Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 26-февралы ПЖ № 37
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" 1-главасында:
алтынчы абзацта ", Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү" деген сөздөр алып салынсын;
он биринчи абзацта ", Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-майындагы № 113 "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3, 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында:
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору;";
- сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- жыйырма биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;".
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-майындагы № 192 "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-мартындагы № 17 (3570) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |