Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 63
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу |
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 63 токтомунун 1-тиркемеси | |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
1. | Достук айылдык | Бекбаев Айбек Камалович | Өз арызы | |
Базар-Коргон району | ||||
2. | Кеңеш айылдык | Омүрзаков Рахман Бакирович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган | |
3. | Могол айылдык | Укубаев Абдыманап Курманбекович | Базар-Коргон райсотунун өкүмү 7.05.2013-ж. | |
Сузак району | ||||
4. | Курманбек айылдык | Бечелов Алмазбек Маматкадырович | Өз арызы | |
Таш-Көмүр шаары | ||||
5. | Таш-Көмүр шаардык | Коңкобаев Таалайбек Тажиматович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
6. | Новопавловка айылдык | Барковский Владимир Петрович | Сокулук рай. сотунун 20.09.2013-ж. өкүмү | №104, 4.06.2013-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кызыл-Кыя шаары | ||||
7. | Кызыл-Кыя шаардык | Абдулхакимов Анвардин Абдулхамедович | Өз арызы | |
8. | Кыргызбаева Бубуниса Хабибилаевна | Өз арызы | ||
Кадамжай району | ||||
9. | Майдан айылдык | Сатаров Доолбек Рыскулович | Өз арызы | |
10. | Балтабаев Сайдулла Маматович | Өз арызы | ||
11. | Ахматов Абдыганы Метинбаевич | Өз арызы | ||
Баткен району | ||||
12. | Дара айылдык | Сайкалов Жусупали | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
13. | Катта-Талдык айылдык | Сайдаматов Бектемир Кадырбекович | Өз арызы | |
Кара-Кулжа району | ||||
14 | Чалма айылдык | Турганбаев Келечек Мамасалиевич | Каза болгон | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
15. | Сары-Булак айылдык | Асанов Нурбек Сартбаевич | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | |
16. | Ибаков Кайып Райимбекович | Өз арызы | ||
17. | Арал айылдык | Осмонов Эрмек Иманкулович | Өз арызы | |
Жети-Өгүз району | ||||
18. | Барскоон айылдык | Раматов Мурат Садинович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
19. | Жаргылчак айылдык | Кыйшыев Акылбек Белекович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
20. | Баетов айылдык | Искенов Эркинбек Дүйшөналиевич | Себепсиз сессияларга 4 жолу катышкан эмес | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 63 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлеринин тизмеси
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||