РаспоряжениеКүчүндө

КР Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧЕСИ

ТЕСКЕМЕ

 

2021-жылдын 26-октябры № 571

(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 тескемесинин редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнү уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

1-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын  Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлору кирүүгө чектөө грифи бар ("КПҮ", "Жашыруун" ж.б.) актылардын долбоорлорун кошпогондо, ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген Регламентте белгиленген талаптарга ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына электрондук форматта киргизилет жана кабыл алынат деп белгиленсин.

(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери ушул Регламентти жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 194 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2017-жылдын 17-июлундагы № 213 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2018-жылдын 11-октябрындагы № 293 буйругу.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Администрациясынын Жетекчиси

 

А.У. Жапаров