Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

2-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 19-майындагы № 256 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203,  2023-жылдын 29-июнундагы № 329 , 2023-жылдын 12-июлундагы № 349, 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 , 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды келген жери боюнча каттоо жол-жобосу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

2. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо аларды эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.

3. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт; Кыргыз Республикасы тарабынан өзгөчө статусу таанылган атайын эл аралык коргоого алынган чет өлкөлүк жарандарды каттоо тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.

4. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) аркылуу жүзөгө ашырылат:

- келген жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык аймактык бөлүмдөрүндө;

- "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтында.

Каттоого арыз берип жаткан учурда арыз ээсине ал ТМЭБСте катталган катар номер ыйгарылат.

"Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтына жетүү операторлордун ыйгарым укуктарынын деңгээлине жараша калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Кабыл алуучу тарап үчүн "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды электрондук каттоо" сайтында "жеке кабинетти" пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган, анда мурда каттоо үчүн берилген уставдык жана башка документтер, ошондой эле кабыл алуучу тараптын өтүнмөсү боюнча мурда катталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар сакталат.

Кабыл алуучу тарап жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган жеке маалыматтарды коргоо үчүн бардык зарыл болгон техникалык жана уюштуруучулук чараларды сактайт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Эскертүү:

Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтому менен берилген өзгөртүүлөр Тартиптин 4-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.

41. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоодо алардын арызынын негизинде, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык идентификациялык жеке номер ыйгарылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасы тарабынан өзгөчө статусу таанылган атайын эл аралык коргоого алынган чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо ушул Тартиптин 4-главасына ылайык жүргүзүлөт.

6. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген акыркы күндөн кечиктирилбей жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоону узартуу каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейинки акыркы күндөн кечиктирбей ишке ашырылат.

Каттоо узартылган учурда жаңы каттоо талону берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.

8. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмесине (мындан ары - Тизме) ылайык турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон тиешелүү мөөнөттөргө бошотулушу мүмкүн.

Эгерде Тизмеде каралган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун мөөнөтүн Тизмеде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашырышса, анда алар ушул Тартипке ылайык турган жери боюнча катталышы керек.

9. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү визанын колдонуу мөөнөтүнө узартылган визанын колдонуу мөөнөтүнө каттоону узартуу укугу менен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын жарандыгы жок адамдардын каттоосунун колдонуу мөөнөтүн узартуу визанын колдонуу мөөнөтү узартылгандан кийин жүргүзүлөт. Мында чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга виза узартылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кайрылууга же "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтында жогоруда аталган каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөн ашык мөөнөткө жеке максаттары менен Кыргыз Республикасынын аймагына келген Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын жарандарын каттоо келген максатына жараша Кыргыз Республикасында болуу укугун берген документтин негизинде жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса жашы жете элек балдардын ким экендигин ырастоочу документтерин берүү жана алардын ата-энелерин, көзөмөлчүлөрүн жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир учурда жүргүзүлөт.

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо, жашы жете элек балдардын ким экендигин ырастоочу документтерин берүү менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын өтүнүч каты боюнча жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттары бар чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоо ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык 1 жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Жашаган жери өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттары бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам үч жумуш күндүн ичинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга же "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтында жогоруда аталган каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)

 

121. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу же каттоону узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган мөөнөттөр тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келбеши керек.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык)

Иш жүзүндөгү дарек болуп жашоо үчүн техникалык, санитардык жана башка талаптарга жооп берген турак жай же жатаканалар, пансионаттар, конок үйлөр, хостелдер (мындан ары - башка турак жай) болушу мүмкүн.

Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналбаса, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты болгондо жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби

14. Кыргыз Республикасына турист катары жана өзүнүн иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда ушул Тартиптин 9-10-пункттарына ылайык мөөнөткө жүргүзүлөт:

1) кабыл алуучу тарап катары чыгуучу жеке жактар үчүн:

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы же башка жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, ушул Тартиптин 13-пункту менен белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;

- жеке адамдын атынан өтүнүч кат менен өкүл кайрылган учурда кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп саналган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция;

2) кабыл алуучу тарап катары чыгуучу юридикалык жактар үчүн:

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы визасы;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер ТМЭБС киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 22018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

15. Кыргыз Республикасынын окуу жайларына өткөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо, визасыз режим каралган мамлекеттердин чет өлкөлүк жарандары үчүн окуу визасы берилген мөөнөткө - бир окуу жылына карата төмөнкүлөр берилген учурда жүргүзүлөт:

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- жатаканада жашаган дареги көрсөтүлгөн, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн окуу жайынын өтүнүч каты. Эгер студенттер окуу жайдын жатаканасынан тышкары жашаса, студенттерди каттоо чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоонун жалпы негиздеринде жүргүзүлөт;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер ТМЭБС киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

16. Эмгектенүү жана жеке ишкердик менен алектенүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо эмгек визасы берилген мөөнөткө карата жүргүзүлөт. Визасыз режим каралган чет мамлекеттердин жарандарын каттоо эмгек келишими түзүлгөн же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген жумуш иштөөгө уруксаттын мөөнөтүнө карата же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жеке ишкердик менен алектенген учурда бир жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Каттоодо төмөнкүдөй документтер берилет:

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы же башка жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;

- визасыз режим каралган мамлекеттин (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары) жарандары үчүн миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген жумуш иштөөгө уруксат;

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн эмгек келишими же анын жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүк;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;

- турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер ТМЭБС киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

17. Кайрылман статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкү документтер берилген учурда кайрылмандын күбөлүгү берилген мөөнөткө карата жүргүзүлөт:

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап болуп Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашап турууга укугу жана/же менчик турак же башка жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак же башка жайдын менчик ээси болуп саналбаса, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кайрылмандын күбөлүгү;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санарип форматында), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;

- турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

Этностук кыргыздар келген жеринин иш жүзүндөгү дареги жок болгон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү органында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өтүнүч каты боюнча катталат. Этностук кыргыздарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын юридикалык дареги боюнча ким экендигин ырастоочу документтин негизинде жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

17-1. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып токсон жумуш күндүн ичинде төмөнкү документтерди берүү менен келген жери боюнча катталууга милдеттүү:

- кабыл алуучу тараптын кайрылуусу. Кабыл алуучу тарап болуп Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана туруктуу жашоого уруксаты бар жана/же менчик турак жайы бар жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар боло алат. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын ээси боло албаса, бул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча талап кылынат;

- өкүл кайрылган учурда, арыз ээсинин атынан өтүнүч менен кайрылуу укугуна ишеним катты;

- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин жарактуу документин;

- чет өлкөлүк жарандын жарактуу паспортун же эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документи;

- турак жайдын же башка жайдын ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугун жана анын паспортун, анын катышуусу мүмкүн болбогон учурда, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;

- мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн, берилген документтер ТМЭБС киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

Келген жери 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө өзгөргөн учурда, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар жаны келген жери боюнча каттоо тууралуу арыз менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмүнө кайрылууга милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203, 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

18. Качкындын статусун алган же качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч кат менен кайрылган чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды каттоо башкалкага муктаж болгон адамдын күбөлүгү же качкындын күбөлүгү берилген мөөнөтүнө карата миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген качкындын күбөлүгү же башкалкага муктаж болгон адамдын күбөлүгү берилген учурда жүргүзүлөт.

19. Кыргыз Республикасына диний уюмдар менен кызматташуу боюнча ишкердик максатында жана башка максаттар менен келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда ишке ашырылат:

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Юридикалык жактар кабыл алуучу тарап боло алышат;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;

- турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер ТМЭБС киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

20. Кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты эркин формада таризделет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоодо ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча каттоо талону берилет.

(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

22. Каттоо талону ТМЭБСте сакталат жана чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга же кабыл алуучу тарапка кагаз же электрондук түрдө берилет.

Электрондук каттоо талону кагаз түрүндө берилген каттоо талонуна теңештирилет жана атайын окула турган коду бар.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Каттоо талону калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкери тарабынан берилген документтердин негизинде ТМЭБСке тиешелүү жазууларды киргизүү аркылуу толтурулат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Каттоо талону жоголгон учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам каттоо талонунун дубликатын алуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат. Мында калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрылган күнү каттоо жүргүзүлгөн жана каттоо талону берилген жерине карабастан каттоо талонунун дубликатын берет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

25. Келген жери 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө өзгөргөн учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмүнө жаңы келген жери боюнча каттоо жөнүндө арызы менен кайрылууга милдеттүү. Мындай учурда баштапкы катталган мөөнөтүнө жаңы каттоо талону берилет, мында чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул Тартиптин 14-19-пункттарына ылайык документтерди берет.

26. Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Вьетнам Социалисттик Республикасынын, Куба Республикасынын, Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын жарандарын каттоонун колдонуу мөөнөтү эгерде алардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу мөөнөтү 30 календардык күндөн ашса, токтотулган деп эсептелет.

27. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар (мейманканалар, конок үйлөр, санаторийлер, пансионаттар), ошондой эле аларды өзүнүн үйүндө жайгаштырган жактар, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды окуткан жана аларды жатаканага жайгаштырган окуу жайлары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар менен эмгек келишимин түзгөн жана аларга ведомстволук турак жай берген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ушул Тартипке ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга каттоого тургузууга милдеттүү.

ТМЭБСте чек арадан өтүү жөнүндө маалымат жок болгон учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келиши милдеттүү эмес.

ТМЭБСте чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жөнүндө маалымат жок болгон учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан маалыматтар кол менен киргизилет жана бир жумуш күндүн ичинде себептерин аныктоо үчүн улуттук коопсуздук органына ТМЭБС аркылуу кабарлама жиберилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

28. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам, ошондой эле кабыл алуучу тарап калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мыйзамдарда белгиленген Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө уруксат берүүчү мөөнөттөрдөн кийин кайрылса же болбосо каттоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында ички иштер органдары тарабынан жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маалыматтын негизинде каттоону жүргүзөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)

 

3. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтында каттоо тартиби

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтомунун 6-пунктуна ылайык ушул Тартиптин 3-главасы 2017-жылдын 13-январынан баштап күчүнө кирет.

29. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам, ошондой эле кабыл алуучу тарап калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөрүү же каттоону узартуу үчүн "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтында каттоо же каттоону узартуу жол-жобосунан өтө алышат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

30. Кабыл алуучу тарап (Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран, туруктуу жашап турууга уруксаты бар жарандыгы жок адам) турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналган жана "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтына каттоо жол-жобосунан өтүүнү же каттоону узартууну кааласа:

1) "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтына ким экендигин күбөлөндүрүүчү, документтердин маалыматтарын, ошондой эле турак жайга же башка жайга менчик укугун ырастоочу документтерди киргизүү аркылуу авторизациялоо жол-жобосунан өтөт;

2) ушул Тартиптин 14-19-пункттарына ылайык документтердин электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук арыз толтурат (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);

3) жеке маалыматтарды текшерүүгө макулдук берет жана электрондук арызды ырастайт.

Электрондук арыз ырасталгандан кийин электрондук сайт чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо үчүн мамлекеттик алымды төлөө кодун генерациялайт.

Юридикалык жактар "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтына жетүүнү алуу үчүн келген жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алат.

"Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайтына жетүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

31. "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайты аркылуу келип түшкөн өтүнмө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бир жумуш күндүн ичинде каралат.

Каталар жана дал келбестиктер табылган, арыз туура эмес толтурулган учурда, арыз ээсине арызда көрсөтүлгөн электрондук дарегине каталарды жана дал келбестиктерди оңдоо зарылдыгы жөнүндө электрондук билдирүү жөнөтүлөт.

Каталарды жана дал келбестиктерди оңдоого мүмкүн болбогондо турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналган кабыл алуучу тарап келген жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алат.

Каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ТМЭБСте электрондук каттоо талону таризделет.

Арыз ээси зарыл болгондо каттоо талонун А-4 форматындагы ак кагазга чыгарып алса болот.

Электрондук каттоо талонун берүү жөнүндө маалыматтар тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн автоматтык түрдө жеткиликтүү болот.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

32. (КР Өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

33. (КР Өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

4. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда каттоо тартиби

34. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган өзгөчө статусу бар атайын эл аралык коргоого алынган, ушул статусту ырастоочу дипломатиялык, кызматтык, расмий жана башка категориялардагы чет өлкөлүк паспорту бар төмөнкүдөй чет өлкөлүк жарандар каттоого алынат:

1) Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары, дипломатиялык персоналдын мүчөлөрү, консулдук кызмат адамдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин административдик-техникалык персоналы жана тейлөөчү персоналы, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин коноктору, эгерде алар жогоруда көрсөтүлгөн өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында жашаса;

2) чет мамлекеттердин ведомстволорунун Кыргыз Республикасына кызматтык иш сапар менен келген жана дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;

3) Кыргыз Республикасына кызматтык иш сапары боюнча келген эл аралык уюмдардын кызматкерлери, ал уюмдардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасында штаб-квартирасы бар эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, алар ушул уюмдардын уставдык документтерине ылайык же Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышат жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү.

35. Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы паспорттун түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасына кызматтык иш боюнча келген чет өлкөлүк жарандарды чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же эл аралык уюмдардын өтүнүчтөрүнүн негизинде каттоого алат.

36. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аккредитациялык карточка берет же паспорттун өзүнө каттоо жөнүндө жазуу жазат.

37. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берген аккредитациялык карточканын (картанын) болушу анын ээсин карточканын (картанын) жарактуулук мөөнөтүндө Кыргыз Республикасында катталуудан бошотот.

38. Тизмеге киргизилбеген чет өлкөлүк жаранды каттоо үчүн эгерде анын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 5 жумуш күндөн ашык болсо чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же эл аралык уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын консулдук кызматына иш күндөрүндө жана иштечү убактысында төмөнкүдөй документтерин бериши зарыл:

1) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагына келүү максатын жана каттоодон бошотуучу ыктымалдуу мөөнөтү көрсөтүлгөн өтүнүч катын (дипломатиялык нотасын, кайрылуусун);

2) колдонуудагы дипломатиялык, кызматтык паспортунун, БУУнун паспортунун түп нускасын (жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин алты айдан ашык) же чет мамлекеттин жарактуу башка иш сапар документин.

39. Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет өлкөлүк жарандардын паспортторуна тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматынын атайын штампын жана гербдүү мөөрүн басып, каттоонун жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен каттоого тургандыгы жөнүндө жазат.

40. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Консулдук кызматы чет өлкөлүк жарандарды каттоочу атайын журналды, ошондой эле ушул Тартиптин 34-пунктунда көрсөтүлгөн жарандардын каттоого турганы жөнүндө электрондук маалымат базасын жүргүзөт.

41. Каттоонун колдонуу мөөнөтү чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өтүнүч катына (дипломатиялык нотасына, кайрылуусуна) ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун иш жүзүндөгү жана негиздүү мөөнөтүнө, визанын мөөнөтүнө же Кыргыз Республикасынын визасыз режимди колдонуу мезгилине жараша белгиленет.

42. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматында чет өлкөлүк жарандарды каттоо консулдук төлөмдөрдү жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн акы албастан ишке ашырылат.

43. Каттоону тариздөө жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо мөөнөтү ушул Тартиптин 38-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып бир жумуш күндү түзөт.

44. Дипломаттык, кызматтык, расмий жана башка улуттук иш сапардык документтердин ээси болгон, өзгөчө статуска ээ чет өлкөлүк жарандар алар Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу болгон учурда Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого милдеттүү туруу жол-жобосунан бошотулушат.

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибине тиркеме

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

КАТТОО ТАЛОНУ / РЕГИСТРАЦИОННЫЙ ТАЛОН / REGISTRATION CARD чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды келген жеринде / иностранного гражданина и лица без гражданства по месту пребывания / foreign citizen and persons without citizenship at the place of stay

Сүрөт / Фото / Photo

Каттоо номери/ Номер регистрации / Number registration: № ________________

QR код

Фамилиясы, аты, атасынын аты / Фамилия, имя, отчество / Surname, Name, Middle name:

 

Туулган күнү / Дата рождения / Date of birth:

 

Жарандыгы / Гражданство / Citizenship:

 

Ким экендигин ырастоочу документ / Документ удостоверяющий личность / The identity document / (Түрү, сериясы, номери / Вид, серия, номер / Туре series number):

 

Документтин жарактуулук мөөнөтү / Срок действия документа / Document validity period):

 

Кирген датасы / Дата въезда / Date of entry

 

Келген жериндеги төмөнкү дарекке катталды / Зарегистрирован по месту пребывания по адресу / Registered at the place of stay

 

Катталган күнү / Дата регистрации / Date of registration

 

Чейин / По / To

 

Кабыл алуучу тарап / Принимающая сторона / The host:

 

Ким экендигин ырастоочу документ / Документ удостоверяющий личность / The identity document / (Түрү, сериясы, номери / Вид, серия, номер / Туре series number):