Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 23-сентябры № 478-б
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясына жана "Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламентин жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 токтому менен бекитилген Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, Ысык-Көл облусунун Райондор аралык сотунун 2008-жылдын 31-мартындагы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында жайгашкан 2,5 га аянттагы жер участокко арест салуу жөнүндө сунушун эске алып:
1. Тиркелген: Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын заседаниесинин 2008-жылдын 31-мартындагы № 1 протоколу - комиссиянын № 25п лот боюнча чечиминен башкасы бекитилсин.
2. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссияга жер участокторду берүүгө тооруктарды уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү кемчиликтер көрсөтүлсүн.
3. Бул буйрук коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|