Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-апрели № 165-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 93-б буйругунун, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-майындагы № 259-т, 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 198-т
тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу:
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тармактык кызматташуу органдарындагы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы № 298-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине
катышкан мамлекеттердин тармактык кызматташуу
органдарындагы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 93-б буйругунун, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-майындагы № 259-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Кеңештин, органдын аталышы | Кыргыз Республикасынын өкүлү |
1 | КМШга катышкан мамлекеттердин атом энергиясын тынчтык максаттарда пайдалануу боюнча комиссиясы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин директору |
2 | КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин укуктук кызмат жетекчилеринин консультациялык комитети | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин директору |
3 | КМШга катышкан мамлекеттердин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча консультациялык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору |
4 | КМШга катышкан мамлекеттерде чакан ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча консультациялык кеңеш | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары |
5 | КМШга катышкан мамлекеттердин эмгек, миграция жана калкты социалдык коргоо боюнча консультациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри |
6 | КМШга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилеринин консультациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архив агенттигинин директору |
7 | КМШга катышкан мамлекеттерде мамлекеттик материалдык резервдерди башкарууну ишке ашыруучу мамлекеттик (аткаруу) бийлик органдарынын жетекчилеринин консультациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы |
8 | КМШнын транспорттук коридорлорунун координациялык комитети | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары |
9 | КМШга катышкан мамлекеттердин транспорттук координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
10 | КМШга катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлорунун координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) |
11 | Байланыш жаатындагы региондук шериктештиктин алдындагы КМШга катышкан мамлекеттердин маалыматташтыруу боюнча координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары |
12 | Өкмөттөр аралык фельдъегердик байланыштардын координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын начальниги |
13 | КМШнын Аткаруу комитетинин алдындагы бухгалтердик эсеп боюнча координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруучу комитетинин мүчөсү |
14 | КМШга катышкан мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
15 | КМШга катышкан мамлекеттердин салык кызматынын жетекчилеринин координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы |
16 | КМШга катышкан мамлекеттердин салыктык (финансылык) териштирүү органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициянын) төрагасы |
17 | КМШнын Мамлекеттер аралык валюта комитети | Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) |
18 | "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын мамлекеттер аралык координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары |
19 | Илимий-техникалык маалымат боюнча мамлекеттер аралык координациялык кеңеш | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри |
20 | КМШга катышкан мамлекеттердин камсыздандыруу көзөмөл органдарынын жетекчилеринин мамлекеттер аралык координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы |
21 | "Радионавигация" мамлекеттер аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары |
22 | Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору |
23 | Укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчикти коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы |
24 | КМШнын көргөзмө-жарманке жана конгресс иши боюнча мамлекеттер аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча) |
25 | Геодезия, картография, кадастр жана Жерди аралыктан изилдөө боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору |
26 | КМШнын гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин директору |
27 | Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору |
28 | Илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы |
29 | Мезгилдүү басма сөз, китеп чыгаруу, китеп таратуу жана полиграфия жаатында кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынын директору |
30 | Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары |
31 | Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы |
32 | КМШга катышкан мамлекеттердин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча) |
33 | КМШнын мамлекеттер аралык экологиялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
34 | КМШнын үрөнчүлүк маселелери боюнча өкмөттөр аралык координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
35 | КМШнын жолчуларынын өкмөттөр аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
36 | КМШнын агроөнөржай комплекси маселелери боюнча өкмөттөр аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
37 | Токой өнөр жай комплекси жана токой чарба боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору |
38 | Жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин директору |
39 | Ветеринария жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринариялык инспектору |
40 | Курулуш ишинде кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
41 | Байланыш жаатындагы региондук шериктештик | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары |
42 | КМШга катышкан мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин командачыларынын кеңеши | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы |
43 | КМШга катышкан мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри |
44 | КМШга катышкан мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын коргоо министри |
45 | КМШга катышкан мамлекеттердин юстиция министрлеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын юстиция министри |
46 | КМШга катышкан мамлекеттердин гуманитардык кызматташуу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри |
47 | КМШга катышкан мамлекеттердин жаштар иштери боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары |
48 | КМШга катышкан мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору |
49 | KMШга катышкан мамлекеттердин маданий кызматташуусу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри |
50 | КМШга катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек ара жанындагы жерлерге карата кызматташуусу боюнча кеңеш | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары |
51 | КМШга катышкан мамлекеттердин өнөр жай саясаты боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри |
52 | КМШнын саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри |
53 | КМШга катышкан мамлекеттердин билим берүү жаатында кызматташуусу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри (макулдашуу боюнча) |
54 | КМШга катышкан мамлекеттердин фундаменталдык илимдер жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча) |
55 | КМШга катышкан мамлекеттердин туризм боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору |
56 | КМШга катышкан мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга катышуучулардын дене тарбия жана спорт боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору |
57 | Экономика чөйрөсүндө талаштар боюнча иштерди чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун төрагаларынын кеңеши | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча) |
58 | КМШга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук телерадиоуюмдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча) |
59 | КМШнын мамлекеттик маалыматтык агенттиктеринин жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз улуттук "Кабар" маалыматтык агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) |
60 | КМШга катышкан мамлекеттердин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары |
61 | КМШга катышкан мамлекеттердин миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары |
62 | КМШга катышкан мамлекеттердин коопсуздук жана атайын кызмат органдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы |
63 | КМШга катышкан мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча) |
64 | КМШга катышкан мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы |
65 | КМШга катышкан мамлекеттердин 1998-жылдын 6-мартындагы мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин биргелешкен комиссиясы | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары |
66 | КМШнын электр энергетикалык кеңеши | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри |