Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 28-декабры № 716

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү

жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү жол-жоболорду өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясына, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24, 40, 41-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмегинде:

- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги";

- жогоруда аталган Тизмектин эскертүүсүндө:

1-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоо милдети жүктөлгөн, катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүүгө укуктуу болгон юстиция органдарынын кызмат адамдарынын, жеке нотариустардын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин) жана консулдук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын чектелген тизмесин аныктайт жана катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматты коргоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздайт.

Нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоо милдети жүктөлгөн, катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызмат адамдары, жеке нотариустар, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин) жана консулдук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматты ачыкка чыгаргандыгы, ошондой эле мыйзамга ылайык келбеген жана так эмес маалымат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жана тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.".

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-январындагы № 1 (3554) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров