Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 31
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 31 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
1 | Орловка шаардык | Власова Лариса Николаевна ("Республика" саясий партиясы) | Өз арызы | № 157, 15.12.2012-ж. |
2 | Чым-Коргон айылдык | Маматов Уланбек Дюшеналиевич | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
3 | Жыргалаң айылдык | Тайляков Шейшембек Калмакович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 153, 15.12.2012-ж. |
4 | Каракол айылдык | Кайдулатов Арстан Бейшенбекович | Өз арызы | |
5 | Челпек айылдык | Хамзеев Алтынбек Болотбекович | Өз арызы | |
6 | Ак-Булуң айылдык | Курпөнов Айбек Осмоналиевич | Өз арызы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
7 | Таш-Булак айылдык | Бааев Акылбек Орунбекович | Өз арызы | № 152, 15.12.2012-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 31 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
1 | Орловка шаардык | Мамаева Джипаркуль Табалдыевна ("Республика" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 4, 03.01.2016-ж. |
2 | Чым-Коргон айылдык | Эсенаманова Дамира Абдысалыевна | Чым-Коргон Үй-Бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыгер | № 5, 05.02.2016-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
3 | Жыргалаң айылдык | Ошуров Арнат Манарбекович | Убактылуу иштебейт | № 2, 05.02.2016-ж. |
4 | Каракол айылдык | Дыйканова Эркингуль Капаровна | У.Калиев атындагы орто мектеп, мугалим | № 3, 05.02.2016-ж. |
5 | Челпек айылдык | Рахымбердиев Рыспек Газиевич | Т.Искаков атындагы орто мектеп, чарба башчы | № 4, 05.02.2016-ж. |
6 | Ак-Булуң айылдык | Ажынаев Акылбек Аманакунович | Убактылуу иштебейт | № 5, 05.02.2016-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
7 | Таш-Булак айылдык | Тешебаев Уланбек Осмонбекович | Жеке ишкер | № 2, 09.02.2016-ж. |