Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 1-августу № 325-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген 2011-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 18-пунктун аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын бажы кызматын реформалоо жана модернизациялоо планын ишке ашырууну контролдоо боюнча байкоочу кеңеш түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын бажы кызматын реформалоо жана модернизациялоо планын ишке ашырууну контролдоо боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын бажы кызматын реформалоо жана модернизациялоо планын ишке ашырууну контролдоо боюнча байкоочу кеңештин курамы.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 1 августундагы № 325-б буйругу менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Байкоочу кеңештин негизги максаттары жана милдеттери
III. Байкоочу кеңештин компетенциясы
IV. Байкоочу кеңештин жыйындары
V. Байкоочу кеңештин төрагасынын функциялары
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын бажы кызматын реформалоо жана модернизациялоо планын ишке ашырууну контролдоо боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары-Байкоочу кеңеш) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген 2011-2013-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын (мындан ары - Стратегия) ишке ашырууну жалпы контролдоону ишке ашыруучу орган болуп саналат.
2. Байкоочу кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Байкоочу кеңештин төрагасы (мындан ары-төрага) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп саналат. Төраганын орун басарлары болуп Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп саналат.
4. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз ишин акысыз негизде жүргүзүшөт.
II. Байкоочу кеңештин негизги максаттары жана милдеттери
5. Байкоочу кеңештин негизги максаты болуп Стратегияны ишке ашырууну жалпы контролдоо болуп саналат.
Байкоочу кеңештин милдеттери болуп Стратегияны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын ишине жалпы жетекчилик кылуу жана аны координациялоо эсептелет.
III. Байкоочу кеңештин компетенциясы
6. Байкоочу кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Байкоочу кеңештин иши үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тийиштүү адистерин ишке тартууга;
- Байкоочу кеңештин жыйындарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген 2011-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясынын иш-чаралар планында аныкталган иш-чараларды аткарууга жооптуу министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин угууга.
IV. Байкоочу кеңештин жыйындары
7. Байкоочу кеңеш кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Байкоочу кеңештин кезектеги ар бир чогулушунун болуу күнүн төрага менен макулдашуу боюнча төраганын орун басары аныктайт жана чогулуш өткөрүлүүчү күнгө чейин кеминде 15 календардык күндөн кечиктирбестен кезектеги жыйын жөнүндө Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жазуу жүзүндө кабарлайт.
8. Байкоочу кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча жана Байкоочу кеңештин каалаган мүчөсүнүн жана Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басарынын өтүнүчү боюнча кезексиз тартипте чакырылышы мүмкүн. Байкоочу кеңештин кезексиз чакырылышы жөнүндө кезексиз жыйын өткөрүлүүчү күнгө чейин кеминде 7 календардык күндөн кечиктирбестен Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө Байкоочу кеңештин төрагасы жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.
9. Байкоочу кеңештин жыйындарына Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүргөн, ооруп калган учурларды кошпогондо жеке өзүлөрү катышууга тийиш.
10. Байкоочу кеңештин жыйынына кеминде 7 мүчө катышса алар чечим кабыл алууга укуктуу.
11. Байкоочу кеңештин жыйынын төрага жетектейт. Төрага жок учурда Байкоочу кеңештин жыйынын төраганын орун басары өткөрөт. Байкоочу кеңештин жыйындарындагы бардык маселелер жыйынга катышкан Байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
12. Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү жыйында бир добушка ээ. Ар бир добуш бүтүн жана бөлүнгүс болуп саналат. Байкоочу кеңештин мүчөсү өзүнүн добушун кимдир бирөөгө, анын ичинде Байкоочу кеңештин башка мүчөсүнө өткөрүп берүүгө укуксуз. Жыйында добуштар тең болуп чыккан учурда төрага, ал эми төрага жок учурда - төраганын орун басары добуш берген чечим кабыл алынат.
13. Байкоочу кеңештин жыйынында добуш берген учурда Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү "макул", "каршы" же "калыс" деп добуш бериши мүмкүн. Добуш берүү жыйында коюлган ар бир маселе боюнча өзүнчө өтүүгө тийиш.
14. Эгерде Байкоочу кеңештин мүчөсү кабыл алынган чечим менен макул болбосо, ал өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө жана протоколго киргизүүгө жана Байкоочу кеңештин төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
15. Байкоочу кеңештин жыйынында мамлекеттик органдын жетекчилери жана алардын орун басарлары катышууга жана добуш берүү укугусуз маселелер боюнча түшүндүрмө берүүгө укуктуу, ошондой эле Байкоочу кеңештин жыйыны өткөн күнгө карата Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп саналбаган эл аралык донорлордун өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү чакырылган адамдар катары катышууга укуктуу.
16. Байкоочу кеңештин жыйынына милдеттүү түрдө протокол жазылууга тийиш. Протокол Байкоочу кеңештин чечимин камтыйт, Байкоочу кеңештин жыйыны өткөн күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө таризделет жана ага катышкан Байкоочу кеңештин бардык мүчөлөрү кол коюшат.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Байкоочу кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоону ишке ашырат.
V. Байкоочу кеңештин төрагасынын функциялары
18. Байкоочу кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Байкоочу кеңештин ишин жетектейт;
- жыйындын күн тартибин аныктайт;
- Байкоочу кеңештин жыйынын алып барат;
- Байкоочу кеңештин жыйындарынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коет;
- Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- тиешелүү эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Байкоочу кеңештин атынан чыгат;
- Байкоочу кеңештин ишине байланыштуу башка функцияларды аткарат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 1 августундагы № 325-б буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти.