнтөгү (чөнтөктөрү) менен. Ийин тигиштеринде өңүрдө погонду бекитүү үчүн – экиден шлевка, экиден топчулук (топчу жана липучкаларды бекитүүчү тарткыч). Муфта көрүнүшүндөгү коюлма же чечилме погондор.
16. Жылуулатылган кышкы куртка
Кочкул көк (милиция үчүн) жана көк саргыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, кайырма жакалуу, түз силуэттеги, ылдый жагына чейин жылуулатылган ичтелмеси бар, кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен чечме капюшону жана чечме жакасы менен, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген сыдырмасы тарткычы менен, ал 4-5 бекитме (топчу) менен топчуланган шамалдан коргоочу жапкыч менен жабылат. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан листочкасы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү бар. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Капюшон үч деталдан турат: каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүгүнөн.
Жеңдин ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн ичке тарткыч кайып тигилет, ал кнопка же топчу менен бекитилет.
Погондору – коюлма же чечилме.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн ачык түстөгү кездемеден ушул жасалга каралжын тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
17. Жаз-күз кийилүүчү куртка
Суу өткөрбөс кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн), түз силуэттеги, ортосунан ички борттук сыдырмалуу бекиткичи менен, бел курчоосу кайып тигилген жана бир (эки) кат синтепон менен этегине чейин ичтелген куртка. Копюшону - чечилме. Өңүрлөрү кокеткасы менен, сыдырма менен бекитилчү жогорку жана каптал тилик чөнтөктөрү менен.
Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңи кош тигиш менен кайып тигилген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Куртканын этеги каптал тигиштерине эластикалык манжет менен тартылат.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү коюлма же чечме пагондор.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн ачык түстөгү кездемеден ушул жасалга каралжын тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
18. Кышкы пальто
Драп кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана көк саргыл түстөгү (ички кызмат үчүн), Жылуулатылган, ортосунан каптал топчулуктары формалык төрт топчусу менен түз силуэттеги, мехтен жасалган чечме кайырма жакалуу кышкы пальто. Негизги жаканын үстү кочкул көк түстөгү жасалма (кой терисинен накта) мехтен чечилме жака колдонулушу мүмкүн,
Өңүрү капталынан курама бөлүктөрү менен, алды жагы кайып тигилген жана капкалдырыктуу тилик чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан шлиц менен бүткөн тигиши бар. Кош тигиштүү жеңдери кайып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде төш чөнтөгү бар. Пальтонун ылдый жагы бүктөлөт.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме погондор.
19. Плащ
Суу өткөрбөс кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана кочкул көк саргыл түстөгү (ички кызмат үчүн) чечме ичтелмеси бар, жарым кыналыңкы көрүнүштөгү кайырма жакалуу, борттук топчулуктары формалык 4-5 топчусу менен курама бөлүктүү өңүрү тилик капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан шлиц менен бүткөн тигиши бар. Кош тигиштүү жеңдери кайып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде капталдырыктары менен төш чөнтөгү бар. Плащтын ылдый жагы кездемеден өйдө бүктөлөт. Ийин тигиштеринде өңүрдө погонду бекитүү үчүн – эки тарткыч жана эки топчулук.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү күнүмдүк (параддык) тигилме погондор.
20. Жүн кездемеден тигилген кол кап
Жүн кездемеден тигилген кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү элластикалык тасма менен тартылат.
21. Пахтадан кездемеден тигилген кол кап
Жүн кездемеден тигилген ак түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү кол каптын бекитмеси менен бекитилет же элластикалык тасма менен тартылат.
22. Күнүмдүк галстук
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн) күнүмдүк галстук. Негизги бөлүгү алдыңкы учу учтуу үч бурчтук болгон созулган трапеция көрүнүшүндө, көйнөктүн жакасынын алдына тагуу үчүн дайымкы түйүн жана моюнтуктан турат.
23. Параддык галстук
Кара түстөгү парадык-сый галстугу. Негизги бөлүгү алдыңкы учу учтуу үч бурчтук болгон созулган трапеция көрүнүшүндө, көйнөктүн жакасынын алдына тагуу үчүн дайымкы түйүн жана моюнтуктан турат.
24. Моюн орогуч
Параддык формага – трикотаждан же кездемеден ак түстөгү моюн орогуч, милициянын күнүмдүк формасы үчүн – кочкул көк түстөгүсү, саргыч жашыл түс – ички кызматтын күнүмдүк формасы үчүн.
25. Камуфляждалган жылуулатылган куртка
Камуфляж өңүндөгү кездемеден кайырма жакалуу, этегине чейин жылуулоочу ичи түз силуэтте, чечме копюшондуу, кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен чечме жакалуу, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген сыдырмасы тарткычы менен, ал 4-5 бекитме (топчу) менен топчуланган шамалдан коргоочу жапкыч менен жабылат. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан капкалдырыгы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү бар. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Капюшон үч деталдан турат: каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүгүнөн.
Ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн ичке тарткыч кайып тигилет, ал кнопка же топчу менен бекитилет. Погондору – талаа погондору.
26. Камуфляждалган кышкы костюм шымы менен
Камуфляж өңүндөгү кездемеден жылуулатылган костюм, этегине чейин ичтелген түз силуэтте, мехтен чечме копюшондуу, чечме жакалуу, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген топчулугу, ачык жалгыз топчусу менен. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан капкалдырыгы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү менен. Накта (жасалма) мехтен чечме жакалуу. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Талаа погондору менен.
Куртка флис менен жылууланышы мүмкүн.
Топчуга шлевка менен бекитилүүчү кайып тигилген бел курчоосу аягына чейин жылуулата ичтелген комуфляж кездемесинен тигилген шым. Шымдын капталдарында жапкычтары менен бирикме чөнтөктөр. Шымдын багалеги жабык кесиле бүктөлгөн, эластикалык лента өткөрүлгөн тигиш менен иштелген. Кадамдык тигиштердин сызыгында – штрипкалар, алардын бош учу эки топчу менен топчуланат. Шым флис менен жылууланышы мүмкүн.
27. Камуфляждалган жайкы костюм шымы менен
Костюм анатомиялык бычылышка ээ. Сыдырма менен жабылат, сыдырма шамалдан коргоочу липучкалуу жапкыч менен жабылат. Эки төш чөнтөгүдө жана эки жеңдеги бирикме чөнтөктөрү түз жапкычтар менен төшкө карай кыйгач жайгашкан. Липучкалуу тик жакалуу (кайырма же тик жака тагуу мүмкүндүгү менен). Арткы өңүрү капталдарынан бүгүшү менен. Жеңдери чыканак бою өлчөмүндө коргоогучу материал бириктирилип тигилет. Жеңдери хлястик менен, ылдый жагы кенен болуп липучкалар менен чапталат. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар.
Комуфляж түсүндөгү кездемеден тигилген жайкы шым, топчу (бекитме) менен топчулануучу кайып тигилген бел курчоосу, шымдын алдыңкы курама бөлүгүнө иштетилген каптал чөнтөктөрү менен. Бел куру шлевкасы менен. Шымдын арткы оң жак бөлүгүнүн алкагында топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтуу чөнтөгү бар.
Шым кенен бычылган.
Шымдын алдыңкы бөлүгү капталдарынан кыйгач көлөмдүү курама чөнтөктөрү менен, алар эки топчу менен бектилет, жамбаш тарабы коргоочу материл менен капталат. Этеги жабык бүктөлүп тигилет. Шымдын бел курунда шлевкалар жана ички тарабынан боо өткөрүлөт.
28. Комуфляждалган жайкы кепка
Кепка төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, кырбуудан, маңдайчадан, кайруудан турат. Кепканын каптал бөлүктөрүндө металл блокчолордон турган үч желдеткич тешик жайгашкан. Кепканын алдында кырбуусунда металлдан жасалган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн кокарда бекитилет.
29. Футболка
Классикалык моделдеги, бирдей бычылган, узун же чолок жеңдүү кочкул көк, кара, көк саргыл, комуфляж түстөгү трикотаждан футболка.
30. Параддык-сый көйнөк
Ак түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөк, каптал тигиштеринен эни 40-50 см болгон 3 катар тигилген эластикалык лента менен тартылган бүтүн-бычылма бел куру бар, этегине чейин өңүрүндө 6-8 топчуга топчулугу менен, жакасынын түптөмөсүндө бир, бел курда эки топчулугу бар. Курама түптөмөсү, жасалгалуу тигиштери бар ачык жакалуу. Өңүрүндө жогорку бирикме чөнтөктөрү узунунан тигилген бүгүштөрүрү менен бир топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтары бар. Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери: узун, топчулама кайып тигилген манжеттери бар; кыска, манжеттери менен. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар. Ошондой эле коймо погондор үчүн ичке тарткычтар каралат, погондору – параддык чечме погондор.
31. Күнүмдүк көйнөк
Көйнөктүк кездемеден тигилген ачык көк, ак, саргыч жашыл түстөгү узун/чолок жеңдүү көйнөк, каптал тигиштеринен эластикалык лента менен тартылган бүтүн-бычылма бел куру бар, этегине чейин өңүрүндө 6-8 топчуга топчулугу менен, жакасынын түптөмөсүндө бир, бел курда эки топчулугу бар. Курама түптөмөсү, жасалгалуу тигиштери бар ачык жакалуу. Өңүрүндө жогорку бирикме чөнтөктөрү узунунан тигилген бүгүштөрү менен бир топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтары бар. Өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери: узун, топчулама кайып тигилген манжеттери бар; кыска, манжеттери менен. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар, ачык көк, ак, саргыч жашыл түстөгү күнүмдүк чечме погондор.
32. Кыска кончтуу өтүк
Кышкы жана жаз-күз кийилүүчү кыска кончтуу өтүк. Кара түстөгү кыска кончтуу өтүк кийилчү бөлүктөн, кончтон, тик апкыттан, штаферкадан жана тамандан (тамандан жана такадан) турат. Кончтун ич тарабында - тасма-сыдырмалуу бүчүлөмө. Өтүктүн тумшугу катуу. Кончу кыска өтүктүн ичи байка менен ичтелген (накта, же жасалма териден). Таманды бекитүү методу – желимдеме ранто – желимдеме жана ысык вулканизациялоо методу менен.
33. Кыска кончтуу ботинка
Булгарыдан кара түстөгү кыска кончтуу ботинка, сюзкалардан, (курактуу тумшуктан), берцтен, тилчеден жана тамандан (тамандан жана такадан) турат. Тумшугу катуу. Батектери накта булгарыдан. Берцтин жогор жагы – жумшак бортик. Ботинканын ичи кездеме, ал эми таман бөлүгү булгары менен ичтелген.
Тамандын бекитилиши желимдөө жолу менен, желимдеме ранто – желимдеме жана ысык вулканизациялоо методу менен.
34. Узун кончтуу ботинка
Кара түстөгү булгарыдан узун кончтуу ботинка союзкалардан, берцтен, тилчеден, апкыт жана тамандан турат. Берецтин алды жагында боолор үчүн блокчолор. Боолор үчүн илмектер. Таманы менен такасы резинадан. Тамандын бекитилиши вулканизациялоо (куйма, комбинация) методу менен. Ичинде коюлма батектер.
Жеңилдетилген варианттагы узун кара (саргыч боз) түстөгү кончтуу ботинка узун кончтуу ботинка сыяктуу эле жасалган, бирок текстиль жана булгарыны комбинациялоо менен жасалат. Кончтун ички тарабында сыдырма-тарткыч болушу мүмкүн.
35. Параддык кур
Кездемеден, жибектен алтын (сары) түстөгү параддык кур. Кур пахта кездемесинин тасмасы менен ичтелген.
Кайышы сүйрү формадагы латундан жасалган тегерек формада түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн таралгага бекитилет.
Курдун жазылыгы 45-50 мм. Курду узартуу-кыскартуу эки илгичтин жана анын ич жагына тигилген бүчүлөрдүн жардамы менен болот.
36. Шаймандары менен тактикалык кайыш кур
Кордурдан же нейлондон кара түстөгү кайыш кур, жазылыгы 50 мм, ага кобур, радиостанция каражатын тагынып жүрүүчү чехол жана башка экипировкалык түрдүү предметтерди тагынуу үчүн конструктивдик элементтер кийгизилет. Кайыш курдун учу кенен болуп, таралганы бекитүүчү тешиктер, ошондой эле таралгасы карабинден фиксатор көрүнүшүндө болушу мүмкүн. Таралга, жарым шакек жана кобур баскычтары металлдан жана курдун өңүндө болот.
37. Жарык чагылдыруучу элементтери менен атайын, сигналдык жилет
Лимон түстөгү, мойну V үлгүсүндө кесилген, боору сыдырмалуу жана жапкычы менен, сол жак өңүрүнө туташ бычылган жана текстиль топчулугуна бекитилет. Өңүрлөрүндө горизонталдык тилкелер узата тигилген, арткы өңүрүндө – горизонталдык тилкелер, ортоңку бөлүгүндө күмүш түстөгү жарык чагылдыруучу материл тилкесинде «МИЛИЦИЯ»/«ИИМ» деген жазуусу бар. Капталдарында текстилдик илмектерине бекитилчү тарткычтар жайгашкан. Сол жана оң жак өңүрүндө төш белгини жана видеокаттоону бекитүү үчүн эки блокчосу менен шлевкалар. Жилеттин мойну, колтугу, капталындагы жана этегиндеги жээктери кыюуланган.
38. Аксельбант
Аксельбант өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана алтын түстөгү кошумча боодон турат. Кошумча боолордун металлдан жасалган алтын түстөгү учтуу эки кийгизгичи болот.
Металл кийгизгичтин узундугу – 80 мм.
39. Поло көйнөгү
Узун/чолок жеңдүү кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) поло көйнөгү. Узун/чолок жеңдүү түз бычылган поло көйнөгү: чолок жеңдүү манжети менен, ал эми узун жеңдүүлөр түз тигиш менен бүктөлүп тигилет, ачык жакалуу жана үч топчуга бекитилме планкасы менен. Топчусу бир өңдө, кездеменин түсүндө. Ийин тигиштери негизги кездемеден бириктирилип тигилет. Ийин тигиштеринде жеңдери жана ийини кайып тигилген жеринде ортолой көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү коюлма погондору менен тарткыч жайгашкан. Этеги түз тигиш менен бүктөлүп тигилген.
Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн ачык түстөгү кездемеден ушул жасалга күңүрт тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жогорку, орто, кенже жетектөөчү курамындагы аял кызматкерлеринин формалык кийимдеринин предметтеринин, бут кийимдеринин жана жабдууларынын
СЫПАТТАМАСЫ
1. Жүн кездемеден тигилген параддык-сый пилоткасы
Кочкул-көк түстөгү кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү бортикти жээктей бастырылган канты менен жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген пилотка. Пилотка эки деталдан – узартылган түптөмөдөн, эки дубалча, эки бортиктен турат.
Пилотканын маңдайында ортосунан алтын түстөгү сүйрүсүнөн келген розетка көрүнүшүндөгү кокарда жайгашкан, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат. Гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстүнөн гофрирленет.
2. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк пилотка
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк пилотканын сыпаттамасы жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген параддык-сый пилоткасынын сыпаттамасына окшош.
3. “Бейсболка” кепкасы
Кочкул көк, ак, камуфляж, көк саргыл түстөгү кездемеден 5 кыйыктуу “бейсболка” кепкасы. Алдыңкы экөөнөн башка бардык кыйыкта тордолгон желдетүүчү тешиктер (блокчолор) жайгашкан. Бейсболканын алдыңкы эки кыйыгында катуу астар жайгашкан. Катуу маңдайчасы 60-70 мм. Аркасында өлчөмдү жөнгө салуу үчүн боосу велкро-липучка же темирден илмек. Кепканын маңдайкы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби саймаланган, өлчөмү 30-35 мм диаметрдеги кокарда бекитилген.
4. Жүн кездемеден тигилген берет
Жүн кездемеден береттин түсү Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын кызматкери кызмат өтөп жаткан бөлүктүн жетекчисинин буйругу менен белгиленет. Жүн кездемеден тигилген береттин төбөсү сүйрү формада болуп, эки же үч дубалчадан жана каптамадан турат. Дубалчанын ылдый жагы өлчөмдү жөнгө салуучу боо өтүүчү булгаарыдан жасалган жээк менен иштетилген. Дубалчанын алды жагынан борборду көздөй металлдан жасалган же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү саймаланган диаметри 30-35 мм болгон кокарда жайгашат.
5. Кой терисинен же жасалма мехтен жасалган тумак
Тумак – башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, кулакчындардын учунда байлоо үчүн кочкул көк түстөгү боолору болот. Маңдайчасынын, кулакчындарынын жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүгүнүн тышкы деталдары кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен турат. Ички деталдары жана башка кийилүүчү бөлүгү бозомтук-каралжын түстөгү ноотудан жасалат.
Маңдайчанын алдынан так ортосун көздөй Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган лавр гүлчамбары менен жээктелген сүйрүсүнөн келген розетка түрүндөгү алтын түстөгү кокарда жайгашат, гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстүнөн гофрирленет.
Кенже жетектөөчү курам үчүн маңдайчанын алдынан так ортосун көздөй Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган сүйрүсүнөн келген розетка түрүндөгү алтын түстөгү кокарда жайгашат, гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстүнөн гофрирленет.
6. Накта каракүл терисинен жасалган мех тумак
Башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, кулакчындардын учунда байлоо үчүн кочкул көк түстөгү боолору болот. Бардык деталдары бозомтук-каралжын түстөгү каракүлдөн даярдалат, маңдайчанын алдынан так ортосун көздөй Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган лавр гүлчамбары менен жээктелген сүйрүсүнөн келген розетка түрүндөгү алтын түстөгү кокарда жайгашат, гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстүнөн гофрирленет. Бир гана милициянын полковниктерине жана ага тең болгон Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтары үчүн берилет.
7. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген параддык-сый жакет
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жакет. Жарым кыналыңкы силуэттеги, ортосунан борттук алтын түстөгү үч формалык топчулары менен, диаметри 22 мм өлчөмүндө болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат. Жаканын бурчуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эмблемасы тагылат. Өңүрү капталынан кайып тигилип, жапкычтуу тилик чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан тигиш кетет. Эки тигиштүү жеңдери кайрылып тигилет. Параддык тигилме пагондор.
Бир гана милициянын полковниги наамындагы улук офицердик курам жана ага тең келген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтары үчүн жаканын четин бойлой жана кайрылып тигилген жең учунда кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант тигилет. Кош тигиштүү кайып тигилген түз кайырмалуу жеңдеринин эни 90 мм, кайрылып тигилген жерине кызыл (милиция үчүн) жана кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант тигилет.
Жогорку жетектөөчү курамдагы аялдар үчүн аялдар жасалгасын алмаштырууга ылайык №1 ченем боюнча камсыздалат.
8. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк жакет
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кездемеден жасалган кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү жакет. Жарым кыналыңкы силуэттеги, ортосунан борттук алтын түстөгү үч формалык топчулары менен, диаметри 22 мм өлчөмүндө болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат. Жаканын бурчуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эмблемасы тагылат. Өңүрү капталынан кайып тигилип, жапкычтуу тилик чөнтөктөрү менен. Оң жак өңүрдүн ичтемесинде төш чөнтөгү бар. Арткы өңүрүнүн ортосунан тигиш кетет. Эки тигиштүү жеңдери кайрылып тигилет.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме пагондор.
9. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген куртка
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, түз контурдагы, ортосунан тасма-сыдырма борттук тарткычы менен, кайып тигилген куру, жана этегине чейин каптоосу менен куртка. Жакасы кайрып тигилет. Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары менен, кокеткасын тигишке кайып тигилип жана каптал ички чөнтөктөрүнүн алкагына жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага тарткыч менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда ээндиги 30 мм тасмалуу бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткалуу. Жеңдери бир тигиштүү, кайылма, манжетүү. Куртканын этеги каптал тигиштери жагы үч катар тигилген туурасы 40-50 мм болгон эластика лентасы менен тартылат. Чөнтөктөрдүн жана манжеттердин клапандары формалык топчуга топчуланат топчунун өңү негизги кездеменин өңүндөй өлчөмү 14 мм Кыргыз Республикасынын герби чагылдырылган.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме пагондор.
10. Сыдырмалуу жеңил куртка
Пахта кездемесинен жасалган кочкул көк (милиция үчүн) түстөгү жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, түз силуэттеги, ортосунан тасма-сыдырмага борттук замочкасы менен, кайып тигилген куру, жана этегине чейин каптоосу менен куртка. Жакасы кайрып тигилет. Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары бар, кокеткасын тигишке кайып тигип жана каптал ички чөнтөктөрүнүн алкагына жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага замочка менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда эни 30 мм банттык бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткалуу. Жеңдери узун, бир тигиштүү, кайылма, манжетүү, бир топчуга бекитилме; кыска, манжети менен. Куртканын этеги эни 40-50 мм эластика лентасы менен тартылып, 3 катар тигилет. Чөнтөк клапаны жана манжеттери формалык точуга топчуланат, топчунун өңү негизги кездеменин өңүндөй өлчөмү 14 мм Кыргыз Республикасынын мамлекетинин герби чагылдырылган.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү чечме пагондор.
11. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген параддык-сый юбка
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кездемеден тигилген кочкул көк, болот (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү түз бычылган, эки эндүү, бел курчоосу кайып тигилген юбка. Сол жак каптал тигишинин жогорку бөлүгүндө сыдырма-тарткыч жана топчу жайгашкан. Юбканын алдыңкы жана арткы энинде эки кайып тигилмеси. Арткы эни орто тигиштеги эки кайып тигилмеси жана шлици менен. Юбканын узундугу тизеден жогору болбош керек жана ылдый жагы тизеден 5см чейин болот.
12. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк юбка
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кездемеден тигилген кочкул көк, (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү түз бычылган, эки эндүү, бел курчоосу кайып тигилген юбка. Сол жак каптал тигишинин жогорку бөлүгүндө сыдырма-тарткыч жана топчу жайгашкан. Юбканын алдыңкы жана арткы энинде эки кайып тигилмеси. Арткы эни орто тигиштеги эки кайып тигилмеси жана шлици менен. Юбканын узундугу тизеден жогору болбош керек жана ылдый жагы тизеден 5 см чейин болот.
13. Жеңил юбка
Пахта кездемеден тигилген кочкул көк, (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү түз бычылган, эки эндүү, бел курчоосу кайып тигилген юбка. Сол жак каптал тигишинин жогорку бөлүгүндө сыдырма-тарткыч жана топчу жайгашкан. Юбканын алдыңкы жана арткы энинде эки кайып тигилмеси. Арткы эни орто тигиштеги эки кайып тигилмеси жана шлици менен. Юбканын узундугу тизеден жогору болбош керек жана ылдый жагы тизеден 5 см чейин болот.
14. Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген күнүмдүк шым
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кездемеден жасалган ичтемеси менен кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым, кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы жарымында курама бочкалуу тилик чөнтөктөр. Шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет. Бел курчоосу шлевкасы менен.
15. Пахта кездемеден тигилген жайкы көйнөк
Пахта кездемеден тигилген кочкул көк, көгүш боз (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү көйнөк, белинен курамалуу, бел куру, ачык жакалуу жана жапкычтуу төш чөнтөктөрү менен. Көйнөктүн алды жана чөнтөктөрдүн жапкычтары точу менен менен топчуланат.
Узун жеңдери кош тигиштүү, кайылма манжеттүү. Чолок жеңдүү
Юбкасы кош тигиштүү, алдында кош бүгүшү бар.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү чечме пагондор. Көйнөктүн узундугу тизеден жогору болбош керек жана ылдый жагы тизеден 5 см чейин болот.
16. Пахтадан юбка
Пахта кездемеден тигилген кочкул көк, (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү түз бычылган, эки эндүү, бел курчоосу кайып тигилген юбка. Сол жак каптал тигишинин жогорку бөлүгүндө сыдырма-тарткыч жана топчу жайгашкан. Юбканын алдыңкы жана арткы энинде эки кайып тигилмеси. Арткы эни орто тигиштеги бир жактуу бүгүшү менен.
Юбканын этеги полго (жерге) 350 мм аралыкта жетпей турууга тийиш.
17. Пахта кездемеден тигилген күнүмдүк шым
Пахта кездемеден тигилген ичтемеси менен кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү шым, кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет, шымдын каптал тигиштеринде кызыл (милиция үчүн), кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кант бастырылып тигилет.
Кайыш кур үчүн бел курчоосу шлевкасы менен.
Шымдын алдыңкы жарымында курама бочкалуу тилик чөнтөктөр.
18. Жылуулатылган шым
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү кездемеден тигилген шым. Аягына чейин жылуулата ичтелген, кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоосу металлдан илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама бочкасы менен чөнтөктөр. Ошондой эле жылуулата ичтелген комбинезон шымдарына жол берилет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн кочкул көк кездемеден ушул жасалга ачык тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
19. Жүн аралаш токулган свитер
Жүн аралаш токулган кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү каптамалары менен свитер. Моюндан ылдый классика жакалуу же V үлгүсүндөгү жакалуу. Ийиндеринде жана чыканактарында коргоочу каптамалары, төш чөнтөгү (чөнтөктөрү) менен. Ийин тигиштеринде өңүрдө погонду бекитүү үчүн – экиден шлевка, экиден топчулук (топчу жана липучкаларды бекитүүчү тарткыч). Коюлма же чечилме погондор.
20. Жылуулатылган кышкы куртка
Кочкул көк (милиция үчүн) жана көк саргыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, кайырма жакалуу, түз силуэттеги, ылдый жагына чейин жылуулатылган ичтелмеси бар, кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен чечме капюшону жана чечме жакасы менен, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген сыдырмасы тарткычы менен, ал 4-5 бекитме (топчу) менен топчуланган шамалдан коргоочу жапкыч менен жабылат. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан листочкасы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү бар. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Капюшон үч деталдан турат: каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүгүнөн.
Жеңдин ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн ичке тарткыч кайып тигилет, ал баскыч бекитме же топчу менен бекитилет.
Погондору – муфта көрүнүшүндөгү коюлма же чечилме погондор.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн ачык түстөгү кездемеден ушул жасалга күңүрт тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
21. Жаз-күз кийилүүчү куртка
Суу өткөрбөс кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстөгү (ички кызмат үчүн) кайырма, тик жакалуу, түз силуэттеги, ортосунан ички борттук сыдырмалуу бекиткичи менен, бел курчоосу кайып тигилген жана бир (эки) кат синтепон менен этегине чейин ичтелген куртка. Копюшону - чечилме. Өңүрлөрү кокеткасы менен, сыдырма менен бекитилчү жогорку жана каптал тилик чөнтөктөрү менен.
Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңи кош тигиш менен кайып тигилген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Куртканын этеги каптал тигиштерине эластикалык манжет менен тартылат.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү коюлма же чечме пагондор.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн ачык түстөгү кездемеден ушул жасалга каралжын тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
22. Кышкы пальто
Драп кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана көк саргыл түстөгү (ички кызмат үчүн), Жылуулатылган, ортосунан каптал топчулуктары формалык төрт топчусу менен түз силуэттеги, мехтен жасалган чечме кайырма жакалуу кышкы пальто. Негизги жаканын үстү кочкул көк түстөгү жасалма (кой терисинен накта) мехтен чечилме жака колдонулушу мүмкүн,
Өңүрү капталынан курама бөлүктөрү менен, алды жагы кайып тигилген жана капкалдырыктуу тилик чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан шлиц менен бүткөн тигиши бар. Кош тигиштүү жеңдери кайып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде төш чөнтөгү бар. Пальтонун ылдый жагы бүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн боз түстөгү каракүлдөн жака тагынууга уруксат берилет.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү тигилме погондор.
23. Плащ
Суу өткөрбөс кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана кочкул көк саргыл түстөгү (ички кызмат үчүн) чечме ичтелмеси бар, жарым кыналыңкы көрүнүштөгү кайырма жакалуу, борттук топчулуктары формалык 4-5 топчусу менен курама бөлүктүү өңүрү тилик капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен. Арткы өңүрүнүн ортосунан шлиц менен бүткөн тигиши бар. Кош тигиштүү жеңдери кайып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтелмесинде капталдырыктары менен төш чөнтөгү бар. Плащтын ылдый жагы кездемеден өйдө бүктөлөт. Ийин тигиштеринде өңүрдө погонду бекитүү үчүн – эки тарткыч жана эки топчулук.
Кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү күнүмдүк (параддык) тигилме погондор.
24. Булгаарыдан кол кап
Кол каптык булгаарыдан ичтелмеси менен же ичтелмесиз Булгаарыдан кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү кол каптын бекитмеси менен бекитилет же элластикалык тасма менен тартылат.
25. Жүн кездемеден тигилген кол кап
Жүн кездемеден тигилген кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү элластикалык тасма менен тартылат.
26. Пахтадан токулган ак кол кап
Пахтадан токулган ак түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү кол каптын бекитмеси менен бекитилет же элластикалык тасма менен тартылат.
27. Параддык-сый галстук
Кара түстөгү кездемеден банттык көрүнүштөгү параддык-сый галстугу. Тилкелери кайчылаштырылган көрүнүштөгү, бурчтары 45 градуста ажыраган банттан жана формалык көйнөктүн жакасынын алдына тагуу үчүн түйүндөн турат, ички кызмат үчүн саргыч жашыл түстө болот.
28. Күнүмдүк галстук (бант-жагоо)
Кочкул-көк түстөгү кездемеден банттык көрүнүштөгү параддык-сый галстугу. Тилкелери кайчылаштырылган көрүнүштөгү, бурчтары 45 градуста ажыраган банттан жана формалык көйнөктүн жакасынын алдына тагуу үчүн түйүндөн турат, ички кызмат үчүн саргыч жашыл түстө болот.
29. Моюн орогуч
Параддык формага – трикотаждан же кездемеден ак түстөгү моюн орогуч, милициянын күнүмдүк формасы үчүн – кочкул көк түстөгүсү, саргыч жашыл түс – ички кызматтагылардын күнүмдүк формасы үчүн.
30. Камуфляждалган жылуулатылган кышкы куртка
Камуфляж өңүндөгү кездемеден кайырма жакалуу, этегине чейин жылуулоочу ичи түз силуэтте, чечме копюшондуу, кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен чечме жакалуу, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген сыдырмасы тарткычы менен, ал 4-5 бекитме (топчу) менен топчуланган шамалдан коргоочу жапкыч менен жабылат. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан капкалдырыгы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү бар. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Капюшон үч деталдан турат: каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүгүнөн.
Бир гана милициянын полковниги наамындагы улук офицердик курам жана ага тең келген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башка кызматтары үчүн боз түстөгү каракүл жака тагынууга уруксат берилет.
Жеңдин ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн ичке тарткыч кайып тигилет, ал кнопкалуу топчу менен бекитилет. Погондору муфтанын көрүнүшүндөгү коюлма погондор. Тигилме погондорго жол берилет.
31. Камуфляждалган кышкы костюм шымы менен
Камуфляж өңүндөгү кездемеден костюм, этегине чейин ичтелген түз силуэтте, мехтен чечме копюшондуу, чечме жакалуу, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген топчулугу, ачык жалгыз топчусу менен. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан капкалдырыгы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү менен. Накта (жасалма) мехтен чечме жакалуу. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн экиден шлевка жана экиден топчулук. Ошондой эле коюлма погондор үчүн тарткычтар каралган. Погондору чечилме.
Куртка флис менен жылууланышы мүмкүн.
Топчуга шлевка менен бекитилүүчү кайып тигилген бел курчоосу аягына чейин жылуулата ичтелген комуфляж кездемесинен тигилген шым. Шымдын капталдарында жапкычтары менен бирикме чөнтөктөр. Шымдын багалеги жабык кесиле бүктөлгөн, эластикалык лента өткөрүлгөн тигиш менен иштелген. Кадамдык тигиштердин сызыгында – штрипкалар, алардын бош учу эки топчу менен топчуланат. Шым флис менен жылууланышы мүмкүн.
32. Жайкы камуфляждалган костюм шымы менен
Костюм анатомиялык бычылышка ээ. Сыдырма менен жабылат, сыдырма шамалдан коргоочу липучкалуу жапкыч менен жабылат. Эки төш чөнтөгүдө жана эки жеңдеги бирикме чөнтөктөрү түз жапкычтар менен төшкө карай кыйгач жайгашкан. Липучкалуу тик жакалуу (кайырма же тик жака тагуу мүмкүндүгү менен). Арткы өңүрү капталдарынан бүгүшү менен. Жеңдери чыканак бою өлчөмүндө коргоогучу материал бириктирилип тигилет. Жеңдери хлястик менен, ылдый жагы кенен болуп липучкалар менен чапталат. Куртканын этеги эластика лентасы менен каптал тигиштерине үч катарда тартылат. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар. Ошондой эле коймо погондор үчүн ичке тарткычтар каралат. Погондору – талаа погондору.
Шым кенен бычылат.
Шымдын алдыңкы бөлүгү капталдарынан кыйгач көлөмдүү курама чөнтөктөрү менен, алар эки топчу менен бектилет, жамбаш тарабы коргоочу материл менен капталат. Этеги жабык бүктөлүп тигилет. Шымдын бел курунда шлевкалар жана ички тарабынан боо өткөрүлөт.
33. Комуфляждалган жайкы кепка
Кепка төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, кырбуудан, маңдайчадан, кайруудан турат. Кепканын каптал бөлүктөрүндө металл блокчолордон турган үч желдеткич тешик жайгашкан. Кепканын алдында кырбуусунда металлдан жасалган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн сүрөтү тигилген 30-35 мм өлчөмүндөгү кокарда бекитилет.
34. Футболка
Классикалык моделдеги, бирдей бычылган, узун же чолок жеңдүү кочкул көк, кара, көк саргыл, комуфляж түстөгү трикотаждан футболка.
35. Параддык сый блузка
Ак түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөктүк кездемеден тигилген блузка, каптал тигиштеринен эни 40-50 см болгон 3 катар тигилген эластикалык лента менен тартылган бүтүн-бычылма бел куру бар, этегине чейин өңүрүндө 6-8 топчуга топчулугу менен, жакасынын түптөмөсүндө бир, бел курда эки топчулугу бар. Курама түптөмөсү, жасалгалуу тигиштери бар кайырма жакалуу. Өңүрүндө жогорку бирикме чөнтөктөрү узунунан тигилген бүгүштөрүрү менен бир топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтары бар. Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери: узун, топчулама кайып тигилген манжеттери бар; кыска, манжеттери менен. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар. Ошондой эле коймо погондор үчүн ичке тарткычтар каралат, погондору – параддык чечме погондор.
36. Күнүмдүк блузка
Көйнөктүк кездемеден тигилген ачык көк, ак, саргыч жашыл түстөгү узун/чолок жеңдүү формалык блузка, каптал тигиштеринен эластикалык лента менен тартылган бүтүн-бычылма бел куру бар, этегине чейин өңүрүндө 6-8 топчуга топчулугу менен, жакасынын түптөмөсүндө бир, бел курда эки топчулугу бар. Курама түптөмөсү, жасалгалуу тигиштери бар ачык жакалуу. Өңүрүндө жогорку бирикме чөнтөктөрү узунунан тигилген бүгүштөрү менен бир топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтары бар. Өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери: узун, топчулама кайып тигилген манжеттери бар; кыска, манжеттери менен. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар, ачык көк, ак жана ички кызмат үчүн саргыч жашыл түстөгү күнүмдүк чечме погондор.
37. Кышкы өтүк
Кара түстөгү булгаарыдан өтүк. Кийилчү бөлүктөн, кончтон, апкыттан жана тамандан (тамандан жана такадан) турат. Кончтун ич тарабында - тасма-сыдырмалуу бүчүлөмө. Мех, кийиз, нооту менен ичтелет. Таманы желимдөө методу менен бекитилет. Таканын бийиктиги 5 см ашпайт.
38. Туфли
Булгаарыдан кара түстөгү туфли, бүтүн тумшуктан, апкыттан жана тамандан (таман жана такадан) турат, желим менен чапталып бекитилет. Таканын бийиктиги 5 см ашпайт.
39. Узун кончтуу ботинка
Кара түстөгү булгаарыдан узун кончтуу ботинка союзкалардан, берцтен, тилчеден, апкыт жана тамандан турат. Берецтин алды жагында – боолор үчүн блокчолор. Боолор үчүн илмектер. Таманы менен такасы резинадан. Тамандын бекитилиши вулканизациялоо (куйма, комбинация) методу менен. Ичинде коюлма батектер.
Жеңилдетилген варианттагы узун кара (саргыч боз) түстөгү кончтуу ботинка узун кончтуу ботинка сыяктуу эле жасалган, бирок текстиль жана булгаарыны комбинациялоо менен жасалат. Кончтун ички тарабында сыдырма-тарткыч болушу мүмкүн.
40. Параддык кур
Кездемеден, жибектен алтын (сары) түстөгү параддык кур. Кур пахта кездемесинин тасмасы менен ичтелген.
Кайышы сүйрү формадагы латундан жасалган тегерек формада түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн таралгага бекитилет.
Курдун жазылыгы 45-50 мм. Курду узартуу-кыскартуу эки илгичтин жана анын ич жагына тигилген бүчүлөрдүн жардамы менен болот.
41. Шаймандары менен тактикалык кайыш кур
Кордурдан же нейлондон кара түстөгү кайыш кур, жазылыгы 50 мм, ага кобур, радиостанция каражатын тагынып жүрүүчү чехол жана башка экипировкалык түрдүү предметтерди тагынуу үчүн конструктивдик элементтер кийгизилет. Кайыш курдун учу кенен болуп, таралганы бекитүүчү тешиктер, ошондой эле таралгасы карабинден фиксатор көрүнүшүндө болушу мүмкүн. Таралга, жарым шакек жана кобур баскычтары металлдан жана курдун өңүндө болот.
42. Жарык чагылдыруучу элементтери менен атайын, сигналдык жилет
Лимон түстөгү, мойну V үлгүсүндө кесилген, боору сыдырмалуу жана жапкычы менен, сол жак өңүрүнө туташ бычылган жана текстиль топчулугуна бекитилет. Өңүрлөрүндө горизонталдык тилкелер узата тигилген, арткы өңүрүндө – горизонталдык тилкелер, ортоңку бөлүгүндө күмүш түстөгү жарык чагылдыруучу материл тилкесинде «МИЛИЦИЯ»/«ИИМ» деген жазуусу бар. Капталдарында текстилдик илмектерине бекитилчү тарткычтар жайгашкан. Сол жана оң жак өңүрүндө төш белгини жана видеокаттоону бекитүү үчүн эки блокчосу менен шлевкалар. Жилеттин мойну, колтугу, капталындагы жана этегиндеги жээктери кыюуланган.
43. Аксельбант
Аксельбант өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана алтын түстөгү кошумча боодон турат. Кошумча боолордун металлдан жасалган алтын түстөгү учтуу эки кийгизгичи болот. Металл кийгизгичтин узундугу – 80 мм.
44. Поло көйнөгү
Узун/чолок жеңдүү кочкул көк (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) поло көйнөгү. Узун/чолок жеңдүү түз бычылган поло көйнөгү: чолок жеңдүү манжети менен, ал эми узун жеңдүүлөр түз тигиш менен бүктөлүп тигилет, ачык жакалуу жана үч топчуга бекитилме планкасы менен. Топчусу бир өңдө, кездеменин түсүндө. Ийин тигиштери негизги кездемеден бириктирилип тигилет. Ийин тигиштеринде жеңдери жана ийини кайып тигилген жеринде ортолой көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү коюлма погондору менен тарткыч жайгашкан. Этеги түз тигиш менен бүктөлүп тигилген.
Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери үчүн ачык түстөгү кездемеден ушул жасалга күңүрт тон жана жарык чагылдыруучу элементтер менен айкалыштырып кийүүгө уруксат берилет.
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларынын курсанттарынын формалык кийимдеринин предметтеринин, бут кийимдеринин жана жабдууларынын
СЫПАТТАМАСЫ
1. Күнүмдүк фуражка
Төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн жана кочкул көк төрт капталдан, кызыл түстөгү кырбуудан, маңдайчадан турат. Фуражка кызыл түстөгү эки канттан турат: биринчиси – төбөсүн капталдары менен бириктире кайып тигилген тигишинде, экинчиси – капталдарын кыюусу менен бириктирген тигишинде.
Маңдайча үстүнөн лакталган кара булгаарыны алмаштыруучу, ал эми ылдый жагынан замшадан же кара түстөгү жүн кездеме менен тартылат.
Фуражканын маңдайчасынын үстүндө кырбууга эки формалык жалтырак топчуга алтын түстүү чыйратылган боо бүчүлөнөт, топчунун өлчөмү 14мм, ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн.
Алтын түстөгү сүйрүсүнөн келген розетка көрүнүшүндөгү кокарда, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат. Гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстүнөн гофрирленет.
2. “Бейсболка” кепкасы
Кочкул көк, ак, камуфляж, көк саргыл түстөгү кездемеден 5 кыйыктуу “бейсболка” кепкасы. Алдыңкы экөөнөн башка бардык кыйыкта тордолгон желдетүүчү тешиктер (блокчолор) жайгашкан. Бейсболканын алдыңкы эки кыйыгында катуу астар жайгашкан. Катуу маңдайчасы 60-70 мм. Аркасында өлчөмдү жөнгө салуу үчүн боосу велкро-липучка же темирден илмек. Кепканын маңдайкы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби саймаланган, өлчөмү 30-35 мм диаметрдеги кокарда бекитилген.
3. Накта (жасалма) мехтен тигилген тумак
Тумак – башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, кулакчындардын учунда байлоо үчүн кочкул көк түстөгү боолору болот. Маңдайчасынын, кулакчындарынын жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүгүнүн тышкы деталдары кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен турат. Ички деталдары жана башка кийилүүчү бөлүгү каралжын боз түстөгү ноотудан жасалат.
Маңдайчанын алдында дал ортосунда алтын түстөгү сүйрүсүнөн келген розетка көрүнүшүндөгү кокарда, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылат, гербдин алкагынан кокарданын жээгине чейин үстүнөн гофрирленет.
4. Жүн кездемеден тигилген берет
Жүн кездемеден береттин түсү Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын кызматкери кызмат өтөп жаткан бөлүктүн жетекчисинин буйругу менен белгиленет. Жүн кездемеден тигилген береттин төбөсү сүйрү формада болуп, эки же үч дубалчадан жана каптамадан турат. Дубалчанын ылдый жагы өлчөмдү жөнгө салуучу боо өтүүчү булгаарыдан жасалган жээк менен иштетилген. Дубалчанын алды жагынан борборду көздөй металлдан жасалган же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү саймаланган диаметри 30-35 мм болгон кокарда жайгашат.
5. Жүн аралаш кездемеден тигилген күнүмдүк китель
Жүн (жүн аралаш) кездемеден тигилген кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү (милиция үчүн) жана саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү китель. Бир борттуу, кыналыңкы силуэттеги, ачык, кайырма жакалуу, жаканын бүткөн жеринде эмблемалары бар жана лацкандан этегин көздөй илмектери менен ортосунан борттук төрт формалык топчу болот, топчулар алтын түстө, 22 мм диаметрде болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт. Өңүрүнүн каптал бөлүктөрү кесилип, алды жагы бүйрүлөт жана жогорку бирикме чөнтөктөрү бар, бирикме чөнтөктөрдө ортолой эни 30 мм болгон тасмалуу бүгүш кетет, анын жапкычтары фигуралуу, 14 мм диаметриндеги бир топчу бекитилүүчү илмеги бар, топчусу алтын түстө болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлөт жана тилинип жасалган каптал чөнтөктөрү фигуралуу жапкычтары менен болот.
Арткы өңүрүнүн ортосунда шлиц менен бүткөн тигиши бар. Жеңдери эки тигиш менен учтары түз кайрылып тигилет. Сол жак өңүрүнүн ичтемесинде капкалдырыгы менен ички төш чөнтөк жайгашат.
Кочкул көк түстөгү тигилме пагондор.
6. Жүн аралаш кездемеден тигилген сыдырмалуу куртка
Жүн аралаш кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү, түз контурдагы, ортосунан тасма-сыдырма борттук тарткычы менен, кайып тигилген куру, жана этегине чейин каптоосу менен куртка. Жакасы кайрып тигилет. Өңүрү кокеткасы менен, планкалуу жогорку бирикме чөнтөгү жана фигуралуу жапкычтары менен, кокеткасын тигишке кайып тигилип жана каптал ички чөнтөктөрүнүн алкагына жалгыз формалык топчу менен топчуланат, тасма-сыдырмага тарткыч менен бекитилет. Бирикме чөнтөктөрүнүн ортосунда ээндиги 30 мм тасмалуу бүгүш кетет. Арткы өңүрү кокеткалуу. Жеңдери бир тигиштүү, кайылма, манжетүү. Куртканын этеги каптал тигиштери жагы үч катар тигилген туурасы 40-50 мм болгон эластика лентасы менен тартылат. Чөнтөктөрдүн жана манжеттердин клапандары формалык топчуга топчуланат топчунун өңү негизги кездеменин өңүндөй өлчөмү 14 мм Кыргыз Республикасынын герби чагылдырылган.
Кочкул көк түстөгү күнүмдүк чечме пагондор.
7. Жылуулатылган куртка
Кочкул көк (милиция үчүн) жана көк саргыл (ички кызмат үчүн) түстөгү, кайырма жакалуу, түз силуэттеги, ылдый жагына чейин жылуулатылган ичтелмеси бар, кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен чечме капюшону жана чечме жакасы менен, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген сыдырмасы тарткычы менен, ал 4-5 бекитме (топчу) менен топчуланган шамалдан коргоочу жапкыч менен жабылат. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан листочкасы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү бар. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Капюшон үч деталдан турат: каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүгүнөн.
Жеңдин ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн ичке тарткыч кайып тигилет, ал кнопка же топчу менен бекитилет.
Погондору – муфта көрүнүшүндөгү коюлма же чечилме.
8. Гимнастерка шымы менен
Жүн аралаш кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү узун жеңдүү, куру жок (заправканы шымга бекитип алып жүрүү үчүн) гимнастерка. Курама түптөмөсү бар кайырма жакалуу. Өңүрү планкалуу жогорку бирикме чөнтөктөрү менен, чөнтөктөрү байттык бүгүштөрү жана фигуралуу жапкычтары менен. Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңдеринде формалык топчуга бекитилчү кайылма манжеттери бар. Кочкул көк түстөгү чечме погондор.
Жүн аралаш кездемеден тигилген кочкул көк түстөгү шым ичтемеси, кайып тигилген бел куру менен, металлдан илгичке жана топчуга бекитилчү тасма-сыдырмасы бар. Бел куру кайыш кур үчүн шлевкалары менен. Шымдын каптал тигиштеринде жана арткы оң жагында жапкычтуу чөнтөктөр. Шымдын ылдый жагы эластикалык материалдан таркычтар менен ичкерте тартылат.
9. Жүн аралаш кездемеден тигилген күнүмдүк шым
Жүн аралаш кездемеден тигилген кездемеден жасалган кочкул көк түстөгү шым кайып тигилген бел курчоосу менен, бел курчоо металл илгич же топчу (сыдырма) менен бекитилет. Шымдын алдыңкы бөлүгү ичтелген. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө курама бочкалуу чөнтөктөрү. Бел курчоосу шлевкасы менен. Шымдын арткы оң капталында топчуга бекитилме жапкычы фигуралуу тилик чөнтөк. Шымдын каптал тигиштерине кызыл түстөгү кант бастырылып тигилет.
10. Галстук
Кочкул көк түстөгү күнүмдүк галстук. Негизги бөлүгү алдыңкы учу учтуу үч бурчтук болгон созулган трапеция көрүнүшүндө, көйнөктүн жакасынын алдына тагуу үчүн дайымкы түйүн жана моюнтуктан турат.
11. Ак түстөгү кол кап
Пахтадан токулган ак түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү кол каптын бекитмеси менен бекитилет же элластикалык тасма менен тартылат.
12. Жүн кездемеден тигилген кол кап
Жүн кездемеден тигилген кара түстөгү беш салаалуу кол кап. Манжеттик бөлүгү элластикалык тасма менен тартылат.
13. Моюн орогуч
Параддык формага – трикотаждан же кездемеден ак түстөгү моюн орогуч, күнүмдүк формасы үчүн – кочкул көк түстөгүсү.
14. Камуфляждалган жылуулатылган куртка
Камуфляж өңүндөгү кездемеден кайырма жакалуу, этегине чейин жылуулоочу ичи түз силуэтте, чечме копюшондуу, кочкул көк түстөгү накта (жасалма) мехтен чечме жакалуу, ортоңку борттук көрүнбөй тигилген сыдырмасы тарткычы менен, ал 4-5 бекитме (топчу) менен топчуланган шамалдан коргоочу жапкыч менен жабылат. Өңүрү белден айланта кеткен ички бүктөмдүү, топчулук тарапка ыктай жайгашкан капкалдырыгы бар жапкычтуу жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү бар. Арткы өңүрү белди айланта кеткен ички бүктөм менен туташ бычылган. Жеңдери кайып тигилген кош тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен иштелген. Жеңдин ылдый жагы эластикалык манжет менен тартылып турат. Капюшон үч деталдан турат: каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүгүнөн.
Ийин тигиштерине погонду бекитүү үчүн ичке тарткыч кайып тигилет, ал басып бекитме же топчу менен бекитилет. Погондору – муфта көрүнүшүндөгү коюлма же чечилме.
15. Камуфляждалган костюм шымы менен
Костюм анатомиялык бычылышка ээ. Сыдырма менен жабылат, сыдырма шамалдан коргоочу липучкалуу жапкыч менен жабылат. Эки төш чөнтөгүдө жана эки жеңдеги бирикме чөнтөктөрү түз жапкычтар менен төшкө карай кыйгач жайгашкан. Липучкалуу тик жакалуу (кайырма же тик жака тагуу мүмкүндүгү менен). Арткы өңүрү капталдарынан бүгүшү менен. Жеңдери чыканак бою өлчөмүндө коргоогучу материал бириктирилип тигилет. Жеңдери хлястик менен, ылдый жагы кенен болуп липучкалар менен чапталат. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар.
Шым кенен бычылган.
Шымдын алдыңкы бөлүгү капталдарынан кыйгач көлөмдүү курама чөнтөктөрү менен, алар эки топчу менен бектилет, жамбаш тарабы коргоочу материл менен капталат. Этеги жабык бүктөлүп тигилет. Шымдын бел курунда шлевкалар жана ички тарабынан боо өткөрүлөт.
16. Комуфляждалган кепка
Кепка төбөсү сүйрүсүнөн келген түптөмөдөн, кырбуудан, маңдайчадан, кайруудан турат. Кепканын каптал бөлүктөрүндө металл блокчолордон турган үч желдеткич тешик жайгашкан. Кепканын маңдайкы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби саймаланган, өлчөмү 30-35 мм диаметрдеги кокарда бекитилген.
17. Футболка
Классикалык моделдеги, бирдей бычылган, узун же чолок жеңдүү кочкул көк, кара, көк саргыл, комуфляж түстөгү трикотаждан футболка.
18. Күнүмдүк көйнөк
Көйнөктүк кездемеден тигилген ачык-көк, ак, түстөгү узун/чолок жеңдүү көйнөк, каптал тигиштеринен эластикалык лента менен тартылган бүтүн-бычылма бел куру бар, этегине чейин өңүрүндө 6-8 топчуга топчулугу менен, жакасынын түптөмөсүндө бир, бел курда эки топчулугу бар. Курама түптөмөсү, жасалгалуу тигиштери бар кайырма жакалуу. Өңүрүндө жогорку бирикме чөнтөктөрү узунунан тигилген бүгүштөрү менен бир топчуга бекитилүүчү фигуралуу жапкычтары бар. Арткы өңүрү кокеткасы менен. Жеңдери: узун, топчулама кайып тигилген манжеттери бар; кыска, манжеттери менен. Погондорду ийин тигиштерине бекитүү үчүн өңүрлөрүнө экиден шлевка жана экиден илмеги бар, ачык-көк, ак, түстөгү күнүмдүк чечме погондор.
19. Кыска кончтуу ботинка
Булгаарыдан кара түстөгү кыска кончтуу ботинка, сюзкалардан, (курактуу тумшуктан), берцтен, тилчеден жана тамандан (тамандан жана такадан) турат. Тумшугу катуу. Батектери накта булгаарыдан. Берцтин жогор жагы – жумшак бортик. Ботинканын ичи кездеме, ал эми таман бөлүгү булгары менен ичтелген.
Тамандын бекитилиши желимдөө жолу менен, желимдеме ранто – желимдеме жана ысык вулканизациялоо методу менен (таманы поралуу резина).
20. Узун кончтуу ботинка
Кара түстөгү булгаарыдан узун кончтуу ботинка союзкалардан, берцтен, тилчеден, апкыт жана тамандан турат. Берецтин алды жагында боолор үчүн блокчолор. Боолор үчүн илмектер. Таманы менен такасы резинадан. Тамандын бекитилиши вулканизациялоо (куйма, комбинация) методу менен. Ичинде коюлма батектер.
Жеңилдетилген варианттагы узун кара (саргыч боз) түстөгү кончтуу ботинка узун кончтуу ботинка сыяктуу эле жасалган, бирок текстиль жана булгарыны комбинациялоо менен жасалат. Кончтун ички тарабында сыдырма-тарткыч болушу мүмкүн.
21. Шаймандары менен тактикалык кайыш кур
Кордурдан же нейлондон кара түстөгү кайыш кур, жазылыгы 50 мм, ага кобур, радиостанция каражатын тагынып жүрүүчү чехол жана башка экипировкалык түрдүү предметтерди тагынуу үчүн конструктивдик элементтер кийгизилет. Кайыш курдун учу кенен болуп, таралганы бекитүүчү тешиктер, ошондой эле таралгасы карабинден фиксатор көрүнүшүндө болушу мүмкүн. Таралга, жарым шакек жана кобур баскычтары металлдан жана курдун өңүндө болот.
22. Талаа сумкасы
Жасалма териден тигилген күрөң (кара) түстөгү булгаарыдан жапкыч-капкагы бар талаа сумкасы. Ички дубалчасында - целлулоиддик пластина. Асынма кайыш кур эки бөлүктөн турат. Сумка горт менен бекитилет.
Болоттон фурнитурасы цинк жапкагы менен.
23. Жүк кап
Тик бурчтук формасындагы бышык кездемеден тигилген комуфляждалган көк саргыл түстөгү суу өткөрбөс кап. Алдыңкы бөлүгүндө, ортосунда жапкычтуу чөнтөк узата тигилген, жапкычы топчуга топчуланат. Каптын капал бөлүктөрүндө жүк каптын ылдыйкы бөлүгүн бекитүү үчүн экиден кайыш кур тигилген. Каптын ылдыйкы бурчтарына тарткыч тигилген. Каптын жогор жагы жабык кесиле бүктөлгөн тигиш менен шырылган жана боо менен тартылат.
Ошондой эле каркас түрүндөгү жүк кап уруксат берилет.
24. Параддык кур
Кездемеден, жибектен алтын (сары) түстөгү параддык кур. Кур пахта кездемесинин тасмасы менен ичтелген. Кайышы сүйрү формадагы латундан жасалган тегерек формада түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн таралгага бекитилет. Курдун жазылыгы 45-50 мм. Курду узартуу-кыскартуу эки илгичтин жана анын ич жагына тигилген бүчүлөрдүн жардамы менен болот.
25. Аксельбант
Аксельбант өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана алтын түстөгү кошумча боодон турат. Кошумча боолордун металлдан жасалган алтын түстөгү учтуу эки кийгизгичи болот. Металл кийгизгичтин узундугу – 80 мм.
26. Поло көйнөгү
Узун/чолок жеңдүү кочкул көк поло көйнөгү. Узун/чолок жеңдүү түз бычылган поло көйнөгү: чолок жеңдүү манжети менен, ал эми узун жеңдүүлөр түз тигиш менен бүктөлүп тигилет, ачык жакалуу жана үч топчуга бекитилме планкасы менен. Топчусу бир өңдө, кездеменин түсүндө. Ийин тигиштери негизги кездемеден бириктирилип тигилет. Ийин тигиштеринде жеңдери жана ийини кайып тигилген жеринде ортолой көк (милиция үчүн) саргыч жашыл (ички кызмат үчүн) түстөгү коюлма погондору менен тарткыч жайгашкан. Этеги түз тигиш менен бүктөлүп тигилген.
6-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин
формалык кийимдеринин предметтеринин
СЫПАТТАМАСЫ
1. Атайын кепка, куртка жана шым
Кепка сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, маңдай кырдан жана кайырмадан турат. Кепканын каптал жактарында металл бөгөтчөлөр менен иштетилген үч желдетүүчү көзөнөк жайгашкан. Кепканын алкагынын алды жагына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн темир же саймалуу кокарда бекитилет.
Куртка кең астынкы куру, жөндөлүүчү резина кездемеден жасалган тасма, жашыруун топчулар менен топчулануучу капкалары бар эки тилик төш чөнтөгү, эки жең чөнтөгү жана документтер үчүн бир ички нымдан коргоочу чөнтөгү бар. Куртканын “тик жакага” топчулана турган кайырма жакасы бар. Жеңдерде чыканак жаздыкчалары күчөтүлгөн жана билектерде үч топчу менен топчулануучу паталар менен жөнгө салынат.
Бош шымдарда күчөтүлгөн тизе жана лей бар.
Чөнтөктөр:
- артында – эки чөнтөк: сол жагы каптама, оң жагы тилик;
- алдыңкы жагында эки жамбаш чөнтөк;
- оң капталынан – бычак салып жүрүү үчүн атайын чөнтөк, бычакты бекитүү үчүн 2 кнопка жана боо менен бекитилет.
Бардык чөнтөктөрдө жашыруун баскычы бар жапкычтар бар. Шымдын ич жагында жөндөлүүчү фартук – чаңдык (пыльник) тигилет. Ошондой эле ушул бөлүктүн жетекчисинин билдирмесинин негизинде формалык кийимди даярдоодо анын техникалык сыпаттамасы өзгөрүшү мүмкүн.
2. Атайын жылуулатылган куртка
Камуфляж түсүндөгү кездемеден жылуулатылган этегине чейин ичтелген, чечилме мех жакалуу жана чүмкөмөсү бар, бир ачык топчусу бар борбордук жашыруун борттук топчулануучу түз көрүнүшү бар куртка. Бел сызыгы бойлой ички кулис менен капкактуу жогорку жана төмөнкү каптама чөнтөктөрү болот. Жакасы кайырма, накта (жасалма) мехтен жасалган. Арткы бөлүгү белдин сызыгын бойлой ички жип менен бир бөлүктөн турат. Жеңдери бир тигиштүү тигилген. Жеңдердин этеги жабык тилим менен бүгүлгөн тигиш менен иштетилген. Талаа погондору. Куртка жүн менен жылууланышы мүмкүн.
Шым камуфляж түстүү кездемеден тигилет, этегине чейин ичтелген, топчу менен топчулануучу кайып тигилген куру бар. Шымдын капталдарында капкактуу каптама чөнтөктөр бар. Шымдын багалеги жабык тилик жана чоюлма тасма менен бүгүлгөн тигиш менен иштетилген. Багалектин тигишинде бастырыктар бар, алардын бош учтары эки топчуга топчуланат. Шымды флис менен жылуулоого болот.
Ошондой эле ушул бөлүктүн жетекчисинин билдирмесинин негизинде формалык кийимди даярдоодо анын техникалык сыпаттамасы өзгөрүшү мүмкүн.
3. Кышкы трикотаж шапка (топу)
Кара түстөгү жүн аралаш трикотаждан даярдалган шапка үстүңкү бөлүгүндө тигилген каптамадан (чехол) турат. Алдына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн саймалуу кокарданы бекитүүгө жол берилет.
4. Трикотаждан чүмбөт-шапка (топу)
Чүмбөт-шапка кара түстөгү кездемеден (трикотаждан) жасалып, үстү жагында тигилген каптамадан, алды жагында – көз, мурун жана ооз үчүн тешиктерден турат.
5. Спорттук (атайын) бут кийим
Үстүңкү материалы - полиуретан жана накта булгаары (кырынды) менен бекемделген текстиль (полиэстер), сууну өткөрбөйт. Бүтүн клапандуу тилчеси бар. Ичи текстиль материалынан. Алмаштырылуучу калыпталган батек. Нейлон боо. Таманды бекитүү ыкмасы — термо-клей.
6. Тактикалык мээлей
Тактикалык мээлейлер синтетикалык материалдан жасалган толук манжалуу/манжасыз. Манжетте чапталма (липучка). Мээлейдин алакан бөлүгү тайгаланбаган материалдан жасалган. Муундарда атайын кыстармалар бар.
7. Жайкы чүмбөттөлгөн (камуфляж) костюм
Жеңил пахта жана пахта аралаш камуфляж түстөгү жайкы кездемелерден тигилген костюм куртка менен шымдан турат. Чүмбөтү бар куртка, алды тасма-сыдырма менен бүчүлөнмө, жеңинин этеги резинкалуу, эки каптал чөнтөгү бар. Шымдын бели ийкемдүү, эки ийкемдүү чоймо жана боо менен жөнгө салынат. Шымдын эки кесилген каптал чөнтөгү бар.
8. Кышкы чүмбөттөлгөн (камуфляж) костюм
Костюм камуфляж түсүндөгү кездемеден жылуулатылган, кенен кесилип тигилген, куртка жана шымдан турат. Куртка этегине чейин ичтелген, чүмбөтү бар, алды тасма-сыдырма менен бүчүлөнмө, жеңинин этеги жана резинкалуу, эки каптал чөнтөгү бар. Шым багалекке чейин ичтелген. Шымдын бели ийкемдүү, эки ийкемдүү чоймо жана боо менен жөнгө салынат. Шымдын эки кесилген каптал чөнтөгү бар. Куртка жана шым флис менен жылуулатылышы мүмкүн.
9. Атайын плащ-чапан
Плащ-чапан полимер менен капталган атайын плащ кездемеден жасалган. Илмектерге жана топчуларга борттук бүчүлөмө, кол үчүн эки тилик, топчуга топчулануучу чүмбөт менен жабдылган, плащ-чапандын бардык тигиштери ички жагына чапталган.
10. Жүк жеңилдетүүчү атайын жилет
Жүк жеңилдетүүчү жилет кийимдин үстүнө кийилет жана көтөрүп жүрүүчү курал-жарактын түрүнө жана ок-дарылардын санына жараша сумкаларды бекитүү жерлеринин өзгөрүшүн камсыз кылат.
Жилеттин алдыңкы бөлүктөрүндө: радиостанциянын астындагы төрт универсалдуу баштыкча, автоматтын ок кутусун (магазин) жайгаштыруу үчүн төрт негизги чөнтөк бар.
Аркасы аба алмашуу үчүн трикотаж полотнодон тигилген, горизонталдуу каркас курлары менен бекемделген. Арканын моюнунун тилиминде кайыш кур жайгашкан.
Жилет ортосундагы борбордон сыдырма менен бүчүлөнөт. Жилетти өлчөмү боюнча жөнгө салуу жилеттин каптал жактарында жайгашкан тез ажыратуучу элементтердин жардамы менен аткарылат, бою боюнча тууралоо кайыштарда жайгашкан курдун жана жөндөөчү илмектин, ошондой эле ийиндин жана арканын боолоруна тигилген текстилдик бекиткичтердин жардамы менен аткарылат.
Аркасында – нашивка.
11. Уктоочу кап
Уктоочу кап тик бурчтуу формада, чүмбөтү кайрып тигилген. Уктоочу каптын кире бериш жери эки илме планка менен, сырты алты топчуга же тасма – сыдырмага топчулана турган кипер тасмасынан алты илмек менен иштетилген. Уктоочу каптын чүмбөтү үч бөлүктөн турат. Чүмбөттүн алдыңкы четинде боо менен тартма жайгашкан.
Жылуулоочу материал катары синтепон колдонулат, анын эки катмары каптын ичтерине узунунан тигилген тигиштер менен бириктирилген. Кыстарманы каптоочу тараптан бекитүү үчүн тигиштердин бурчтарына төрт лента киргизилет. Уктоочу капка кыстарма жана каптама (чехол) бекитилет.
Уктоочу каптын ичмеги тик бурчтуу формага ээ. Ичмекти жылуулаткычка бекитүү үчүн жогорку жана төмөнкү бурчтарына ленталар орнотулган. Уктоочу каптын каптамасы (чехол) цилиндр формасында болот, четтерин бекемдөө үчүн өрмө жиби бар. Каптамага курдун туткасы бекитилет.
12. Каремат
Жогорку тыгыздыктагы каремат, өтө бекем, жеңил жана ийкемдүү, нымдуулукка каршы касиетке ээ. Карематтын өлчөмү – 1,9х0,6м, калыңдыгы – 10мм.
7-тиркеме
Милициянын жана ички кызматтын атайын наамдары бар
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
жетектөөчү жана катардагы курамындагы кызматкерлеринин
формалык кийиминин предметтеринде жайгашкан эмблемалардын, төш жана жең белгилеринин жана нашивкалардын,
кокардалардын, эмблемалуу кокардалардын
СЫПАТТАМАСЫ
1. Кокарда
Кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ штампталган, анын ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгашкан. Кокарда гербдин алкагынан четине чейин гофрленген бетке ээ. Кокарданын арткы бетинин ортосунда баш кийимге бекитүү үчүн клямер бар.
2. Эмблемалуу кокарда
Кокарда алтын түстөгү томпок сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ штампталган, анын борборунда кызыл же көк фондо Кыргыз Республикасынын ИИМдин эмблемасынын сүрөтү жайгашкан. Кокарда гербдин алкагынан четине чейин гофрленген бетке ээ. Кокарданын арткы бетинин ортосунда баш кийимге бекитүү үчүн клямер бар.
3. Эмблема
Эмблема алтын түстөгү металлдан туташ штампталган. Контур рельефтүү, контурдун борборунда улуттук оюм-чийимдин элементтери бар калкан түшүрүлгөн. Калкандын артына кылыч жайгаштырылган.
4. Алтын түстөгү жылдыз
Жылмакай жана кырдуу жүздөрү бар жылдыз.
5. “Жол кыймылынын коопсуздугу” төш белгиси
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана белгинин номери түшүрүлгөн, жеңил күңүрттөлгөн күмүш (алтын) түстүү төш белги. Жогорку бөлүгүндө - “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги”, ал эми төмөнкү бөлүгүндө – “Жол кыймылынын коопсуздугу” деген жазуулар бар.
6. Жең белги
Бул белги жүн же пахта кездемеден даярдалат жана трапеция формасында болот. Белгинин жогорку бөлүгүндө “Кыргыз Республикасы” деген жазуу бар. Белгинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин фонунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн. Белгинин төмөнкү бөлүгүндө “ИИМ” жана “БИШКЕК” (“ОШ”, “ЫСЫК-КӨЛ”, “ТАЛАС”, “ЧҮЙ”, “ЖАЛАЛ-АБАД”, “НАРЫН”) деген жазуу бар. Милициянын өздүк курамы үчүн жең белгинин элементтери көк түстө, ички кызматтын өздүк курамы үчүн – сары түстө болот.
7. Төштөгү нашивка
Төштөгү нашивка тик бурчтук түрүндө болот.
Нашивканын ортосунда - ички иштер органынын кызматынын (бөлүктөрүнүн) кыскартылган аталышын билдирген ак (сары) түстөгү тамгалар болот.
Төштөгү нашивка жүндөн, жарым жүндөн, синтетикадан даярдалган жайкы жана кышкы курткаларга, төштүн сол жагына чөнтөктүн үстүнө жайгаштырылат.
Жогорку жетектөөчү курам үчүн топчулар
Алтын түстөгү металл топчулар - чөйчөкчөдөн, поддондон, кулактан же клямерден турат.
Жогорку бет бөлүгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтик сүрөтү менен томпок формада болот.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Алтын, каралжын-боз жана коргоочу түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
Каралжын-боз жана коргоочу түстөгү жарым жүндөн даярдалган курткага топчулар
Алтын түстөгү металл топчулар - чөйчөкчөдөн, бутундагы поддондон турат.
Жогорку бет бөлүгү беш бурчтуу жылдыздын рельефтүү сүрөтү менен томпок формада болот.
Топчунун диаметри 14 мм.
Алтын, каралжын-боз жана коргоочу түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
Кителдин топчулары
Алтын түстөгү металл топчулар - чөйчөкчөдөн, поддондон, кулактан же клямерден турат.
Жогорку бет бөлүгү беш бурчтуу жылдыздын рельефтүү сүрөтү менен томпок формада болот.
Топчунун диаметри 22 мм.
Алтын, каралжын боз жана коргоочу түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
8-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамынын кызматкерлеринин милициянын, ички кызматтын атайын наамдары боюнча айырмалоо белгилеринин
СЫПАТТАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамынын милициянын же ички кызматтын атайын наамдары боюнча айырмалоочу белгилери болуп погондор эсептелет.
1. Жогорку жетектөөчү курамдын погондору
Погондор трапеция сымал жогорку жээги менен тик бурчтуу, кочкул алтын түстөгү атайын чырмалышкан галундан талаасы, кызыл канттар (милиция үчүн) жана кочкул кызыл түстөгү канттар менен саргыч жашыл түстө (ички кызмат үчүн), эки борттуу параддык-сый китель үчүн.
Погондор тик бурчтуу жогору жагынан тегеректелген кочкул көк түстөгү атайын чырмалышкан галундан талаасы, кызыл канттар (милиция үчүн) жана кочкул кызыл түстөгү канттар менен саргыч жашыл түстө (ички кызмат үчүн), кышкы пальто, күнүмдүк эки борттуу китель, күнүмдүк бир борттуу китель, жүндөн тигилген сыдырмалуу куртка, сыдырмалуу жеңил куртка, жазгы-күзгү плащь, кышкы мех жакалуу булгаары куртка үчүн.
Жогорку бүткөн жагы тик бурчтуу канты жок кийимдин кездемесинен жасалат.
Погондун жогорку бөлүгүндө диаметри 14 мм алтын түстүү топчу жайгашкан, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылган. Погондо диаметри 22 мм болгон алтын түстөгү саймаланган жылдыздар жайгашкан.
Жылдыздардын саны атайын наамга ылайык келет.
2. Улук, орто, кенже жетектөөчү жана катардагы курамдын погону
Тигилме - тегерек жогорку жээги менен тик бурчтуу, кочкул көк түстөгү атайын өрүлмө галундан талаасы, кызыл түстүү канттары (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстүү кочкул кызыл (ички кызмат үчүн) түстүү канттары менен.
Чечилме - трапеция сымал жогорку жээги менен тик бурчтуу, көйнөктөргө асты жагынан бекитиш үчүн жарым челеги жана тилкеси бар, ошондой эле үстүнкү бөлүгүндө топчу жана жарым тарткычы үчүн көзөнөгү бар, кочкул көк түстөгү атайын өрүлгөн галундан талаасы бар, кызыл түстүү канттары бар (милиция үчүн) жана саргыч жашыл түстүү канттары бар (ички кызмат үчүн).
Улук жетектөөчү курам үчүн – эки кочкул кызыл, орто жетектөөчү курам үчүн - бир кызыл түстөгү тилкелүү погондор (милиция үчүн) жана кочкул кызыл түстөгү тилкелүү (ички кызмат үчүн) погондор.
Катардагы курам үчүн тилкеси жок погондор.
Курсанттар үчүн – каптал тарабында алтын түстүү тилкеси менен кыюуланган погондор.
Погондорго төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- улук жетектөөчү курам үчүн – 20 мм диаметрдеги алтын түстүү жылдыздар;
- орто жетектөөчү курам жана прапорщиктер үчүн – 13 мм диаметрдеги алтын түстүү жылдыздар;
- старшиналар үчүн – ортосунда узунунан кеткен алтын түстүү тилке (пластинка);
- сержанттар үчүн – алтын түстүү нашивкалар (пластинкалар);
- курсанттар үчүн (старшина жана прапорщиктерден тышкары) – погонунда алтын түстүү «К» тамгасы.
Жылдыздардын, нашивкалардын саны атайын наамга ылайык келтирилет.
3. Улук, орто, кенже жетектөөчү жана катардагы курам үчүн кездеме полотнодогу погондор
Погондор термопрессте кездеме полотносунда даярдалат. Погонго нымдуулукка туруктуулугун жогорулатуу максатында полиэтилен пленкасынын катмары түшүрүлөт, андан кийин кездеме картондон жасалган негизге чапталат. Погондун арткы бетине кебез-кагаздан жасалган кара же ак кездеме чапталат.
Погондордун арткы тарабында погондорду бекитүү үчүн узунунан кеткен тилче түрүндөгү жабдуу менен жабдылган.
4. Жогорку жетекчилик курам үчүн петлицалар
Петлицалар параллелограмм формасында болуп, кызыл түстөгү ноотудан жасалып, үч тарабы алтын түстүү канителден жээктелген.
Петлицанын узундугу - 7,5 см, туурасы - 3,25 см. Петлицанын бетине лавр бутактары алтын түстүү түрдө тигилген. Тигилиштин узундугу - 4,5 см.
5. Улук, орто, кенже жетектөөчү жана катардагы курам үчүн петлицалар
Петлицалар параллелограмм формасында болуп, кызыл түстөгү ноотудан жасалат.
Параддык-сый мундирлерде петлицалар алтын түстүү кант менен, ал эми форманын башка түрлөрүндө канты жок.
Петлицанын узундугу: мундирге - 5,7 см, кителге - 2,2 см, пальтого - 2,7 см.
Кийимдеги петлицалар жаканын кырына алардын төмөнкү чети жаканын чети менен дал келгидей параллель жайгаштырылат.
6. Металл эмблемалар
Металл эмблемалар кителдин, жакеттин, жайкы жана кышкы курткалардын жакасынын (мех жакасыз) бурчтарында бекитилет жана жакада – биссектриса боюнча 30 мм аралыкта, кышкы пальтодо жана жазгы-күзгү курткада (генералдардан тышкары) - жаканын бурчунан эмблеманын борборуна чейин 35 мм аралыкта жайгаштырылат, мында эмблеманын симметриясынын вертикалдуу огу жаканын учуна параллель болушу керек.