Загрузка документа…
| Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартибине 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтому менен бекитилген) |
Маалымат карточкасын
толтуруу эрежелери
1. Бул эрежелер товарлар Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасына келгенге чейин, ошондой эле товарлар Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасына келгенден кийин алдын ала маалыматты берүү менен байланышкан бажы операцияларын жасоодо колдонулуучу электрондук түрдөгү маалымат карточкасын толтуруунун формасын жана тартибин аныктайт.
2. Маалымат карточкасы бажы органы тарабынан ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет жана календардык жылдын чегинде катар номерлөө менен номерленет.
3. Маалымат карточкасы басып чыгаруучу түзүлүштөрдү пайдалануу менен баш тамгалар менен толтурулат, түшүнүктүү жазылат, кырып өчүрүүлөр, чийүүлөр жана оңдоолор болбошу керек.
Эгерде документтерде латын алфавитинин тамгаларын пайдалануу менен чет өлкөлүк жактардын, товарлардын, транспорт каражаттарынын аталыштарынын жазылышы кездешсе, анда мындай маалыматтар маалымат карточкасында латын алфавитинин тамгалары менен көрсөтүлөт.
4. “Алдын ала маалымдоо боюнча маалыматтар” графасынын “Камерадан алынган сүрөт” элементи фото, видео файлдар, электрондук документтердин PDF форматындагы көчүрмөлөрү болгон учурда колдонулат, алар автоматтык түрдө маалымат карточкасынын тиешелүү графаларына тиркелет.
5. “Алдын ала маалымдоо боюнча маалыматтар” графасы бажы органынын кызмат адамы тарабынан толтурулат.
6. “Санитардык-карантиндик контролдоо” графасы ушул Тартиптин 4-тиркемесинде аныкталган чечимдердин бирин көрсөтүү менен калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат, андан ары “Ырастоо” элементи белгиленет.
7. “Фитосанитардык контролдоо” графасы ушул Тартиптин 6-тиркемесинде аныкталган чечимдердин бирин көрсөтүү менен өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат, андан ары “Ырастоо” элементи белгиленет.
8. “Ветеринардык контролдоо” графасы ушул Тартиптин 5-тиркемесинде аныкталган чечимдердин бирин көрсөтүү менен ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат.
9. “Транспорттук контролдоо” графасы ушул Тартиптин 7-тиркемесинде аныкталган чечимдердин бирин көрсөтүү менен транспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат, андан ары “Ырастоо” элементи белгиленет.
10. “Бажылык контролдоо” бажылык контролдоо объекттерине карата бажылык контролдоонун белгилүү формаларын жана (же) бажылык контролдоону жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу жөнүндө чечимди көрсөтүү менен графасы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат, андан ары “Ырастоо” элементи белгиленет.
11. “Контролдоонун жыйынтыктары” бөлүмүнүн “Инспекциялык-текшерип кароо комплекси” графасы радиоскопиялык сүрөттү талдоонун негизинде “Инспекциялык-текшерип кароо комплексин” колдонуу менен бажылык кароо жүргүзүүнүн натыйжаларын көрсөтүү менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат.
12. “Контролдоонун жыйынтыктары” бөлүмүнүн “Салмак-габариттик контролдоо” графасы жүргүзүлгөн транспорт каражатын салмак-габариттик контролдоонун натыйжаларын көрсөтүү менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат.
13. “Контролдоонун жыйынтыктары” бөлүмүнүн “Радиациялык контролдоонун порталдык мониторлору” графасы жүргүзүлгөн радиациялык контролдоонун натыйжаларын көрсөтүү менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат.
14. “Контролдоонун жыйынтыктары” бөлүмүнүн “Санитардык-карантиндик контролдоо” графасы жүргүзүлгөн документтик контролдоонун, продукцияны (товарларды) текшерип кароонун (кароонун) жыйынтыктарын (алар жүргүзүлгөн учурда) жана “Ташып кирүүгө уруксат берилген”/“Ташып кирүүгө тыюу салынган” чечимдеринин бирин көрсөтүү менен калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат.
15. “Контролдоонун жыйынтыктары” бөлүмүнүн “Фитосанитардык контролдоо” графасы жүргүзүлгөн документтик контролдоонун, продукцияны (товарларды) текшерип кароонун (кароонун) жыйынтыктарын (алар жүргүзүлгөн учурда) жана “Ташып кирүүгө уруксат берилген”/“Ташып кирүүгө тыюу салынган” чечимдеринин бирин көрсөтүү менен өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат.
16. “Контролдоонун жыйынтыктары” бөлүмүнүн “Ветеринардык контролдоо” графасы жүргүзүлгөн документтик контролдоонун, продукцияны (товарларды) текшерип кароонун (кароонун) жыйынтыктарын (алар жүргүзүлгөн учурда) жана “Ташып кирүүгө уруксат берилген”/“Ташып кирүүгө тыюу салынган” чечимдеринин бирин көрсөтүү менен ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат.
17. “Контролдоонун жыйынтыктары” бөлүмүнүн “Транспорттук контролдоо” графасы жүргүзүлгөн документтик контролдоонун жыйынтыктарын жана “Кирүүгө уруксат берилген”/“Кирүүгө тыюу салынган” же “Чыгууга уруксат берилген”/“Чыгууга тыюу салынган” чечимдеринин бирин көрсөтүү менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат.
18. “Контролдоонун жыйынтыктары” бөлүмүнүн “Бажылык контролдоо” Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүгө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечимдерди көрсөтүү менен андан ары “Ырастоо” же болбосо “Четке кагуу” элементтерин белгилөө менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулат.
| Маалымат карточкасын толтуруу эрежелерине тиркеме |
| Форма |
Маалымат карточкасы № ________
| |
Контролдоонун жыйынтыктары | |||||||||
|
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|