КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 613 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 4-марты № 116
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 19-январындагы № 28 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын социалдык блогун тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо маселелери боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Илим департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору;
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;
Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура, транспорт жана курулуш университетинин ректору;
Ош мамлекеттик университетинин ректору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина изилдөө институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун директору.
Жеке (макулдашуу боюнча):
Керезбеков Канат Керезбекович | - | Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор; |
Жапаров Акылбек Үсөнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, экономика илимдеринин доктору; |
Шаршекеева Камила Дүйшөбаевна | - | Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин ректору; |
Тургунбаева Жаңылсынзат Турдакуновна | - | "Супара этнографиялык комплекси" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору; |
Сооронбаев Талантбек Маратбекович | - | академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун интенсивдүү пульмонология блогунун пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор; |
Исмаилова Рита Асанкуловна | - | "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин компьютердик инженерия боюнча доцентинин милдетин аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты, Ph.D; |
Орозбаев Рустам Талапкерович | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин кол өнөрчүлүк геология кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун улук илимий кызматкери, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, Ph.D; |
Өмүралиева Айымжан Медербековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун лаборатория башчысы, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, Ph.D; |
Малюкова Наталья Николаевна | - | Б.Ельцин атындагы Орус-Славян университетинин билим берүү жана илимдеги инновациялык башкармалыгынын башчысы, 2020-жылга чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мамлекеттер аралык программасынын алкагында инновациялык кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш борборунун координатору, геология-минералогиялык илимдеринин кандидаты, профессор; |
Миненков Геннадий Олегович | - | "Томэкс" медициналык борборунун радиология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор; |
Исмаилов Алтынбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын директору. |