Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 8-апрели № 119-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, 2014-жылдын 18-февралындагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоонун шарттары жөнүндө макулдашууга ылайык, Кумтөр кениндеги экологиялык жана тоо-кен техникалык маселелерди чечүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн:
1. "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча экологиялык жана тоо-кен техникалык маселелерди чечүүчү ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- "Центерра Голд Инк." компаниясына билдирүү жиберсин жана экологиялык жана тоо-кен техникалык маселелерди, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын дооматтарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана "АМЕС Еаrth & Environmental UK Ltd" (мындан ары - АМЕС) компаниясынын сунуштамаларына ылайык чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- экологиялык жана тоо-кен техникалык маселелерди, анын ичинде Кумтөр кенине баруу менен талкуулоо боюнча иштердин биргелешкен графигин "Центерра Голд Инк." компаниясы менен макулдашсын;
- сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна "Кумтөр" долбоору боюнча экологиялык жана тоо-кен техникалык маселелерди чечүү максатында "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сүйлөшүү процессине катышуу үчүн АМЕС компаниясын тартуу сунушталсын.
4. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттин адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды зарылчылыкка жараша ишке тартуу укугу берилсин.
5. Жумушчу топту уюштуруучулук, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 119-буйругуна тиркеме |
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Атаджанов С.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Иманкожоева Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сабиров М.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кадырбеков И.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Шакиров К.А. | - | "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Шамбетов Т.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору; |
Алимбеков А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстарынын саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Какеев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин мамлекеттик суу чарба инспекциясынын начальниги; |
Торгоев И. А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун "Геоприбор" илимий-инженердик борборунун директору; |
Айдаралиев Б.Р. | - | Б.Н.Ельцнн атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин Окуу илимий-техникалык борборунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Айтматова Ж.И. | - | "АМАZonA.KG коомдук фондунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Печенюк О.В. | - | "Көз карандысыз экологиялык экспертиза" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Садыров К.А. | - | "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультативдик кеңештин катчылыгынын эксперти (макулдашуу боюнча). |