Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨрагасыНЫН
ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-сентябры № 638
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 638 тескемеси менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча:
1. "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 2-беренесинде төмөнкүлөргө тыюу салууну белгилөө сунушталат:
- товарларды жана жеке буюмдарды ташууда жана таңгактоодо, ошондой эле пломбаланган жүк отсектеринде товарларды транзит менен өткөрүүдө жеке жактар тарабынан жеке пайдалануу үчүн алынып келинген пакеттерди кошпогондо, полимер пленкасынан пакеттерди Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө;
- экспорт үчүн чыгарылган пакеттерди, ошондой эле биологиялык ажыроочу полимердик материалдардан жасалган, кармагычы жок жана турмуш-тиричиликте пайдалануу үчүн түрмөктөр менен сатылган пакеттерди кошпогондо, 2024-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан пакеттерди өндүрүүгө;
- 2024-жылдын 1-июнунан тартып полимер пленкасынан пакеттерди сатууга;
- соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө полимер пленкасынан пакеттерди акысыз берүүгө;
- полимер пленкасынан пакеттердин наркын Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу товардын наркына кошууга, ошондой эле аларды өздүк нарктан төмөн баада сатууга.
Муну менен бирге, бул Мыйзам долбоорунда белгиленүүчү тыюу салуулардын мөөнөтү жөнүндө ченем каралган эмес, бул "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Мыйзамдын өзү жана бул чектөөлөр мөөнөтсүз колдонула тургандыгын билдирет, анткени бул Мыйзам долбоорунда башкача каралган эмес.
Мында, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Бажы бирлигинин комиссиясынын 2011-жылдын 16-августундагы № 769 чечими менен бекитилген Бажы бирлигинин "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти ББ ТР 005/2011 (мындан ары - Техникалык регламент) 2017-жылдын 12-августунан баштап колдонулуп баштаган, анда таңгактын бардык типтерине (5-берене), анын ичинде полимердик (1-берене) тибине коопсуздук боюнча талаптар белгиленген.
Техникалык регламенттин 5-беренесинде ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү булгоого жол бербөө максатында мурда колдонулган таңгак (жабуу каражаттары) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш (9-пункт, 11.3-пунктча) экендиги каралган.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык мүчө мамлекеттер Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келген продукциянын мындай продукцияга карата Техникалык регламентте камтылган кошумча талаптарды көрсөтпөстөн жана шайкештикти баалоонун кошумча жол-жоболорун жүргүзбөстөн өз аймагында жүгүртүлүшүн камсыз кылат. Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык техникалык жөнгө салуунун принциптеринин бири мүчө мамлекеттерде Бажы бирлигинин техникалык регламенттерин алып салбастан колдонуу жана аткаруу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келген продукция Бирликтин аймагында эркин жүгүртүлүшү мүмкүн.
Муну менен бирге, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 46, 47-беренелерине ылайык Бирликтин аймагында Евразия экономикалык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан кабыл алынган тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары (товарларды ташып келүүгө жана (же) ташып чыгууга тыюу салуу) колдонулууга тийиш.
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 7-тиркемесинин 3-бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык Комиссия төмөнкү учурларда тыюу салууну киргизүүгө багытталган чараларды көрөт:
1) Бирликтин ички рыногу үчүн кыйла маанилүү болуп саналган азык-түлүк же башка товарлардын ички рынокто өтө жетишсиздигин болтурбоо же азайтуу үчүн экспортко убактылуу тыюу салуулар же убактылуу сандык чектөөлөр;
2) товарларды эл аралык соодада классификациялоонун, сорттоонун жана сатуунун стандарттарын же эрежелерин колдонууга байланыштуу зарыл болгон экспортко жана импортко тыюу салуулар же сандык чектөөлөр;
3) суу биологиялык ресурстарды ар кандай түрдө алып келүүдө импорттоону чектөө, эгерде зарыл болсо:
Бирликтин аймагынан чыгарылган окшош товарды өндүрүүнү же сатууну чектөө;
эгерде Бирликте окшош товардын олуттуу өндүрүшү болбосо, импорттук товар менен түздөн-түз алмаштырылышы мүмкүн болгон Бирликтин аймагынан чыгарылган товарды өндүрүүнү же сатууну чектөө;
Бирликтин аймагында болуп жаткан окшош товардын убактылуу ашыкчасын ушул ашыкчаны керектөөчүлөрдүн айрым топторуна акысыз же рыноктук баадан төмөн баа боюнча берүү жолу менен рыноктон алып салуу;
эгерде Бирликте окшош товарды олуттуу өндүрүү жок болсо, импорттук товар менен түздөн-түз алмаштырылышы мүмкүн болгон Бирликтин аймагында болуп жаткан товардын убактылуу ашыкчасын бул ашыкчаны керектөөчүлөрдүн айрым топторуна акысыз же рыноктук баадан төмөн баа боюнча берүү жолу менен рыноктон алып салуу.
Ушуга байланыштуу үчүнчү өлкөлөрдөн полимер пленкасынан пакеттерди туруктуу негизде алып келүүгө тыюу салууну киргизүү үчүн Комиссияга кайрылуу зарыл.
Ошол эле учурда, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 7-тиркемесинин X бөлүмүнө ылайык мүчө мамлекеттин убактылуу чара киргизилген ченемдик укуктук актысынын аталышын, товардын аталышын жана анын ЕАЭБ ТЭИ ТН кодун, убактылуу чара киргизилген датаны жана анын колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен мындай чара киргизилген датадан тартып 6 айдан ашык эмес колдонулган мүчө мамлекеттин бир тараптуу тартипте чараны колдонуу тартиби каралат (54, 55-пункттар).
Ушундан улам, сунуш кылынган тыюу салууларды киргизүү жогоруда аталган Комиссия менен макулдашылгандан кийин гана мүмкүн болот жана алты айдан ашпаган убактылуу иш-аракеттердин мүнөзүнө ээ болушу мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандарга ылайык "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы олуттуу сын пикирлерге ээ жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине каршы келет.
Ушуга байланыштуу жогоруда аталган Мыйзам долбоорунан "полимер пленкасынан пакеттерди алып келүүгө тыюу салууну киргизүү" түшүнүгүн алып салуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
2. "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сунушталган долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо 2019-жылдын декабрында өткөрүлгөн. Бул талдоодо камтылган маалыматтар ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасында (мындан ары - Методика) колдонулган механизмдердин негизинде даярдалгандыгын көрсөтөт.
Берилген жөнгө салуучу таасирди талдоо өзүнүн актуалдуулугун жоготкондуктан, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык келтирүү зарыл, атап айтканда, ушул Методиканын 47, 48, 49-пункттарынын ченемдерин, ошондой эле белгиленген Методиканын 3-тиркемесинде каралган аналитикалык каттын форматын эске алуу керек.
"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча:
Бул Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 3-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккандыгын белгилейбиз.
Мында сунушталган Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде полимер пленкасынан пакеттерди өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө мыйзамда белгиленген тыюу салууну бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралат.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунан "полимер пленкасынан пакеттерди алып келүүгө тыюу салууну киргизүү" түшүнүгүн алып салуунун максатка ылайыктуулугун эске алып, "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 2-беренесинде полимер пленкасынан пакеттерди алып келүүгө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган ченемдик жоболорду алып салуу максатка ылайыктуу деп болжолдонот.