Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-марты № 91
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын ишин уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пунктта "мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкаруу" деген сөздөр "мамлекеттик материалдык резерв тутумун, токой чарбасын башкаруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт "Жарандык коргонуу" деген сөздөрдөн кийин ", токой чарбасын башкаруу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Министрликтин ишинин максаты Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, токой чарбасы, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, токой чарбасы жаатындагы ченемдердин жана талаптардын сакталышын камсыздоого мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүү, мамлекеттик материалдык резерв тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу болуп саналат.";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- токой чарбасын башкаруу, токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу, ошондой эле токой ресурстарын, анын ичинде токой аңчылык жайгаштырууну эсепке алуу, алардын абалын баалоо.";
- 11-пунктта:
1-пунктчада:
экинчи абзац "Жарандык коргонуу" деген сөздөрдөн кийин ", токой чарбасы" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Министрликтин карамагында турган токой чарбасын өнүктүрүү боюнча ишти уюштурат;
- токой экосистемаларын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык глобалдык конвенциялар жана келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин (анын ичинде башка кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте) жетекчиликке алат жана ишке ашырат, ошондой эле донорлордун жана эл аралык уюмдардын колдоосунда (финансылык, техникалык) долбоорлорду, программаларды ишке ашырат;
- токой чарбасынын субъекттеринин ишин уюштурат, токой аңчылык жайгаштырууну эсепке алууну жүргүзөт, токой экосистемаларынын тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
- кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун жана коргоонун экономикалык механизмдерин иштеп чыгат;
- токой чарбасын жүргүзүүнүн, токой ресурстарын коргоонун, пайдалануунун жана калыбына келтирүүнүн, токойлорду өрттөн, өзүм билемдик менен кыюулардан коргоонун, токойду зыянкечтерден, оорулардан жана токойго зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден сактоонун бирдиктүү мамлекеттик саясатын ишке ашырат;
- токой чарбаларын башкаруу жаатында инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизет;";
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып коюуга уруксат берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле атайын уруксат боюнча токой пайдалануу укугун (токой кыюу билети, жыгачты аз-аздан берүүгө ордер, токой билети) тариздейт;
- токой чарбасын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
- токой чарбаларынын аймагына кирүүдөгү посттордун ишин белгиленген тартипте жөнгө салат;
- токойлордун кадастрын жүргүзөт;";
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын:
- бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы ишин мамлекеттик башкарууну жана координациялоону жүргүзөт;
- төмөнкүлөргө контроль жүргүзөт:
менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле кызмат адамдарынын жана жеке жактардын өрт коопсуздугунун талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин сактоосуна;
өрттөн коргоо тутумдарын жана каражаттарын, анын ичинде алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын оң абалда кармоого;
кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда өрттөн коргоо бөлүмдөрүнүн объекттердин, курулмалардын аймагына кирүүсүн камсыз кылууга (кирүүчү жолдордун, бурулуучу аянтчалардын болушу);
уюмдардын, ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн болушуна жана өрттү өчүрүүгө даярдыгына;
лицензиялардын, уруксаттардын, күбөлүктөрдүн, иштин түрлөрү боюнча макулдашуулардын шарттарынын аткарылышына;
курулуш объекттеринин жана алардын долбоордук документтеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин, курулуш объекттеринин долбоорлору боюнча өрт коопсуздугу боюнча корутундунун болушуна;
министрликтердин, ведомстволордун, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын Жарандык коргонууну уюштуруусуна жана жүргүзүүсүнө;
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана илимий, изилдөө жана долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү бөлүгүндө башка мамлекеттик органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен биргеликте табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюуга жана калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө, өрттү өчүрүүгө катышуу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды тартуу тартибин белгилейт, бул күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгын контролдойт;
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы маалыматты белгиленген тартипте чогултат жана иштеп чыгат, ошондой эле аны алмашат;
- Жарандык коргонуу (өрт коопсуздугу) жаатындагы берилген эскертүүлөрдү жана көрсөтмөлөрдү аткарбоо фактылары тууралуу жана күнөөлүү жеке жана юридикалык жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө тийиштүү органдарга кабарлайт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана укук коргоо органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Жарандык коргонуу жаатындагы жана өзгөчө кырдаалдар учурунда ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Жарандык коргонуу жаатында башкаруу органдарын, Жарандык коргонуу күчтөрүн, уюмдарды жана калкты даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат жана координациялайт;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүргүзөт;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыркаган калктын жашоо тиричилигин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында Кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча Улуттук платформанын катышуучуларынын ишин координациялайт жана камсыз кылат;
- Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү тутумунун иштөөсүн, координациялоону жана методикалык жетектөөнү уюштурат;
- өрткө каршы курулуш конструкцияларын, жабдууларын жана инвентарды, ошондой эле өрткө каршы коргоо тутумунун техникалык түзүлүштөрүн даярдоодо, курууда, реконструкциялоодо, монтаждоодо, ишке киргизүүдө, жөндөөдө, оңдоодо жана эксплуатациялоодо өрт коопсуздук талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт;
- токой чарбасын жүргүзүү процессин, токой фондун эсепке алуу, токой ресурстарын коргоо, пайдалануу жана калыбына келтирүү, токойлорду өрттөн, өзү билемдик менен кыюулардан коргоо, токойлорду зыянкечтерден, оорулардан жана токой чарбасына зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден сактоо тартибин координациялайт;
- жаратылыш объекттерин кайра түзүүгө жана ландшафттарды калыптандырууга байланышкан чарбалык ишти жүргүзүүдө токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну контролдойт;
- токойго мониторинг, токой аңчылык жайгаштыруу жана токойлорго инвентаризация жүргүзөт;";
5-пунктчанын сегизинчи абзацында "өрт коопсуздугу" деген сөздөр "өрт коопсуздугу, токой чарбасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17-пункттун он тогузунчу абзацы "штаттык ырааттамасын" деген сөздөрдөн кийин "жана башкаруу схемасын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы №481 токтомунун редакциясына ылайык)
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Фонддун юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ленин району, Ч.Айтматов проспекти, 1.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 5, 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 6154 | 771 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 124 | 40 |
| аймактык бөлүмдөрү | 3911 | 216 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 2119 | 515 |
6 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | 5817 | 943 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 119 | 18 |
| аймактык бөлүмдөрү | 173 | 45 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 5525 | 880 |
".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 2-пункттун 4, 5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Бул токтом тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) белгиленген тартипте тиешелүү финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды комиссиялык кабыл алуу-өткөрүп берүүнү уюштурсун;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ