Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-февралы № 33-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык сатып алынган айыл чарба техникасын (трактор чиркегичтерин) бөлүштүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги "Кыргыз агроазыктүлүк корпорациясы" ачык акционердик коомунун катышуусунда эскирүүнү жана базардын конъюнктурасын эске алуу менен "2 ПТС-4-793А-03А" маркасындагы 16 трактор чиркегичинин наркын аныктоодо көз карандысыз баалоо.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык 2ПТС-4-793А-03А маркасындагы 16 трактор чиркегичин Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъекттерине төмөнкү шарттарда тиешелүү кредиттик документтерди тариздөө менен товардык кредит катары андан ары берүү үчүн иштеди жүргүзсүн:
- төлөө мөөнөтү - 5 жыл;
- жеңилдетилген мезгил - 6 ай;
- күрөөлүк камсыздоо менен.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |