Загрузка документа…
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128, 2013-жылдын 18-февралындагы № 86, 2018-жылдын 22-январындагы № 43, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 695 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин функцияларын, анын ишин уюштуруунун жалпы принциптерин белгилейт.
I. Жалпы жоболор
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш (мындан ары - кеңеш) Кыргыз Республикасындагы улуттук аккредитациялоо системасынын принциптерин жана саясатын иштеп чыгуунун тууралыгын жана калыстыгын камсыз кылуу жана колдоо үчүн түзүлөт. Кеңеш коллегиялуу орган болуп саналат жана өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы кошулган аккредитация маселелери боюнча эл аралык макулдашууларды жана келишимдерди, жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
II. Кеңештин функциялары
Кеңештин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат: - аккредитациялоо тармагындагы саясатты түзүү жаатындагы сунуштамаларды иштеп чыгуу жана анын жүргүзүлүшүн контролдоо; - аккредитациялоо тармагындагы ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди иштеп чыгуу боюнча маселелерди кароо; - кызматташтык жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоону өз ара таануу тууралуу эл аралык келишимдерге жыйынтыктама берүү жаатында сунуштамаларды кабыл алуу; - Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча улуттук органынын (мындан ары - АУО) ишмердиги тууралуу ар жылдагы отчетту кароо жана бекитүү; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун директорунун кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине сунуш берүү. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128, 2013-жылдын 18-февралындагы № 86, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Кеңештин тутуму жана ишмердигин уюштуруу
Аккредитациялоо боюнча Кеңеш аккредитациялоого кызыкдар органдардын жана уюмдардын бирдей негиздеги 13 өкүлдөрүнөн турат: - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан - 4; - ишкердик түзүлүштөрүнөн (бизнес-ассоциациялар, ишканалар, шайкештикти баалоо боюнча органдар) - 4; - илимий мекемелерден жана коомдук уюмдардан (Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор, илимий-изилдөө институттары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюм) - 4; - Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча улуттук органынан - 1. Аккредитациялоо боюнча кеңештин курамы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет. Дагы караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-майындагы № 213-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамын бекитүү тууралу) буйругу Аккредитациялоо боюнча кеңеш 2 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн кеңеш конкреттүү маселелерди чечүү үчүн жумушчу топторду түзүшү мүмкүн. Кеңештин иштерине аккредитация маселелери боюнча иштин көзүн билген илимпоз-эксперттер жана ар кыл, анын ичинде эл аралык уюмдардын адистери тартылышы мүмкүн. Кеңештин тутумун түзүү ачык жана айкындык шарттарында өтүүгө тийиш. Кеңештин төрагасы, ал жок учурда анын орун басары кеңештин ишмердигине жетекчилик кылат Кеңешти чакырат жана, жыйындарга төрагалык кылат, анын ишин пландайт жана кабыл алынган чечимдердин жүзөгө ашырылышына жалпы көзөмөл жүргүзөт. Кеңештин төрагасы, ошондой эле анын орун басары кеңештин мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен 1 жылдык мөөнөткө шайланышат. КАБдын директору аккредитация боюнча кеңештин төрагасы же төрагасынын орун басары болуп шайлана албайт. Кеңеш анын ишинин, түзүлүшүнүн тартибин аныктаган Регламентти бекитет жана Кеңештин жооптуу катчысын шайлайт. Кеңештин кароосуна материалдарды жана анын жыйындарын даярдоо жана кеңештин ишмердигин камсыз кылуу боюнча башка функцияларды аткаруу үчүн техникалык катчылык түзүлөт. Техникалык катчылык тууралуу жобо кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет. АУО техникалык катчылыктын функциясын аткарат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 43, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 695 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
|