Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-октябрындагы № 427 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2017-жылдын 13-ноябры № 761

"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына конкурс өткөрүүнү жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июнундагы № 323 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков

 

Тиркеме

Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Министрликтин алдындагы Туризм департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору (макулдашуу боюнча).