Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 26-февралы № 57
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
94-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94-берене. Ырайым кылуу
1. Ырайым кылуу белгилүү бир соттолгон жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ырайым кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Ырайым кылуу жөнүндө акт менен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жазанын калган бөлүгүн андан ары өтөөдөн бошотуу;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны 20 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу;
3) сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза колдонулган же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган учурларды кошпогондо, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны белгилүү бир мөөнөткө кыскартуу.
3. Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Көңүлгө ала турган жаңы жагдайлар болбогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга ырайым кылуу жөнүндө кайталанган өтүнүч он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.".
2-берене
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 14-июнундагы № 101 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 7, 323-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын 8-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 526-ст.);
3) "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 211 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 903-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 10-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 4-августундагы № 84 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 484-ст.).
3-берене
Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
4-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-мартындагы № 17 (3570) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |