Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 10-т, 2023-жылдын 3-мартындагы № 88-т, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 546-т, 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т, 2026-жылдын 13-мартындагы № 160-т, 2026-жылдын 23-мартындагы № 189-т , 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 280-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2022-жылдын 23-сентябры № 511-т
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү, ошондой эле "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында кызмат адамдарын тейлөө боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
2) "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускама 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-р буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы № 196-б буйругу;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-апрелиндеги № 109-б буйругу;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 3-б буйругу;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-январындагы № 8-б буйругу;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 223-т тескемеси.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 10-т, 2023-жылдын 3-мартындагы № 88-т, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 546-т, 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т, 2026-жылдын 13-мартындагы № 160-т, 2026-жылдын 23-мартындагы № 189-т , 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 280-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президенти.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары, алардын орун басарлары.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары.
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары.
10. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 725-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, орун басарлары.
12. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атайын өкүлдөрү.
14. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана анын орун басары.
15. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын орун басарлары.
16. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы жана аудиторлор.
17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана анын орун басарлары.
18. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, комиссиянын мүчөлөрү.
19. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жана анын орун басарлары.
20. Кыргыз Республикасынын министрлери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасы, алардын орун басарлары.
21. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү (Министрлер).
22. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери.
23. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары.
24. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.
25. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.
26. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарынын төрагалары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызматтардын төрагалары, Кыргыз Республикасынын министрликтерине караштуу мамлекеттик кызматтардын төрагалары, алардын орун басарлары.
27. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик агенттиктердин директорлору, алардын орун басарлары.
28. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу фонддордун төрагалары жана алардын орун басарлары.
281. «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун башкы директору жана анын орун басары.
282. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын Азербайжан Республикасы тарабынан тең төрагасы.
29. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору жана анын орун басары.
30. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу комиссиялардын төрагалары, агенттиктердин директорлору.
301. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси жана анын орун басары.
302. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы.
303. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы.
31. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы жана анын орун басарлары.
32. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору.
33. Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору.
34. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору.
35. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы.
36. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы.
37. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын командачысы.
38. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы.
39. Чет мамлекеттерде аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, башкы консулдары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан бекитилүүчү тизмеге ылайык Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, башкы консулдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.
391. Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлү.
40. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлору, инспекторлору, башкы эксперттери, эксперттери, спичрайтерлери.
41. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси жана анын орун басарлары.
41-1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараттарынын жетекчилери, алардын орун басарлары.
42. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчилери жана жардамчылары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери.
43. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу жана анын орун басарлары.
44. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери.
45. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчилери, жардамчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча коомдук башталышта кеңешчилери.
46. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын, орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кеңешчилери, жардамчылары.
47. Бишкек жана Ош шаардык сотунун төрагалары, облустук соттордун төрагалары.
48. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 10-т тескемесинин редакциясына ылайык күчүн жоготту)
49. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 10-т тескемесинин редакциясына ылайык күчүн жоготту)
50. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппаратынын жетекчиси.
501. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппаратынын жетекчиси.
51. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти жана вице-президенти.
52. Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин президенти.
53. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору.
54. Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийи.
55. Орус Православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын епархиалдык архиерейи (Москва Патриархаты).
56. Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы.
57. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти.
58. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлору.
59. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" сыйлыгы ыйгарылган адамдар.
60. Төмөнкүдөй мамлекеттик сыйлыктарды алган адамдар:
- I даражадагы, II даражадагы, III даражадагы "Манас" орденин;
- "Баатыр эне" орденин.
61. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери" ардак наамын алган адамдар.
62. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
63. Мамлекеттердин жогорку жана бийик деңгээлдеги визиттерин өткөрүүнүн алкагында (анын ичинде аларды даярдоо үчүн) чет өлкөгө чыгуучу Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын мүчөлөрү. Жогорку жана бийик деңгээлдеги визиттерди өткөрүүнүн алкагында (анын ичинде аларды даярдоо үчүн) Кыргыз Республикасына келүүчү чет мамлекеттердин делегацияларынын мүчөлөрү.
64. Кызмат адамдарын коштоп жүргөн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкерлери.
65. Кыргыз Республикасынын экс-президенти.
66. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы.
67. Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министрлери.
68. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экс-Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси.
69. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басарлары.