Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-апрели № 149-б
"Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 614 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 44-б буйругуна ылайык сатып алынган айыл чарба техникаларын өз убагында бөлүштүрүүнү камсыздоо максатында:
1. Келген айыл чарба техникалары облустар арасында тиркемеге ылайык иш жүзүндө айдалуучу аянттардын пропорционалдуу көлөмүнө жараша бөлүштүрүлсүн.
2. Облустук мамлекеттик администрациялар бөлүнгөн айыл чарба техникаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Товардык-материалдык ресурстар түрүндө мамлекеттик кредиттерди айылдык товар өндүрүүчүлөргө бөлүштүрүүнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобого бекем ылайык бөлүштүрүшсүн.
Конкурстарды өткөрүүдө баарыдан мурда жаратылыштык-климаттык шарттары оор алыскы райондордогу иштеп жаткан агрогехникалык сервистик борборлор, үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары жана өндүрүштүк айыл чарба кооперативдери үчүн бөлүштүрүүчү техникалардын 70 процентине өтүнмө-арыздар артыкчылыктуу деп эсептелсин, ал эми көрсөтүлгөн шарттарга ылайык айыл чарба техникаларын бөлүштүрүү мүмкүн болбосо артыкчылык баштапкы взностон ашыкча сумманы төлөгөн чарбакер субъекттерге берилет.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги техникалардын наркын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы "Соода жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын жана Россия Федерациясынын "Агромашхолдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда түзүлгөн контрактка ылайык чыгымдардын накладнойлорун (жеткирүү, сактоо, ташуу ж.б.) эске алуу менен аныктасын жана кредиттик документтерди тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду төмөнкүдөй шарттарда айыл чарба техникаларын алуучулар менен кредиттик документти тариздесин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги аныктаган айыл чарба техникасынын наркы боюнча;
- айыл чарба техникаларынын наркынын кеминде 10 процентин алуучулар баштапкы взнос катары төлөшөт, ал кийин товардык кредит боюнча карыздарды төлөө эсебине кириштелет;
- кредиттерди жоюу жыл сайын 3 жана 4-кварталдарда 10 жылдын аралыгында бирдей үлүштөгү акча каражаттары менен гана төлөнө тургандыгы белгиленсин;
- ар бир убактысы өткөн күн үчүн 0,05 процент өлчөмүндө убагы өткөн төлөмдөр үчүн айып санкциясы белгиленсин;
- техникалардын наркын эске алуу менен күрөөлүк камсыздоо кеминде 120%.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 149-б буйругуна тиркеме |
┌─┬───────────┬───────────┬────────┬────────────┬────────────┬────────┐
│ │Облустардын│ ЛТЗ-60А │ Соколор│ Трактордун │ Айыл чарба │ Айдоо │
│ │ аталышы │тракторлору│(бирдик)│чиркегичтери│техникаларын│ аянты, │
│ │ │ (бирдик) │ │ (бирдик) │ алуу орду │ миң га │
├─┼───────────┼───────────┼────────┼────────────┼────────────┼────────┤
│1│Баткен │ 22 │ 22 │ 6 │Бишкек ш. │ 74,4 │
├─┼───────────┼───────────┼────────┼────────────┼────────────┼────────┤
│2│Жалалабат │ 48 │ 48 │ 13 │Бишкек ш. │ 168,2 │
├─┼───────────┼───────────┼────────┼────────────┼────────────┼────────┤
│3│Ысыккөл │ 40 │ 40 │ 15 │Бишкек ш. │ 191,0 │
├─┼───────────┼───────────┼────────┼────────────┼────────────┼────────┤
│4│Нарын │ 26 │ 26 │ 9 │Бишкек ш. │ 120,4 │
├─┼───────────┼───────────┼────────┼────────────┼────────────┼────────┤
│5│Ош │ 54 │ 54 │ 14 │Бишкек ш. │ 185,5 │
├─┼───────────┼───────────┼────────┼────────────┼────────────┼────────┤
│6│Талас │ 26 │ 26 │ 10 │Бишкек ш. │ 119,1 │
├─┼───────────┼───────────┼────────┼────────────┼────────────┼────────┤
│7│Чүй │ 90 │ 90 │ 34 │Бишкек ш. │ 417,7 │
├─┼───────────┼───────────┼────────┼────────────┼────────────┼────────┤
│ │Бардыгы │ 306 │ 306 │ 102 │ │1276,3 │
└─┴───────────┴───────────┴────────┴────────────┴────────────┴────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин Биринчи орун басары |
М.Сатыбеков |