Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
буйруК
2023-жылдын 17-августу № 3-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери (мындан ары – административдик регламенттер) 1-21 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти:
- ушул буйрук менен бекитилген административдик регламенттерди жетекчиликке алсын жана алардын милдеттүү түрдө сакталышын камсыз кылсын;
- административдик регламенттерди веб-сайттарда жана маалымат такталарында жайгаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы ушул буйрук катталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтында үч иш күндүн ичинде жайгаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты документтештирүү жана архив иши башкармалыгы үч күндүн ичинде:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- күчүнө кирген күндөн тартып бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Бул буйрук кол коюлгандан баштап он күндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Ж.И.Кийизбаевага жүктөлсүн.
Министр | Т.О.Иманов |