Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 51
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-20-пунктчалар менен толукталсын:
"16) мамлекеттик органдардын ишинде ырааттуу жана бир түрдүү укук колдонуу практикасын камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
17) мамлекеттик органдардын жана уюмдардын юридикалык кызматтарынын ишин координациялоо, контролдоо жана методикалык көмөк көрсөтүү;
18) мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугуна талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
19) административдик жол-жоболор чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
20) юридикалык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, юриспруденция жаатында фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу.";
- 8-пункттун 6-пунктчасында:
экинчи абзацта "тандоо, жайгаштыруу жана" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында нотариалдык жана адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын, ошондой эле адвокаттардын жана нотариустардын жеке маалыматтарын чогултууну, сактоону, иштетүүнү, пайдаланууну жана жок кылууну жүзөгө ашырат.".
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-февралындагы № 12 (3565) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |