Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 176 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун
мамлекеттик тутуму жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө тартибин аныктайт.
2. Жарандык коргонуу жаатындагы бирдиктүү саясатты Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги (мындан ары - Жарандык коргонуунун начальниги) аныктайт.
3. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму (мындан ары - Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана ыктыярдуу уюмдардын тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймактарды коргоо боюнча функцияларды аткаруучу башкаруу органдарынан, күчтөрүнөн жана каражаттарынан турган жалпы мамлекеттик тутум болуп саналат.
4. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун уюштуруу-укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар тынчтык жана согуш мезгилиндеги Жарандык коргонуунун пландарына жана башка даярдоо пландарына ылайык жүзөгө ашырылат, алар белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар тарабынан иштелип чыгат.
6. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму аймактык-тармактык принцип боюнча, экономикалык, жаратылыштык жана башка мүнөздөмөлөрдү, ошондой эле калктын ар кандай топторунун демографиялык, гендердик, маданий өзгөчөлүктөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунун даражасын эске алуу менен уюштурулат жана жүргүзүлөт.
7. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу жаатындагы ишин мамлекеттик башкарууну жана координациялоону Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
2-глава. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун
түзүмү
8. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму төмөнкүлөрдөн турат:
1) административдик-аймактык бирдиктердин базасында түзүлүүчү аймактык тутумчадан;
2) министрликтердин жана административдик ведомстволордун базасында түзүлүүчү тармактык тутумчадан;
3) Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди чечүү үчүн түзүлүүчү атайын тутумчадан.
9. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык тутумчасы өзүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, министрликтердин, административдик ведомстволордун, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарын, күчтөрүн, каражаттарын, финансылык жана материалдык ресурстарын камтыйт.
10. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тармактык тутумчалары Жарандык коргонуунун иш-чараларын аткаруу боюнча ишти уюштуруу үчүн аткаруу бийлигинин органдары тарабынан түзүлөт жана өзүнө министрликтердин жана административдик ведомстволордун башкаруу органдарын, күчтөрүн, каражаттарын, финансылык жана материалдык ресурстарын камтыйт.
11. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын тутумчасына өзгөчө кырдаалдарга өз убагында жана сапаттуу мониторинг жүргүзүүнү жана болжолдоону уюштуруу үчүн түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана болжолдоонун бирдиктүү тутуму кирет.
12. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун башкаруу ушул Жобонун тиркемесине ылайык схема боюнча жүргүзүлөт.
13. Жарандык коргонуу мамлекеттик тутуму республикалык, аймактык жана объекттик деңгээлдерде иштейт.
14. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун ар бир деңгээлинде төмөнкүлөр түзүлөт:
1) координациялык органдар, туруктуу иштөөчү башкаруу органдары, күнүмдүк башкаруу органдары;
2) күчтөр жана каражаттар, финансылык жана материалдык ресурстар;
3) башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн байланыш жана кабарлоо тутумдары;
4) өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкка кабарлоо жана маалымдоо тутуму.
15. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун координациялык органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлүүчү республикалык деңгээлдеги Жарандык коргонуу боюнча комиссия;
2) аймактык деңгээлде:
- облустук маанидеги - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин чечимдери менен түзүлүүчү Жарандык коргонуу боюнча облустук (республикалык маанидеги шаарлар) комиссиялар;
- райондук маанидеги - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин чечимдери менен түзүлүүчү Жарандык коргонуу боюнча райондук (шаардык) комиссиялар;
- жергиликтүү маанидеги - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын чечимдери менен түзүлүүчү Жарандык коргонуу боюнча жергиликтүү комиссиялар;
3) объекттик деңгээлде - менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү уюмдардын жетекчилеринин чечими боюнча түзүлүүчү Жарандык коргонуунун объекттик комиссиялары.
16. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун туруктуу иштөөчү башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык деңгээлде - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) аймактык деңгээлде:
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бишкек, Ош шаарларындагы аймактык башкармалыктары;
- райондук маанидеги - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук, шаардык бөлүмдөрү.
17. Жергиликтүү маанидеги аймактык деңгээлдеги жана объекттик деңгээлдеги башкаруу органдары болуп тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, объекттердин жетекчилери тарабынан аныкталган бөлүмдөр (кызматкерлер) саналат.
18. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күнүмдүк башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык деңгээлде - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору;
2) аймактык деңгээлде:
- облустук маанидеги - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук, Бишкек, Ош шаарларындагы аймактык башкармалыктары;
- райондук маанидеги - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук, шаардык бөлүмдөрү;
- жергиликтүү маанидеги - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;
3) объекттик деңгээлде - тиешелүү объекттердин жетекчилери.
19. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тармактык тутумчасынын алкагында башкаруу тиешелүү органдардын, объекттердин (менчигинин түрүнө карабастан) белгиленген ички башкаруу схемаларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Ыкчам штабдар өзгөчө кырдаал зонасында же коркунучтуу аймакта жагдайды баалоо жана күчтөрдү координациялоо, сунуштарды даярдоо үчүн түзүлөт.
Ыкчам штабдын курамы жана иштөө тартиби Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
20. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун башкаруу маалымдоонун жана кабарлоонун жалпы мамлекеттик комплекстүү тутумун пайдалануу менен жүзөгө ашырылат, ал Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарына жана күчтөрүнө, калкка маалыматты жана кабарлоо белгилерин жеткирүүнү камсыз кылуучу байланыштын жана кабарлоонун күчтөрүн жана каражаттарын, берүү тармактарын, жалпы пайдалануудагы байланыш тармактарынын каналдарын жана ведомстволук байланыш тармактарын уюштуруу-техникалык бириктирүүнү билдирет.
3-глава. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун
иштөө режимдери
21. Тынчтык мезгилде түзүлгөн жагдайга, болжолдонгон же келип чыккан өзгөчө кырдаалдын масштабына, конкреттүү аймактын чегинде анын жайылуу шарттарына жараша Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн төмөнкүдөй режимдеринин бири белгилениши мүмкүн:
1) күндөлүк иш режими;
2) жогорулатылган даярдык режими;
3) өзгөчө кырдаалдар режими.
22. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун ар кандай иштөө режимдеринде жүзөгө ашырылуучу иш-чаралар:
1) күндөлүк иш режиминде:
- айлана-чөйрөнүн абалына, потенциалдуу кооптуу объекттердеги жана ага жанаша аймактардагы жагдайга байкоо жүргүзүү жана контролдоо, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо;
- бекитилген пландардын алкагында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоо боюнча пландалган иш-чараларды аткаруу;
- калкка, объекттерге жана турмуш-тиричилик инфраструктурасына өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунун алдын алуу жана азайтуу максатында алдын алуучу, атайын, инженердик жана башка уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча Жарандык коргонуунун пландарына түзөтүүлөрдү киргизүү, Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын, резервдердин болушун, жайгашкан жерлерин, алардын иш-аракеттеринин тартибин тактоо;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы маалыматты белгиленген тартипте топтоо, иштеп чыгуу жана алмашуу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана калкты коргоо, мүмкүн болуучу жоготууларды жана зыяндарды азайтуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда өнөр жай объекттеринин жана экономиканын тармактарынын иштөөсүнүн туруктуулугун жогорулатуу боюнча максаттуу жана илимий-техникалык программаларды жана чараларды пландаштыруу жана аткаруу;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана каражаттарын өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттерге даярдоону өркүндөтүү, калкты өзгөчө кырдаалдардагы коргонуу ыкмаларына жана иш-аракеттерге окутууну уюштуруу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы билимдерди пропагандалоо;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн финансылык жана материалдык ресурстардын резервин түзүү жана толтуруу;
- камсыздандыруунун максаттуу түрлөрүн ишке ашыруу;
- башкаруу, кабарлоо жана байланыш тутумдарын өркүндөтүү жана даярдыкта кармоо;
2) жогорулатылган даярдык режиминде:
- Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялардын өзүнө Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тутумчаларынын жана звенолорунун иштөөсүнө түздөн-түз жетекчилик кылууну алуусу;
- ыкчам нөөмөттүк жана нөөмөттүк-диспетчердик кызматтарынын курамын күчөтүү, алар жок болгон учурда - күнү-түнү ыкчам нөөмөттү уюштуруу;
- кырсыктын келип чыгышы мүмкүн болгон райондогу жагдайдын начарлоо себебин аныктоо, ошондой эле такталган маалыматтардын негизинде аны жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ыкчам топторду түзүү;
- иштин күчөтүлгөн режимине өтүү жана маалымат алмашуу тартибин камсыз кылуу үчүн Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тийиштүү тутумчасын жана звенолорун аныктоо;
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иштешин жогорку даярдык режимине өткөрүү боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө калкты өз убагында маалымдоону бирдиктүү маалыматтык башкаруу тутуму аркылуу уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча ыкчам штабды түзүү тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
- зарыл учурда, байкоочу жана контролдук постторду, анын ичинде зарылдыгына жараша байкоо жүргүзүү жана лабораториялык контролдоо тармагын уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин жана коркунучтарын, алардын масштабын баалоо боюнча өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана болжолдоонун бирдиктүү тутумунун ишин күчөтүү;
- өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусунун жана өнүгүшүнүн алдын алуу, өзгөчө кырдаал болгон учурда чыгымдардын жана жоготуулардын көлөмүн азайтуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда объекттердин иштөө туруктуулугун жогорулатуу боюнча ыкчам чараларды көрүү;
- күчтөрдү жана каражаттарды даярдык абалына келтирүү, алардын иш-аракеттеринин планын тактоо жана зарылчылыкка жараша өзгөчө кырдаал болжолдонгон районго аларды жөнөтүү;
- мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдын калкка жана чарбалык объекттерге таасирин болтурбоого (коркунучту азайтуу) багытталган инженердик-техникалык, атайын жана башка алдын алуу иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү;
- зарыл болгон учурда эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүү;
3) өзгөчө кырдаалдар режиминде:
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун бардык деңгээлдеги жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга, ошондой эле калкка өзгөчө кырдаалдардын болгондугу жөнүндө кабарлоо, өзгөчө кырдаалдарда калктын жашоо-турмушун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Жарандык коргонуунун пландарын ишке киргизүү (ишке ашыруу, аткаруу) жана аларга түзөтүү киргизүү;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүү;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчисин дайындоо;
- жагдайды баалоо жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өзгөчө кырдаал болгон районго ыкчам топторду жиберүү;
- авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруу үчүн өзгөчө кырдаал болгон районго Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын тартуу;
- өзгөчө кырдаал зонасында авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүнү уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана болжолдоонун бирдиктүү тутумунун күчтөрү, айлана-чөйрөнүн абалын жана өзгөчө кырдаал районундагы жагдайды байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагы аркылуу кырдаалга үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүү;
- Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялар тарабынан өзгөчө кырдаалдын чыгымын аныктоо.
23. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө режимин киргизүү жөнүндө чечимди мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаал коркунучтун жаралышына же келип чыгышына жараша Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын жыйналышында, Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги начальниги кабыл алат.
24. Чечим менен төмөнкүлөр аныкталат:
1) жогорку даярдык режимин жана/же өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар жана баалоо критерийлери;
2) өзгөчө кырдаал келип чыгуу коркунучу бар аймактын чектери же өзгөчө кырдаал зонасынын чектери;
3) өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөр жана каражаттар;
4) жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын сандык курамы жана адистерди, эксперттерди киргизүү зарылдыгы;
5) калкты өзгөчө кырдаалдан коргоону камсыз кылуу же анын кесепеттерин жоюу иштерин уюштуруу боюнча иш-чаралардын тизмеги;
6) өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жооптуу кызмат адамдары;
7) өзгөчө кырдаалдар зонасына күчтөрдү жана каражаттарды киргизүү тартиби;
8) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген учурда жарандардын жана транспорттун өзгөчө кырдаал зонасына кирүүсүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жана өзгөчө кырдаал зонасында жайгашкан уюмдардын ишин токтото туруу зарылдыгы;
9) күчтөрдү жана каражаттарды, аларды жайгаштыруу үчүн орундарды ар тараптан камсыз кылуу иш-чаралары;
10) өзгөчө кырдаал зонасында зарыл болгон авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштердин жалпы комплексин өз убагында ишке ашыруу үчүн башка чаралар, уюштуруу жана жүргүзүү.
25. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө режимин киргизүү же алып салуу жөнүндө кабыл алынган чечим менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.
26. Жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги начальниктери Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштеши боюнча мурун белгиленген режимдерди алып салат.
27. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн алкагында төмөнкү иш-чаралар жүзөгө ашырылат:
1) министрликтер, мамлекеттик жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды берүүлөрү;
2) байланыштын бирдиктүү үч сандуу телефон номерин пайдалануу менен калктан төлөм албастан өзгөчө кырдаалдар, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу;
3) өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу;
4) бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматты пайдалануу менен ведомстволук ыктыярдуу жана башка куткаруучу кызматтарын, өрт өчүрүүгө, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерге тартылган түзүмдөрдү ыкчам башкаруу.
28. Жалпы жана жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялоо менен Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун согуш мезгилинин шартында иштөөгө которуу ишке ашырылат.
Даярдык даражалары жана Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун согуш мезгилинде иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин директивасы менен белгиленет.
4-глава. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин
жоюу тартиби
29. Өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда анын классификациясына жараша Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги начальниги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу колдо болгон күчтөрдү жана каражаттарды колдонуудан башталат.
30. Эгерде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн колдо болгон күчтөр жана каражаттар жетишсиз болгон учурда Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги начальниги жогору турган башкаруу органына кайрылат (кыйла жогорку деңгээлдеги Жарандык коргонуунун начальнигине).
31. Өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын орун басарларынын чечими боюнча Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дайыма даярдыкта турган күчтөрү тартылат.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрү жана каражаттары жетишсиз болгон учурда "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн айрым аскер бөлүктөрү жана бөлүмчөлөрү тартылышы мүмкүн.
32. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышып жаткан калкка жана ыктыярдуу куткаруучу түзүмдөргө карата "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору колдонулат.
5-глава. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун
иш-чараларын пландоо
33. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тынчтык жана согуш мезгилиндеги иш-чараларын, Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн Жарандык коргонуу жаатында даярдоону жана кайра даярдоону, калкты өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана пайда болгондо аракеттерге окутууну сапаттуу ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр иштелип чыгат:
1) Жарандык коргонуунун тынчтык жана согуш мезгилиндеги пландары (Жарандык коргонуунун бардык деңгээлдеринде 6 жылга иштелип чыгат, жыл сайын тийиштүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун начальниктери тарабынан Жарандык коргонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча түзөтүлөт, бекитилет);
2) Жарандык коргонуунун даярдык пландары (бардык деңгээлдерде бир жылга иштелип чыгат жана Жарандык коргонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун начальниктери тарабынан бекитилет);
3) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарын даярдоо боюнча жылдык комплектөө планы (бир жылга иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун начальнигинин чечими менен бекитилет).
6-глава. Жарандык коргонуунун башкаруу
органдарын жана күчтөрүн даярдоонун жана Кыргыз
Республикасынын калкын өзгөчө кырдаалдар
шартындагы аракеттерге окутуунун тартиби
34. Тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын жогорулатуу боюнча иш-чаралар мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар тарабынан аларга жүктөлгөн функцияларга жана ыйгарым укуктарга ылайык алдын ала ишке ашырылат.
35. Өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн даярдоо жана кайра даярдоо, калкты окутуу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулат жана ишке ашырылат. Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана мамлекеттик эмес уюмдардын персоналын окутуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан келишимдик акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.
7-глава. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун
финансылык жана материалдык жактан камсыздоо
36. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун финансылык жана материалдык жактан камсыздоо "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын
Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун башкаруу
схемасы