Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтому менен бекитилген) |
Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого
өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун
эрежелери
Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштелип чыккан.
Эл аралык өтүнмөлөргө экспертиза жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдер жана аларга негизделген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен белгиленет.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелерде пайдаланылуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр:
Мыйзам - "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
ТКЭК - Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык классификациялоо. Кыргыз Республикасы 1957-жылдын 15-июнундагы Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 10-апрелиндеги № 36 "Кыргыз Республикасынын белгилерди каттоо үчүн товарларды жана тейлөө кызматтарын Эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца Макулдашуусуна кошулуусу тууралу" Мыйзамына ылайык кошулган;
Сингапур келишими - Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 51 "Сингапур шаарында 2006-жылдын 28-мартында кол коюлган Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишими ратификациялоо тууралу" Мыйзамы менен ратификацияланган 2006-жылдын 28-мартындагы Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишими;
ИМБДУ - Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму;
ИМБДУ ST-3 стандарты - өлкөлөрдү, административдик бирдиктерди жана өкмөттөр аралык уюмдарды белгилөө үчүн эки тамгалуу кодго ИМБДУнун сунуштаган стандарты;
дискламация - Мыйзамга ылайык коргоого тийиштүү болбогон кандай болбосун билдирилген белгинин элементин укуктук коргоодон чыгаруу;
товар - эркин алмашууга катышуучу кайсы болбосун буюм, ошондой эле материалдык эмес кызматтар (кызмат көрсөтүүлөр, жумуш);
бир өңчөй товарлар - бул бирдей атоого болбой турган, бирок окшош мүнөздөмөлөргө, касиеттерге жана компоненттерге ээ болгон, аныкталган продукция, кызмат көрсөтүү же жумуш;
эл аралык патенттелбеген аталыштар (ЭПА) - Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган дары каражатынын таасир этүүчү затынын уникалдуу аталышы.
Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу башка түшүнүктөр Мыйзамдын 2-беренесинде аныкталган мааниде колдонулат.
2-глава. Товардык белгини жана тейлөө
белгисин каттоого өтүнмө түзүү жана берүү
2. Товардык белгиге өтүнмө берүүгө жана каттоого кайсы болбосун юридикалык жана жеке жак (мындан ары - өтүнмө ээси) укуктуу.
3. Өтүнмө жана өтүнмөгө тиркелген документтер Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же почта боюнча кагаз жүзүндө же электрондук өтүнмө берүү (мындан ары - ЭӨБ) системасы аркылуу жөнөтүлөт.
4. Өтүнмө Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлү же башка өкүл аркылуу берилиши мүмкүн.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен башка тартип белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү аркылуу товардык белгини каттоого байланыштуу иштерди жүргүзөт.
5. Товардык белги катарында сөз, сүрөт, көлөмдүү жана башка белгилер же алардын айкалышы катталышы мүмкүн.
Сөз белгилерине сөздөр, сөз мүнөзүнө ээ болгон тамга айкалыштары, сөз айкалыштары, сүйлөмдөр, башка тил бирдиктери, ошондой эле алардын айкалыштары кирет.
Сүрөт белгилерине тирүү жандыктардын, предметтердин, жаратылыш жана башка объекттердин сүрөттөрү, ошондой эле каалагандай формалардагы фигуралар, сызыктардын, тактардын, тегиздиктеги фигуралардын, ошондой эле сөздөрдүн, тамгалардын жана (же) цифралардын өзгөчө шрифтте же графикада аткарылган композициялары кирет.
Көлөмдүү белгилерге үч ченде аткарылган объекттер же фигуралар түрүндөгү белгилер кирет.
Айкалышкан белгилерге сүрөт, сөз, тамга, цифра, көлөм жана башкалар сыяктуу түрдүү мүнөздөгү элементтердин айкалыштары кирет.
Мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган башка белгилерге визуалдык жактан айырмаланган голографиялык белгилер жана башка визуалдык жактан айырмаланган белгилер, анын ичинде өзгөчө шрифтте же графикада аткарылган тамга жана цифра белгилери, позициялык жана/же жарык берүүчү белгилер кирет.
Тамга белгилерине тамгалардан турган жана сөз мүнөзүнө ээ болбогон белгилер кирет.
Цифра белгилерине цифралардан турган белгилер кирет.
Сөз, тамга жана цифра белгилери кандай болбосун өзгөчө шрифтте же графикада аткарылбаган кириллица жана (же) латын алфавитин, араб жана (же) рим цифраларын пайдалануу менен аткарылат.
Түстү жана түстүн айкалышын билдирген белгилерге бир же экиден ашык түс түрүндөгү берилген белгилер кирет.
Позициялык белгилерге тийиштүү товарларга карата белгинин позициясын, анын өлчөмүн же пропорциясын талаптагыдай идентификациялоочу, репродукция түрүндө каттоого берилүүчү товардагы белги кирет.
Бул Эрежелер визуалдык жактан айырмаланбаган белгилерге, ошондой эле үн жана жыт белгилерине колдонулбайт.
Товардык белги кандай болбосун түстө же түстүк айкалышта катталышы мүмкүн.
6. Мыйзамдын 9-беренесине ылайык төмөнкүлөрдү товардык белги катары каттоого жол берилбейт:
1) айырмалоочу жөндөмгө ээ болбогон;
айырмалоочу жөндөмгө ээ болбогон белгилерге төмөнкүлөр кирет:
- мүнөздүү графикалык аткарылышы болбогон өз алдынча тамгаларды, цифраларды, тилдин үчтөн кем болбогон өзүнчө бирдиктеринин айкалышынан турган сөз мүнөзүнө ээ болбогон тамгалардын жана/же цифралардын айкалышын билдирген белгилер;
- өз алдынча сызыктарды, жөнөкөй геометриялык фигураларды, ошондой эле аларга таандык өзүнчө элементтерди кабылдоодон айырмаланып, кабылдоонун сапаттуу башка деңгээлин берүүчү композицияны түзбөгөн алардын айкалышын билдирген белгилер;
- товарларды белгилөө үчүн товардык белги катары каттоого берилүүчү товарлардын реалдуу же схемалык сүрөтү;
- формасы функциялык арналышы менен гана шартталган үч чендүү объектилер;
- эреже катары товарлардын жөнөкөй көрсөтмөлөрү болуп саналган товарларды белгилөө үчүн берилген жалпы кабыл алынган аталыштар; уюмдардын, ишканалардын, тармактардын жалпы кабыл алынган кыскартылган аталыштары жана алардын аббревиатуралары;
2) сыпаттоочу болуп саналган, атап айтканда төмөнкүдөй элементтерден гана турган:
- товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиеттерин, курамын, арналышын, баалуулугун, ошондой эле чыккан убакытын, жерин, аларды өндүрүүнүн же сатуунун жерин жана ыкмаларын белгилөө үчүн пайдаланылган.
Мындай белгилерге негизинен товарлардын жөнөкөй аталыштары; товарлардын сапатынын категорияларынын белгилери; товарлардын касиеттерин көрсөтүү (анын ичинде мактоочу мүнөздөгү); материалдын же чийки заттын курамын көрсөтүү; товарлардын салмагын, көлөмүн, баасын көрсөтүү; товарларды чыгаруу датасы; өндүрүштү түзүү тарыхы боюнча маалыматтар; ишканалардын түрдүк аталыштары; товарды чыгаруучулардын жана ортомчулук фирмалардын даректери; товарды чыгаруучунун жайгашкан жерин көрсөтүү катарында кабыл алынышы мүмкүн болгон жарым-жартылай же толугу менен географиялык аталыштан турган белгилер кирет;
- толугу менен же негизинен товардын касиети же арналышы менен аныкталуучу товардын формасын билдирген;
- дары каражаттарынын эл аралык патенттелбеген аталыштарын билдирген;
3) мамлекеттик гербдерди, желектерди жана башка мамлекеттик эмблемаларды, мамлекеттердин расмий жана кыскартылган аталыштарын, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштарын, алардын гербдерин, желектерин жана башка эмблемаларын, расмий контролдук, кепилдик жана сынамык эндерди, мөөрлөрдү, сыйлыктарды, акча белгилерин жана башка айырмалоочу белгилерди же чаташтырган деңгээлге чейин аны менен окшош белгилерди билдирген.
Мындай белгилер эгерде тийиштүү компетенттүү органдын же ээсинин макулдугу болсо, товардык белгиге корголбогон элемент катары киргизилиши мүмкүн;
4) белгиленген түрдөгү товарларды белгилөө үчүн жалпы пайдаланууга киргизилген.
Ушундай белги катарында бир эле товар же түрдүү өндүрүүчүлөр чыгарган ошол эле түрдөгү товар үчүн узак убакыт бою пайдалануунун натыйжасында түрдүк түшүнүккө айланган аныкталган товар үчүн пайдаланылуучу белги түшүндүрүлөт;
5) терминдерди же символдорду белги катары пайдалануу сунушталган товарларга карата жалпы кабыл алынган терминдер жана символдор болуп эсептелинген.
Жалпы кабыл алынган символдорго эреже катары чарба тармагын же товардык белгини каттоо суралган товарлардын тизмесинде камтылган товарлар таандык болгон иштин чөйрөсүн символдоштурган белгилер, илимде жана техникада пайдаланылуучу шарттуу белгилер кирет.
Жалпы кабыл алынган терминдерге илимдин жана техниканын конкреттүү тармактары үчүн мүнөздүү болгон лексикалык бирдиктер кирет;
6) товарлардын түрүнө, сапатына, санына, касиетине, арналышына, баалуулугуна, ошондой эле алардын чыгарылган убакытына жана ордуна, өндүрүшүнө жана сатылышына көрсөткөндөр.
Мындай белгилерге негизинен товарлардын жөнөкөй аталыштары; товарлардын сапатынын категорияларынын белгилери; товарлардын касиеттерин көрсөтүү (анын ичинде мактоочу мүнөздөгү); материалдын же чийки заттын курамын көрсөтүү; товарлардын салмагын, көлөмүн, баасын көрсөтүү; товарларды чыгаруу датасы; өндүрүштү түзүү тарыхы боюнча маалыматтар; ишканалардын түрдүк аталыштары; товарды чыгаруучулардын жана ортомчулук фирмалардын даректери; товарды чыгаруучунун жайгашкан жерин көрсөтүү катарында кабыл алынышы мүмкүн болгон жарым-жартылай же толугу менен географиялык аталыштан турган белгилер кирет.
Ушул пункттун 1, 4, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилер, эгерде алар товардык белгиде басымдуулук кылган абалды ээлебесе, анда корголбоочу элемент катары товардык белгиге киргизилиши мүмкүн.
7) Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган аталышын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү же сөз айкалыштарын камтыган.
Мындай белгилер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибине ылайык каралат;
8) Кыргыз Республикасынын элинин маданий мурасынын объекттеринин же болбосо дүйнөлүк маданий же жаратылыш мурасынын объекттеринин расмий аталыштары жана сүрөттөрү менен окшош же чаташтырган деңгээлге чейин бирдей. Кыргыз Республикасынын маданий жана жаратылыш мурасынын объекттеринин тизмеги, ошондой эле аталган объекттерди камтыган элементтерди товардык белгиге киргизүүгө макулдук берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Төмөнкү белгилерди товардык белгилер же алардын элементтери катары каттоого жол берилбейт:
1) товар же анын өндүрүүчүсү боюнча керектөөчүнү жаңылышууга алып келиши ыктымал же жалган болуп эсептелген.
Мындай белгилерге негизинен пайдалануучунун аң-сезимине иш жүзүнө шайкеш келбеген товардын аныкталган сапаты, аны чыгаруучу же чыгарылган жери жөнүндө түшүнүктү жараткан белгилер кирет. Керектөөчүнү жаңылышууга алып келиши ыктымал белгилер катары мындай белгини пайдалануучу же мурда пайдаланып келген башка жактар алууга аракеттенген белгилери таанылышы мүмкүн. Товарды (кызмат көрсөтүүнү) өндүрүүчү же келип чыккан жери жөнүндө маалымдар экспертизанын жүрүшүндө келип түшкөн каршы пикирлерде, ошондой эле Интернет булактарында камтылышы мүмкүн.
Эгерде элементтеринин бири жалган же жаңылышууга алып келген болуп эсептелсе, белги жалган же жаңылышууга алып келген болуп таанылат;
2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык корголуучу шараптардын же күчтүү спирттик ичимдиктердин чыгарылган жерине көрсөтмөнү билдирген же камтыган, эгерде мындай белгилер көрсөтүлгөн жерден чыгарылбаган шараптар же күчтүү спирттик ичимдиктер үчүн арналган болсо, ошондой эле формалдуу түрдө товардын чыныгы чыгарылган жерине көрсөтмөнү билдирген, бирок товар башка аймактан чыгарылгандыгы тууралуу жаңылыштык түшүнүк берген;
3) жалпы кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерине каршы келген.
Мындай белгилерге негизинен адепсиз мазмундагы сөздөр жана сүрөттөр, адамдын кадырын кемсинткен гумандуулукка каршы мүнөздөгү чакырыктар, диний сезимдер ж.б. кирет.
8. Мыйзамдын 10-беренесине ылайык төмөнкүлөр менен окшош же чаташтырган деңгээлге чейин окшош белгилер бир өңчөй товарлар үчүн товардык белгилер катары катталышы мүмкүн эмес:
1) башка жактын атына Кыргыз Республикасында мурун катталган же каттоого өтүнмө берилген жана кыйла мурда артыкчылык алгандын товардык белгилери менен;
2) Кыргыз Республикасында катталган фирмалык аталыштар менен - кыйла мурда артыкчылык алган иштин окшош же бирдей түрлөрүнө же болбосо товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө карата;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык корголуучу башка жактардын товардык белгилери менен.
Бир өңчөй товарларга карата ушул пункттун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн товардык белги менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош белгини каттоого ушул белгини каттоого мындай товардык белгинин ээсинин макулдугу алынган шартта жол берилет.
Бир өңчөй эмес товарларга карата мурда катталган товардык белги менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош белгини каттоого мурда катталган товардык белгинин укук ээсинен макулдук кат албастан жол берилет.
9. Кайсы болбосун товарларга карата товардык белги катары төмөнкүлөр менен окшош же чаташтыруу деңгээлине чейин бирдей белгилер катталышы мүмкүн эмес:
1) өтүнмө берилген белгинин артыкчылыгына караганда, кыйла мурдагы датасы менен кандай болбосун товарларга карата, Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте жалпыга белгилүү болгон товардык белгилер болуп таанылган. Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин критерийлери жана жалпыга белгилүү болгонун таануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
2) аталышты же географиялык көрсөтмөнү же товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укугу бар жактын атына катталуучу товардык белгиге корголбоочу элемент катары киргизилген учурдан тышкары, Мыйзамга ылайык корголуучу географиялык көрсөтмөлөр же товарлар чыгарылган жердин аталыштары.
Географиялык аталыштарды камтыган, керектөөчүнү өтүнмө ээси турган ордуна байланыштуу жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү, ошондой эле ээсинин биринин атына аларды каттоо үчүнчү жактардын укугун кемсинтүүгө алып келген белгилер катталбайт.
Өтүнмө берилген товарларга карата ачык фантазиялык мүнөзгө ээ болгон географиялык аталыштар түрүндөгү белгилер товардык белгиге корголбоочу элемент катары киргизилиши мүмкүн.
3) Кыргыз Республикасында укугу каттоого өтүнмө берилген товардык белгинин артыкчылык датасынан мурда пайда болгон, Кыргыз Республикасында корголуучу селекциялык жетишкендиктин аталышы.
10. Мыйзамдын 10-беренесине ылайык төмөнкүлөрдү камтыган белгилер товардык белги катары катталбайт:
1) эгерде тиешелүү чыгармага карата укуктар катталуучу товардык белгинин артыкчылык датасынан мурда пайда болсо, автордук укук ээсинин макулдугусуз Кыргыз Республикасындагы белгилүү илим, адабият жана искусство чыгармаларынын аталыштары, алардын каармандары же цитаталары, искусство чыгармалары же алардын фрагменттери;
2) белгилүү адамдардын аты-жөнү, псевдоними жана алардан келип чыккан аталыштар, портреттери жана факсимилеси өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилер Кыргыз Республикасынын тарыхынын жана маданиятынын энчиси болуп эсептелген учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксатысыз;
3) эгер каттоого өтүнмө берилген товардык белгиге салыштырмалуу өнөр жай үлгүсү андан мурунку артыкчылыкка ээ болсо, Кыргыз Республикасында аларга болгон укуктар башка жактарга таандык болгон өнөр жай үлгүлөрү.
8-пунктта жана ушул пункттун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн товардык белгиге, фирмалык аталышка, өнөр жай үлгүсүнө же башка объекттерге чаташтыруу деңгээлине чейин окшош белгини каттоого мындай товардык белгинин, фирмалык аталыштын, өнөр жай үлгүсүнүн же башка объектинин укук ээси жазуу жүзүндөгү макулдугун берген шарттарда жол берилет, аны чакыртып алуу мүмкүн эмес. Макулдук берүү каты Кыргызпатент белгилеген талаптарга ылайык таризделет.
11. Өтүнмө бир товардык белгиге таандык болушу керек. Биринен бири кандайдыр бир элементтери менен айырмаланган белгилер ар башка товардык белгилер болуп эсептелет.
12. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- өтүнмө ээсин, анын турган ордун же жашаган жерин жана электрондук почтасынын дарегин көрсөтүү менен товардык белги катары белгини каттоо жөнүндө арыз (мындан ары - арыз);
- өтүнмө берилген белги;
- товардык белгини каттоо суралган ТКЭКтин класстары боюнча топтоштурулган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги (мындан ары - товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги).
13. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелиши керек:
1) өтүнмө менен бирге же кошумча алым төлөгөн шартында сурам жиберген датадан тартып үч айдын ичинде берилүүчү белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн ырастаган документ;
2) эгер өтүнмө жамааттык белгини каттоого берилсе, жамааттык белгинин уставы.
Жамааттык белгинин уставы аталышын, ушул белгини пайдаланууга укугу бар юридикалык жактардын тизмесин, аны каттоонун максатын, жамааттык белги менен белгилене турган товарлардын тизмесин жана бирдиктүү сапаттуу же башка жалпы мүнөздөмөлөрүн, аны пайдалануунун шарттарын, аны пайдаланууну контролдоонун тартибин, жамааттык белгинин уставын бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө маалыматтарды камтыйт;
3) патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө өтүнмө ээси ага берген жана анын ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же ишеним каттын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделүүчү Кыргызпатенттин алдында өкүлчүлүк кылууга ишеним кат Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделүүчү ишеним кат ал түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары менен каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт, ал эми анык экенине шектенүү болгон учурда - легалдаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча легалдаштыруу талап кылынбаган учурлардан тышкары, Кыргызпатенттин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде легалдаштырылат.
Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактын же жеке жактын кызыкчылыгын билдирүүгө ишеним катты ушул жактын өзү жана өтүнмө ээси берген тийиштүү ишеним каты бар патенттик ишенимдүү өкүл берет. Акыркы учурда айтылган ишеним каттын экөө тең же талаптагыдай таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.
Өтүнмө ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнүн атына берилген ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:
- юридикалык жак түзгөн ишеним катка ушул юридикалык жактын мөөрүн коюу менен юридикалык жактын жетекчиси кол коёт;
- жеке жак түзгөн ишеним катка мөөрдү коюу менен (ал болсо) аны берген жак кол коёт;
- ишеним катта Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнүн аты-жөнү жана ыйгарым укугунун көлөмү көрсөтүлөт;
- ишеним катта ал түзүлгөн датасы көрсөтүлүшү керек, ансыз ал жараксыз.
Сингапур келишиминин нускамасында каралган Типтүү эл аралык бланкына мазмуну окшош, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн ишеним катка кол коюлуп же мөөр басылса, ал кабыл алынат.
Ишеним катта камтылган маалымдардын аныктыгына байланыштуу шектенүү келип чыккан учурда, аталган ишеним кат экспертизанын талабы боюнча белгиленген тартипте легалдаштырылышы (апостиль коюлушу) керек.
Эгер ишеним кат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн атына берилсе, анда өтүнмө боюнча товардык белгини каттоо боюнча иштерди алардын кайсынысы болбосун жүргүзөт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген патенттик ишенимдүү өкүлдүн кандай болбосун аракети өтүнмө ээсинин аракети катары эсептелет;
4) конвенциялык артыкчылык суралган өтүнмөгө өтүнмө ээси Париж конвенциясына катышкан мамлекетте берген биринчи өтүнмөсүнүн (мындан кийин - биринчи өтүнмө) көчүрмөсү тиркелет, ал Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен берилет.
Конвенциялык артыкчылыкты аныктоо жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө берүүде (арыздын тийиштүү графасында жазылат) же Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдын ичинде берилет;
5) көргөзмөлүк артыкчылык суралган өтүнмөгө ушундай артыкчылыкты суроонун мыйзамдуулугун ырастаган документ тиркелет, ал Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан тартып эки айдан кечиктирилбестен берилет.
Өтүнмө ээси тарабынан берилген документ көргөзмөнүн статусун Париж конвенциясына катышкан мамлекеттердин биринин аймагында уюштурулган эл аралык расмий же расмий таанылган катарында ырасташы керек жана көргөзмөдөгү товарларды, белгилерди, алар белгилеген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин көргөзмөгө койгон жактын аталышын, ошондой эле көргөзмөдө экспонаттардын ачык көрсөтүлүшүнүн башталган датасын камтышы керек. Документ тиешелүү көргөзмөнүн администрациясы же уюштуруу комитети тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Көргөзмөлүк артыкчылыкты аныктоо жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө берүүдө (арыздын тийиштүү графасында жазылат) же Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн датадан эки айдын ичинде берилет;
6) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы. Сыпаттама өтүнмө берилген белгинин маңызын, анын идентификациясын түшүнүү үчүн кызмат кылат.
Сыпаттамада өтүнмө берилген белгинин мүнөздөмөсү берилет: анын түрү (сөз, сүрөт ж.б.), аны түзгөн элементтердин сыпаттамасы, белгинин бүтүндөй же анын бөлүктөрүнүн (элементтеринин) түшүнүк берүүчү мааниси.
Эгер сөз менен берилген белгиси же анын бөлүгү түшүнүк берүүчү мааниге ээ болбосо, анда анын түзүлүшүнүн ыкмасы көрсөтүлөт, мисалы: бир нече сөздөрдүн башкы муундары, аббревиатура, ойлоп чыгарылган сөз ж.б.
Эгер сөз менен берилген белги кыргыз же орус тилинде аз пайдаланылуучу болуп эсептелсе (мисалы: атайын термин, тарыхый аталыш, эскирген сөз), анда анын мааниси көрсөтүлөт.
Эгер сөз менен берилген белги кыргыз же орус тилинен башка тилде берилсе, анда транслитерацияга келтирүү, б.а. фонетикалык тыбыштарын кириллица тамгалары менен берүү, ошондой эле белги түшүнүк берүүчү мааниге ээ болсо котормосу зарыл.
Эгер белги же анын бөлүгү сүрөттөр менен берилген болсо, анда ага кирген бардык элементтердин сыпаттамасы берилет жана эгер болсо, түшүнүк берүүчү мааниси көрсөтүлөт.
Эгер сүрөт белги абстрактуу мүнөзгө ээ болсо, анда ал эмнени символдоштурганы көрсөтүлөт. Өтүнмөгө билдирилген белгинин үч чендүү санариптик сүрөтү (3D) электрондук түрдө тиркелиши мүмкүн;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык өтүнмө ээсинин жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого, сактоого жана жайылтууга жазуу түрүндөгү макулдугу.
14. Өтүнмө жана өтүнмөгө тиркелүүчү документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Эгер өтүнмөнүн документтери башка тилде берилсе, өтүнмөгө мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет. Эгерде башка тилдеги документтер берилген күндөн тартып эки айдын ичинде алардын котормосу берилсе, анда башка тилде берилген документтер, аларды Кыргызпатентке берилген күнү кабыл алынган болуп эсептелет, болбосо документтер алардын котормосу келип түшкөн күнү кабыл алынган болуп саналат.
15. Белги катары каттоого келип түшкөн сүрөттөн тышкары, өтүнмө жана өтүнмөгө тиркелүүчү документтер бир нускада берилет.
Белги катары каттоого келип түшкөн сүрөт 25 нускада берилет.
Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер басылган түрүндө берилет.
Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер ушул Эрежелердин 15-32-пункттарында каралган шарттарды сактоо менен электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
Өтүнмөнү жана ага тиркелүүчү документтерди электрондук түрдө толтурууга кошумча талаптар же алып салуулар, кол тамганы тариздөөгө талаптардан тышкары, Кыргызпатент тарабынан бекитилүүчү жана жарыялануучу ЭӨБ системасын пайдалануу боюнча нускама менен белгиленет.
Эгерде өтүнмө Кыргызпатенттин расмий веб-порталы аркылуу берилсе, өтүнмөнүн электрондук формасына квалификациялык электрондук кол тамга (мындан ары - КЭК) коюлат.
Эгер өтүнмө Бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасы (Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы) аркылуу берилсе, КЭК талап кылынбайт.
16. Кагаз жүзүндөгү өтүнмө Кыргызпатент тарабынан бекитилүүчү жана жарыялануучу форма боюнча берилет.
"Өтүнмө" деген сөздүн үстүндө жайгашкан графалар өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт.
Эгер кайсы бир маалыматтарды толугу менен тийиштүү графаларга жайгаштыруу мүмкүн болбосо, аларды арыздын тийиштүү графасында "кошумча барактагы тиркемени кароо" деген жазууну көрсөтүү менен өзүнчө баракка ошол эле форма боюнча берилет.
17. Арыздын 731 кодундагы графада өтүнмө ээси тууралуу маалыматтар берилет: белгиленген тартипте юридикалык жактын толук расмий аталышы (уюштуруучу документке ылайык) же жеке жактын аты-жөнү.
Товардык белгини каттоону сураган жеке ишкердик менен алектенген Кыргыз Республикасынын жеке жагы жана юридикалык жагы үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мындан ары - СИН), ошондой эле болсо, ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору (ИУЖК) көрсөтүлөт. Ишкердик менен алектенбеген жеке жак үчүн идентификациялык жеке номер (ИЖН) көрсөтүлөт.
Товардык белгини каттоону сураган чет өлкөлүк юридикалык жак же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жак үчүн ИМБДУ ST.3 стандарты боюнча турган ордуна же жашаган жерине ылайык өлкөсүнүн коду көрсөтүлөт.
18. Конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылыкты сураганда, товардык белгинин артыкчылыгын аныктоо жөнүндө өтүнүчтү камтыган графада "X" белгисин коюу менен артыкчылыкты суроо үчүн ылайык келген негиздеме белгиленет, анын датасы, ал эми конвенциялык артыкчылыкты сураганда - биринчи өтүнмөнүн номери жана ИМБДУ ST.3 стандарты боюнча ал берилген өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
19. Арыздын кийинки графасында өтүнмө ээсинин толук почта дареги (юридикалык жактын юридикалык дареги же жеке жактын жашаган жеринин дареги), анын ичинде өлкөнүн расмий аталышы, ошондой эле телефондун, анын ичинде мобилдик телефондун номери, электрондук почтанын (мындан ары - e-mail) экиден кем эмес даректери, ошондой эле факстын номери (эгер болсо) көрсөтүлөт.
20. 750 кодундагы графада кат алышуу үчүн дареги, тез почта аркылуу жеткирүүнүн кадимки талаптарын канааттандырууга тийиш болгон адресаттын аты же аталышы жана телефонунун, анын ичинде мобилдик телефондорунун номерлери, экиден кем эмес e-mail даректери жана факстын номери (эгер болсо) көрсөтүлөт.
Кат алышуу үчүн дарек катары Кыргыз Республикасындагы өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын турган жеринин дареги же Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган өтүнмө ээсинин - жеке жактын жашаган жеринин дареги, же болбосо Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнүн турган жеринин дареги, e-mail жана мобилдик телефондорунун номери көрсөтүлүшү мүмкүн.
21. Өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүн дайындаган учурда гана толтурулуучу 740 кодундагы графада ал тууралуу маалыматтар берилет: фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), Кыргызпатенттеги каттоо номери, Кыргыз Республикасындагы турган жери, телефонунун, анын ичинде мобилдик телефондорунун номерлери, экиден кем эмес e-mail даректери жана факстын номери (эгер болсо).
22. Өтүнмө кагаз түрүндө берилген учурда 540 кодундагы мейкиндикке 5x5 см форматындагы (белгинин түрүнө жараша анын сүрөтүнүн же оттисктин туурасы боюнча өлчөмү 5-10 см түзүшү мүмкүн) кагазда берилген белгинин сүрөтү (сүрөт же типографиялык оттиск ж.у.с.) жайгаштырылат.
Эгерде этикетканын форматы 85x100 мм ашса, анда берилген белгинин сүрөтүнүн 24 нускасы кичирейтилген өлчөмдө, ал эми 1 нускасы натуралдык чоңдукт берилет. Майда, окулбаган белгилөөлөр болгон учурда А4 форматындагы 1 нускасы кошумча берилет.
23. Эгер товардык белги катары каттоого көлөмдүү (үч өлчөмдүү) белги берилсе, анда 540 кодундагы мейкиндикке бул белгинин жалпы көрүнүшүнүн сүрөтү жайгаштырылат. Берилген белгинин ал тууралуу толук түшүнүк берүүчү бардык зарыл болгон проекцияларынын сүрөттөрү кошумча берилет.
Берилген белгинин сүрөтү товардык белгини кайсы түстө каттоо суралса, ошол түстө же түстүк айкалышта берилет.
Белгинин сүрөтү көчүрмөлөрүнүн чектелбеген санда репродукциялоого мүмкүндүк берген сапаттуу графикалык аткарууга ээ болушу керек.
Үч өлчөмдүү сүрөттү каттоого өтүнмө кагаз түрүндө берилген учурда көрсөтүлгөн сүрөт ӨЭБ системасын пайдалануу боюнча нускаманын талаптарын сактоо менен алынуучу электрондук сактагычта тиркелүүгө тийиш.
24. Өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы 540 кодундагы графада берилет. Эгерде сыпаттама өтүнмө берилгенден кийин берилсе, ал өзүнчө баракта таризделет.
Эгерде белгиде чет элдик сөздөр камтылса, котормо жана транслитерация берилиши керек.
Эгерде оозеки белги атайын жазууну же шрифтти камтыса, сыпаттамада алардын маанисин көрсөтүү зарыл.
25. Эгерде белгини каттоо түстүү аткарууда суралса, анда анын түсү же түстүк айкалышы көрсөтүлөт. Түстөрдүн сыпаттамасы белгиде пайдаланылуучу жана репродукцияда камтылган түстөргө ылайык келиши керек.
Эгерде белгини каттоо ак-кара аткарууда суралса, аталган графаны толтуруу талап кылынбайт.
26. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги товардык белгини каттоо суралган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоо үчүн арналат.
511 кодундагы графада товардык белгини каттоо суралган товарлардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарын көрсөтүү менен ТКЭКтин класстарынын номери (номерлери) көрсөтүлөт. ТКЭК класстары боюнча топтоштурулган товарлар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр товарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү так терминдер менен белгиленүүгө тийиш.
27. "Тиркелүүчү документтердин тизмеси" деген графа тиешелүү клеткаларга "X" белгисин коюу жана тиркелген документтердин ар бир нускасындагы нускалардын жана барактардын санын көрсөтүү жолу менен толтурулат. Өтүнмөнүн формасында алардын түрү каралбаган тиркелүүчү документтер үчүн алардын конкреттүү арналышы көрсөтүлөт ("башка документ").
28. Эгерде өтүнмө берилген белги Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда саналып өткөн белгилер менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош же бирдей элементтерди камтыса, өтүнмөгө төмөнкүлөрдү ырастаган документтер тиркелет:
- товардык белгиде мамлекеттик гербдердин, желектердин жана башка мамлекеттик эмблемалардын сүрөттөрүн, мамлекеттердин расмий жана кыскартылган аталыштарын, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштарын пайдаланууга тиешелүү компетенттүү органдын макулдугу;
- товардык белгиде мамлекеттик сыйлыктардын жана башка айырмалоочу белгилердин сүрөттөрүн пайдаланууга тиешелүү компетенттүү органдын макулдугу;
- товардык белгиде расмий контролдук, кепилдик же пробирдик энтамгалардын жана мөөрлөрдүн сүрөттөрүн пайдаланууга тиешелүү компетенттүү органдын макулдугу.
29. Эгерде өтүнмө берилген белги Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында саналып өткөн белгилерди кайра кайталаган элементтерди камтыса, өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
- эгерде тиешелүү чыгармага укуктар катталуучу товардык белгинин артыкчылык датасынан мурда пайда болсо, автордук укук ээсинин же анын укук мураскорунун товардык белгиде Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илим, адабият жана искусство чыгармаларынын аталыштарын, алардан алынган персонаждарды же цитаталарды, искусство чыгармаларын же алардын фрагменттерин пайдаланууга макулдугу;
- товардык белгиде фамилияларын, аттарын, псевдонимдерин жана алардын туундуларын, мындай адамдардын портреттерин жана факсимилелерин пайдаланууга белгилүү адамдардын, ал эми алар каза болгон учурда - алардын мураскорлорунун макулдугу;
- товардык белгиде Кыргыз Республикасынын тарыхынын жана маданиятынын кенчи болгон белгилүү адамдардын фамилияларын, аттарын, псевдонимдерин жана алардын туундуларын пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксаты.
30. Эгерде өтүнмө берилген белги өндүрүштүн негизинин датасын көрсөтүүнү, өтүнмө ээси өндүргөн товарларга же аларга көрсөтүлүүчү кызматтарга ыйгарылган сыйлыктардын сүрөтүн камтыса, өтүнмөгө негиздин датасын, өтүнмө ээсинин сыйлыкка болгон укугун ырастаган документтер тиркелет.
31. "Кошумча маалыматтар" деген графа каттоого өтүнмө берилген белгинин өзгөчөлүгү (көлөмдүк, жамааттык жана башка белги) болгон учурда толтурулат.
Эгерде өтүнмө мурда Кыргыз Республикасында катталган же каттоого өтүнмө берилген бир түрдүү товарлар үчүн же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен корголуучу өтүнмө ээсинин товардык белгиси менен бирдей же чаташтыруу деңгээлине чейин окшош белгиге берилсе, же элемент катары товар чыгарылган жердин аталышын, өтүнмө ээсинде аны пайдалануу укугу географиялык көрсөтмөнү камтыса, өтүнмөдө өтүнмө ээсинин тиешелүү укуктарын ырастоочу документке шилтеме берилет.
Эгерде көлөмдүк же жамааттык товардык белгиге өтүнмө берилсе, анда "Кошумча маалыматтар" деген графада "X" белгисин коюу жолу менен тиешелүү клетка толтурулат.
32. Өтүнмөнүн кол коюлган датасын көрсөтүү менен "Колу" деген акыркы графасы бардык учурларда милдеттүү түрдө толтурулат.
Өтүнмөгө өтүнмө ээси кол коёт. Юридикалык жактын атынан өтүнмөгө анын кызмат ордун көрсөтүү менен уюмдун жетекчиси кол коёт, колу мөөр менен ырасталат.
Өтүнмө Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлү аркылуу берилгенде өтүнмөгө патенттик ишенимдүү өкүл кол коёт.
Өтүнмө өкүл аркылуу берилгенде өтүнмөгө ишеним катта мындай ыйгарым укуктар болгон учурда өкүл кол коёт.
Кол тамга кол койгон адамдын фамилиясын жана инициалдарын көрсөтүү менен чечмеленет.
Өтүнмөдө кошумча барактар болгон учурда аларга ошол эле тартипте кол коюлат.
3-глава. Товардык белгини каттоого өтүнмө боюнча иш
жүргүзүү
33. Товардык белгини каттоо боюнча иштерди жүргүзүү жана өтүнмөнү карап чыгууда өзүнүн кызыкчылыктарын билдирүү үчүн өтүнмө ээси ушул Эрежелерде каралган тартипте таризделген ишеним катты берүү менен өкүлүн дайындай алат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача тартип белгиленбесе, чет өлкөлүк юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактын өкүлү Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлү гана боло алат.
Башка өтүнмө ээлери үчүн өкүл катары патенттик ишенимдүү өкүл, ошондой эле башка жак да көрсөтүлүшү мүмкүн.
Өкүлчүлүккө ишеним кат өтүнмө берилгенде же сурам жиберилген күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши керек. Ишеним кат өтүнмөгө тиркелет.
Ишеним кат берилгенге чейин өкүл тарабынан жасалган аракеттер жараксыз деп эсептелет жана экспертиза тарабынан эске алынбайт.
Өкүлдүн ага берилген ыйгарым укуктардын чегиндеги кандай аракети болбосун же ага карата Кыргызпатенттин кандай аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракеттери же өтүнмө ээсине карата аракеттер сыяктуу эле натыйжага ээ болот.
Өкүлчүлүк ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар, алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот. Ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу өтүнмө ээси же анын укук улантуучусу тарабынан Кыргызпатентке тиешелүү арыз берүү (ишеним катты кайра алуу) жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
34. Кыргызпатент менен кат алышуу өтүнмө ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийин жиберилүүчү материалдар анын номерин жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колун камтууга тийиш.
Эгерде номерди кыйыр түрдө аныктоого мүмкүн болбосо, өтүнмөнүн номерин камтыбаган материалдар каралбастан кайтарылып берилет.
Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү процессинде жиберилүүчү материалдар Мыйзамда белгиленген мөөнөттө берилет. Эгерде мөөнөт "... ичинде" деп берилсе жана мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөттүн аяктаган күнү болуп андан кийинки жумуш күн эсептелет. Эгерде мөөнөттүн аякташы тиешелүү күнү жок айга туш келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнү бүтөт.
Эгерде өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинин өкүлү ишке ашырса, Кыргызпатенттин корреспонденциясына байланыштуу материалдарды берүү мөөнөтү бул корреспонденция ага жөнөтүлгөн датадан тартып эсептелет.
Кыргызпатентте иш жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Өтүнмө ээси тарабынан башка тилде берилген материалдарга тиешелүү мөөнөттө алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелиши керек.
35. Өтүнмө ээси өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү мезгилинде ал боюнча чечим кабыл алганга чейин өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, тактоого же оңдоого укуктуу.
Өтүнмөнүн материалдарын толуктоо, тактоо жана оңдоо өтүнмө ээси тарабынан тиешелүү жазуу жүзүндөгү арызды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Арыздын формалары Кыргызпатент тарабынан бекитилет жана расмий сайтта жарыяланат.
Өтүнмө ээси Кыргызпатентке арыздын келип түшкөндүгү жөнүндө жана аны кароонун натыйжалары жөнүндө Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө кабарланат.
Арызга өтүнмөнүн материалдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбегенде же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмдөргө ылайык келбегенде кошумча материалдар кароого кабыл алынбайт.
Өтүнмө берилген белгиге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө белгинин өзгөртүлгөн сүрөтү ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн нускалардын санында берилет.
Өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын аталышы же өтүнмө ээсинин - жеке жактын фамилиясы (аты, атасынын аты) өзгөргөндө бул өзгөртүүлөрдү ырастаган документ көрсөтүлөт.
36. Өтүнмөгө болгон өзүнүн укугу башка жакка берилген учурда, өтүнмө ээси Кыргызпатентке өтүнмө ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө жазууну киргизүү жөнүндө арыз берет. Арыздын формасы Кыргызпатент тарабынан бекитилет жана расмий сайтта жарыяланат.
Арызда башка жакка - укук улантуучуга өтүнмөгө укукту өткөрүп берүү жөнүндө көрсөтмө, ушул Эрежелерде каралган бул жак жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Арызга ушул Эрежелерде каралган тартипте өтүнмө ээси жана анын укук улантуучусу кол коёт.
Эгерде арызга өтүнмө ээси гана кол койгон учурда, арызга өтүнмө ээси жана анын укук улантуучусу кол койгон укукту өткөрүп берүүнү тастыктаган документ тиркелет. Арыздын формасы Кыргызпатент тарабынан бекитилет жана расмий сайтта жарыяланат.
Белгиленген талаптар сакталган учурда өтүнмө ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө өтүнмөнүн материалдарына жазуу киргизилгендиги жөнүндө өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна кабарланат. Бардык мындан аркы кат алышуу жаңы өтүнмө ээси менен жүргүзүлөт.
Өтүнмөгө укуктун өтүү датасы болуп өтүнмө ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө өтүнмөнүн материалдарына жазуу киргизилгендиги жөнүндө өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна билдирүү жиберилген дата эсептелет.
Белгиленген талаптар сакталбаган учурда берилген документтерди тактоонун жана/же оңдоонун зарылдыгы жөнүндө же тийиштүү жүйөлөрдү келтирүү менен өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууну өтүнмөнүн материалдарына киргизүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө өтүнмө ээсине жана анын укук улантуучусуна кабарланат.
37. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча өтүнмөнү бөлүштүрүү белгиленген алымды төлөө менен баштапкы өтүнмөдө саналган товарларды бөлүштүрүү жолу менен акыркы чечим кабыл алынганга чейин аны кароонун жана даттануунун кайсы стадиясында болбосун жүргүзүлүшү мүмкүн. Бөлүнгөн өтүнмөлөр баштапкы өтүнмө берилген датаны, ошондой эле кошумча коду бар номерди сактайт.
38. Жамааттык белгини каттоого өтүнмөнү товардык белгини каттоого өтүнмөгө өзгөртүп түзүү өтүнмө берген жана бирикмеге кирген жактардын биринин өтүнүчү боюнча, кайсы этапта болбосун башка өтүнмө ээлеринин макулдугу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Товардык белгини каттоого өтүнмө өтүнмө ээсинин атынан өтүнүч кат берүү жана Мыйзамдын 25-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган устав аркылуу ал боюнча чечим кабыл алынганга чейин экспертизанын кайсы этабында болбосун жамааттык белгини каттоого өтүнмөгө кайра түзүлүшү мүмкүн.
39. Өтүнмө ээси тарабынан берилген кошумча материалдар ушул Эрежелердин 62-пунктуна ылайык каралат.
40. Өтүнмө ээси (өтүнмө ээсинин өкүлү) каттоонун улуттук жол-жобосу боюнча өзү берген өтүнмө жана ага тиешелүү документтер менен таанышуу датасын жана убактысын макулдашуу менен, ошондой эле өтүнмөнүн, ага тиешелүү документтердин же алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн сурап алуу жолу менен түздөн-түз Кыргызпатентте тааныша алат.
41. Өтүнмө ээси (өтүнмө ээсинин өкүлү) түздөн-түз ИМБДУнун сайтында ага тиешелүү эл аралык каттоо жол-жобосу боюнча өзү берген өтүнмө менен тааныша алат.
42. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу.
Өтүнмө боюнча чечимди алгандан кийин бир айдын ичинде өтүнмө ээси Мыйзамдын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бул материалдардын көчүрмөлөрүн Кыргызпатенттен сурай алат.
43. Өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээсинин өкүлүнүн) катышуусу менен өтүнмөгө байланышкан маселелерди кароо экспертиза тарабынан өтүнмө берилген белгиге, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине карата кошумча түшүндүрмөлөрдү алуу зарылдыгы келип чыкканда жана өтүнмө берилген белгинин каттоо шарттарына ылайык келүү маселеси боюнча экспертизанын жана өтүнмө ээсинин позицияларын түшүндүрүү максатында жүргүзүлөт.
Мындай кароо белгиленген маселелер менен эки тарап таанышкандан кийин Кыргызпатенттин сунушу боюнча же өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Экспертизанын маселелери жолугушуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө кошумча билдирилген сурамда баяндалышы мүмкүн.
Сурам болгон учурда ага жооп өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөнү карап чыгууга катышууга ниеттенгендигине карабастан мыйзамда белгиленген мөөнөттө берилет.
Өтүнмөнү карап чыгуунун датасы жана убактысы алдын ала макулдашылат. Жагдайлар өзгөргөн учурда белгиленген убакытта өтүнмөнү карап чыгууга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон тарап бул жөнүндө экинчи тарапка дароо кабарлайт.
Өтүнмө ээси же анын өкүлү Кыргызпатентке алдын ала макулдашуусуз келгенде, анын катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.
Өтүнмөнү карап чыгууга өтүнмө ээсинин өкүлүнүн катышуусу ушул Эрежелердин шарттарын сактоо менен мүмкүн.
44. Мыйзамдын 13-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 15-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык өтүнмө ээсинин өтүнмө берилген белгини экспертизанын сурамына жооп берүү мөөнөтү жана товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын алдын ала чечимине жооп берүү мөөнөтү (алдын ала баш тартуу) өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча он эки айга чейин узартылышы мүмкүн.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө мөөнөттү узартуу үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилет.
Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат сурам же алдын ала чечим жиберилген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.
Эгерде өтүнүч кат белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилсе, ошондой эле алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбесе же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө ылайык келбесе, суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жүргүзүлбөйт.
Эгерде өтүнмө ээси алдын ала чечимге жооп берүү мөөнөтүн бузса же алдын ала чечимди жоопсуз калтырса, товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Мындай учурларда өтүнмө ээсине анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө билдирилет.
45. Мыйзамдын 15-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык өтүнмө ээси өткөрүп жиберген төмөнкү мөөнөттөр калыбына келтирилиши мүмкүн:
- экспертизанын сурамы боюнча кошумча материалдарды берүүнүн мөөнөтү;
- өтүнмө берилген белгини экспертизалоо чечимине Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) каршы пикир берүү мөөнөтү;
- экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдардын көчүрмөлөрүн суратуу мөөнөтү.
Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан алар бүткөндөн кийин үч айдан кечиктирилбестен берилет.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө тиешелүү алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилет.
Эгерде мындай документ берилбесе, өтүнүч берилген жок деп таанылат, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
Эгерде ушул пункттун талаптарынын бири эле сакталбаганы аныкталса, өтүнүч кат канааттандырылбайт, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
46. Өтүнмө ээси өтүнмөнү чакыртып алууга укуктуу. Өтүнмөнү чакыртып алуу жөнүндө арыз аны кароонун кайсы этабында болбосун, бирок Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде товардык белгини каттоо датасынан кечиктирилбестен берилиши мүмкүн. Өтүнмө бул арызды маалыматка алуу жөнүндө билдирүү өтүнмө ээсине жиберилген датадан тартып чакыртып алынган болуп эсептелет.
Чакыртып алынган өтүнмө боюнча юридикалык жактан маанилүү аракеттер жасалышы мүмкүн эмес (мындай өтүнмөгө экспертиза жүргүзүлбөйт, ал боюнча товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт). Чакыртылып алынган өтүнмө башка өтүнмөлөрдү экспертизалоодо эске алынбайт.
Ушул пункттун экинчи абзацынын жоболору чакыртып алынган деп эсептелген өтүнмөлөргө карата да колдонулат. Ошол эле учурда өтүнмө чакыртылып алынды деп эсептелген дата болуп өтүнмө ээсине өтүнмө чакыртылып алынды деп эсептелгендиги жөнүндө билдирүү жиберилген дата эсептелет. Билдирүүдө тиешелүү негиздер көрсөтүлөт.
4-глава. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу
47. Өтүнмөнү карап чыгуу алдын ала экспертизаны жана өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүүнү камтыйт.
Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери берилет жана алардын келип түшкөн датасы белгиленет.
Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин барактарынын санын жана алардын келип түшкөн датасын көрсөтүү менен өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жөнүндө тил кат берилет.
Өтүнмө электрондук форматта берилген учурда өтүнмө ээсине электрондук билдирүү жөнөтүлөт.
48. Алдын ала экспертиза өтүнмө берилген датадан тартып он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүдө берилген материалдарда төмөнкүлөрдүн бар экендиги жана Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 11-беренесинде белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилет:
- белгини товардык белги катарында каттоо жөнүндө арыз;
- өтүнмө ээсинин аталышын же атын, анын дарегин көрсөтүү;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн же ушундай өкүл бар болгон башка өкүлдүн аты-жөнү жана дареги;
- өтүнмөдө каттоо суралып жаткан белгинин сүрөтү;
- каттоо суралып жаткан товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси;
- өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы;
- конвенциялык артыкчылык өтүнмөсү боюнча суроодо биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү;
- көргөзмөлүк артыкчылыкты суроонун укуктуулугун ырастоочу документ;
- өтүнмө бергендиги, алдын ала экспертизаны жана өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзгөндүгү үчүн алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- эгерде өтүнмө жамааттык белгиге берилсе, жамааттык белгинин уставы;
- патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө берилген ишеним кат;
- өтүнмөгө тиркелген, мамлекеттик же расмий тилде эмес берилген документтердин котормолору.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүдө ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин бар экендиги жана ушул пункттун үчүнчү, төртүнчү, алтынчы жана жетинчи абзацтарында саналып өткөн документтердин ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилет.
Өтүнмөнү берүү датасы ушул пункттун үчүнчү, төртүнчү, алтынчы жана жетинчи абзацтарында саналып өткөн маалыматтардын жана документтердин келип түшкөн датасы боюнча же эгерде алар бир эле учурда берилбесе, алардын акыркысынын датасы боюнча белгиленет.
Өтүнмөнүн материалдарында ушул пункттун бешинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу жана он экинчи абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана/же документтердин жоктугу же алардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкеш эместиги өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө чечим чыгаруу жана өтүнмө берилген датаны белгилөө үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Алдын ала экспертизанын этабында өтүнмөнүн материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана/же документтердин туура эмес таризделишинин жана/же жоктугунун фактылары белгиленгенде өтүнмө ээсине аларды берүүнүн, тактоонун жана/же оңдоонун зарылдыгы жөнүндө билдирилет.
Алдын ала экспертизанын этабында өкүлчүлүккө ишеним каттын жоктугунун фактысы белгиленгенде (он үчүнчү абзац) өтүнмө ээсине сурам жиберилген датадан тартып үч айлык мөөнөттө аны берүүнүн зарылдыгы жөнүндө сурам жиберүү жолу менен кабарланат.
Котормосу берилгенге чейин (он төртүнчү абзац) мамлекеттик же расмий тилде эмес берилген документтер келип түшкөн жок деп эсептелет.
49. Эгерде алдын ала экспертизалоо процессинде өтүнмө ушул Эрежелер менен белгиленген документтерге карата талаптарды бузуу менен таризделгени аныкталса, өтүнмө ээсине табылган бузууларды көрсөтүү жана жетишпеген же оңдолгон маалыматтарды жана/же документтерди өтүнмө ээсине жиберген датадан тартып үч айдын ичинде берүү сунушу менен сурам жөнөтүлөт. Жооп берүү мөөнөтү ушул Эрежелердин 44-пунктунун шарттарын сактоо менен узартылышы мүмкүн.
Сурам төмөнкүдөй талаптарды камтышы мүмкүн:
- белгиленген форма боюнча бардык зарыл маалыматтарды камтыган өтүнмөнү берүү;
- өтүнмө ээсинин толук юридикалык аталышын тактоо;
- өтүнмө берилген белгинин көчүрмөлөрүнүн жетишпеген санын жөнөтүү;
- ушул Эрежелердин 22-пунктунун талаптарына ылайык келген сүрөттү берүү;
- эгерде сөз түрүндөгү белги мамлекеттик же расмий тилде эмес, башка тилде келтирилсе, сөздүн түзүлүшүнүн же транслитерациянын котормосун, түшүндүрмөсүн берүү;
- ТКЭКке ылайык товарлардын тизмегин тактоо;
- өтүнмө бергендиги, алдын ала экспертиза жүргүзгөндүгү, өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзгөндүгү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документти берүү;
- алымдын жетпеген суммасын төлөгөндүгүн ырастаган документти берүү.
Эгерде төлөнгөн алымдын суммасынын ТКЭК класстарынын санына туура келбегендиги аныкталса, анда өтүнмө ээсине белгиленген мөөнөттө алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбеген же өзүнүн талаптарын чектөөдөн баш тарткан учурда бул класстарга кирбеген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинен чыгаруу менен өтүнмөдө көрсөтүлгөн алым төлөнгөн класстарга карата экспертиза жүргүзүлө тургандыгы маалымдалат;
- өкүлчүлүккө ишеним кат берүү;
- алардын жоктугу ушул өтүнмө боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнү улантууга тоскоол болгон жана алдын ала экспертизанын этабын аяктоого мүмкүндүк бербеген кайсы болбосун башка маалыматтарды жана документтерди берүү.
Эгерде өтүнмө ээси тарабынан берилген жооп суралган маалыматтарды жана/же документтерди толук көлөмдө камтыбаса, ага кайрадан сурам жиберилиши мүмкүн.
Алдын ала экспертизанын сурамына жооп болбогондо, өтүнмө ээси тарабынан жооптун белгиленген мөөнөтү бузулганда жана бул мөөнөттө аны узартуу жөнүндө өтүнүч кат берилбегенде өтүнмө чакыртып алынган болуп эсептелет, бул жөнүндө өтүнмө ээсине сурам жиберилген датадан тартып үч ай өткөндөн кийин билдирилет.
50. Өтүнмөнүн материалдары белгиленген талаптарга ылайык келгенде, ошондой эле өтүнмө ээси тарабынан суралган маалыматтар жана документтер өз убагында берилген учурда өтүнмө ээсине өтүнмө берилген дата жөнүндө билдирүү менен өтүнмөнү кароого кабыл алуу жөнүндө чечим жиберилет.
Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө чечимде өтүнмө ээсине төмөнкүлөр жөнүндө билдирилет:
- Кыргызпатентке өтүнмө берген датадан тартып эки айдын ичинде конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылыкты белгилөө жөнүндө анын талаптарынын укуктуулугун ырастоочу документтерди берген шартта өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүү мезгилинде конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылыкты белгилөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө;
- товардык белгини каттоо суралган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин талдоонун жыйынтыгы боюнча өтүнмө бергендиги жана экспертиза жүргүзгөндүгү үчүн алымдын өлчөмүн өтүнмө берилген белгиге алдын ала экспертиза жүргүзүү мезгилинде тактоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө;
- Мыйзамда жана ушул Эрежелерде каралган башка маалыматтарды жана/же документтерди берүүнүн зарылдыгы жөнүндө;
- өтүнмө ээси тарабынан товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине жана аларды ТКЭК класстары боюнча топтоштуруунун тууралыгына текшерүү жүргүзүү жөнүндө;
- ТКЭКтин тигил же бул классынын конкреттүү товары же тейлөө кызматы менен товарды же кызмат көрсөтүүнү белгилөө үчүн өтүнмө ээси колдонгон терминди бир орундуу идентификациялоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө.
Өтүнмө ээси тарабынан берилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинин редакциясын оңдоо зарыл болгон учурда экспертиза өтүнмө ээсинен тиешелүү тактоолорду суроого укуктуу.
Эгерде өтүнмө ээси тарабынан аталган товарларга туура келген ТКЭКтин класстарынын чыныгы саны өтүнмө бергендиги, алдын ала экспертиза жана билдирилген белгини экспертизалоо үчүн алым төлөнгөн ТКЭКтин класстарынын санынан көп экендиги аныкталса, өтүнмө ээсине жетишпеген сумманы кошумча төлөө же анын талаптарын чектөө (өтүнмө берилген белгини каттоо суралган ТКЭКтин класстарынын санын кыскартуу) зарылдыгы жөнүндө билдирилет.
Өтүнмө ээси алымдын суммасын кошумча төлөөдөн баш тартканда же өзүнүн дооматын чектегенде өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүү өтүнмө берүүдө баяндоо тартибинде алым төлөнгөн ТКЭКтин класстарына карата жүргүзүлөт.
51. Эгерде экспертизанын сурамына өтүнмө ээси тарабынан берилген жооп суралган маалыматтарды жана/же документтерди камтыбаса, өтүнмө боюнча өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечимде чечим чыгарылган негиздер келтирилет.
Төмөнкүлөр мындай негиздер болуп саналат:
- белгини товардык белги катарында каттоо жөнүндө арыздын жоктугу;
- өтүнмөдө өтүнмө ээсинин көрсөтүлбөгөндүгү;
- өтүнмөдө өтүнмө ээсинин көрсөтүлүшүнүн ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги;
- өтүнмөдө товардык белги катарында каттоо үчүн арналган белгинин жоктугу;
- өтүнмөдө берилген белгини каттоо суралган товардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн көрсөтүлүшүнүн жоктугу.
52. Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же аны кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат, ал өтүнмө ээсине жиберилет.
Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ведомствонун расмий сайтында жыйырма жумуш күндүн ичинде Кыргызпатент тарабынан белгиленген форма боюнча товардык белгилерге берилген өтүнмөлөр жөнүндө маалыматтар жарыяланат.
Өтүнмө жарыяланган датадан тартып үч айдын ичинде кайсы болбосун кызыкдар жак жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн каршы пикирин берүүгө укуктуу, ал товардык белгини каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарууда экспертиза тарабынан каралат.
53. Өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүү Мыйзамдын 9 жана 10-беренелеринде белгиленген талаптарга өтүнмө берилген белгинин шайкештигин текшерүү үчүн жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилген белгиге экспертизанын натыйжалары боюнча товардык белгини каттоо же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Өтүнмө берилген белгиге экспертиза алдын ала экспертиза аяктагандан кийин өтүнмө берилген датадан тартып жети айдын ичинде жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- алдын ала экспертизанын жүрүшүндө текшерүү жүргүзүлүүчү өтүнмөнүн материалдарын кошпогондо, өтүнмөнүн материалдарынын өтүнмөнүн мазмунуна жана таризделишине карата коюлуучу талаптарга жана ушул Эрежелерде каралган ага тиркелген документтерге шайкештигин текшерүү;
- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана аларды ТКЭК класстары боюнча топтоштуруунун тууралыгын текшерүү;
- Мыйзамдын 12-беренесине ылайык товардык белгинин артыкчылыгын белгилөө;
- өтүнмө берилген белгинин ушул Эрежелерде каралган каттоо шарттарына шайкештигин текшерүү.
Товарлардын тизмегин текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр белгиленет:
- ТКЭКтин тигил же бул классынын конкреттүү товары же кызмат көрсөтүүсү менен товарды же кызмат көрсөтүүнү белгилөө үчүн өтүнмө ээси тарабынан пайдаланылуучу терминди бир орундуу идентификациялоо мүмкүнчүлүгү;
- өтүнмө ээси тарабынан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ТКЭКтин класстары боюнча топтоштуруунун тууралыгы.
Өтүнмө ээси тарабынан берилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинин редакциясын оңдоо зарыл болгон учурда экспертиза өтүнмө ээсинен тиешелүү тактоолорду суроого укуктуу.
Эгерде өтүнмө ээси тарабынан аталган товарларга туура келген ТКЭКтин класстарынын чыныгы саны өтүнмө бергендиги, алдын ала экспертиза жана өтүнмө берилген белгини экспертизалоо үчүн алым төлөнгөн ТКЭКтин класстарынын санынан көп экендиги аныкталса, өтүнмө ээсине жетишпеген сумманы кошумча төлөө же анын талаптарын чектөө (өтүнмө берилген белгини каттоо суралган ТКЭКтин класстарынын санын кыскартуу) зарылдыгы жөнүндө билдирилет.
Өтүнмө ээси алымдын суммасын кошумча төлөөдөн баш тартканда же өзүнүн дооматын чектегенде өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүү өтүнмө берүүдө баяндоо тартибинде алым төлөнгөн ТКЭКтин класстарына карата жүргүзүлөт.
54. Мыйзамдын 12-беренесине ылайык товардык белгинин артыкчылыгы төмөнкүлөр боюнча аныкталат:
- Кыргызпатентке Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарын канааттандыруучу өтүнмө берилген дата боюнча;
- Париж конвенциясына катышуучу мамлекетке биринчи өтүнмө берилген дата боюнча;
- Париж конвенциясына катышуучу мамлекеттердин биринин аймагында уюштурулган расмий же расмий таанылган эл аралык көргөзмөдө өтүнмө ээси белгилеген экспонаттарды ачык көрсөтүү башталган дата боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товардык белгини каттоого эл аралык өтүнмөнүн артыкчылык датасы боюнча.
Бөлүнгөн өтүнмө боюнча товардык белгинин артыкчылыгы баштапкы өтүнмөнүн товардык белгисинин артыкчылык датасы боюнча белгиленет, каттоо номери тамга белгиси менен толукталат.
Өтүнмө берилген товарларга карата товардык белгинин көп сандаган артыкчылыгы товардык белгиге берилген өтүнмөдө көрсөтүлгөн ар кандай товарларга карата Париж конвенциясына катышуучу мамлекеттерде бир өтүнмө берилген товардык белгилерге бул өтүнмө ээсинин бир нече өтүнмөсү болгон учурда белгиленет.
Өтүнмө ээси тарабынан суралган артыкчылыкты ырастоочу зарыл документтер берилүүгө жана аларды берүүнүн зарыл болгон талаптары сакталууга тийиш:
- Мыйзамдын 12-беренесине ылайык өтүнмө берилген дата боюнча артыкчылыкты белгилөөдө төмөнкүлөрдүн бар экендиги текшерилет:
өтүнмө ээсин, анын дарегин көрсөтүү менен товардык белги катарында белгини каттоо жөнүндө арыздын;
өтүнмө берилген белгинин;
ТКЭК класстары боюнча топтоштурулган каттоо суралып жаткан товарлардын тизмегин.
Эгерде өтүнмө башында жогоруда атапган кайсы бир маалыматтарды жана/же документтерди камтыбаса, анда товардык белгинин артыкчылык датасы болуп жогоруда аталган документтердин акыркысы келип түшкөн дата эсептелет, анда артыкчылыкты белгилөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыйт;
- конвенциялык артыкчылыкты суроодо Мыйзамдын 12-беренесине ылайык төмөнкүлөр текшерилет:
өтүнмө ээси Париж конвенциясына катышуучу мамлекетте берген биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсүнүн болушу. Эгерде көрсөтүлгөн көчүрмө арыз берилген датадан кийин берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн датадан тартып эки айлык мөөнөттүн сакталышы белгиленет, бул мөөнөттө биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү берилүүгө тийиш;
өтүнмө ээси тарабынан биринчи өтүнмө берилген датадан тартып алты айлык мөөнөттүн сакталышы, бул мөөнөттө конвенциялык артыкчылык суралган өтүнмө Кыргызпатентке берилүүгө тийиш;
конвенциялык артыкчылыкты белгилөө жөнүндө өтүнүч катты Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан тартып эки айдан кечиктирбестен берүү;
өтүнмө берилген белгинин жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинин биринчи өтүнмөдө камтылган белгилерге жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине шайкештиги - ошол эле учурда өтүнмө берилүүчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинде биринчи өтүнмөдө көрсөтүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрымдары жок болушу мүмкүн;
- көргөзмөлүк артыкчылыкты суроодо Мыйзамдын 12-беренесинде каралган талаптардын бар экендигине текшерүү жүргүзүлөт:
көргөзмөлүк артыкчылыкты жана анын ушул Эрежелерде каралган талаптарга шайкештигин ырастоочу документтин болушу;
өтүнмө ээси тарабынан көргөзмөдө экспонатты ачык көрсөтүү башталган датадан тартып алты айлык мөөнөттүн сакталышы, бул мөөнөттө көргөзмөнүн артыкчылыгын сураган өтүнмө Кыргызпатентке берилиши керек;
Кыргызпатентке өтүнмө берген датадан тартып эки айдан кечиктирбестен көргөзмөлүк артыкчылыкты белгилөө жөнүндө өтүнүч катты берүү;
көргөзмөлүк артыкчылыкты суроо менен өтүнмө берилүүчү товарлар көргөзмөдө коюлган шартта, көргөзмөгө коюлган товарлардагы белгинин өтүнмө берилген белгиге шайкештиги.
Өтүнмө ээси ушул пункттун тогузунчу-жыйырма үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн талаптардын бирин гана сактабаган учурда товардык белгинин артыкчылыгы Кыргызпатентке өтүнмө берген дата боюнча белгиленет (бул жөнүндө өтүнмө ээсине алдын ала билдирүү менен). Өтүнмө ээсине билдирүү жиберилет.
55. Өтүнмө берилген белги Мыйзамдын 9-беренесине ылайык товардык белги катарында каттоодон баш тартуу үчүн абсолюттук негиздердин, ошондой эле Мыйзамдын 10-беренесине жана ушул Эрежелерге ылайык башка негиздердин жоктугуна текшерилет.
Өтүнмө берилген белгини каттоодон баш тартуу үчүн абсолюттук негиздер боюнча текшерүүдө ал ушул Эрежелердин 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн белги болуп эсептелиши же мындай белгинин камтылышы аныкталат.
Эгерде өтүнмө берилген белги анын элементтери катарында ушул Эрежелердин 7-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилердин бирин гана камтыса же ушул Эрежелердин 6-пунктунда көрсөтүлгөн белгилерден гана турса, анда аны товардык белги катары каттоонун мүмкүн эместиги жөнүндө тыянак чыгарылат.
Эгерде өтүнмө берилген белги ушул Эрежелердин 6-пунктунда каралган корголбогон белгилерден гана турбастан, алардын жок дегенде бирөөсүн камтыса, анда:
- ушул Эрежелердин 6-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн белгилерди киргизүүдө тийиштүү компетенттүү органдын же анын ээсинин макулдугун документтик ырастоонун бар экендиги текшерилет, ансыз товардык белгини каттоого жол берилбейт;
- ушул Эрежелердин 6-пунктунун 1, 4, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилер киргизилгенде, ушул белгинин товардык белгидеги басымдуулук абалын ээлөөсүнө текшерүү жүргүзүлөт.
Мындай корголбогон белги товардык белгиде үстөмдүк кылуучу абалды ээлей тургандыгын аныктоодо анын маанилик жана/же мейкиндиктик мааниси эске алынат.
Эгерде мындай белги үстөмдүк абалды ээлесе, анда өтүнмө берилген белгини товардык белги катары каттоонун мүмкүн эместиги жөнүндө тыянак чыгарылат.
Корголбогон элементтер дискламинацияланат, баш тартуу жөнүндө алдын ала чечим (алдын ала баш тартуу) Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык чыгарылат.
Алдын ала баш тартуу жөнүндө өтүнмө ээсине тиешелүү билдирүү жиберилет.
Өтүнмө ээси өтүнмө берилген белгинин корголбогон элементтеринин тизмеси менен макул болбогон учурда, ал каттоо жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин белгиленген тартипте ага даттанууга укуктуу.
56. Өтүнмө берилген белгини каттоодон баш тартуу үчүн башка негиздер боюнча текшерүүдө ал ушул Эрежелердин 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн белги болуп саналабы же жокпу аныкталат.
Эгерде белги бардык элементтерде башка белги менен дал келсе, ал бирдей болуп эсептелет.
Белги алардын өзүнчө айырмалангандыгына карабастан, эгерде ал аны менен жалпысынан ассоциацияланса, башка белги менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болуп эсептелет.
Бирдейлигин жана окшоштугун текшерүүдө төмөнкүдөй аракеттер жүзөгө ашырылат:
- бирдей жана окшош белгилерди издөө жүргүзүлөт;
- издөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген жана табылган белгилердин окшоштук даражасы аныкталат;
- табылган бирдей же окшош товардык белги (белгилер) катталган (өтүнмө берилген) товарларга өтүнмө берилген товарлардын бир түрдүүлүгү аныкталат.
57. Бирдейлигин жана окшоштугун чаташтыруу деңгээлине чейин издөө төмөндө саналып өткөн белгилердин арасында жүргүзүлөт:
- мурда катталган же мурда артыкчылыкка ээ болгон бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасында башка жактын атына каттоого өтүнмө берилген товардык белгилер. Ошол эле учурда Мыйзамдын 33-беренесине ылайык каттоосу жокко чыгарылган товардык белгилер, каттоого өтүнмөлөрү 13-берененин 7 жана 8-бөлүктөрүнүн, 17-берененин 4-бөлүгүнүн негизинде чакыртылып алынган болуп эсептелген товардык белгилер, ошондой эле баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган, талашуу мүмкүнчүлүгү бүткөн өтүнмө эске алынбайт;
- Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштарынын мамлекеттик реестринде катталган;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү менен каттоосуз корголуучу башка жактардын товардык белгилери, атап айтканда: Париж конвенциясынын 6 bis беренесине ылайык корголуучу Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү деп таанылган товардык белгилер; Мадрид макулдашуусуна жана Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго ылайык корголуучу эл аралык белгилер;
- Мыйзамга ылайык корголуучу товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жана географиялык көрсөткүчтөр.
58. Сөз түрүндөгү белгилердин окшоштугун аныктоодо оозеки белгилер төмөнкүлөр менен салыштырылат:
- сөз түрүндөгү белгилер менен;
- композициясына сөз түрүндөгү элементтер кирген айкалышкан белгилер менен;
- сөз түрүндөгү элементтери бар үч өлчөмдүү санариптик объекттер менен.
Сөз түрүндөгү белгилердин окшоштугу үн (фонетикалык), графикалык (визуалдык) жана мааниси боюнча (семантикалык) болушу мүмкүн:
1) үн (фонетикалык) окшоштук төмөнкүдөй белгилердин негизинде аныкталат:
- салыштырылуучу белгилерде жакын жана дал келген үндөрдүн болушу;
- белгилерди түзгөн үндөрдүн жакындыгы;
- бири бирине карата жакын үндөрдүн жана үн айкалыштарынын жайгашуусу;
- дал келген муундардын болушу жана алардын жайгашуусу;
- белгилердеги муундардын саны;
- белгилердин курамындагы дал келген үн айкалыштарынын орду;
- үндүүлөрдүн курамынын жакындыгы;
- үнсүздөрдүн курамынын жакындыгы;
- белгилердин дал келген бөлүктөрүнүн мүнөзү;
- бир белгинин экинчисине өтүшү;
- басым;
2) графикалык (визуалдык) окшоштук төмөнкүдөй белгилердин негизинде аныкталат:
- жалпы визуалдык таасир;
- шрифттин көрүнүшү;
- тамгалардын мүнөзүн эске алуу менен графикалык жазуу (мисалы, басма же жазуу, баш тамга же кичине тамга);
- тамгалардын бири бирине карата жайгашуусу;
- тамгалары менен сөз жазылган алфавит;
- түс же түстөрдүн айкалышы;
3) мааниси боюнча (семантикалык) окшоштук төмөнкүдөй белгилердин негизинде аныкталат:
- белгилерде камтылган түшүнүктөрдүн, идеялардын окшоштугу, атап айтканда, ар кандай тилдердеги белгилердин маанисинин дал келиши;
- логикалык басым түшкөн жана өз алдынча мааниге ээ болгон белгилердин элементтеринин биринин дал келиши;
- белгилерде камтылган түшүнүктөрдүн, идеялардын карама-каршылыгы.
Ушул пункттун 1-3-пунктчаларында саналып өткөн белгилер ар бири өзүнчө, ошондой эле ар кандай айкалыштарда эске алынышы мүмкүн.
59. Сүрөт, көлөмдүк белгилер жана үч өлчөмдүү санариптик объекттер төмөнкүлөр менен салыштырылат:
- сүрөттүү белгилер менен;
- көлөмдүк белгилер менен;
- композициясына сүрөт же көлөмдүк элементтер кирген айкалышкан белгилер менен;
- композициясына сүрөттөөчү же көлөмдүк элементтер кирген үч өлчөмдүү санариптик объекттер менен.
Сүрөт, көлөмдүк белгилердин жана үч өлчөмдүү санариптик объекттердин окшоштугу төмөнкү белгилердин негизинде аныкталат:
- тышкы форма;
- симметриянын болушу же жоктугу;
- мааниси;
- сүрөттөрдүн түрү жана мүнөзү (натуралисттик, стилдештирилген, карикатуралык ж.б.);
- түстөр менен тондордун айкалышы.
Саналып өткөн белгилер ар бири өзүнчө, ошондой эле ар кандай айкалыштарда эске алынышы мүмкүн.
60. Айкалышкан белгилер төмөнкүлөр менен салыштырылат:
- айкалышкан белгилер менен;
- текшерилүүчү айкалышкан белгинин курамына элемент катары кирген белгилердин түрлөрү менен;
- үч өлчөмдүү санариптик объекттер менен.
Айкалышкан белгилердин окшоштугун аныктоодо ушул Эрежелердин 58 жана 59-пункттарында келтирилген белгилер пайдаланылат, ошондой эле өтүнмө берилген белгиде бирдей же окшош элемент ээлеген жобонун маанилүүлүгү изилденет.
61. Товарлардын бир түрдүүлүгүн аныктоодо керектөөчүдө бул товарлардын бир өндүрүүчүгө таандык экендиги жөнүндө идея пайда болушунун принципиалдуу мүмкүнчүлүгү аныкталат.
Товарлардын бир түрдүүлүгүн аныктоо үчүн товарлардын түрү, алардын арналышы, алардан жасалган материалдын түрү, товарларды сатуу шарттары, керектөөчүлөрдүн чөйрөсү жана башка белгилери эске алынат.
62. Өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн кайсы этабында болбосун Кыргызпатент өтүнмө ээсинен аларсыз өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбогон материалдарды суроого укуктуу.
Сурам үчүн негиз болуп төмөнкү жагдайлар эсептелет:
- өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасын тактоонун зарылдыгы;
- ушул Эрежелердин 13 жана 28-пункттарында көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди берүүнүн зарылдыгы;
- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн классификациясын же тизмегин тактоонун зарылдыгы;
- өтүнмөдө көрсөтүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинин классификациясын тактоонун натыйжасында төлөнгөн алымдын суммасы ТКЭКтин класстарынын санына дал келбегендиги аныкталган учурда алымды кошумча төлөөнүн зарылдыгы. Мында өтүнмө ээсине белгиленген мөөнөттө кошумча алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбеген же өзүнүн талаптарын чектөөдөн баш тарткан учурда өтүнмө берилген белгини экспертизалоо бул класстарга тиешеси жок товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинен чыгаруу менен алым төлөнгөн өтүнмөдө көрсөтүлгөн класстарга карата жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө билдирилет;
- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы же бөлүгү үчүн каттоого мурда өтүнмө берилген окшош товардык белгини же белгилерди табуу менен шартталган маселелерди чечүүнүн зарылдыгы.
Башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгууда келип чыккан жана мисалы, артыкчылыкты аныктоого байланышкан сын пикирлер жана сунуштар жогоруда көрсөтүлгөн негиздерде жиберилүүчү суроо-талапка киргизилиши мүмкүн.
Экспертизада өтүнмө ээси берген кайсы болбосун документтин же маалыматтардын аныктыгына карата негиздүү шектенүүлөр пайда болгон учурда, экспертиза өтүнмө ээсинен зарыл болгон ырастоолорду суроого укуктуу.
Сурамда келтирилген кайсы бир маселе боюнча экспертизанын пикири негизинен Мыйзамдын, ушул Эрежелердин жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна шилтемелер менен далилдениши керек.
Экспертизанын сурамы боюнча өтүнмө ээси тарабынан берилген кошумча материалдар ушул Эрежелердин 63-пунктуна ылайык каралат.
Экспертизанын сурамына өтүнмө жиберилген датадан тартып үч айлык мөөнөттө жооп берилбесе, өтүнмө чакыртып алынган болуп эсептелет.
63. Кыргызпатенттин сурамы боюнча өтүнмө ээси берген кошумча материалдар келип түшкөндө өтүнмө ээси тарабынан аларды берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышы текшерилет.
Көрсөтүлгөн материалдар өтүнмө ээсине сурам жиберилген датадан тартып үч айдын ичинде берилүүгө тийиш.
Өтүнмө ээси тарабынан белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын текшерүүдө ушул Эрежелердин 34-пунктун жетекчиликке алуу керек.
Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттү бузса жана ушул Эрежелердин 44-пунктуна ылайык аны узартуу жөнүндө өтүнүч бербесе же экспертизанын сурамын жоопсуз калтырса, өтүнмө чакыртып алынган болуп эсептелет, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
Өтүнмө ээсинин өз демилгеси боюнча же Кыргызпатенттин сурамы боюнча берилген жана кароого кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө, алар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртпөйбү же жокпу текшерилет.
Эгерде өзгөртүүлөр өтүнмө берилген белгини бүтүндөй же анын негизги элементтерин (б.а. басымдуу абалды ээлеген жана белгини жалпысынан кабыл алууга таасир эткен) кабыл алууну козгосо, кошумча материалдар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртүүчү болуп таанылат. Мындай өзгөртүүлөргө, атап айтканда, төмөнкүлөр кирет: белгиге оозеки же негизги сүрөттөөчү элементти киргизүү же андан чыгаруу, сөз түрүндөгү элементти фонетикалык же маанилик өзгөртүү, негизги сүрөттөөчү элементти графикалык же маанилик өзгөртүү.
Кошумча материалдар, эгерде алар товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине өтүнмөдө көрсөтүлбөгөн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен толуктоону камтыса, өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртө турган болуп таанылат.
Кошумча материалдар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртөт деп таанылган учурда өтүнмө ээсине товардык белгини каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин (экспертизанын ага жиберилүүчү кезектеги документинде) кошумча материалдарга киргизилген кайсы маалыматтар экспертизанын мындай тыянагы үчүн негиз болгондугу жөнүндө билдирилет.
Башка маалыматтар экспертиза жүргүзүүдө эске алынат.
64. Мыйзамдын жана ушул Эрежелердин 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн каршы пикирлерди кароо ушул Эрежелердин 65 жана 66-пункттарында көрсөтүлгөн чечим чыгарууда башка материалдар менен чогуу жүзөгө ашырылат. Мында өтүнмө ээсине каршы пикирди кароонун натыйжалары жөнүндө билдирүү жиберилет.
Эскертүү: Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтому менен бекитилген), 64-пунктта расмий тил айырмачылык бар.
65. Экспертизанын жүрүшүндө товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала чечим чыгарылышы мүмкүн, эгерде:
1) товардык белгиге коргоо берилиши мүмкүн эмес же ал товардык белги суралгандан аз көлөмдө берилиши мүмкүн;
2) өтүнмө берилген белгинин элементтеринин бөлүктөрү корголбогон деп таанылууга тийиш.
Алдын ала баш тартуу жөнүндө өтүнмө ээсине тиешелүү билдирүү жиберилет.
Товардык белгини каттоодон алдын ала баш тартуу жөнүндө чечимде Мыйзамга жана ушул Эрежелерге негизделген товардык белгини каттоодон баш тартуунун жүйөлөрү келтирилет.
Каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала чечим өтүнмө ээсине алдын ала чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө жүйөлүү каршы пикирин жана/же алардын негизинде экспертиза өз чечимин өтүнмө ээсинин пайдасына өзгөртө ала турган кошумча материалдарды берүүгө мүмкүндүк берет.
Жоопту берүү мөөнөтү ушул Эрежелердин 44-пунктунун шарттарын сактоо менен, бирок алым төлөнгөн шартта он эки айдан ашык эмес узартылышы мүмкүн.
Эгерде белгиленген мөөнөттө жүйөлөр жана сын пикирлер берилбесе, баш тартуу жөнүндө акыркы чечим чыгарылат.
66. Өтүнмө берилген белгинин Мыйзамдын 9 жана 10-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык келиши белгиленгенде, Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн каршы пикирлерди жана алдын ала баш тартууга (бар болсо) байланыштуу жүйөлөрдү жана сын пикирлерди кароонун натыйжаларын эске алуу менен товардык белгини каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим өтүнмө ээси тарабынан берилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинде көрсөтүлгөн бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгарылат.
Эгерде өтүнмө берилген белги ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн талаптарга өтүнмө берилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгү үчүн гана ылайык келсе, анда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул бөлүгүнө карата товардык белгини каттоо жөнүндө чечим чыгарылат.
Товардык белгини каттоо жөнүндө чечимде анда камтылган корголбогон элементтер саналып өтөт.
Товардык белгини каттоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин, атап айтканда Париж конвенциясынын жана Мадрид макулдашуусунун негизинде кыйла мурдагы артыкчылыкты пайдалануучу өтүнмөнүн келип түшүшүнө байланыштуу каттоо датасына чейин кайра каралышы мүмкүн.
Товардык белгини каттоо жөнүндө чечимде төмөнкүдөй маалымыттар келтирилет:
- товардык белги катары катталуучу белги;
- товардык белгинин ээси;
- өтүнмө берилген дата;
- товадык белгинин артыкчылыгы;
- алар үчүн товардык белги каттала турган ТКЭК класстары боюнча топтоштурулган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги.
Товардык белгинин ээсинин аталышы (аты) чечимде арыздын 731 коду менен графада келтирилген юридикалык жактын толук расмий аталышына же жеке жактын фамилиясына, атына, атасынын атына (эгер бар болсо) так ылайык көрсөтүлөт.
67. Эгерде өтүнмө берилген белгини экспертизалоонун натыйжасында жана Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн каршы пикирлерди, алдын ала баш тартууга байланыштуу далилдерди жана сын пикирлерди (бар болсо) карап чыгуунун натыйжаларын эске алуу менен белги товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык тизмеги үчүн ушул Эрежелердин 6-10-пункттарында каралган талаптардын жок дегенде бирине ылайык келбегендиги аныкталса, өтүнмө ээсине товардык белгини каттодон баш тартуу жөнүндө чечим жиберилет.
Товардык белгини каттодон баш тартуу жөнүндө чечимде Мыйзамга жана ушул Эрежелерге негизделген товардык белгини каттоодон баш тартуунун жүйөлөрү келтирилет.
Товардык белгини каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Мыйзамдын 6-беренесинде жана ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жана мөөнөттө өтүнмө ээсине, башка кызыкдар жактарга жиберилет.
68. Өтүнмө ээси өтүнмө берилген белгиге экспертизанын чечими менен макул болбогон учурда, тиешелүү алым төлөнгөн шартта, чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде Апелляциялык кеңешке каршы пикирин билдирүүгө укуктуу.
Өтүп кеткен мөөнөт ушул Эрежелердин 45-пунктунун шарттарын сактоо менен калыбына келтирилиши мүмкүн.
Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралышы керек.
Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан аны алган датадан тартып үч айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.