Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 12-январы № 65-нпа
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Архитектура-шаар куруу ишинин чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө” (мындан ары - Мамкурулуш) жобону жетекчиликке алып, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы Жерге мунапыс берүү боюнча комиссияларга көмөк көрсөтүү жана методикалык жардам берүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун 2023-жылдын 22-сентябрындагы отурумунун №20-1 протоколун аткаруу максатында, буйрук кылам:
1.. Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландоо жана куруу" 2020-жылдын 24-мартындагы № 39-чуа Мамкурулуштун 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 58-чуа буйругунун редакциясында)”, төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 9.8 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
« Ушул пункттун жогоруда аталган ченемдери жерге мунапыс берүү объекттерине жайылтылбайт. Жер мунапысынын объекттеринин максаттуу багытын андан ары өзгөртүүгө жол берилбейт».
2. Мамкурулуштун 2016-жылдын 20-сентябрындагы № 7-нпа буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер топтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7.1.10 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Ушул пункттун жогоруда аталган ченемдери жерге мунапыс берүү объекттерине жайылтылбайт. Жер мунапысынын объекттеринин максаттуу багытын андан ары өзгөртүүгө жол берилбейт».
3.. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык, ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
4..Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5..Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.О. Молдомырзаевге жүктөлсүн.
Директор | Н.К. Орунтаев |